Башкы Жаңылыктар 14-октябрь 2025-жылга карата көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча …

14-октябрь 2025-жылга карата көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча КР ЖКнын депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу жѳнүндѳ ниетин билдирүү боюнча арыз тапшыргандар

14-Окт, 2025

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясында 2025-жылдын 30-ноябрында ѳтѳ турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу жѳнүндѳ ниетин билдирген жарандардан арыздар кабыл алынууда. Бүгүнкү күнгө карата 255 жаран арыз тапшырды.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниети жөнүндө арыздарды кабыл алуу добуш берүү күнүнө 30 календардык күн калганга чейин, тактап айтканда, 2025-жылдын 30-октябрында саат 18:00гө чейин (кошо алганда) аяктайт.

№

Талапкердин ФАА

Шайлоо округу

Туулган датасы

Ишинин түрү

Көрсөтүү тиби

1

Исаев Абдикасыт Абдулакимович

 

№1

08.01.1982

Убактылуу иштебейт

Өзүн-өзү көрсөтүү

2

Молдобаев Бактыбек Садырович

 

№25

10.10.1974

Жергиликтүү кеңештин депутаты

Өзүн-өзү көрсөтүү

3

Муктаров Нурбек Муктарович

 

№27

07.06.1986

Жергиликтүү кеңештин депутаты

Өзүн-өзү көрсөтүү

4

Абдибаева Салтанат Нышановна

№15

22.04.1961

Коомдук ишмер

Өзүн-өзү көрсөтүү

5

Джумабеков Дастанбек Артисбекович

№16

02.11.1976

Жогорку Кеңештин депутаты

Өзүн-өзү көрсөтүү

6

Ураимов Алихан Ураимович

№1

16.01.1976

Убактылуу иштебейт

Өзүн-өзү көрсөтүү

7

Салямова Венера Хамзаевна

№11

17.11.1986

Жалал-Абад областынын прокуратура бөлүмүнүн башчысы

Өзүн-өзү көрсөтүү

8

Рустамбек у. Советбек

№4

09.09.1976

Жогорку Кеңештин депутаты

Өзүн-өзү көрсөтүү

9

Исираилов Азамат Алмазбекович

№5

20.05.1988

Жогорку Кеңештин депутаты

Өзүн-өзү көрсөтүү

10

Энназаров Санжарбек Арзыкулович

№12

09.06.1975

“Дори Строй” компаниясынын директору

Өзүн-өзү көрсөтүү

11

Калбердиева Мавлюда Калмаматовна

№11

25.06.1966

Жеке ишкер

Өзүн-өзү көрсөтүү

12

Момункулов Эмил Базаркулович

№ 20

24.06.1975

«Солто» коомдук бирикмесинин төрагасы

Өзүн-өзү көрсөтүү

13

Карыпбеков Илим Майрамбекович

№ 23

18.02.1980

Жеке ишкер

Өзүн-өзү көрсөтүү

14

Бакиров Артур Жылдызбекович

№10

19.05.1987

КЭУ Окуу-өндүрүштүк комплексинин инновациялык дистанттык окутуу факультетинин  доцентинин милдетин аткаруучу

Өзүн-өзү көрсөтүү

15

Самаков Кубанычбек Карганбекович

№30

07.12.1984

Жогорку Кеңештин депутаты

Өзүн-өзү көрсөтүү

16

Ахматова Сюита Камалдиновна

№2

04.12.1984

Жеке ишкер

Өзүн-өзү көрсөтүү

17

Разиков Аброр Джононович

№20

11.02.1987

Убактылуу иштебейт

Өзүн-өзү көрсөтүү

18

Маматалиева Мунара Даниярбековна

№13

17.06.1993

Д. Садырбаев айыл өкмөтү, инвестициялар бөлүмү

Өзүн-өзү көрсөтүү

19

Сулайманов Кундузбек Кошалиевич

№14

02.03.1967

Жогорку Кеңештин депутаты

Өзүн-өзү көрсөтүү

20

Жансейитов Тынайбек Каныбекович

№26

14.05.1988

Убактылуу иштебейт

Өзүн-өзү көрсөтүү

21

Биймырсаева Дамира Байтерековна

№18

11.04.1970

Чүй областынын Москва району боюнча агрардык өнүгүү башкармалыгы

Өзүн-өзү көрсөтүү

22

Досалиев Эльмир Акуналыевич

№22

29.05.1984

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты

Өзүн-өзү көрсөтүү

23

Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевич

23

16.08.1967

«Кумтөр Голд Компани» ААКсынын директорлор кеңешинин мүчөсү

Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитетинин президенти

Өзүн-өзү көрсөтүү

24

Капаров Чынгыз Капарович

№30

27.08.1984

Убактылуу иштебейт

Өзүн-өзү көрсөтүү

25

Нурмухамедов Эрназар Муратбекович

№17

18.01.1995

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жардамчысы

Өзүн-өзү көрсөтүү

26

Калдарова Гульнара Калдаровна

№6

07.03.1964

“Усен-Аман” ЖЧКнын директору

Өзүн-өзү көрсөтүү

27

Нурбаева Гүлназ Абдулатиповна (онлайн)

№13

14.06.1981

Кенеш айылдык кенешинин VII , VIII, IX чакырылышынын депутаты. Жеке нотариус

Өзүн-өзү көрсөтүү

28

Камчибекова Нуржамал Матисаковна (онлайн)

№11

08.11.1963

Улуттук коопсуздук органдарынын ветераны, Манас шаардык башкармалыгынын статистикасынын жетектөөчу адиси

Өзүн-өзү көрсөтүү

Тизме шайлоо округдары боюнча түзүлгөн. Жарандар жөнүндө маалымат менен тиешелүү шайлоо округун тандап, округдар боюнча таанышса болот. Тизме бул жерде:

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>
КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү
01-Окт, 2026

КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү

Бүгүн, 1-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында Кыргыз Республикасынын Президентин алдыдагы шайлоого даярдыктын алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын өркүндөтүү жана ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык Жумушчу топтун жыйыны болуп өттү.Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, Жумушчу топтун жетекчиси Миргул Темирбаеванын төрагалыгы менен өткөн кеңешмеге министрликтердин, мамлекеттик органдардын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.Жыйындын жүрүшүндө шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча бир катар уюштуруучулук-практикалык чаралар каралды.Атап айтканда, шайлоо участкаларынын инфраструктуралык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын эсепке алууда санариптик инструменттерди киргизүү, ошондой эле шайлоо участкаларын зарыл болгон маалыматтык жана көмөкчү материалдар менен камсыздоо маселелери талкууланды.Мындан тышкары, социалдык стационардык мекемелерде, камакта кармоочу жайларда турган жарандардын, аскер кызматчыларынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.Шайлоочулардын тизмелерин тактоо, эсепке алуу иштерин жүргүзүү жана добуш берүүнүн жашыруундуулугун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн механизмдери аныкталды.Соңунда мамлекеттик органдарга жана тиешелүү ведомстволорго макулдашылган жумуштарды аткаруу жана пландаштырылган иш-чараларды өз убагында жүргүзүү боюнча сунуштар берилди.
Кененирээк билүү >>