Башкы Жаңылыктар 13-октябрь 2025-жылга карата көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча …

13-октябрь 2025-жылга карата көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча КР ЖКнын депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу жѳнүндѳ ниетин билдирүү боюнча арыз тапшыргандар

13-Окт, 2025

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясында 2025-жылдын 30-ноябрында ѳтѳ турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу жѳнүндѳ ниетин билдирген жарандардан арыздар кабыл алынууда. Бүгүнкү күнгө карата 227 жаран арыз тапшырды.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниети жөнүндө арыздарды кабыл алуу добуш берүү күнүнө 30 календардык күн калганга чейин, тактап айтканда, 2025-жылдын 30-октябрында саат 18:00гө чейин (кошо алганда) аяктайт.

 

№

Талапкердин ФАА

Шайлоо округу

Туулган датасы

Ишинин түрү

Көрсөтүү тиби

1

Нариманов Тургунбек Нариманович

№15

09.01.1996

Ала-Бука айылдык кеңешинин депутаты

Өзүн-өзү көрсөтүү

2

Абитов  Женишбек  Эсеналиевич

№9

28.06.1970

КР ИИМ ардагери, пенсионер

Өзүн-өзү көрсөтүү

3

Асылбеков  Куттубек  Бообекович

№19

02.12.1957

Пенсионер

Өзүн-өзү көрсөтүү

4

Султанбекова Чолпон Аалыевна

№2

19.08.1969

Жогорку Кенештин депутаты

Өзүн-өзү көрсөтүү

5

Дуйшенбиев  Райимберди  Сейдакматович

№14

11.12.1974

КР Куралдуу күчтөрүнүн генералы

Өзүн-өзү көрсөтүү

6

Мураталиев Марат Молдонович

№16

23.06.1967

Жогорку Кенештин депутаты

Өзүн-өзү көрсөтүү

7

Темирбаев Максат  Нурланбекович

№11

14.08.1994

 “Мах Компани” ААК директору

Өзүн-өзү көрсөтүү

8

Эрматов Арстанбек  Тогузбаевич

№8

15.11.1969

КР адвокатурасы

Өзүн-өзү көрсөтүү

9

Исмаилов  Муратбек Кубанычбекович

№28

17.08.1984

 “ФСДС” КФнун директору

Өзүн-өзү көрсөтүү

10

Мамытканова Тамара Акимжановна

№14

01.10.1973

Спорттук-техникалык коргоо уюмунун башчысы

Өзүн-өзү көрсөтүү

11

Кадыров Кубанычбек  Бекбосунович

№27

13.10.1970

Убактылуу иштебейт

Өзүн-өзү көрсөтүү

12

Кенжеева Эльмира  Жусупбековна

№19

18.08.1974

Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебин башкы мугалими

Өзүн-өзү көрсөтүү

13

Бообеков Бахтияр  Таласович

№17

28.09.1986

КР Социалдык фондунун аппарат жетекчиси

Өзүн-өзү көрсөтүү

14

Түмөнбаев Акылбек Тогузбаевич

№27

21.03.1972

Жогорку Кенештин депутаты

Өзүн-өзү көрсөтүү

15

Самыйкожо Мирлан

№30

19.05.1984

Жогорку Кенештин депутаты

Өзүн-өзү көрсөтүү

16

Нурбаев Жалолидин  Паязидинович

№5

16.07.1970

Жогорку Кенештин депутаты

Өзүн-өзү көрсөтүү

17

Сыйдалиева Мээрим Төрөбековна

№16

02.10.1976

Убактылуу иштебейт

Өзүн-өзү көрсөтүү

18

Мавлянова Махабат Эргешовна

№3

06.03.1975

 “Севен вандерс Кей Джи” Негиздөөчүсү

Өзүн-өзү көрсөтүү

19

Шарапов Турсунбай  Рахматиллаевич

№8

18.01.1986

Убактылуу иштебейт

Өзүн-өзү көрсөтүү

20

Туманбаева Рада  Мураталыевна 

№15

05.05.1970

Убактылуу иштебейт

Өзүн-өзү көрсөтүү

21

Кыштообаев  Кайрат Дарканбаевич

№23

30.07.1982

Убактылуу иштебейт

Өзүн-өзү көрсөтүү

22

Алиев Медербек Кубанычевич 

№19

29.10.1986

Жогорку Кенештин депутаты

Өзүн-өзү көрсөтүү

23

Толтоев Эрнис Мукашбекович

№9

15.12.1986

Убактылуу иштебейт

Өзүн-өзү көрсөтүү

24

Сатывалдыева Гулнура Ганыбаевна  

№6

01.08.1990

Жеке ишкер

Өзүн-өзү көрсөтүү

25

Рысбаев Равшанбек Рысбаевич

№3

02.06.1976

Жогорку Кенештин депутаты

Өзүн-өзү көрсөтүү

26

Бакир уулу Турсунбай 

№7

17.03.1958

“Эркин Кыргызстан” СП саясий кеңешинин төрагасы

Өзүн-өзү көрсөтүү

27

Омошев Эрмекбай  Алянович 

№12

17.03.1973

Манас районунун акими

Өзүн-өзү көрсөтүү

28

Коңгайтиева Турдубубу Шайдылдаевна

№16

23.10.1965

Экономика министирлигинин башкы адиси

Өзүн-өзү көрсөтүү

29

Машрапова Гулай (онлайн)

№7

09.10.1956

Пенсионер

Өзүн-өзү көрсөтүү

30

 Абдибаит уулу Айдарбек (онлайн)

№4

21.02.1993

Жеке ишкер

Өзүн-өзү көрсөтүү

31

Аким кызы Күмүшай (онлайн)

№12

26.07.1991

Жарандык активист

Өзүн-өзү көрсөтүү

 

Тизме шайлоо округдары боюнча түзүлгөн. Жарандар жөнүндө маалымат менен тиешелүү шайлоо округун тандап, округдар боюнча таанышса болот. Тизме бул жерде:

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
16-Окт, 2026

КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-октябрындагы жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо маселесин карады.Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун сунушун эске алып, КР БШКсы жалпысынан 81 ЖМКны аккредитациялады.Алардын ичинде:-        басылмалар – 19;-        телерадиоуюмдар – 22; -        радиолор – 13;-        интернет-басылмалар – 27. КР БШКнын расмий сайтындагы “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” бөлүмүндө ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлдү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
16-Окт, 2026

КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А. А. Касеновдун шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мазыкин Виталий Валерьевич катталды.Белгилей кетсек, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
16-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрда өз жыйынында Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.- Токтогул районунун Э. Иманалиев айылдык кеңешинин депутаты Бекишов Абдыбек Дүйшебековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тейтиев Улан Керимбаевичке өткөрүлүп берилди;   - Түп районунун Карасаев айылдык кеңешинин депутаты Кожомкулова Зыягүл Үсөнбековнанын ыйгарым укуктары Карасаев айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-октябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шаршеев Руслан Исаевичке өткөрүлүп берилди;   - Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Исаков Бекзат Каюмовичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары Сүлүктү шаардык кеңешинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Дүйшөбай уулу Абдумуталипке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;   - Нарын районунун Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаты Оролов Бек Магдыбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тилекмат уулу Байжигитке өткөрүлүп берилди;- Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты Самибаева Гульбарчын Баатырбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдраим уулу Канатбекке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат
16-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат

Бүгүн, 16-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитти.Борбордун негизги максаты - Кыргыз Республикасында өтүүчү шайлоолордо жана референдумдарда добуш берүү күнү шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү реалдуу режимде көрүү үчүн шарттарды түзүү.Борбор шайлоо процессинин ачыктыгын камсыз кылуу жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнү уюштурулат.Белгиленген талаптарды сактоо менен Борборго жарандар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык жана башка байкоочулар, ошондой эле башка кызыкдар адамдар эркин кире алышат.Борбордун иш тартибинде келүүчүлөрдү каттоо, убактылуу бейдждерди берүү жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү эрежелери каралган.Борборго келгендерге үгүт жүргүзүүгө, жабдуулардын ишине кийлигишүүгө жана коомдук тартипти бузууга тыюу салынат. Ошондой эле видеокөрсөтүүлөрдү үгүт максатында пайдаланууга жана шайлоочунун эркин билдирүүсүнүн мазмунун аныктоого багытталган аракеттерге жол берилбейт.
Кененирээк билүү >>