Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
КР Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты К.Асановдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Асанов Курсан Сатаровичтин ыйгарым укуктарын депутататтык ыйгарым укуктарды аткарууга мүмкүн болбогон кызматка өткөндүгүнө байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотту. Мурда белгилүү болгондой К.Асанов КР Премьер-министринин буйрутмасы менен КР ички иштер министринин орун басары болуп дайындалган.
Боршайкомдун бүгүнкү жыйналышында ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына “Кыргызстан социал-демократиялык партиясынан” (СДПК) партиянын тизмесинде кезектеги Иманкожоева Эркингүл Бекбабачаевна катталды. Боршайкомдун жыйналышында Э.Иманкожоевага күбөлүк жана белгиленген үлгүдөгү төш белги тапшырылды.
Мындан тышкары Боршайкомдун жыйналышында 2011-жылдын 17-апрелинде мыйзам чегинде өткөн Ош, Баткен жана Талас областарынын 6 райондорундагы 13 жергиликтүү кеңештерге шайлоолордун жыйынтыгы тууралуу маалымат берилди. 171 мандатка 35 округдан жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына 376 талапкер көрсөтүлгөн. Добуш берүү күнүнө чейин депутаттыкка 5 талапкер өзүлөрүнүн кандидатураларын алып салышкан. Натыйжада ар бир орунга орточо 2,16 талапкер ат салышкан.
Ош облусу боюнча 206 талапкер катталган, алардын 192си өзүн өзү көрсөткөндөр, саясый партиялардан болгону 14 талапкер көрсөтүлгөн, Талас облусу боюнча 76 талапкер көрсөтүлгөн, алардын 68и өзүн өзү көрсөткөн, саясый партиялардан-8, Баткен облусу боюнча 94 талапкер катталган, алардын 65и өзүн өзү көрсөткөндөр, 29 талапкер саясый партиялардан көрсөтүлгөн. Шайлоочулардын эң активдүүлүгү Талас облусунда-59,45% байкалган, Ош облусунда 47,08%, Баткен облусунда 39,32%.
Талас облусунда шайланган депутаттардын 4 “СДПК” партиясынан көрсөтүлгөн, Ош облусу боюнча 7 депутат “Республика” партиясынан көрсөтүлгөн, Баткен облусу боюнча 15 депутат шайланып, 11и “Ата Журт” партиясынан, 3 “Бүтүн Кыргызстан” жана 1 “Республика” партиясынан».
Жыйналышта БШК төрагасы Акылбек Сариев Жогорку Кеңештин депутаты Саматов Жыргалбек Алимбаевичтин жарандуулугу тууралу маселени айтты. БШК төрагасы белгилегендей тийиштүү ведомстволордон расмий документтерди алганга чейин маселе ачык бойдон калат.
Кененирээк билүү >>
«Шайлоо» МАС аркылуу алынган УШКнын протоколдорунун маалыматтары боюнча жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого шайлоочулардын катышуусу жөнүндө алдынала маалымат
2011-жылдын 17-апрелинде Баткен, Талас жана Ош облустарынын 13 айылдык кеңешине 35 көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттарды шайлоо болуп өттү.
«Шайлоо» МАС аркылуу алынган УШКнын протоколдорунун маалыматтары боюнча жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого шайлоочулардын катышуусу жөнүндө алдынала маалымат
"Шайлоо" Мамлекеттик Автоматташтырылган Системасы
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоо
КР БШК
Шайлоочулардын шайлоого катышуусу жөнүндө маалымат
Облустар
Шайлоочулардын саны
Добуш бергени
Негизги тизме
Кошумча тизме
Жалпы
Саны
%
Баткен
13673
314
13987
5499
39,32%
Талас
6624
352
6976
4147
59,45%
Ошя
30540
1522
32062
15094
47,08%
Бардыгы
50837
2188
53025
24740
46,66%
"Шайлоо" Мамлекеттик Автоматташтырылган Системасы
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоо
Баткен облусу
Шайлоочулардын шайлоого катышуусу жөнүндө маалымат
Округ
Шайлоочулардын саны
Добуш бергени
Негизги тизме
Кошумча тизме
Жалпы
Саны
%
Баткен - Аксай
1150
14
1164
563
48,37%
Баткен - Үч-Дөбө
1276
17
1293
499
38,59%
Баткен - Көк-Таш
1590
32
1622
589
36,31%
Баткен - Ак-Татыр
1638
46
1684
736
43,71%
Баткен - Орто-Боз
500
14
514
291
56,61%
Баткен - Рават
1197
9
1206
520
43,12%
Баткен - Самаркандек
1846
61
1907
675
35,40%
Баткен - Орто-Сай
1890
48
1938
573
29,57%
Баткен - Жаңы-Бак
899
21
920
377
40,98%
Баткен - Паскы-Арык
1687
52
1739
676
38,87%
Бардыгы
13673
314
13987
5499
39,32%
