Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун муктаждыктарды баалоо Миссиясы менен жолугушту
Бүгүн, 29-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун (БДИПЧ ОБСЕ) муктаждыктарды баалоо Миссиясы менен жолугушту.
Жолугушууга бюронун шайлоо маселелери боюнча улук кеңешчиси Лусине Бадалян, шайлоо маселелери боюнча кеңешчи жана КР боюнча жооптуу кызматкери Елена Ковалева, ошондой эле БШК Аппаратынын кызматкерлери катышты.
Тынчтык Шайназаров Миссиянын өкүлдөрүн жылуу тосуп алып, БШК кызматташууга ачык экендигин белгиледи жана шайлоону баалоо боюнча кызматташуу бардык кызыкдар тараптар үчүн пайдалуу болооруна ишеним билдирди.
Өз кезегинде Лусине Бадалян Миссия Кыргызстанга алдын ала шайлоо чөйрөсүн жана даярдык иштерин баалоо үчүн келгендигин билдирди. Ал шайлоо мыйзамдарына кирген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен кыска убакытта мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоолорго даярдыктын жүрүшүнө, шайлоо комиссияларынын ишмердигине, жарандарды добуш берүүнүн жаңы тартиби боюнча маалымдоого, ошондой эле шайлоо жабдыктарынын жана программалык камсыздоонун техникалык даярдыгына кызыкты.
Тынчтык Шайназаров учурдагы шайлоо тутуму өлкөнүн бардык аймактарынан - райондордон, шаарлардан жана айылдардан депутаттардын кеңири өкүлчүлүгүн камсыз кылаарын баса белгиледи. Ал кеминде 30 депутат Жогорку Кеңеште бир жыныстагы өкүлдөр болорун, ал эми аралыктан добуш берүүнү киргизүү ар бир жарандын кайсы жерде жүргөнүнө карабай шайлоого катышуу конституциялык укугун камсыз кылаарын белгиледи.
«Биз толук уюштуруучулук даярдыктабыз жана графикке ылайык иш алып барып жатабыз. Максатыбыз - ар бир жаран өзүнүн добуш берүү укугун эркин ишке ашыра ала турган шарттарды түзүү. Шайлоочулар үчүн эч кандай бюрократиялык тоскоолдуктар болбошу керек», - деди БШК төрагасы.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы жемиштүү кызматташууга ишеним артышты.
Кененирээк билүү >>
КР БШК Чыдыев Алмаз Болотовичке көңүл айтат
Көңүл айтуу!
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы борбордук аппараттын айдоочу кызматкери Чыдыев Алмаз Болотовичке атасы Чыдыев Болоттун 67 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жамааты.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын мүчөсү Бахадыр Конуров Молдовадагы парламенттик шайлоону мониторинг жүргүзүүгө катышууда
КР БШК мүчөсү Бахадыр Конуров бүгүн, 28-сентябрда өтүп жаткан Молдова Республикасынын парламенттик шайлоосуна мониторинг жүргүзүүгө катышууда.
Шайлоо алдында эл аралык байкоочулар үчүн брифинг болуп өтүп, анда Молдова Республикасынын БШК төрайымы Анжелика Караман шайлоого даярдыктын жүрүшү, парламенттин депутаттарын шайлоо тартиби, шайлоо комиссияларынын иши, эл аралык байкоочулардын жана чет элдик маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусу тууралуу маалымат берди.
Шайлоону уюштурууну жана өткөрүүнү 38 округдук шайлоо комиссиясы жана 2274 участоктук шайлоо комиссиясы иш алып барууда. Аалардын ичинен 301 участкасы чет өлкөлөрдө ачылган, 4 участок почта аркылуу добуш берүүгө арналган.
Шайлоочулардын тизмесине 2 751 105 жаран киргизилген. Шайлоону 58 өлкөдөн келген 912 эл аралык байкоочулар көзөмөл жүргүзүүдө. Шайлоого 23 саясий партия катышууда.
Байкоочулар шайлоо участкаларына барышып добуш берүү процессин көзөмөлдөшөт жана добуштарды эсептөөгө мониторинг жүргүзүүгө катышат.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы билим берүү кызматкерлеринин шайлоо өнөктүгүнө активдүү катышуусунун маанилүүлүгүн белгилейт
Буга чейинки өткөн шайлоолордо саламаттык сактоо, маданият жана билим берүү тармагынын кызматкерлери шайлоо комиссияларынын курамында жигердүү иштеп, чоң салымын кошуп келишкен.
