Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

КР БШКнын 2025-жылдын 10 - сентябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
09.09.2025

КР БШКнын 2025-жылдын 10 - сентябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 2025-жылдын 10 - сентябры Убактысы: 10:00 Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы   1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Кант, Аламүдүн, Ысык-Көл, Токтогул жана Ноокат аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу. (баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 2. Бишкек шаарынын Октябрь районунун №1168 шайлоо участогунун дарегин өзгөртүү жөнүндө. (баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 3.Шайлоочулардын жана референдумдун катышуучуларынын тизмесин түзүү, тактоо жана идентификациялоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө. (баяндамачы – Акимбаев А.Ж., маалыматтык-коммуникациялык башкармалагынын башчысы) 4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын регламентин бекитүү жөнүндө. (баяндамачы – Айтиев З.К., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров атайын өкүлдөр, системдик администраторлор жана БШК Аппараты менен кеңешме өткөрдү
08.09.2025

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров атайын өкүлдөр, системдик администраторлор жана БШК Аппараты менен кеңешме өткөрдү

Бүгүн, 8-сентябрда, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров атайын өкүлдөр, жер-жерлердеги системдик администраторлор жана БШК Аппаратынын кызматкерлери менен жумушчу кеңешме өткөрдү. Кеңешмеде Кыргыз Республикасындагы шайлоолордо колдонулуучу шайлоо жабдууларынын үзгүлтүксүз жана сапаттуу иштешин камсыздоо маселелери талкууланды. Тынчтык Шайназаров бардык кызматкерлер тарабынан шайлоо эрежелерин жана мыйзам талаптарын так жана бекем сактоонун зарылдыгын баса белгиледи. «Мамлекет ачык жана айкын шайлоолорду өткөрүү үчүн бардык шарттарды түзүп, зарыл ресурстар менен камсыздап жатат. Биз мамлекеттик мүлккө жана шайлоо жабдууларына этият, аяр мамиле жасап, мыйзамдын алкагында гана иштөөгө тийишпиз», - деп белгиледи БШК төрагасы. Кеңешмеде ошондой эле участкалык шайлоо комиссияларындагы шайлоо жабдууларын тестирлөө иштери боюнча маалымат угулду.  
Кененирээк билүү >>
КР БШКда талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү маселелерин талкуулаган жыйын өттү
05.09.2025

КР БШКда талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү маселелерин талкуулаган жыйын өттү

Бүгүн, 5-сентябрда КР БШКда КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын жана “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү менен КР Президенти кол койгон “Мамлекеттик тилди колдонуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым конституциялык мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КР конституциялык мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу максатында өз ара аракеттенүү маселелери боюнча жыйын болуп өттү. Жыйынга БШК төрагасынын орун басары Айдана Жупуева, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин илимий-усулдук бөлүмүнүн башчысы Кундуз Мамбетакунова, КР БШК аппаратынын кызматкерлери катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин камсыздоо, текшерүү жана маалымат алмашуу механизмдери талкууланды. Ошондой эле талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү маалыматын КР БШК менен онлайн-база, электрондук система аркылуу алмашуу жолдору каралды. Жолугушууда талапкерлердин саны көп болгондо мамлекеттик тилди билүүнү текшерүү маселелери, адистердин жетиштиги, техникалык ресурстар менен убакыттын камсыздалышы, ошондой эле автоматташтыруу жана стандартташтыруу чаралары (онлайн-тесттер, бөлүштүрүлгөн графиктер, аймактарга чыгуулар) каралды. “Кыргызтест” тарабынан берилген сертификаттардын аныктыгын жана жарактуулугун текшерүү, аларды жасалмалоодон коргоо жана ачык-айкындуулук механизмдерин камсыздоо маселелери талкууланды. Мындан тышкары, талапкерлер шайлоодо мамлекеттик тилди билүү боюнча тесттен өтпөй калса, кайрадан тапшыра алуу мөөнөтүн аныктоо маселеси сүйлөшүлдү. Жолугушуунун соңунда шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде мындан аркы кызматташтыкты улантуу зарылдыгы баса белгиленди.
Кененирээк билүү >>
Кыргызстанда кийинки ЖК шайлоосу 30 шайлоо округуна бөлүнөт, ал үчүн атайын программалык камсыздоо иштелип чыгууда
02.09.2025