"Шайлоо" Мамлекеттик Автоматташтырылган Системасы
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоо
Ош облусу
Шайлоочулардын шайлоого катышуусу жөнүндө маалымат
Округ
Шайлоочулардын саны
Добуш бергени
Негизги тизме
Кошумча тизме
Жалпы
Саны
%
Кара-Кулжа- Ат-Келтир
1162
0
1162
800
68,85%
Кара-Кулжа - Пор
673
55
728
317
43,54%
Алай - Боз-Караган
1751
18
1769
668
37,76%
Алай -Арпа-Тектир
1217
23
1240
544
43,87%
Алай - Кабылан-Көл
1125
44
1169
591
50,56%
Алай - Күнгөй
390
7
397
276
69,52%
Ноокат - Көк-Бел
1966
127
2093
844
40,32%
Ноокат - Исанов
1152
67
1219
552
45,28%
Ноокат - Чеч-Дөбө
1225
80
1305
808
61,92%
Ноокат - Жар-Коргон
1412
115
1527
863
56,52%
Ноокат – Кошчан
2267
76
2343
1058
45,16%
Ноокат - Жаңы-Базар
743
29
772
494
63,99%
Ноокат - Күнгөй-Кожеке
2262
179
2441
1073
43,96%
Кара-Суу - Сары-Колот
1716
61
1777
820
46,15%
Кара-Суу – Тынчтык
1486
98
1584
570
35,98%
Кара-Суу - Шерали
927
75
1002
495
49,40%
Кара-Суу - Отуз-Адыр
3928
244
4172
1564
37,49%
Кара-Суу - Кара-Дөбө
1999
75
2074
1025
49,42%
Кара-Суу - Кыш-Абад
3139
149
3288
1732
52,68%
Бардыгы
30540
1522
32062
15094
47,08%
"Шайлоо" Мамлекеттик Автоматташтырылган Системасы
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоо
Талас облусу
Шайлоочулардын шайлоого катышуусу жөнүндө маалымат
Округ
Шайлоочулардын саны
Добуш бергени
Негизги тизме
Кошумча тизме
Жалпы
Саны
%
Кара-Буура - Арчагул
603
28
631
409
64,82%
Кара-Буура - Шекер
1704
56
1760
1012
57,50%
Кара-Буура - Кара-Буура
594
43
637
394
61,85%
Кара-Буура - Бейшеке
836
27
863
548
63,50%
Кара-Буура - Кара-Суу
1296
35
1331
666
50,04%
Кара-Буура - Бакыян
1591
163
1754
1118
63,74%
Бардыгы
6624
352
6976
4147
59,45%
Кененирээк билүү >>
Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоодо шайлоочулардын катышуусу тууралуу "Шайлоо" МАТтын алдын ала маалыматтары
2011-жылдын 17-апрелинде Баткен, Талас жана Ош областтарындагы көп мандаттуу 35 шайлоо округу боюнча13 айылдык кеңешке депутаттарды шайлоо болуп өттү.
Жергиликтүү кенештерге депутаттарды шайлоодо шайлоочулардын катышуусу боюнча «Шайлоо» Мамлекеттик автоматташтырылган тутумунун саат 20.00 гө карата алдын ала маалыматтары…
«Шайлоо» Мамлекеттик автоматташтырылган тутуму
Жергиликтүү кенештерге депутаттарды шайлоо КР БШК
Шайлоодо шайлоочулардын катышуусу боюнча маалымат
9:00
13:00
17:00
20:00
Катталган шайлоочулардын саны
50 837
50 837
50 837
50 837
Добуш берген шайлоочулардын саны
1 781
11 693
18 749
23 927
Добуш бергендердин шайлоочулардын санына карата %
3,5%
23%
36,88%
47,07%
Областтык шайлоо комиссиясы
Убакыт
Шайлоочулардын саны
Добуш бергендер
Саны
%
Баткен областы
20:00
13 673
5 120
37,45%
Ош областы
20:00
30 540
14 685
48,08%
Талас областы
20:00
6 624
4 122
62,23%
Жыйынтыгы
50 837
23 927
47,07%
«Шайлоо» Мамлекеттик автоматташтырылган тутуму
Жергиликтүү кенештерге депутаттарды шайлоо КР БШК
Шайлоодо шайлоочулардын катышуусу боюнча маалымат
9:00
13:00
17:00
20:00
Катталган шайлоочулардын саны
13 673
13 673
13 673
13 673
Добуш берген шайлоочулардын саны
332
2 841
4 241
5 120
Добуш бергендердин шайлоочулардын санына карата %
2,43%
20,78%
31,02%
37,45%
Округ
Убакыт
Шайлоочулардын саны
Добуш бергендер
Саны
%
Баткен - Аксай
20:00
1 150
538
46,78%
Баткен - Уч-Добо
20:00
1 276
450
35,27%
Баткен - Кок-Таш
20:00
1 590
550
34,59%
Баткен - Ак-Татыр
20:00
1 638
677
41,33%
Баткен - Орто-Боз
20:00
500
291
58,2%
Баткен - Рават
20:00
1 197
500
41,77%
Баткен - Самаркандек
20:00
1 846
610
33,04%
Баткен - Орто-Сай
20:00
1 890
525
27,78%
Баткен - Жаны-Бак
20:00
899
374
41,6%
Баткен - Паскы-Арык
20:00
1 687
605
35,86%
Жыйынтыгы
13 673
5 120
37,45%
«Шайлоо» Мамлекеттик автоматташтырылган тутуму
Жергиликтүү кенештерге депутаттарды шайлоо КР БШК
Шайлоодо шайлоочулардын катышуусу боюнча маалымат
9:00
13:00
17:00
20:00
Катталган шайлоочулардын саны
30 540
30 540
30 540
30 540
Добуш берген шайлоочулардын саны
1 168
6 433
11 044
14 685
Добуш бергендердин шайлоочулардын санына карата %
3,82%
21,06%
36,16%
48,08%
Округ
Убакыт
Шайлоочулардын саны
Добуш бергендер
Саны
%
Кара-Кулжа- Ат-Келтир
20:00
1 162
650
55,94%
Кара-Кулжа - Пор
20:00
673
316
46,95%
Алай - Боз-Караган
20:00
1 751
621
35,47%
Алай -Арпа-Тектир
20:00
1 217
550
45,19%
Алай - Кабылан-Кол
20:00
1 125
592
52,62%
Алай - Кунгой
20:00
390
260
66,67%
Ноокат - Кок-Бел
20:00
1 966
819
41,66%
Ноокат - Исанов
20:00
1 152
548
47,57%
Ноокат - Чеч-Добо
20:00
1 225
822
67,1%
Ноокат - Жар-Коргон
20:00
1 412
792
56,09%
Ноокат - Кошчан
20:00
2 267
1 043
46,01%
Ноокат - Жаны-Базар
20:00
743
494
66,49%
Ноокат - Кунгой-Кожеке
20:00
2 262
1 043
46,11%
Кара-Суу - Сары-Колот
20:00
1 716
815
47,49%
Кара-Суу - Тынчтык
20:00
1 486
570
38,36%
Кара-Суу - Шерали
20:00
927
495
53,4%
Кара-Суу - Отуз-Адыр
20:00
3 928
1 541
39,23%
Кара-Суу - Кара-Добо
20:00
1 999
981
49,07%
Кара-Суу - Кыш-Абад
20:00
3 139
1 733
55,21%
Жыйынтыгы
30 540
14 685
48,08%
«Шайлоо» Мамлекеттик автоматташтырылган тутуму
Жергиликтүү кенештерге депутаттарды шайлоо КР БШК
Шайлоодо шайлоочулардын катышуусу боюнча маалымат
9:00
13:00
17:00
20:00
Катталган шайлоочулардын саны
6 624
6 624
6 624
6 624
Добуш берген шайлоочулардын саны
281
2 419
3 464
4 122
Добуш бергендердин шайлоочулардын санына карата %
4,24%
36,52%
52,29%
62,23%
Округ
Убакыт
Шайлоочулардын саны
Добуш бергендер
Саны
%
Кара-Буура - Арчагул
20:00
603
390
64,68%
Кара-Буура - Шекер
20:00
1 704
1 034
60,68%
Кара-Буура - Кара-Буура
20:00
594
394
66,33%
Кара-Буура - Бейшеке
20:00
836
547
65,43%
Кара-Буура - Кара-Суу
20:00
1 296
653
50,39%
Кара-Буура - Бакыян
20:00
1 591
1 104
69,39%
Жыйынтыгы
6 624
4 122
62,23%
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы 2011-жылдын 17-апрелинде жергиликтүү Кеңештердин депутаттардын шайлоого 12 эларалык байкоочуларды акредиттеген
“Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодексинин 18-беренесинин 6-жана 8-пунктчаларын жетекчиликке алып, 2011-жылдын 17-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Ош, Баткен жана Талас облустарынын жергиликтүү Кеңештеринин депутаттарын шайлоого акредиттөө тууралуу берилген арыздарга ылайык Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы 12 эларалык байкоочуларды:
БДИПЧ/ОБСЕ миссиясынан 4 байкоочуну;
Эларалык республикалык институттан (IRI) 2 байкоочуну;
Америка Кошмо Штаттарынан 4 байкоочуну;
Улуттук демократиялык институттан (НДИ) 2 байкоочуну акредиттеген.
Кененирээк билүү >>
Жергиликтүү Кеңештердин депуттарын шайлоодо өлкөнүн үч облусунда жогорку активдүүлүк байкалууда
Кечээ, 2011-жылдын 28-мартында Ош, Баткен жана Талас облустарынын 6 районунда жергиликтүү Кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо аяктады. Ушул аймактардагы 13 жергиликтүү Кеңештердин депутаттарын шайлоо 2011-жылдын 17-апрелине белгиленген.
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына аймактык комиссиялардын берген маалыматтары боюнча 171 мандатка 35 округдан жергиликтүү Кеңештердин депутаттыгына 376 талапкер көрсөтүлүүдө. Ар бир мандатка орточо 2,1 талапкер көрсөтүлгөн. Мында саясый партиялар талапкерлердин жарымынан азын көрсөтүшкөн.
Талапкерлерди көрсөтүүдө эң активдүүлүк Талас облусунда байкалган: үч мандаттуу Шекер шайлоо округунда 19 талапкер көрсөтүлгөн (бир мандатка орточо 6,3 талапкер). Ош облусунда Отуз-Адыр айыл Кеңешинин Ош шайлоо округунда 7 мандатка 27 талапкер көрсөтүлгөн. Баткен облусунун Ак-Сай айылдык кеңешинде 3 мандатка 13 талапкер күрөшмөкчү.
Ош облусу боюнча 206 талапкер катталган, алардын 192си өз алдынча көрсөткөндөр, саясый партиялардан болгону 14 талапкер көрсөтүлгөн; Талас облусу боюнча 76 талапкер, анын ичинен өз алдынча көрсөтүү боюнча 20 талапкер, саясый партиялардан-8, шайлоочулардан 46 жана эмгек коллективдеринен 2 талапкер жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкер болуп катталган; Баткен облусу боюнча 94 талапкер катталган, анын 65и өз алдынча көрсөтүлгөндөр, 29у саясый партиялардан көрсөтүлгөндөр.
Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү Кеңештерге шайлоону байкоону эл аралык байкоочулар биринчи жолу изилдөөнү каалагандыгын билдиришкен. Кыргызстанга өзүнүн байкоочуларын демократия жана адам укуктары боюнча Бюро (БДИПЧ) ОБСЕ жана АКШ Улуттук демократиялык институту (NDI) байкоочуларын жиберүүлөрү күтүлүүдө.
Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодекстин 84-беренесинин 3-пунктуна ылайык жергиликтүү Кеңештердин депутаттарын каттоо шайлоо күнүнө 20 календарлык күн калган чейин аяктайт.
Кененирээк билүү >>
Шайлоо мыйзамындагы кемтикти калыбына келтирүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кайрылуу жөнүндө чечим кабыл алынды.
2011-жылдын 7-февралында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйналышында шайлоо мыйзамындагы кемтикти калыбына келтирүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кайрылуу жөнүндө чечим кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуунун себебинен улам түзүлгөн бош мандаттын ордун ээлөөдө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө Кодексинин ченемдерин колдонорлугу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 28-январындагы № 130-V токтому менен аныкталган. Бирок көрсөтүлгөн кодекс эгерде саясий партиянын тизмеси боюнча шайлангандан кийинки депутаттыкка талапкер бошогон мандаттан баш тартса же такыр эле аны кабыл алууну четке какса, б.а. ага күбөлүктү жана төш белгини тапшырууга жана депутаттык ант берүүгө келбеген учурда, тизме боюнча кийинки кезектеги тартипте бош депутаттык мандатты берүү тартибин жөнгө салбайт. Мындан тышкары талапкер өз ыктыяры менен депутаттык мандаттан баш тарткандыгы жөнүндө арызын берет, андан соң аны кайра чакыртып алган учурлар практикада кездешет, мындай кырдаал ошондой эле укуктук регламентке ээ эмес.
Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу, бош депутаттык мандаттарды ээлөө жөнүндө маселени чечүүдө талаш-тартыш кырдаалдарга жол бербөө жана келечекте түшүнбөстүктөрдү болтурбоо үчүн, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 33-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 5-беренесинин 1-пунктунун 3-пунктчасын, 10-беренесинин 1-пунктун, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Регламентин жетекчиликке алып, саясий партиянын тизмеси боюнча шайлангандан кийинки депутаттыкка талапкердин бош мандатты алууда өз ыктыяры менен баш тарткан же аны КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына каттаган учурга чейин аны алууну четке кагуусуна тийиштүү шайлоо мыйзамындагы кемтикти калыбына келтирүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кайрылууну чечти.
КР БШКнын 2011-жылдын 7-февралындагы бул Чечими КР Жогорку Кеңешине жөнөтүлдү.
Кененирээк билүү >>
Шайлоонун расмий натыйжалары бардык даттануулар жана кайрылуулар боюнча чечим кабыл алынгандан кийин жарыяланат
Шайлоонун расмий жыйынтыктарын аныктоо мөөнөттөрү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын дарегине келип жаткан кайрылууларга байланыштуу, БШК тийиштүү токтом Боршайкомдун дерегине келип түшкөн арыздарда жана даттанууларда коюлган бардык маселелер чечилгенден кийин кабыл алынаарын жана жарыяланаарын билдирет.
Азыркы учурда Борбордук шайлоо комиссиясына бардык облустук шайлоо комиссияларынан (Бишкек, Ош шаарлары) протоколдор келип түштү. Шайлоо участкалары уюштурулган кээ бир алыскы чет өлкөлөрдөн протоколдор али алынып келине элек.
Шайлоо жөнүндө кодекске ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы өлкөнүн чектеринен сырткары уюштурулган шайлоо участкаларынан акыркы протоколу келип түшөөрү менен жана БШКга келип түшкөн бардык даттануулар жана арыздар боюнча чечимдер кабыл алынгандан кийин добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоого өтөт .
Азыркы учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы келип түшкөн даттанууларды жана арыздарды кароодо, алар боюнча кээ бир материалдар укук коргоо жана сот органдарына өткөрүлүп берилди. Шайлоо жөнүндө кодекске ылайык, Жогорку Кенештин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыялоону Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары аныкталган кундон тартып эки жумалык мооното жузого ашырылат.
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоо документтерин жеткирүү жөнүндө чечим кабыл алынды
Кечээ, 17-октябрда, саясий партиялардын өкүлдөрү менен консультациялардан кийин, Борбордук шайлоо комиссиясы райондук жана шаардык шайлоо комиссияларында сактоодо турган шайлоо документтерин БШКга жеткирүү жөнүндө чечим кабыл алды.
Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунда көп каталар табылгандыгына байланыштуу чечим Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышында кабыл алынды.
Шайлоочулардын тизмеси изилдегенден кийин БШК негизги жана кошумча тизмеге киргизилген шайлоочулардын так санын жана тийиштүү түрдө саясий партиялар үчүн беш пайыздык босогону аныктаган шайлоочулардын санын расмий жарыялайт.
Шайлоо документтерин жеткирүү кечээ, БШК чечим кабыл алгандан кийин башталды. Бишкекке жеткирүүдө бул документтердин сакталышын камсыз кылуу үчүн укук коргоо органдары тарабынан күчөтүлгөн кайтаруу камсыз кылынат. Документтердин сакталышын камсыз кылуу үчүн чаралардын ачык-айкындуулугу үчүн, күчөтүлгөн кайтаруудан тышкары БШКнын мүчөлөрүнөн жана саясий партиялардын өкүлдөрүнөн нөөмөт уюштурулду.
Шайлоочулардын тизмелерин текшерүү бардык райондордон жана шаарлардан шайлоо документтери жеткирилгенден кийин жана саясий партиялардын жана өкмөттүк эмес сектордон байкоочулардын милдеттүү катышуусунда жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>
БШК саясий партияларга “Шайлоо” МАС маалыматтарын талдоо жүргүзүүнү сунуш кылды
Участкалык шайлоо комиссияларынан алынган протоколдордун көчүрмөлөрүнүн маалыматтарынын “Шайлоо” (МАС) Мамлекеттик автоматташтырылган системасынын маалыматтары менен кээ бир шайкеш келишпестикке байланыштуу саясий партиялардан келип түшкөн кайрылууларга байланыштуу, Борбордук шайлоо комиссиясы бул маалыматтарды талдоо жүргүзүүнү чечти.
Бул максатта, бүгүн, 15-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын демилгеси боюнча БШК мүчөлөрүнүн 2010-жылдын 10-октябрында Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого катышкан саясий партиялардын өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда Борбордук шайлоо комиссиясы саясий партияларга аларда болгон протоколдордун көчүрмөлөрүнүн маалыматтарын “Шайлоо” МАСга киргизилген маалыматтар менен салыштыруу жүргүзүүнү сунуш кылды. Саясий партиялардын өкүлдөрү менен макулдашуу боюнча алар БШКга шайлоо комиссияларынан алынган добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдордун көчүрмөсүн беришет.
Протоколдордун көчүрмөлөрүн алган соң, Борбордук шайлоо комиссиясы бул протоколдорго киргизилген маалыматтарды “Шайлоо” МАСтын маалыматтары менен салыштырууну жүргүзөт. Мында, БШК партиялардын жана шайлоочулардын көңүлүн БШКга берилген протоколдордун көчүрмөлөрү тийиштүү түрдө таризделиши керектигине бурат. Тактап айтканда, саясий партиялар БШКга аларга участкалык шайлоо комиссиялары берген, алардын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн протоколдордун көчүрмөлөрүн берет. Бул протоколдорго өз кезегинде тийиштүү участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн колтамгасы коюлушу жана бул шайлоо комиссияларынын мөөрү менен күбөлөндүрүлүшү керек.
Борбордук шайлоо комиссиясы, протоколдордун көчүрмөлөрүнүн маалыматтарын “Шайлоо” МАС маалыматтары менен салыштыруу боюнча аракеттер колдонуудагы мыйзамдарда каралган эместигин жана бул БШКнын демилгеси боюнча гана “Шайлоо” МАСга киргизилген маалыматтардын участкалык шайлоо комиссияларында саясий партиялардын өкүлдөрүнө берилген маалыматтар менен шайкеш эместиги боюнча себептерин аныктоо максатында бул маалыматтарды талдоо үчүн жүргүзүлөөрүн белгилейт.
Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жүрүшү жана добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча маалыматтар “Шайлоо” МАСга шайлоонун жүрүшүнө байкоо жүргүзүү үчүн киргизилээрин жана бул маалыматтардын юридикалык күчү жок экендигин эске салат. 2010-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун расмий натыйжалары Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бардык облустук шайлоо комиссияларынан (Бишкек, Ош шаарлары) алынган добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдору иштетүүдөн өткөндөн кийин гана аныкталат.
Протоколдордун көчүрмөлөрү коштоочу кат менен БШКнын имаратында 407-бөлмөдө саат 9. 00дөн тартып 20.00 го чейин кабыл алынат. Маалымат үчүн телефон: (312) 664862
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын шайлоолор жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясында маалыматтарды иштеп чыгуу Борборунун ачылышы болду.
БУУнун Өнүктүрүү Программасынын шайлоону колдоого алуу боюнча Долбоору КР БШКга маалыматтарды иштеп чыгуу Борбору үчүн 30 компьютер, 2 сервер, 3 принтер, 32 UPS (ток менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу булагы), ошондой эле тармактык жабдууларды берди.
Кыргызстанда шайлоо өнөктүктөрүн өткөрүүнүн тарыхында биринчи жолу добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндөгү Протоколдорду факс аппараттары аркылуу тез арада берүү системасы колдонулду. Толтурулган протоколдор боюнча маалыматтар чогултулат жана маалыматтарды иштеп чыгуу Борборунда иштелип чыгат, бул болсо КР БШКга шайлоо аяктагандан кийин саналуу гана сааттарда анык маалыматтарды алууга мүмкүндүк түзөт жана орто жолдо аларды бурмалоону жокко чыгарат.
Борбордун ачылышы 2010-жылдын 10-октябрында 21:00дө БШКнын имаратында БШКнын Төрагасы А.А.Сариевдин жана БУУнун Борбордук Азиядагы Атайын Өкүлү Мирослав Енчтин катышуусу менен өттү.