Алсак, өлкө боюнча 2492 шайлоо участкасында иштеген 24 995 шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн ичинен 15 496сын мугалимдер түзөт (63% жакын). Ошондой эле 1 655 шайлоо участкалары республиканын орто мектептеринде жайгашкан.
Бирок акыркы мезгилде Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин айрым райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери, мектеп директорлору мугалимдерди шайлоо комиссияларынын курамынан негизсиз чыгарып жатканы тууралуу маалыматтар БШК мүчөлөрүнүн жер-жерлердеги жолугушуулары учурунда белгилүү болду.
Борбордук шайлоо комиссиясы баса белгилейт - мугалимдерди шайлоо процессине тартуу талапкерге үгүт жүргүзүү же байкоочу болуу үчүн эмес, уюштуруу иштерин жогорку деңгээлде өткөрүүгө көмөк көрсөтүү үчүн зарыл.
Алардын көп жылдык тажрыйбасы жана жоопкерчиликтүү мамилеси алдыдагы масштабдуу шайлоо өнөктүгүн кынтыксыз жана сапаттуу өткөрүүгө чоң жардам берет.
Ушуга байланыштуу БШК билим берүү кызматкерлеринин шайлоо иштерине кошкон салымын жогору баалап, аймактардагы жетекчилерди мугалимдерге негизсиз тоскоолдук жаратпоого чакырат.
Кененирээк билүү >>
БШК мектеп президентинин шайлоосун өткөрүүдө “Маариф” билим берүү комплекси менен усулдук жактан кызматташты
КР БШКсына “Маариф” билим берүү комплекси кайрылып, мектеп президентинин шайлоосун уюштурууда усулдук жардам көрсөтүүнү суранган.
Бул кайрылуунун алкагында 2025-жылдын 26-сентябрында БШКнын өкүлдөрү билим берүү мекемесине барып, окуучулар үчүн маалыматтык-агартуу иш-чарасын өткөрүштү.
Анын жүрүшүндө окуучуларга добуш берүүнү уюштуруу тартиби, шайлоо процессинин негизги принциптери, ошондой эле шайлоонун ачык-айкындыгы менен адилеттүүлүгүн камсыз кылуунун маанилүүлүгү тууралуу кеңири түшүндүрмө берилди.
Окуучулар “депутат” түшүнүгү, талапкерлерге коюлуучу талаптар жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин курамы кандайча түзүлөрү тууралуу маалымат алышты.
Ошондой эле, чыныгы шайлоолордо колдонулуучу заманбап шайлоо жабдууларынын иштөө тартиби көрсөтүлдү.
БШКнын өкүлдөрү баса белгилегендей, келечектеги шайлоочулар катары окуучулар бүгүнтөн тартып түшүнүшү керек - ар бир добуш маанилүү, ал эми жарандардын шайлоого активдүү катышуусу демократиянын негизин түзөт.
Теориялык бөлүктөн кийин окуучулар алган билимин практика жүзүндө бекемдеп, мектеп президенти үчүн добуш берүү жараянына катышышты.
Мындай иш-чаралар өсүп келе жаткан муундун демократиялык жараяндар боюнча туура түшүнүк калыптандыруусуна жана ар бир жарандын шайлоого катышуусунун маанилүүлүгүн аңдоосуна өбөлгө түзөт.
Кененирээк билүү >>
Жумгал районундагы № 4115 жана Кочкор районундагы № 4138 шайлоо участкаларынын даректери өзгөртүлдү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өзүнүн 2025-жылдын 26-сентябрындагы жыйынында Жумгал районунун Чаек айыл аймагындагы № 4115 шайлоо участогунун жана Кочкор районунун Ормон-Хан айыл аймагындагы № 4138 шайлоо участогунун дарегин өзгөртүү жөнүндө токтом кабыл алды.
Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун, Жумгал районунун Чаек айыл аймагындагы № 4115 шайлоо участогунун дареги Э. Матыев көчөсү 2 дарегинен Э. Матыев көчөсү 45, Чаек айыл өкмөттүн имаратына, Нарын облусунун Кочкор районунун Ормон-Хан айыл аймагындагы № 4138 шайлоо участогунун дареги Теңдик айылынын Т. Усубалиев көчөсү, 30 дарегинде жайгашкан үрөөнчүлүк чарбасынын имаратынан Кочкор айылынын С. Алиев көчөсү, 103 дарегинде жайгашкан Калыгул Бай уулу атындагы орто мектебинин имаратына өзгөртүлдү.
Жумгал аймактык шайлоо комиссиясы Чаек айыл өкмөтү менен биргеликте, Кочкор аймактык шайлоо комиссиясы Ормон-Хан айыл өкмөтү менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участкасынын дареги өзгөртүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.
