Башкы Жаңылыктар 15-октябрь 2025-жылга карата көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча …

15-октябрь 2025-жылга карата көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча КР ЖКнын депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу жѳнүндѳ ниетин билдирүү боюнча арыз тапшыргандар

15-Окт, 2025

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясында 2025-жылдын 30-ноябрында ѳтѳ турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу жѳнүндѳ ниетин билдирген жарандардан арыздар кабыл алынууда. Бүгүнкү күнгө карата 283 жаран арыз тапшырды.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниети жөнүндө арыздарды кабыл алуу добуш берүү күнүнө 30 календардык күн калганга чейин, тактап айтканда, 2025-жылдын 30-октябрында саат 18:00гө чейин (кошо алганда) аяктайт.

№

Талапкердин ФАА

Шайлоо округу

Туулган датасы

Ишинин түрү

Көрсөтүү тиби

1

Деркимбаева Асель Урусовна

№27

16.10.1974

КР ПМБА башкы бухгалтер

Өзүн-өзү көрсөтүү

2

Айдарбеков Чингиз Азаматович

№21

27.10.1977

Жогорку Кеңештин депутаты

Өзүн-өзү көрсөтүү

3

Бодошев Талантбек Темирханович

№18

22.02.1987

«Айыл Банк» ААК — Кара-Балта филиалынын директору

Өзүн-өзү көрсөтүү

4

Рыскулбек уулу Нурмат

№17

12.10.1990

Кара-Балта шаарынын мэринин орун басары

Өзүн-өзү көрсөтүү

5

Матисаков Бешболуш Жоронбаевич

№8

25.08.1970

“Алай ынтымагы” коомунун төрагасы

Өзүн-өзү көрсөтүү

6

Бердибеков Бекмурза Абдулазизович

№3

10.04.1994

Үч-Коргон айылдык кеңешинин төрагасы

Өзүн-өзү көрсөтүү

7

Куламбаев Ниязбек Бекжанович

№19

14.04.1956

ИИМ ардагери

Өзүн-өзү көрсөтүү

8

Кантороев Кубанычбек Абылтаевич

№9

07.11.1957

Пенсионер

Өзүн-өзү көрсөтүү

9

Калмаматова Элиза Бакалбаевна

№8

03.10.1983

Калмаматов академ. гимназиясы. жетекчи

Өзүн-өзү көрсөтүү

10

Асанбеков Жаныбек Асанбекович

№25

13.05.1980

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты

Өзүн-өзү көрсөтүү

11

Озбекова Женишкул Авазовна

№;27

01.05.1955

Мамлекеттик мекеме «Кыргызсериал» чыгармачылык-өндүрүштүк бирикмесинин директору

Өзүн-өзү көрсөтүү

12

Молдалиева Шарипа Токтоматовна

№24

24.09.1965

Жеке ишкер

Өзүн-өзү көрсөтүү

13

Кермалиев Таалайбек Женишович

№20

17.03.1970

«Арио-Бишкек» ЖЧК — директор

Өзүн-өзү көрсөтүү

14

Мурзажигит кызы Зарема

№5

09.06.1991

Ош шаардык мэриясы

Өзүн-өзү көрсөтүү

15

Турдумамбетов Осмон Жолдошбекович

№14

29.11.1976

Убактылуу иштебейт

Өзүн-өзү көрсөтүү

16

Ханджеза Карим Лемзарович

№18

22.08.1982

Жогорку Кеңештин депутаты

Өзүн-өзү көрсөтүү

17

Талипов Чынгыз Базарбаевич

№9

23.03.1982

Убактылуу иштебейт

Өзүн-өзү көрсөтүү

18

Алымбеков Искендер Кенешбекович

№27

01.01.1978

“Мунай Пром” ЖЧКнын жетекчиси

Өзүн-өзү көрсөтүү

19

Токтомуратова Гульпери Абдылдаевна

№9

08.11.1979

«Гүлзор» балдар бакчасынын директору

Өзүн-өзү көрсөтүү

20

Аскарова Айнура Алмасбековна

№26

09.10.1976

А. Осмонов атындагы КР Улуттук китепканасынын директору

Өзүн-өзү көрсөтүү

21

Акаев Жанар Кубанычович

№8

13.12.1986

Жогорку Кеңештин депутаты

Өзүн-өзү көрсөтүү

22

Сыдыгалиев Нурбек Омурбекович

№29

15.08.1973

Жогорку Кеңештин депутаты

Өзүн-өзү көрсөтүү

23

Акимжанова Рысгүл Абдыманаповна

№19

23.01.1980

«Бай Элим Компани» ЖЧКнын башкы директору

Өзүн-өзү көрсөтүү

24

Исаева Гулназ Назарбаевна

№5

20.06.1976

Ош шаардык кеңешинин депутаты

Өзүн-өзү көрсөтүү

25

Саипов Айбек Сатыбекович (онлайн)

№13

03.02.1985

Жеке ишкер

Өзүн-өзү көрсөтүү

26

Найзабекова Нуржан Байтемировна

№19

15.07.1986

КУМА “Кабар”

Өзүн-өзү көрсөтүү

27

Абдуллаев Азизбек (онлайн)

№5

07.10.1989

Убактылуу иштебейт

Өзүн-өзү көрсөтүү

28

Жумаева Динара Нуркамиловна (онлайн)

№8

21.02.1972

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин жетектөөчү адиси

Өзүн-өзү көрсөтүү

Тизме шайлоо округдары боюнча түзүлгөн. Жарандар жөнүндө маалымат менен тиешелүү шайлоо округун тандап, округдар боюнча таанышса болот. Тизме бул жерде:

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
16-Окт, 2026

КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-октябрындагы жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо маселесин карады.Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун сунушун эске алып, КР БШКсы жалпысынан 81 ЖМКны аккредитациялады.Алардын ичинде:-        басылмалар – 19;-        телерадиоуюмдар – 22; -        радиолор – 13;-        интернет-басылмалар – 27. КР БШКнын расмий сайтындагы “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” бөлүмүндө ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлдү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
16-Окт, 2026

КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А. А. Касеновдун шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мазыкин Виталий Валерьевич катталды.Белгилей кетсек, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
16-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрда өз жыйынында Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.- Токтогул районунун Э. Иманалиев айылдык кеңешинин депутаты Бекишов Абдыбек Дүйшебековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тейтиев Улан Керимбаевичке өткөрүлүп берилди;   - Түп районунун Карасаев айылдык кеңешинин депутаты Кожомкулова Зыягүл Үсөнбековнанын ыйгарым укуктары Карасаев айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-октябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шаршеев Руслан Исаевичке өткөрүлүп берилди;   - Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Исаков Бекзат Каюмовичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары Сүлүктү шаардык кеңешинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Дүйшөбай уулу Абдумуталипке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;   - Нарын районунун Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаты Оролов Бек Магдыбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тилекмат уулу Байжигитке өткөрүлүп берилди;- Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты Самибаева Гульбарчын Баатырбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдраим уулу Канатбекке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат
16-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат

Бүгүн, 16-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитти.Борбордун негизги максаты - Кыргыз Республикасында өтүүчү шайлоолордо жана референдумдарда добуш берүү күнү шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү реалдуу режимде көрүү үчүн шарттарды түзүү.Борбор шайлоо процессинин ачыктыгын камсыз кылуу жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнү уюштурулат.Белгиленген талаптарды сактоо менен Борборго жарандар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык жана башка байкоочулар, ошондой эле башка кызыкдар адамдар эркин кире алышат.Борбордун иш тартибинде келүүчүлөрдү каттоо, убактылуу бейдждерди берүү жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү эрежелери каралган.Борборго келгендерге үгүт жүргүзүүгө, жабдуулардын ишине кийлигишүүгө жана коомдук тартипти бузууга тыюу салынат. Ошондой эле видеокөрсөтүүлөрдү үгүт максатында пайдаланууга жана шайлоочунун эркин билдирүүсүнүн мазмунун аныктоого багытталган аракеттерге жол берилбейт.
Кененирээк билүү >>