Жалпы суммасы жарым миллион АКШ доларынан ашуунду түзгөн факс аппараттарын, маалыматтарды иштеп чыгуу Борбору үчүн жабдууларды жана шайлоону өткөрүү үчүн башка материалдарды өткөрүп берүү жөрөлгөсү 2010-жылдын 1-октябрында БШКда анын башчысы А.А.Сариевдин, БШК мүчөлөрүнүн, БУУнун Өнүктүрүү Программасынын, Евробирликтин жана ЖМК өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлгөн.
БУУнун Өнүктүрүү Программасынын Кыргыз Республикасында шайлоону колдоого алуу боюнча Долбоору Европа Союзу, Австрия Өкмөтү жана БУУнун Өнүктүрүү Программасы тарабынан финансыланат.
Кененирээк билүү >>
Завершилось голосование по выборам депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики
В 20.00 часов 10 октября 2010 года на всех 2289 избирательных участках по всей территории Кыргызской Республики завершилось голосование избирателей по выборам депутатов Жогорку Кенеша. Голосование проходит и на 44 избирательных участках, образованных за пределами страны.
В выборной гонке за 120 депутатских мандатов участвовали 29 партий, списки кандидатов которых зарегистрированы в Центральной избирательной комиссии. Всего на момент открытия участков для голосования по Кыргызской Республике в список избирателей вошли 2 852 751 избирателей, за пределами страны – 76557.
По состоянию на 17.00 часов по данным ГАС «Шайлоо», проголосовали 1 миллион 212 334 избирателей, что составляет 42,5 процента от числа избирателей, включенных в список. Окончательные данные по системе ГАС «Шайлоо» о количестве проголосовавших граждан будут объявлены в 21.00 часов.
За ходом выборов депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики наблюдали 850 международных наблюдателей, которые представляют 32 организации и 52 страны мира и несколько тысяч наблюдателей от некоммерческих организаций и политических партий. Независимые наблюдатели из Кыргызстана осуществляют наблюдение и за пределами страны – в России и Казахстане.
В освещении хода выборов участвуют сотни отечественных и десятки иностранных журналистов.
Кененирээк билүү >>
ЦИК сообщает: Разрешены видео и фотосъемки деятельности комиссий всех уровней
В связи с поступающими вопросами относительно осуществления видео и фотосъемок деятельности на избирательных участках в день голосования, Центральная избирательная комиссия сообщает, что законодательство Кыргызской Республики не запрещает эти действия в ходе выборов.
Кроме того, в целях обеспечения гласности, открытости деятельности избирательных комиссий и повышения доверия к избирательному процессу, 9 октября 2010 года ЦИК приняла постановление о дополнительных мерах по обеспечению гласности и открытости деятельности избирательных комиссий Кыргызской Республики.
Согласно постановлению Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики, принятом в соответствии с требованиями Кодекса о выборах, разрешено осуществлять видео и фотосъемки деятельности избирательных комиссий всех уровней, в том числе на избирательных участках в день голосования – наблюдателям (независимым и от политических партий), международным наблюдателям, представителям средств массовой информации.
Видео и фотосъемки могут осуществляться вышеуказанными лицами в день голосования на выборах депутатов в Жогорку Кенеш Кыргызской Республики 10 октября 2010 года до определения итогов голосования. При этом лица, осуществляющие видео или фотосъемки, не должны нарушать принцип тайны волеизъявления избирателей и не мешать процессу голосования.
Кененирээк билүү >>
2010-жылдын 10-октябрында шайлоо күнү КР БШК мүчөлөрүнүн түз эфирге чыгуу ГРАФИГИ
7:00 – 8:00 Кыргыз Республикасынын бардык региондорунда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүү үчүн участкалардын ачылышы жөнүндө маалыматтар. Республиканын региондору жана анын чектеринен тышкары добуш берүү үчүн участкалардын жана катталган шайлоочулардын санын чагылдырган таблица түрүндөгү “Шайлоо” МАСтын шайлоо участкаларынын ачылышы жөнүндө маалыматтары. Добуш берүү үчүн түзүлгөн участкалардын саат алкактарын эске алып убакыттагы айырманы көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын чектеринен тышкаркы мамлекеттер жөнүндө маалымат. БӨУлардан байкоочулардын, эл аралык байкоочулардын саны жөнүндө маалыматтар
9:00 15 мүнөттүк маалымат - А.А Сариевдин чыгып сүйлөгөн сөзү, кыргыз жана орус тилдерде.
10:00 «Шайлоо» МАС маалыматтары боюнча участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн алгачкы маалыматтары жөнүндө маалыматтар.
12:00 Чүй облусу жана Бишкек шаары боюнча добуш берүүнүн жүрүшү жөнүндө КР БШКнын мүчөлөрүнүн баяндамалары менен маалымат.
14:00 «Шайлоо» МАС маалыматтары боюнча республика боюнча добуш берүүнүн жүрүшү жөнүндө КР БШКнын мүчөлөрүнүн баяндамалары менен орус жана кыргыз тилдеринде 20 мүнөттүк маалымат.
16:00 Даттануулар жана арыздар жөнүндө КР БШК мүчөлөрүнүн баяндамалары менен маалымат
18:00 «Шайлоо» МАС жана КР ИИМ маалыматтары боюнча республикада жана чет өлкөлөрдө добуш берүүнүн жүрүшү жөнүндө орус жана кыргыз тилдерде 20 мүнөттүк маалымат .