Кененирээк билүү >>
БШК мүчөлөрү өлкө аймактарындагы жолугушууларын жыйынтыкташты
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басарлары жана мүчөлөрү бүгүн, 26-сентябрда, өлкөнүн аймактарындагы калк менен болгон жолугушууларын жыйынтыкташты.
Бүгүн БШКнын төрагасынын орун басары Нурлан Койчукеев Талас облусунун Манас, Бакай-Ата жана Айтматов райондорунда, БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов Ош облусунун Ош шаарында жана Ноокат районунда, ошондой эле Акбалык Жумалиева Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда жана Майлуу-Суу шаарында жолугушууларды өткөрдү.
Эскерте кетсек, 22-сентябрдан 26-сентябрга чейин Кыргызстандын бардык аймактарында жолугушуулар өтүп, анда жарандарга «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр түшүндүрүлдү.
Жолугушууларда өзгөчө көңүл аралыктан добуш берүүнүн тартибин түшүндүрүүгө, ошондой эле «бир шайлоочу – бир талапкер – бир добуш» эрежесине бурулду.
Жолугушууларга облус жана шаар бийлигинин өкүлдөрү, акимдер, райондук уюмдар менен мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары, айыл башчылары, билим берүү мекемелеринин жетекчилери, аксакалдар кеңештери, жаштар жана аялдар кеңештери, активдүү тургундар катышышты.
Орточо алганда жолугушууларга жайгашкан жерине жараша 50дөн 400гө чейин адам катышты.
Мындан тышкары, маалыматтык-түшүндүрүү иштери жер-жерлерде дагы улантылат. Жакынкы убакта БШКнын атайын өкүлдөрү айылдык аймактардын жашоочулары менен жолугушууларды өткөрүп, ар бир шайлоочуга шайлоонун жаңы эрежелери жана өткөрүү тартиби тууралуу маалымат берүүнү камсыздашат.
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
Бүгүн, 26-сентябрда КР БШК Кемин, Токтогул, Кадамжай аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү, ошондой эле Токтогул районунун жергиликтүү кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерди талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссиясынын чечимдерин бекитти.
Ыйгарым укуктары токтотулуп, мандаттары өткөрүлүп берилген депутаттар:
Кемин районунун Орловка шаардык кеңешинин депутаты Р.К.Казбековдун (“Ынтымак” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, анын мандаты А.К.Дюшалиевге (“Ынтымак”саясий партиясы) берилди.
Токтогул районунун Үч-Терек айылдык кеңешинин депутаты М.М. Мурзалиевдин каза болгондугуна байланыштуу ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, анын мандаты Ж.А.Токтомушовага берилди.
Кадамжай районунун Кадамжай шаардык кеңешинин депутаты Б.М.Мурадиловдун (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, анын мандаты С.И.Акимовго (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясы) берилди.
Токтогул районунун Үч-Терек айылдык кеңешине талапкерлердин тизмесинен С.Ж.Топчубаев чыгарылды.
Кененирээк билүү >>
КР БШК шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү тартиби жөнүндө жобону бекитти
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 26-сентябрда, өз жыйынында КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү тартиби жөнүндө жобону, КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө документтердин тизмегин жана формаларын бекитти.
Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо дайындалгандан кийин 3 календардык күндүн ичинде шайлоого катышууга каалоосун билдирген саясий партиялар КР Борбордук шайлоо комиссиясына өз талапкерлерин көрсөтүү ниети жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүү жөнөтүүгө тийиш.
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясы жарандардан жана саясий партиялардан Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервине документтерди кабыл алуу жөнүндө жарыялайт
Борбордук шайлоо комиссиясы жарандардан жана саясий партиялардан Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервине документтерди кабыл алуу жөнүндө жарыялайт.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, аймактык шайлоо комиссиясы беш жылдык мөөнөткө саясый партиялардын өкүлдөрүнүн экиден биринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн экиден биринин курамында түзүлөт.
Азыркы учурда Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоо зарылчылыгы келип чыкты, себеби алардын резервинде саясий партиялардын өкүлдөрү жок жана Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жок.
Саясый партиялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди көрсөтүүчү субъектилер болуп саналат.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, төмөнкүлөр шайлоо комиссиясынын мүчөсү боло албай тургандыгын белгилей кетүү керек:
- Жогорку Кеңештин депутаты, жергиликтүү кеңештин депутаты;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары;
- сот, укук коргоо жана фискалдык органдын кызматкери, аскер кызматчысы;
- талапкер, талапкердин жана саясый партиянын өкүлү;
- башка мамлекеттин жарандыгы бар адам;
- мыйзамда белгиленген тартипте, соттуулугу алып салынбаган же жоюлбаган адам;
- башка шайлоо комиссиясынын мүчөсү;
- терс негиздер боюнча шайлоо комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен мөөнөтүнөн мурда бошотулган адам.
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервине саясий партиялардан талапкерлерди сунуштоо алардын уставдарына ылайык жүргүзүлөт. Саясый партиялар Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлердин документтерин Борбордук шайлоо комиссиясына
2025-жылдын 3-октябры саат 18-00үнө чейин тапшыруулары зарыл.
Жарандар, коомдук бирикмелер 2025-жылдын 3-октябры саат 18-00үнө чейин Бишкек шаардык кеңешке документтерин тапшыруулары зарыл. Шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди сунуштоо боюнча шаардык кеңештин сессиясы шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди көрсөткөн мөөнөт аяктагандан кийин үч күндөн кечиктирилбестен өткөрүлөт. Сессиянын чечими бардык талапкерлердин документтери менен бирге Борбордук шайлоо комиссиясына токтоосуз өткөрүлүр берилет.
Аймактык шайлоо комиссияларынын резервине берилүүчү документтердин тизме ги:
- аймактык шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө арыз жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо тууралу милдеттенме;
- паспорттун көчүрмөсү;
- иштеген жери, окуусу, билими көрсөтүлгөн биографиялык маалыматтар (кадрларды каттоо боюнча өздүк баракча же резюме);
- байланыш маалыматтар: жашаган жеринин дареги, телефон номурлары (үйдүкү, электрондук почтасы);
- көрсөткөн субъектинин протоколу;
- макулдук формасы.
Көрсөтүүчү субъектилер шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкерлерди көрсөтүү учурунда шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкер, эреже катары, тиешелүү калктуу пункттун аймагында жашоого тийиш экенин эске алуулары зарыл.
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резерви тууралуу маалыматты, Борбордук шайлоо комиссиясынын “Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосу менен Борбордук шайлоо комиссиясынын www.shailoo.gov.kg сайтынан таанышууга болот.
Зарыл документтердин үлгүлөрү: арыз, саясий партиянын протоколу, жарандардын чогулушунун протокол
Маалымат алуу үчүн телефон: (0312) 66-01-16
Эскертүү: “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 2-пунктуна ылайык, аймактык шайлоо комиссиясынын курамында ар бир саясый партиядан бирден ашык эмес өкүл болушу мүмкүн б.а. тиешелүү АШК нын курамында турган саясый партиялар (Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтынан караңыз) ал АШК нын резервине документтерди тапшырбайт.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2025-жылдын 26 - сентябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 2025-жылдын 26-сентябры
Убактысы: 10:00
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү тартиби жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө документтердин тизмеги жана формаларын бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалагынын башчысы).
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Кемин, Токтогул жана Кадамжай аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалагынын башчысы).
3. Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Жумгал районундагы № 4115 жана Кочкор районундагы № 4138 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалагынын башчысы).
4. Кыргыз Республикасынын кээ бир аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалагынын башчысы).
5. Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалагынын башчысы).
Кененирээк билүү >>
Аймактарда БШК мүчөлөрүнүн жарандар менен жолугушуулары уланууда
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрү аймактарда калк менен жолугушууларды улантууда.
Бүгүн, 25-сентябрда, төмөнкү аймактарда жолугушуулар өткөрүлдү:
Нурлан Койчукеев, БШКнын төрагасынын орун басары – Талас шаарында жана Талас районунда;
Абдыжапар Бекматов – Ош облусунун Кара-Кулжа жана Өзгөн райондорунда;
Узарбек Жылкыбаев – Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда;
Акбалык Жумалиева – Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаары жана Базар-Коргон, Сузак райондорунда;
Кайрат Маматов – Бишкек шаарында жолугушууларды өткөрдү.
Алтынбек Кубатбеков – Нарын облусунун Ак-Талаа районунда.
Бул жолугушуулар «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөрдү калк арасында түшүндүрүү максатында өткөрүлүүдө.
Жолугушууларга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөттөрүнүн башчылары, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, билим берүү мекемелеринин жетекчилери, аксакалдар, жаштар жана активдүү жарандар катышты.
Жолугушуулар эртең, 26-сентябрда да улантылат.
Кененирээк билүү >>
Шайлоого катышууга ниет билдирген саясий партиялар 3 күндүн ичинде КР БШКга жазуу түрүндө билдирүү жөнөтүүгө тийиш
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 60-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо дайындалгандан кийин 3 календардык күндүн ичинде шайлоого катышууга каалоосун билдирген саясий партиялар КР Борбордук шайлоо комиссиясына өз талапкерлерин көрсөтүү ниети жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүү жөнөтүүгө тийиш. Билдирүүдө саясий партиянын шайлоо документтерине кол коюу укугуна ээ ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалыматы көрсөтүлүшү керек.
Билдирүүгө төмөнкү документтер тиркелет:
1. саясий партиянын каттоо күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
2. саясий партиянын уставынын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
3. саясий партиянын жетекчисинин паспортунун көчүрмөсү;
4. саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн тизмеси;
5. саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн арыздары;
6. саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн паспортторунун көчүрмөлөрү.
Нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн уставдын көчүрмөсү тиркелген жазуу жүзүндөгү билдирүүгө саясий партиянын жетекчиси тарабынан кол коюлуп, саясий партиянын мөөрү менен тастыкталууга тийиш.
Кененирээк билүү >>
-
-
Кененирээк билүү >>
БШК мүчөлөрү Кыргызстандын аймактарында калк менен жолугушууларын улантууда
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрү Кыргызстандын аймактарында калк менен жолугушууларды улантууда.
Бүгүн, 24-сентябрда, төмөнкү аймактарда жолугушуулар болуп өттү:
Кайрат Маматов – Бишкек шаарынын Свердлов жана Октябрь райондорунда;
Абдыжапар Бекматов - Ош облусунун Алай жана Чоң-Алай райондорунда;
Бахадыр Конуров - Жалал-Абад облусунун Ала-Бука, Аксы районунда;
Алтынбек Кубатбеков – Нарын шаарында, Нарын, Ат-Башы райондорунда;
Узарбек Жылкыбаев - Ысык-Көл облусунун Каракол шаары, Ак-Суу жана Түп райондорунда жолугушууларды өткөрүштү.
Эскерте кетсек, бул жыйындар «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө байланыштуу калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында өтүүдө.
Өзгөчө шайлоочулар аралыктан добуш берүү кандайча өтөөрү, талапкерлерге добуш берүү эрежелери, талапкерлерге коюлган талаптар ж.б. маселелер кызыктырды.
БШК мүчөлөрү шайлоочулар туруктуу катталган дареги боюнча участогунда добуш бере албай калган учурда башка округдан добуш бере аларын түшүндүрүштү. Бир округдун ичинде шайлоочунун өз шайлоо участокторунан башка жерде аралыктан добуш берүүсүнө жол берилбейт.
Ошондой эле бир шайлоочу ар бир көп мандаттуу шайлоо округунда көрсөтүлгөн талапкерлердин ичинен бир гана талапкерге добуш бере аларын баса белгилешти. «Бир шайлоочу – бир талапкер – бир добуш» эрежеси жөнүндө кеңири түшүндүрмөлөрдү беришти.
Аталган жолугушууларга облус жана шаар жетекчилиги, акимдер, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары, айыл башчылары, билим берүү мекемелеринин жетекчилери, аксакалдар, жаштар, активдүү жашоочулар ж.б. катышууда.
Жалпысынан жыйындарга 50дөн 400 адамга чейин катышууда. Калк менен жолугушуулар эртең дагы уланат.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын жаңы мүчөлөрү Сүйүнбек Касмамбетов жана Кабылбек Мамбетаипов ишке киришти
Бүгүн, 24-сентябрда Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов БШКнын жаңы мүчөлөрү Сүйүнбек Касмамбетовду жана Кабылбек Мамбетаиповду тааныштырды.
БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров БШКнын жаңы мүчөлөрүнө ийгилик каалап, биргелешип жемиштүү иш алып бараарына ишенимин билдирди.
Буга чейин Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Кыргыз Республикасынын Президентинин сунушу менен көрсөтүлгөн Сүйүнбек Касмамбетов менен Кабылбек Мамбетаиповдун талапкерлигин карап чыгышкан.
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
23.09.2026
Бир катар шайлоо участокторунун даректери өзгөрдү
23.09.2026
Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана резервин жүргүзүү тартиби бекитилди
23.09.2026
КР БШКсы бир катар шайлоо участокторунун даректерин өзгөрттү
23.09.2026
КР Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу тартиби жана “Кол чогултуу” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жоболор бекиди
23.09.2026
Айрым категориялардагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө жобо бекитилди
23.09.2026
КР БШКсы президенттикке талапкердин шайлоо фондун түзүү жана каражаттарын эсепке алуу тартибин бекитти