Кыргызстанда кийинки ЖК шайлоосу 30 шайлоо округуна бөлүнөт, ал үчүн атайын программалык камсыздоо иштелип чыгууда

КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кийинки шайлоодо Кыргызстан 30 округга бөлүнөт. Буга ылайык, учурда атайын программалык камсыздоо иштелип жатат. Бул тууралуу КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров “Азаттыкка” берген маегинде билдирди. “КР БШКнын ишмердүүлүгүнө токтолуп кетсек, биз бир шайлоону, мисалы, ЖК депутаттарынын шайлоосун өткөргөндөн кийин президенттик шайлоого даярданышыбыз керек. Ал убакытты талап кылат. Ал үчүн программалык камсыздоону өзгөртүп, жаңы программалык камсыздоону түзүшүбүз керек. Мисалы, ЖК депутаттарын кийинки шайлоодо Кыргызстан 30 округга бөлүнөт. Ошого жараша биз программалык камсыздоону иштеп чыгуудабыз. Ал бүткөндөн кийин, президенттик шайлоо болсо, ага башка программалык камсыздоону жасап бүтүрүшүбүз керек. Бизде 7 миңге жакын идентификациялоо жана бюллетенди басып чыгаруу жабдуулары бар. Анын ар бирин биз ревизия кылып чыгышыбыз керек. Бул да убакытты талап кылат. Эгерде ЖК депутаттары Жанар Акаевдин демилгесин колдоп, шайлоо быйыл эле өтө турган болсо, мен айтат элем, БШК ошол ЖК депутаттарын шайлоо кампаниясын өткөрүүгө толук кандуу даяр”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров ЖК депутаттарын шайлоону быйыл өткөрүү демилгесин колдойт
02.09.2025

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров ЖК депутаттарын шайлоону быйыл өткөрүү демилгесин колдойт

2025-жылдын июнь айында КРнын Жогорку Кеңеши тарабынан мыйзам кабыл алынып, анда “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди. Ал мыйзамга ылайык, биздин болочок шайлоолор такыр башка система боюнча өтөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров “Азаттыка” берген маегинде билдирди. Тынчтык Шайназаров белгилегендей, коомдо жана депутаттардын арасында парламент өзүн-өзү таркатып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү жөнүндө талкуунун болуп жатканы өз убагында жана туура болууда. “Депутаттардын Жогорку Кеңешке шайлоосу мыйзам жана план боюнча 2026-жылдын ноябрь айында өтүшү керек эле. Бирок баарыбызга белгилүү болгондой, 2027-жылдын январь айына Конституциялык мыйзам менен Президенттин шайлоосу белгиленген. Мен дагы ачык эле айтып коеюн, эгерде 2026-жылы ноябрдын аягында, биз ЖК депутаттарынын шайлоосун өткөрсөк, шайлоо бүткөндөн кийин КР БШК 20 күндө жыйынтык чыгарыш керек. Биз декабрдын ортолоруна барып калат экенбиз. Андан кийин сөзсүз түрдө ошол шайлоонун жыйынтыгына макул болбой, каршы болгондор болот, кээ бир талапкерлер сотко берет. Биз соттун чечимин күтүп калышыбыз мүмкүн. Ошентип, 2026-жылдын аягына чейин ЖК депутаттарын шайлоо кампаниясы узарып калышы мүмкүн. Ушуну эске алуу менен мен жогоруда айтып кеткендей, 2027-жылдын январь айында Президентти шайлашыбыз керек болот. Булар удаа келип калат. ЖК депутаттарын шайлоосу жыйынтыгы бүтпөй туруп, президенттик кампаниянын үгүт иштери башталып калат”, - деп белгиледи КР БШК төрагасы. Т. Шайназаров кошумчалагандай, айрым ЖК депутаттарынын “парламенттик шайлоо быйыл өтсө, туура болмок, кийин удаа келген шайлоолор үгүт иштерине кыйынчылык туудурат”, деген ой-пикирлерин туура деп эсептейт жана сыйлайт. Толугураак видеомаектен көрүңүз.  
Кененирээк билүү >>
Урматтуу кыргызстандыктар!  Сиздерди 31-август – Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү майрамыңыздар менен куттуктайбыз!
31.08.2025

Урматтуу кыргызстандыктар! Сиздерди 31-август – Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү майрамыңыздар менен куттуктайбыз!

Урматтуу кыргызстандыктар! Сиздерди 31-август – Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү майрамыңыздар менен чын дилибизден куттуктайбыз! Эгемендүүлүк — бул элибиздин жүрөгүндөгү эң ыйык түшүнүк, кымбат баалуулук жана муундан-муунга өтүп келген ата-бабаларыбыздын кылымдар бою күрөшүп, мээнет менен мурас кылып калтырган көз карандысыз Кыргызстандын туусу желбиреген улуу күн. Мына ошол эгемендигибиздин эн белгиси болгон кызыл байрагыбыз келечек муун алдындагы милдеттерибизди ар дайым эскертип, көөдөнүбүзгө дем-күч берип келет. Кыргыз эли — меймандос, кең пейил, кайратман жана ынтымактуу эл. Биз ушул касиетибиз менен дүйнөгө таанылып, бабалардын акылмандыгы менен жаратылган салт-санааны, руханий мурастарды сактап, мамлекетибиздин келечегине өбөлгө түзүп келебиз. Жаркырап турган Ала-Тообузду, жаратылышыбыздын ажайып кооздугун ыйык сактап, бүтүндөй элибиздин меймандос мүнөзүн жоготпой, улуу муундан калган ушул баалуулуктардын баркына жетип, ынтымактуу, бактылуу жашоону биргеликте кура берели. Мамлекетибиздин көз карандысыздыгын, элибиздин ынтымагын, жерибиздин бүтүндүгүн көзүбүздүн карегиндей сактап, кубаттуу өлкөгө айланалы. Жаратканыбыз Кыргызстаныбызды бакубат кылсын, тынчтыкта сактап, берекесин берсин. Ар бир үйдө ынтымак, ырыскы жайнап, зоболобуз көтөрүлсүн. Эгемендүүлүк күнү майрамыңыздар куттуу болсун! Урматтоо менен, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жалпы жамааты.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын ченемдик актылары жаңыланууда
29.08.2025

КР БШКнын ченемдик актылары жаңыланууда

2025-жылдын 29-августунда КР БШКнын шайлоо чөйрөсүндөгү ички ченемдик укуктук актылардын ортосундагы боштуктарды, карама-каршылыктарды жана шайкеш эместиктерди жоюу максатында, КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаровдун жетекчилиги алдында кезектеги жыйыны болуп өттү. Жыйындын жүрүшүндө 2025-жылдын 9-июнунда Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров тарабынан кол коюлган «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамга, ошондой эле шайлоо маселелерине байланыштуу кабыл алынган башка ченемдик укуктук актыларга киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен, КР БШКнын ченемдик-укуктук базасын кайра карап чыгуу иштери улантылды. Комиссия мүчөлөрү ченемдик укуктук актыларды жаңылоо, укуктук базаны оптималдаштыруу жана өркүндөтүү, ошондой эле шайлоо процессинин бардык катышуучуларынын укуктук кызыкчылыктарын эске алуу менен шайлоо чөйрөсүндөгү жаңы багыттарды талдап, алар боюнча өзгөртүүлөрдү сунуштоо маселесин талкуулашты. Жыйында үч токтом долбоору каралды, алардын ичинде: “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө” жобо “Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топ жөнүндө” жобо “Жогору турган шайлоо комиссияларына шайлоо документтерин жана референдум документтерин жеткирүү, өткөрүп берүү жана кабыл алуу учурунда аларды санкцияланбаган жеткиликтүүлүктөн коргоону камсыз кылуу тартиби жөнүндө” жобо Жыйындын жүрүшүндө берилген сунуштар эске алынып, тиешелүү токтом долбоорлору Комиссия тарабынан бир добуштан жактырылды.  
Кененирээк билүү >>
КР БШК жана мамлекеттик органдар Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуп көрсөтүлө турган жарандардын диний ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берүү маселелерин талкуулашты
29.08.2025

КР БШК жана мамлекеттик органдар Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуп көрсөтүлө турган жарандардын диний ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берүү маселелерин талкуулашты

2025-жылдын 29-августунда КР БШКда мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын болуп өттү. Жолугушуу "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын ченемдерин ишке ашыруунун алкагында өз ара аракеттенүү маселелерине, атап айтканда, Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкер катары көрсөтүлгөн жарандардын диний ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматтарды берүү тартибин жана мекемелер аралык кызматташуунун механизмдерин талкуулоого арналды. Жыйынга КР БШКнын төрагасы Т.У. Шайназаров, төраганын орун басары А.С. Жупуева, КРнын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин директору А.М. Юсупов жана аталган агенттиктин директорунун орун басарлары М.М. Муратбеков жана К. Мидин уулу, КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана КРнын Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү, ошондой эле КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери катышты. Жыйындын жүрүшүндө КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер болуп көрсөтүлгөн жарандардын акыркы беш жылдагы диний ишмердүүлүгү жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына маалымат берүү, ошондой эле алардын диний ишмердүүлүгү токтоткондугун тастыктоо маселелери талкууланды. Бул талап "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык Мыйзамында белгиленген. КР БШК төрагасы Т.У. Шайназаров бул багытта мамлекеттик органдар менен кызматташуу боюнча иштер уланып жатканын жана КР БШК биргелешкен аракеттер менен натыйжалуу чечимдерди иштеп чыгууга умтуларын баса белгиледи. КРнын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин директору А.М. Юсупов учурдагы маалымат базасы диний ишмерлердин учурдагы ишмердүүлүгүн гана камтый турганын, ошондуктан мурунку ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтарды чогултуу үчүн кошумча механизмдерди иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи. Ал тиешелүү министрликтер жана мекемелер менен биргеликте керектүү маалыматтарды аныктоо үчүн мекемелер аралык комиссия түзүүнү сунуштады. Жыйындын соңунда КРнын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин алдында мамлекеттик органдардын катышуусунда мекемелер аралык Жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды. Бул Жумушчу топ келген суроо-талаптарды иштеп чыгуу менен алектенет, бирок расмий жооптор түз эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катары аталган агенттик тарабынан берилет.      
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
29.08.2025

КР БШК жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

2025-жылдын 29-августунда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлерди тизмеден чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө аймактык комиссиялардын чечимдерин бекитти. Ош облусу, Алай району: Жаңы-Алай айылдык кеңешинин (№ 1 Жаңы-Алай) депутаты К. Эркебаевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду — каза болгондугуна байланыштуу. Мандат Ш. С. Кожогелдиевге (Ош облустук филармониясынын артисти) өткөрүлүп берилди. Тилектеш айылдык кеңешинин (№ 4 Жаңы-Турмуш) депутаты Ж.М. Зикировдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду — жеке арызы боюнча. Мандат Т. Абдырахмановго (автомектепте мугалим) өткөрүлүп берилди. Курманжан Датка айылдык кеңешинин (№ 2 Арпа-Тектир) депутаты Н.А Орозбаевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду — жеке арызы боюнча. Мандат М.Арзикуловго  (убактылуу иштебейт) өткөрүлүп берилди. Араван району: Дөбө-Коргон айылдык кеңешинин (№ 5 Тепе-Коргон) депутаты Б.Х. Ахмедовдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду — жеке арызы боюнча. Мандат О.Х.Тажибаевге  (электр тармагында электромонтер) өткөрүлүп берилди. Кара-Суу району: Жоош айылдык кеңешинин (№ 7 Питомник) депутаты Р.И. Рахмановдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду — жеке арызы боюнча. Мандат М.А.Токоевге (убактылуу иштебейт) өткөрүлүп берилди. Ноокат району: Мирмахмудов айылдык кеңешинин (№ 5 Үч-Кемпир) депутаты А.З.Тораевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду — жеке арызы боюнча. Мандат Н.У. Осмоновага (“Жандуу Гүлдөр” мектепке чейинки билим берүү уюмунун жетекчиси) өткөрүлүп берилди. Баткен облусу, Кадамжай району: Кадамжай шаардык кеңешинин ("Эмгек" фракциясы) депутаты Г.А. Мурзамамытованын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду — жеке арызы боюнча. Мандат С.С. Зайляповага (убактылуу иштебейт) өткөрүлүп берилди. Чүй облусу, Сокулук району: Гавриловка айылдык кеңешинин (№ 4) депутаты М.К. Омуркуловдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду — жеке арызы боюнча. Мандат Ш.Б. Абдылдабековго  (жеке ишкер) өткөрүлүп берилди. Жайыл району: Талды-Булак айылдык кеңешинин (№ 2 Сосновка) депутаты Т.Д. Доскуловдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду — жеке арызы боюнча. Мандат А. Жаныбек уулуна (убактылуу иштебейт) өткөрүлүп берилди. Нарын облусу, Ат-Башы району: Ат-Башы айылдык кеңешинин (№ 6 Ак-Жар) депутаты Т.И. Курманалиевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду — жеке арызы боюнча. Мандат Г.Т. Алыкеевага (пенсионер) өткөрүлүп берилди. Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгарылган талапкерлер С. Сабыр кызы, Зулпуев айылдык кеңеши (№ 2 Ата-Мерек) — жеке арызы боюнча. Б.А. Исмаилов Ат-Башы айылдык кеңеши (№ 6 Ак-Жар) — жеке арызы боюнча.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2025-жылдын 29 - августундагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
29.08.2025

КР БШКнын 2025-жылдын 29 - августундагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы:2025-жылдын 29-августу Убактысы:11.30 Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы   1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу. (баяндамачы – Дюшембаева Г.К., пландоо, эсепке алуу жана отчеттулук бөлүмдүн башчысы). 2. “Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топ жөнүндө” жобо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 693 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө. (баяндамачы – Момоконов К.А., маалыматтык камсыздоо секторунун башчысы). 3. “Жогору турган шайлоо комиссияларына шайлоо документтерин жана референдум документтерин жеткирүү, өткөрүп берүү жана кабыл алуу учурунда аларды санкцияланбаган жеткиликтүүлүктөн коргоону камсыз кылуу тартиби жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 485 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (баяндамачы – З.К. Айтиев Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы). 4. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Алай, Араван, Кара-Суу, Ноокат, Кадамжай, Сокулук, Жайыл жана Ат-Башы аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу. (баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалагынын башчысы). 5. Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө. (баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалагынын башчысы).
Кененирээк билүү >>
КР БШКда депутаттыкка талапкерлердин билимин тастыктоо тартиби талкууланды
27.08.2025

КР БШКда депутаттыкка талапкерлердин билимин тастыктоо тартиби талкууланды

2025-жылдын 27-августунда КР БШКда Агартуу министрлигинин, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин жана "Кызмат" МИнин өкүлдөрү менен "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык Мыйзамында каралган ченемдерди ишке ашыруу маселелери боюнча жумушчу жолугушуу болуп өттү. Жолугушууга КР БШК төрагасынын орун басары А.С. Жупуева, КР Агартуу министринин орун басары Д.А. Махметкулов, КР Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Н.К. Омуров, КР Агартуу министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин директору Б.С. Шамшидинова, мониторинг жана баалоо бөлүмүнүн башчысы С.К.Умралиева, КР Президентинин Иш башкармалыгына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин долбоордук бөлүмүнүн менеджери З.А. Замирбекова, ошондой эле КР БШК аппаратынын кызматкерлери катышты. Талкуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин жогорку билиминин аныктыгын текшерүүдө КР БШКсы менен министрликтердин ортосундагы өз ара аракеттенүү жана маалымат алмашуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Жолугушуунун катышуучулары жогорку билими тууралуу маалыматтарды берүү тартибин, ошондой эле чет өлкөлүк окуу жайлары тарабынан берилген дипломдорду текшерүү тартибин кеңири карап чыгышты. Чет өлкөлүк дипломдор берилген учурда нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн котормосунун же апостилинин болушу милдеттүү шарт экени өзүнчө белгиленди. Министрликтердин өкүлдөрү мындай документтерди алуу, текшерүү жана тастыктоо механизмин учурдагы мыйзамдарга ылайык кеңири түшүндүрүп беришти. Жолугушуунун негизги максаты — талапкерлер боюнча билим берүү тууралуу маалыматты берүү үчүн жооптуу органды тактоо болду. Талкуунун жыйынтыгында КР БШК түздөн-түз Агартуу министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти менен өз ара иш алып барары тууралуу чечим кабыл алынды. Министрликтердин өкүлдөрү КР БШК менен тыгыз кызматташууга даяр экендигин билдиришти жана мыйзам чегиндеги бардык милдеттерди белгиленген мөөнөттөрдө аткарууга милдеттенмелерин ырасташты. Жолугушуунун соңунда КР БШКнын төрагасынын орун басары Айдана Жупуева министрликтердин өкүлдөрүнө активдүү катышуусу үчүн ыраазычылык билдирип, талапкерлерге карата мыйзамда белгиленген талаптарды так сактоо, жарандардын шайлоо укуктарын камсыздоонун жана шайлоо процесстерин ачыктык жана мыйзамдуулук принциптеринде өткөрүүнүн негизги шарттары болуп эсептелерин баса белгиледи.
Кененирээк билүү >>
Эсептөө палатасынын КР БШКнын 2023-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил ичиндеги бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн аудитинин жыйынтыктары тууралуу маалыматына түшүндүрмө
25.08.2025

Эсептөө палатасынын КР БШКнын 2023-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил ичиндеги бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн аудитинин жыйынтыктары тууралуу маалыматына түшүндүрмө

2023–2024-жылдар үчүн бюджеттин аткарылышы боюнча Эсептөө палатасынын аудит жыйынтыктары боюнча жарыялаган маалыматтарына байланыштуу КР БШК төмөнкүлөрдү маалымдайт. Эсептөө палатасынын отчетунда көрсөтүлгөн жалпы сумма — 8 млн 289,7 миң сом — бул уурдоо же каражаттарды кыянаттык менен пайдалануу эмес. Көрсөтүлгөн мүчүлүштүктөр негизинен техникалык жана бухгалтердик мүнөздө болуп, көпчүлүк бөлүгү азыркы учурда жоюлган же такталуу процессинде турат. Мамлекетке зыян келтирген мыйзам бузуулар аныкталган эмес. Ашыкча төлөнгөн 1 млн 164 миң сом өлчөмүндөгү бажы төлөмдөрү кайра мамлекеттин кирешесине кайтарылган. 271,6 миң сомдук мүлктүн эсеби боюнча эскертүүлөр жоюлуп, тиешелүү объекттер баланска киргизилген. Сумманын эң чоң бөлүгү — 6 млн 854 миң сом — шайлоо учурунда кызматкерлерге төлөнгөн ашыкча иштөө үчүн акылар жана командировкалык чыгымдарды эсепке алуу тартибине байланыштуу. Белгилей кетсек, 2023-2024-жылдары КР БШК 10 (он) пландан тышкаркы шайлоо кампаниясын өткөрдү – КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана республика боюнча жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоосу. Бардык төлөмдөр Эмгек кодексине жана бекитилген чыгым сметасына ылайык жүргүзүлгөн. Эл аралык сапарларга кеткен чыгымдардын олуттуу бөлүгүн кабыл алуучу тарап жапкан, ал эми суткалык төлөмдөр милдеттүү жана Министрлер Кабинетинин № 471 токтому менен бекитилген. Ошондой эле, Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун отчетунда 1 млн 507 миң сомдук эки кызматтык унаа көрсөтүлбөй калган. Аудит жүрүп жатканда бул кемчилик оңдолуп, автоунаалар эсепке алынган. КР БШК Эсептөө палатасынын ыйгарым укуктарын урматтайт жана бардык маселелер боюнча кызматташууга даяр. Ошол эле учурда бир катар корутундулар боюнча мыйзамдарды чечмелөөдө принципиалдуу айырмачылыктар бар. Комиссия белгиленген тартипте өз позициясын коргоого ниеттенүүдө. КР БШК  мамлекетке эч кандай зыян келтирилбегенин, каражатты уурдоо жана мыйзамсыз сарптоо фактылары аныкталбаганын ырастайт.  Комиссия көзөмөлдөө органдары, жарандык коом жана ЖМК менен ачык кызматташууга даяр.
Кененирээк билүү >>
Эсептөө палатасынын КР БШКнын 2023-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил ичиндеги бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн аудитинин жыйынтыктары жөнүндө маалыматын төгүндөө
25.08.2025

Эсептөө палатасынын КР БШКнын 2023-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил ичиндеги бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн аудитинин жыйынтыктары жөнүндө маалыматын төгүндөө

Эсептөө палатасынын аудитинин жыйынтыктары тууралуу маалыматтын таралышына байланыштуу, КР БШК объективдүү кабыл алууну камсыздоо максатында түшүндүрмө берүүнү зарыл деп эсептейт. КР БШК бюджеттик каражаттарды колдонууга катуу көзөмөл жүргүзөт. Эсептөө палатасынын маалыматында чагылдырылган суммалар уурдоо же кыянаттык менен пайдалануу эмес, көпчүлүк бөлүгү каржылык отчеттуулук процессинде кетирилген техникалык жана эсепке алуудагы так эместиктер болуп саналат. Көрсөтүлгөн сумманын көпчүлүгү бухгалтердик эсепке алуудагы оңдоолорго тиешелүү жана мыйзамда белгиленген мөөнөттө аяктаган. Мамлекетке зыян келтирген мыйзам бузуулар болгон эмес. Көрсөтүлгөн жагдайлардын баары түзөтүлүүчү мүнөзгө ээ жана мыйзамсыз чыгымдарга же каражаттарды өздөштүрүүгө байланыштуу эмес. КР БШК Эсептөө палатасы менен кызматташат жана аудиттин бир катар сунуштары толугу менен кабыл алынып, ички финансылык контролду андан ары өркүндөтүү боюнча иш алып барууда. Ошол эле учурда КР БШК Эсептөө палатанын отчетунда көрсөтүлгөн айрым жагдайлар боюнча принципиалдуу келишпестиктер бар экендигин, бул жыйынтыктар талаштуу деп эсептейт жана мыйзам чегинде өз позициясын коргоого ниеттенип жатканын белгилейт. КР БШК ар дайым ачыктыкты, жоопкерчиликти жактайт жана көзөмөл органдары менен коомчулук менен конструктивдүү кызматташууга даяр. Толук маалымат КР БШК тарабынан кийинчерээк берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасынын Түштүк Кореяда жашаган кыргызстандыктар менен жолугушуусу болуп өттү
23.08.2025

КР БШКнын төрагасынын Түштүк Кореяда жашаган кыргызстандыктар менен жолугушуусу болуп өттү

    2025-жылдын 23-августунда Кыргыз Республикасынын Түштүк Корея Республикасындагы Элчилигинин колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров Түштүк Корея Республикасында убактылуу жана туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына киргизилген жаңы өзгөртүүлөр  тууралуу кеңири маалымат берилди. Айрыкча чет өлкөдө жүргөн кыргыз жарандарынын шайлоо процесстерине катышуусу, ошондой эле шайлоолордун ачыктыгын, айкындуулугун жана жеткиликтүүлүгүн камсыздоого багытталган чараларга өзгөчө көңүл бурулду. Иш-чаранын алкагында жарандардын добуш берүү процессин жеңилдетүү максатында жаңы шайлоо жабдуулары көрсөтүлүп, добуш берүү тартиби демонстрацияланды. Бул жарандарга шайлоо процесси тууралуу кеңири жана практикалык түшүнүк алууга шарт түздү. Жолугушуу ачык диалог форматында өтүп, анда жарандар өздөрүн кызыктырган суроолоруна жоопторду алышып, чет өлкөдө шайлоо укуктарын ишке ашыруу боюнча сунуштарын билдиришти. Өз кезегинде КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Аида Исмаиловага жана элчиликтин кызматкерлерине мындай маанилүү жолугушууну уюштургандыгы үчүн терең ыраазычылыгын билдирди. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы чет өлкөдө жашаган кыргыз жарандарынын шайлоо процесстерине толук кандуу катышуусу үчүн зарыл шарттарды түзүү боюнча иштерди мындан ары да улантат.  
Кененирээк билүү >>
КР БШК шайлоо процессинин ченемдик базасын жаңылап, жаңы жобону бекитти
20.08.2025

КР БШК шайлоо процессинин ченемдик базасын жаңылап, жаңы жобону бекитти

2025-жылдын 20-августунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйыны болуп өттү. Жыйында ички ченемдик укуктук актылардагы боштуктарды жана карама-каршылыктарды жоюу, ошондой эле мыйзамдардагы акыркы өзгөрүүлөрдү эске алуу менен шайлоо процессинин укуктук базасын оптималдаштыруу жана өркүндөтүү маселелери каралды. Жыйында КР БШК “Ыкчам чара көрүү координациялык тобунун иш тартиби жөнүндө” токтом долбоорун бекитти.  “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө байланыштуу Жобонун жаңы редакциясы төмөнкү өзгөртүү жана толуктоолор менен сунушталды: Жобонун колдонуу чөйрөсү бардык деңгээлдеги шайлоолорго жана референдумдарга кеңейтилди; Ыкчам чара көрүү координациялык тобунун  милдеттерине  тактоолор киргизилди; Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 43-беренесинин негизинде ыкчам чара көрүү координациялык тобунун иштөө алгоритми жөнүндө кошумча пункт киргизилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
20.08.2025

КР БШК жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

2025-жылдын 20-августунда КР БШКсы Ак-Суу, Кадамжай, Ысык-Ата жана Талас аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү боюнча чечимдерин бекитти. Ыйгарым укуктары токтотулуп, мандаттары өткөрүлүп берилген депутаттар: Ысык-Көл облусу: • Ак-Суу районунун Кыдыр-Аке айылдык кеңешинин депутаты З.Р.Хандын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, анын мандаты А.Д.Амазовичке  берилди. Баткен облусу: • Кадамжай районунун Бирлик айылдык кеңешинин депутаты К.Э.Кожоярованын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, анын мандаты А.Э.Таджиевге берилди. Чүй облусу: • Ысык-Ата районунун Кең-Булуң айылдык кеңешинин депутаты П.Д.Емцевдин ыйгарым укуктары берилген өлүмү тууралуу күбөлүктүн негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, анын мандаты Ж.К.Мамбетовага  берилди. Талас облусу: • Талас районунун Каракол айылдык кеңешинин депутаты М.Н.Жолдошевдин ыйгарым укуктары берилген өлүму тууралуу күбөлүктүн негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, анын мандаты М.А.Кенжегуловго берилди.  
Кененирээк билүү >>
1 49 51 482