20:00 Республика боюнча добуш берүүнүн жүрүшү жөнүндө КР БШК мүчөлөрүнүн баяндамалары менен маалымат.
21:00 КР Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча 21.00гө карата добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө орус жана кыргыз тилдерде «Шайлоо» МАС маалыматтары боюнча маалымат .
22:00 КР Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча 22.00гө карата добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө орус жана кыргыз тилдерде «Шайлоо» МАС маалыматтары боюнча маалымат .
23:00 КР Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча 22.00гө карата добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө орус жана кыргыз тилдерде «Шайлоо» МАС маалыматтары боюнча КР БШКнын мүчөлөрүнүн баяндамалары менен маалымат .
01:00 Республика боюнча жалпысынан жана өзүнчө облустар боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө орус жана кыргыз тилдеринде «Шайлоо» МАС маалыматтары боюнча маалымат.
КР БШК мүчөлөрүнүн түз эфирге чыгуусунун
ГРАФИГИ
2010-жылдын 11-октябры
8:00 Добуш берүүнүн алдын-ала натыйжалары боюнча маалымат – КР БШКнын Төрагасы А.А.Сариевдин чыгып сүйлөгөн сөзү
10:00 «Шайлоо» МАС маалыматтары боюнча добуш берүүнүн алдын-ала жыйынтыктары боюнча кыргыз жана орус тилдеринде маалымат – КР БШК мүчөлөрүнүн чыгып сүйлөгөн сөзү
12:00 «Шайлоо» МАС маалыматтары боюнча добуш берүүнүн алдын-ала жыйынтыктары жана факстар жөнүндө кыргыз жана орус тилдеринде маалымат – КР БШК мүчөлөрүнүн чыгып сүйлөгөн сөзү
14:00 «Шайлоо» МАС маалыматтары боюнча добуш берүүнүн алдын-ала жыйынтыктары боюнча кыргыз жана орус тилдеринде маалымат.
Кененирээк билүү >>
На всей территории Кыргызской Республики началось голосование избирателей
Сегодня, 10 октября 2010 года в 8.00 часов утра на всех 2289 избирательных участках по всей территории Кыргызской Республики началось голосование избирателей по выборам депутатов Жогорку Кенеша. Голосование пройдет и на 44 избирательных участках, образованных за пределами страны.
Всего на момент открытия участков для голосования по Кыргызской Республике в список избирателей вошли 2 852 751 избирателей, за пределами страны – 76557.
За ходом выборов депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики аккредитовано 850 международных наблюдателей, которые представляют 32 организации и 52 страны мира. Кроме того, за ходом избирательного процесса в день голосования будут наблюдать несколько тысяч наблюдателей от некоммерческих организаций и политических партий.
В предвыборной агитации участвовали 183 средств массовой информации, аккредитованных в Центральной избирательной комиссии. В освещении хода выборов будут участвовать сотни отечественных и десятки иностранных журналистов.
Желание участвовать в выборной гонке за 120 депутатских мандатов изъявили 57 политический партий, из них в ЦИК подали списки кандидатов 29 партий, которые зарегистрированы в Центральной избирательной комиссии и участвуют на выборах.
Кроме наименования политических партий в избирательные бюллетени включены имена первых пяти кандидатов от каждой политической партии. Избиратели могут проголосовать за список кандидатов только одной партии или проголосовать против всех, сделав соответствующую отметку в бюллетене.
Голосование пройдет и на 44 избирательных участках за пределами страны. Открытие участков для голосования за пределами страны проходит в 8.00 часов утра по местному времени страны нахождения.
Кененирээк билүү >>
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүүгө укук берүүчү документтердин тизмеси
Шайлоочулардын жеке кайрылууларына байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы, Борбордук шайлоо комиссиянын 2010-жылдын 30-сентябрындагы № 292 токтому менен кабыл алынган Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодекстин 8-беренесин, 23-беренесинин 3-пунктун жана 40-беренесинин 3-пунктун колдонуу жөнүндө Түшүндүрмөнү кайтадан жарыялайт.
Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен Кыргыз Республикасынын шайлоо Кодексинин 8-беренесин бирдей колдонуу максатында кабыл алынган, ал боюнча шайлоочу Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары жерде добуш бере турган документтердин тизмеси көрсөтүлгөн түшүндүрмө бекитилген.
Төмөндө аталган документтин тексти жарыяланат.
КР БШКнын 2010-жылдын 30-сентябрындагы № 292
токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жөнүндө кодексинин 8-беренесин, 23-беренесинин 3-пунктун жана 40-беренесинин 3-пунктун колдонуу жөнүндө
Түшүндүрмө
Ушул Түшүндүрмө Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Кыргыз Республикасынын шайлоолор жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын суроо салуусуна берилген расмий билдирүүлөрдү эсепке алуу менен иштелип чыкты
1. Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин (мындан ары – Шайлоо кодекси) 40-беренесинин 3-пунктуна ылайык, шайлоо бюллетендери шайлоочулардын негизги же кошумча тизмелерине киргизилген шайлоочуларга паспортун же шайлоочунун өздүгүн ырастаган документин көрсөткөндө берилет.
2. Шайлоо кодексинин 8-беренесине ылайык, шайлоочунун өздүгүн ырастаган документтер болуп, Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID карта) жана аны алмаштыруучу төмөнкүдөй документтер:
1) анык аскер кызматындагы офицердин күбөлүгү;
2) мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчысынын аскердик билети;
3) пенсиялык күбөлүк;
4) айдоочунун күбөлүгү
саналат.
3. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, жарандын өздүгүн ырастоочу документтер болуп, ушул түшүндүрмөнүн 2-пунктунда саналып берилген документтерден тышкары төмөнкүлөр да эсептелет:
1) Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылкы үлгүдөгү колдонуу мөөнөтү бүтө элек паспорту (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июлундагы № 424 “Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылкы үлгүдөгү паспортунун колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө” токтомуна ылайык);
2) Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту (2000-жылдын 17-июлундагы № 61 “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (мындан ары – Мыйзам) 42-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 27-июлундагы токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылкы үлгүдөгү жалпы жарандык паспорту жөнүндө жобого, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 10-ноябрындагы № 787 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылкы үлгүдөгү жалпы жарандык паспорту жөнүндө жобого ылайык);
3) Дипломатиялык паспорт (Мыйзамдын 42-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-июнундагы № 218 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаранынын 2007-жылкы үлгүдөгү дипломатиялык паспорту жөнүндө жобого ылайык);
4) Кызматтык паспорт (Мыйзамдын 42-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-мартындагы № 105 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаранынын 2008-жылкы үлгүдөгү кызматтык паспорту жөнүндө жобого ылайык);
5) Кыргыз Республикасынын жаранынын өздүгүнүн күбөлүгү (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 22-майындагы № 375 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаранынын өздүгүнүн күбөлүгү жөнүндө жобого ылайык).
4. Кыргыз Республикасынын аймагында шайлоочулардын негизги же кошумча тизмесине добуш берүү күнүнө чейин киргизилген шайлоочуларга добуш берүү бюллетени төмөнкүдөй документтерди көрсөткөндө берилет:
а) Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID карта);
б) Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылкы үлгүдөгү колдонуу мөөнөтү бүтө элек паспорту;
в) белгиленген үлгүдөгү өздүк күбөлүгү;
г) анык аскер кызматындагы офицердин күбөлүгү;
д) мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчысынын аскердик билети;
е) пенсиялык күбөлүк;
ж) айдоочунун күбөлүгү.
5. Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары шайлоочулардын негизги же кошумча тизмесине добуш берүү күнүнө чейин киргизилген шайлоочуларга шайлоо бюллетени төмөнкүдөй документтерди көрсөткөндө берилет:
а) Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID) карта;
б) Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылкы үлгүдөгү колдонуу мөөнөтү бүтө элек паспорту;
в) 2004, 2006-жылкы үлгүдөгү жалпы жарандык паспорт;
г) 2007-жылкы үлгүдөгү дипломатиялык паспорт;
д) 2008-жылкы үлгүдөгү кызматтык паспорт;
е) анык аскер кызматындагы офицердин күбөлүгү;
ж) мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчысынын аскердик билети;
з) пенсиялык күбөлүк;
и) айдоочунун күбөлүгү.
6. Шайлоо кодексинин 23-беренесинин 5-пунктуна ылайык, шайлоочу кошумча тизмеге төмөнкүдөй документтерди көрсөткөндө киргизилет:
а) Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID карта);
б) Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылкы үлгүдөгү колдонуу мөөнөтү бүтө элек паспорту - каттоо белгиси (катталуусу болгондо);
в) белгиленген үлгүдөгү өздүк күбөлүгү.
(Документтин аягы)
Кененирээк билүү >>
Порядок маркировки на выборах депутатов Жогорку Кенеша претерпел изменения
Центральная избирательная комиссия сообщает, что сегодня, 9 октября своим постановлением в целях обеспечения честных и прозрачных выборов, Центризбирком внес изменения в Порядок маркировки на выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики. Документ утвержден Постановлением Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики №196 от 4 сентября 2010 года.
Согласно внесенным изменениям при тестировании специального состава и специального оборудования для маркировки нужно использовать не белую бумагу, как было решено ранее, а ручку или карандаш. То есть, до открытия помещения для голосования, члены участковых избирательных комиссий, в присутствии наблюдателей должны проверить работу оборудования для маркировки. Для этого необходимо проделать следующие последовательные действия:
а) нанести небольшое количество специального состава на чистую поверхность ручки или карандаша.
б) включить специальное оборудование и подержать ее на расстоянии приблизительно 5 сантиметров над ручкой или карандашом.
Места ручки или карандаша, куда был нанесен специальный состав, должны светиться флуоресцентно-зеленым или желтым цветом.
Изменения внесены в связи с тем, что бумага впитывает специальный жидкий состав в результате чего свечение флуоресцентно-зеленого или желтого цвета на ней недостаточно заметно.
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
20.09.2026
КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүнү улантууда
19.09.2026
КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүгө катышууда
19.09.2026
КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров Москва шаарында өткөн “Туруксуздук мезгилиндеги шайлоолор” эл аралык конференциясына катышты
19.09.2026
КР БШК кызматкерлери ишембиликке катышты
16.09.2026
КР БШКда аймактык шайлоо комиссияларындагы атайын өкүлдөр менен жумушчу жыйын өттү
09.09.2026
Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди