Аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине талапкерлерди көрсөтүү иштери 2011-жылдын 23-сентябрында аяктайт

30 августа 2011

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана рефрендум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктоо иштерин жүргүзүүдө. Аймактык шайлоо комиссияларынын (АШК) резервдерине талапкерлерди көрсөтүү иштери 2011-жылдын 23-сентябрында аяктайт.

АШКлар Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан эки жылдык мөөнөткө саны 11 мүчөдөн кем эмес турган, алардын резерви болсо (11 адамдан кем эмес) беш жылдык мөөнөткө түзүлөт.

АШКнын курамы экиден бири өкүлдөрү саясий партиялардан жана экиден бири резервде турган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын өкүлдөрүнөн түзүлөт.

Саясий партиялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу өкүлчүлүктүү органдар комиссиянын резервине талапкерлерди көрсөтүүдө комиссиянын резервине көрсөтүлгөн жарандардын макулдуулугун эсепке алынышы зарыл.

Аймактык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөтүү боюнча жарандардын чогулуштардын, коомдук уюмдардын протоколдору тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу өкүлчүлүктүү органдарында (шаардык, райондук кеңештер)  2011-жылдын 23-сентябрынын 18.00 чейин, саясий партиялардан – Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында  2011-жылдын 23-сентябрынын 18.00 чейин кабыл алынат.

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы