Башкы Жаңылыктар КР БШК Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу …

КР БШК Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

15-Окт, 2025
15-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн жарандардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады:
- №5 шайлоо округу боюнча талапкер Нурбаев Жалолидин Паязидиновичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча З.А. Абсаламова жана каржы боюнча А.А. Шаймкулов;
- №10 шайлоо округу боюнча талапкер Кадырбек кызы Нуркыздын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча О.К. Абдиев жана каржы боюнча А.А. Тажибаева;
- №12 шайлоо округу боюнча талапкер Омошев Эрмекбай Аляновичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча А.А. Сапарбаев;
- №12 шайлоо округу боюнча талапкер Аким кызы Күмүшайдын ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча Аким кызы А.;
- №12 шайлоо округу боюнча талапкер Эрматов Нурдин Манаповичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча Э.Ш. Баймурзаев;
- №13 шайлоо округу боюнча талапкер Нурбаева Гүлназ Абдулатиповнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча А.И. Ташбаев жана каржы боюнча Г.С. Ахматова;
- №16 шайлоо округу боюнча талапкер Джумабеков Дастан Артисбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Т.А. Байтикеев жана каржы боюнча М.Ш. Алыбаев;
- №20 шайлоо округу боюнча талапкер Момункулов Эмил Базаркуловичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча К.С. Шакенова;
- №21 шайлоо округу боюнча талапкер Сатынбаев Динмухамбет Доктурбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча Ж.Б. Акматбеков;
- №23 шайлоо округу боюнча талапкер Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Ы.М. Жолчубеков жана каржы боюнча М.Т. Сатаева;
- №25 шайлоо округу боюнча талапкер Молдобаев Бактыбек Садыровичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Э.О. Чымыров жана каржы боюнча Э.К. Алмазбеков;
- №26 шайлоо округу боюнча талапкер Жансеитов Тынайбек Каныбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Т.А. Солтобаев жана каржы боюнча Тынычбек уулу У.;
- №23 шайлоо округу боюнча талапкер Карыпбеков Илим Майрамбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча Т.М. Алхожоев;
- №11 шайлоо округу боюнча талапкер Калбердиева Мавлюда Калмаматовнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Т.Ж. Жантайбеков жана каржы боюнча Ж.К. Калбердиев;
- №15 шайлоо округу боюнча талапкер Нышанов Джайлообай Данибаевичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча Ж.К. Мамасалиева;
- №11 шайлоо округу боюнча талапкер Салямова Венера Хамзаевнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча А.Ж. Мырсалиев;
- №9 шайлоо округу боюнча талапкер Толтоев Эрнис Мукашбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча А.С. Узаков жана каржы боюнча Д.А. Осмоналиева;
- №12 шайлоо округу боюнча талапкер Энназаров Санжарбек Арзыкуловичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча Б.А. Энназаров;
- №14 шайлоо округу боюнча талапкер Эсенкулов Арно Толобековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча А.А. Казатов жана каржы боюнча А.К. Жолдошев;
- №10 шайлоо округу боюнча талапкер Бакиров Артур Жылдызбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча К. Аттокур уулу жана каржы боюнча Н.Т. Арыкбаева;
- №17 шайлоо округу боюнча талапкер Бообеков Бахтияр Таласовичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча Д.М. Алиев;
- №1 шайлоо округу боюнча талапкер Ураимов Алихан Ураимовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча М.Т. Маматисаев жана каржы боюнча М.С. Ниязов;
- №30 шайлоо округу боюнча талапкер Самаков Кубанычбек Карганбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча Ш.О. Орозахунов;
- №4 шайлоо округу боюнча талапкер Рустамбек уулу Советбектин ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча М. Калдар уулу;
- №6 шайлоо округу боюнча талапкер Калдарова Гүлнара Калдаровнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча К.К. Төрөгелдиев жана каржы боюнча М.М. Борбоев;
- №27 шайлоо округу боюнча талапкер Муктаров Нурбек Муктаровичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча У.И. Апиев жана каржы боюнча Ш.М. Сралиева.
Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды
07-Окт, 2026

Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 7-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын (Civic Trainers Lab) жыйынтыктоочу жолугушуусу өттү. Долбоордун уюштуруучулары - КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, ошондой эле «Жаштарды өнүктүрүү институту» коомдук бирикмесинин колдоосу менен өткөрүлдү. Иш-чарага өлкөнүн жети аймагынан келген программанын эки агымынын бүтүрүүчүлөрү - жаш тренерлер катышты.Катышуучуларга КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР БШКнын ЖБББнын директору Анара Бейшембаева, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлү жана ЖӨИнин директору Элизар Тилебалды уулу куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты.Жаш тренерлерди даярдоо программасынын негизги окуялары жана жыйынтыктары, окутуу раунддарынын жана практикалык фазанын жыйынтыктарын, анын ичинде камтылган географияны, өткөрүлгөн каскаддык тренингдердин саны менен ЖӨИнин өкүлү Адельфия Аманкулова тааныштырды.КР БШКнын Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы Аскар Акимбаевдин шайлоо процессиндеги заманбап санариптик инструменттерге арналган, ошондой эле КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Бакай Кожомкул уулунун катышуучуларды мамлекеттик жаштар саясатынын багыттары жана аймактардагы жаштардын жарандык катышуу механизмдери менен тааныштырган конок лекциялары өттү.«Окутуудан практикага: эмне реалдуу иштеп кетти?» аттуу интерактивдүү сессияда катышуучулар аймактык кейстерди сунуштап, натыйжалуу усулдарды, тоскоолдуктарды талкуулашты жана биргелешкен «Жарандык тренерлер лабораториясынын тажрыйба картасын» түзүштү.Катышуучулар жана уюштуруучулар жаш тренерлердин КР БШК алдындагы ЖБББ жана мамлекеттик түзүмдөр менен кызматташуу форматтарын талкуулашты.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү
07-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү

Үстүбүздөгү жылдын 6-7-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Миргүл Темирбаева Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Ош облусунун Ноокат районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жыйындарды өткөрүштү.Жыйындардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында шайлоочулардын өз шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, ошондой эле шайлоону өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча маселелер талкууланды.БШК төрагасынын орун басары шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, шайлоо технологияларынын жаңыланышы, аралыктан добуш берүүнүн артыкчылыктары, автоматташтырылган маалыматтык тутумдар жана талапкерлерди колдоонун өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири маалымат берди.Р. Жакышов шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ролуна токтолду.“Сиздердин милдетиңиздер – шайлоону уюштурууда анын калыс жана ачык өтүшү үчүн шарт түзүүгө көмөктөшүү. Ошол эле учурда процесске аралашпай, бардык процедуралардын мыйзамга ылайык өтүп жатканына көз салуу керек. Шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жана шайлоо комиссияларынын уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча ишине жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көмөк көрсөтүүсү зарыл”, – деп белгиледи Р. Жакышов.Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн мыйзам бузуулардын алдын алуу, кысым көрсөтүү же кийлигишүү аракеттерине өз убагында чара көрүү жана процесстин бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө чакырды.Жыйындарга облус жана шаар бийлигинин өкүлдөрү, акимдер, райондук уюмдар менен мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары, айыл башчылары, ошондой эле билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты. 
Кененирээк билүү >>
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>