Башкы Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук …

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге, жалпыга маалымдоо каражаттарына жана укук коргоо органдарына кайрылуусу

02-Сен, 2011

Шайлоо - бул мамлекеттик бийлик органдарын түзүү жана жарандардын эркин эрк билдирүүсү аркылуу шайланган кызмат адамына ыйгарым укуктарды берүү болуп саналат. Мамлекетти жана коомду мындан ары жаңылоо реформалар жүргүзүлүп жаткан мезгилде биз бийликтин оор жүгүн аркалоого жөндөмдүү элдик өкүлдөрдү табуунун жана тандоонун цивилдүү механизмдерин түзө алабызбы, ошого байланыштуу болот. Мында бир нерсени белгилей кетүү керек: ар кандай демократиялуу өлкөдө саясый күрөш цивилдүү формада, оппоненттердин укугун сыйлоо менен жүрүүгө тийиш деген кыйшаюусуз эреже иштейт. Кыргыз мамлекетин ким башкарат - муну акыр жыйынтыгында шайлоочулар гана чечет.

 

 Жетекчи кадрларды тандоонун натыйжалуу механизмин түзүүнүн зарыл куралы болуп “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзам саналат (мындан ары - констиуциялык Мыйзам) жана алдыда турган мамлекет башчысын шайлоо алгачкы жолу аталган Мыйзамдын негизинде өткөрүлмөкчү.

 

Өзүлөрүнө тагылган милдеттерди аткаруу менен шайлоо комиссиялары Кыргыз Республиксынын жарандарынын мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо жана шайланууга болгон конституциялык укугун жүзөгө ашыруу боюнча шайлоо мыйзамдарынын аткарылышына көзөмөл жүргүзүшөт.

 

 Шайлоо мыйзамдарынын талаптарын сактоо максатында Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 22, 28 - беренелерине жана Кыргыз Республикасынын “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Мыйзамынын 7 - беренесинин 1 - бөлүгүнүн 1,2 - пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо учурунда шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү тартибин сактоо боюнча Жумушчу топ түзгөн.         

 

 Жумушчу топ шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин жөнгө салган аракеттеги мыйзамдардын КРнын Президентин шайлоо боюнча процесстин жүрүшүндө КРнын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер, жалпыга маалымдоо каражаттары жана башка адамдар тарабынан бузулушу туурасындагы материалдарды чогултууну жана системалаштырууну ишке ашырат жана ошондой эле шайлоочуларды кабардар кылууну, шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнү жөнгө салган аракеттеги мыйзамдардын нормаларынын бузулушу туурасындагы кайрылууларды алдын ала кароону ишке ашырат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын Жумушчу тобу тарабынан чогултулган материалдарды иликтөөлөр көрсөткөндөй, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер тарабынан шайлоочулардын колтамгаларын чогултууда, шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө тартип бузууларга жол берилүүдө.

  Маселен, өз талапкерин колдоо үчүн шайлоочулардын колтамгаларын чогултууда айрым талапкерлердин өкүлдөрү шайлоочулар туурасындагы аныктоочу маалыматтар алдын ала көрсөтүлгөн (Ф.А. Ж., жашаган жери ж.б.), машиналык текст менен басылган колтамга баракчаларын пайдаланышууда. Алар шайлоочулардын тизмесин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринен белгилүү өлчөмдөгү сыйлык акчага сатып алышууда. Ошондой эле аталган кызматкерлер 50 колтамга үчүн 500 сом өлчөмүндө кошумча акы төлөп берүү жолу менен колтамга чогултууга тартылышууда. Шайлоочулар өзүлөрүнүн аты- жөнүнүн тушуна гана кол коюп берип жатышат.

 Буга карабай, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди колдоо үчүн колтамгаларды чогултуунун тартиби, талапкерлер жана алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү сунуштаган кол тамгалардын, колтамга баракчаларындагы маалыматтардын туура жана так экенин жөнүндөгү Борбордук шайлоо комиссиясынын 2011 - жылдын 5 - июлундагы № 5 - токтому менен бекитилген Нускамага ылайык, ар бир шайлоочу колтамга коюу баракчасына колтамгасын коюп жатып, өз колу менен аты -жөнүн, туулган жылын, жашаган жеринин дарегин жана колтамга койгон күнүн көрсөтөт.  

 Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге жана алардын өкүлдөрүнө эскертет: эгерде колтамгалар Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталган колтамгаларды чогултуу жана колтамга баракчасынын формасы боюнча каралган тартиптин талаптарына туура келбесе, алар жараксыз деп табылат. 

 Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн эрежелерин жөнгө салган шайлоо жөнүндөгү конституциялык Мыйзамдын негизги жоболорун дагы бир жолу эскертет:

1. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 23 - беренесине ылайык, шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү иштери бардык талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн - 2011 -жылдын 25 - сентябрынан башталат жана добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда - 2011 -жылдын 29 - октябрында саат 8: 00 дө токтотулат.

Төмөнкүлөр шайлоо алдындагы үгүт деп таанылат:

         1) тигил же бул талапкер, талапкерлердин тизмеси үчүн добуш берүүгө же болбосо аларга каршы добуш берүүгө үндөөлөр;

         2) айрым талапкерлерге, саясий партияларга карата колдоону билдирүү;

         3) талапкерди, талапкерлердин тизмесин шайлоонун же шайлабай коюунун мүмкүн болуучу кесепеттерин баяндап жазуу;

         4) талапкерлердин, алардын кесиптик иштерине же алардын өздөрүнүн кызматтык (кызмат орундук) милдеттерин аткарууларына байланышпаган ишмердиги жөнүндө маалыматтарды таратуу.

2. Кыргыз Республикасынын аймагында таратылуучу чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарында шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгө тыюу салынат. Шайлоо өткөрүү мезгилинде чет өлкөлүк теле- жана радио программалар жазылып алынган түрүндө берилет. Талапкерлердин ар намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирген теле- жана радио программаларды жазып алып барууга тыюу салынат. Мындай учурларда көрсөтүлгөн маалыматтарды таратканы үчүн жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары жоопкерчилик тартышат.

 3. Шайлоо дайындалган учурдан тартып шайлоочуларды сатып алууга: шайлоочуларга акча каражаттарын төлөп берүүгө; шайлоочуларга белектерди жана башка баалуулуктарды тапшырууга; товарларды жеңилдетилген баада сатып өткөрүүнү жүргүзүүгө; талапкердин сүрөтүн, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын басылма үгүт материалдарын, алардын энбелгилерин камтыган төш белгилерди, футболкаларды, баш кийимдерди, моюн ороочторду кошпогондо, кандай гана болбосун товарларды бекер таркатууга; ошондой эле акысыз же жеңилдетилген шарттарда кызмат көрсөтүүлөргө тыюу салынат.

Талапкердин жана аткаруучунун ортосунда жазуу жүзүндө жол-жоболонгон эмгек мамилелеринин алкагында аткарылган жумушка талапкердин шайлоо фондунун каражаттарынан акы төлөө сатып алуу болуп эсептелбейт.

4. Талапкерлер, алардын жакын туугандары, жубайлары, талапкерлердин  өкүлдөрү шайлоо дайындалган учурдан тартып жана шайлоонун натыйжалары жарыяланганга чейин кайрымдуулук иштерин жүргүзүүгө укуксуз.

5. Талапкерлер, алардын өкүлдөрү,  жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, башка жактар, шайлоо алдындагы өнөктүктөргө катышууда билип туруп жалган маалыматтарга негизделген жана талапкерлердин, саясий партиялардын абийирине, ар-намысына же ишкер беделине зыян келтирген жарыялоолорго жол берүүгө укуксуз.

 6. Мындай жарыялоолорго жол берген жалпыга маалымдоо каражаттары талапкердин, саясий партиянын талабы боюнча төгүндөө жарыялоого же чындыкка ылайык келбеген же аны бурмалаган макалага же билдирүүлөргө түшүндүрмө жарыялоого милдеттүү. Төгүндөө же түшүндүрмө атайын рубрикада же болбосо жооп берилип жаткан маалымат басылган тилкеде, ошондой арип менен мезгилдүү басылманын кийинки санында, ал эми телекөрсөтүү же радио боюнча чыгып сүйлөөгө төгүндөө же түшүндүрмө – төгүндөө же түшүндүрмө келип түшкөн күндөн кийинки чыгарылышта берилет.

7. Талапкерге, саясий партияга шайлоо алдында үгүттөө мөөнөтү бүткөнгө чейин алардын кадыр-баркына зыян келтирген маалыматты жарыяланган жалпыга маалымдоо каражаттарында талапкердин беделин коргоо иретинде төгүндөө же башка түшүндүрмөлөрдү жарыялоого мүмкүнчүлүк бербегени, ошол жалпыга маалымдоо каражатын сот жоопкерчилигине тартуу үчүн негиз болуп саналышы мүмкүн.

 8. Талапкер ошондой эле алардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары Мыйзамдын талаптарын бузган учурда, шайлоо комиссиялары, шайлоочулар, талапкер ошондой эле алардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары, укукка каршы үгүт ишин токтотуу жана күнөөлүү адамдарды конституциялык Мыйзамда жана колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартуу жөнүндө укук коргоо органдарына, сотко  кайрылууга укуктуу.

 Борбордук шайлоо комиссиясы  мамлекеттик жана муниципиалдык кызматтарды ээлеген, жана  ошондой эле мамлекеттик (муниципиалдык) катышуу үлүшү 30 пайыздан ашпаган          мамлекеттик, муниципиалдык ишкана  мекемелердин жана алардын бөлүмдөрүнүн жетекчилик кызматын ээлеген Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерден өзүнүн кызматтык ордунун жана кызматтык милдеттеринин артыкчылыктарын пайдаланууга шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзамдын 21- беренеси  тарабынан аныкталган тыюу салууну бекем сактоону талап кылат.

Кызмат ордунун жана кызматтык милдеттеринин артыкчылыктарын пайдалануу деп төмөнкүлөр эсептелет:

         1)  көрсөтүүгө же шайлоого көмөк бере турган кол алдында иштеген же башка кызматтык көз карандылыкта турган адамдарды, башка мамлекеттик, муниципиалдык кызматчыларды тартуу;

         2) мамлекеттик органдар же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ээлеп турган имарат жайларды эгерде башка талапкерлер аталган имарат жайларды ушул шарттарда пайдалана албаса, көрсөтүүгө жана (же) шайлоого көмөк бере турган иштерди жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланууга;

         3) мамлекеттик  мекемелердин же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин камсыз кылган телефондук, факстык жана башка байланыш түрлөрүн көрсөтүүгө жана (же) шайлоого көмөк көрсөтүү ишинде пайдаланууга;

         4) мамлекеттик жана муниципиалдык менчиктеги транспорттук каражаттарды көрсөтүүгө жана (же) шайлоого көмөк көрсөтүү ишинде акысыз же жеңилдетилген шарттарда пайдаланууга;

         5) мамлекеттик кызматчылар же муниципиалдык кызматчылар тарабынан кызматтык иш сапарлары учурунда колтамга чогултууга, шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгө;

         6) колтамга чогултуу же шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү максатында жалпыга маалымдоо каражаттарына (башка талапкерлерге салыштырмалуу) чыгуу артыкчылыгы.

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер тарабынан шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзам тарабынан аныкталган талаптары бузулган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы аларга кат жүзүндө эскертүү берүүгө укуктуу.

Жогоруда көрсөтүлгөн талаптар талапкер тарабынан бир нече жолу бузулган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы талапкердин каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө чечим чыгарууга укуктуу.

Борбордук шайлоо комиссиясы укук коргоо органдарына - прокуратура жана ички иштер органдарына кайрылат:

Шайлоо жөнүндөгү конституциялык Мыйзамга ылайык, прокуратура органдары жана ички иштер органдары укукка каршы үгүт иштерине бөгөт коюуга жана бул боюнча аныкталган фактылар, көрүлгөн чаралар туурасында тиешелүү шайлоо комиссиясына токтоосуз кабарлоого милдеттүү. Укук коргоо органдары шайлоо комиссияларына шайлоо алдындагы жасалма жана мыйзамсыз басма, угуу жана көрүү, башка үгүт  материалдарын даярдоонун алдына алууга, аларды алып коюуга жана ошондой эле аталган материалдардын даярдоочуларын, алардын акы төлөө булагын аныктаганга көмөк көрсөтүүгө тийиш. 

 

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>
КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү
01-Окт, 2026

КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү

Бүгүн, 1-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында Кыргыз Республикасынын Президентин алдыдагы шайлоого даярдыктын алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын өркүндөтүү жана ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык Жумушчу топтун жыйыны болуп өттү.Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, Жумушчу топтун жетекчиси Миргул Темирбаеванын төрагалыгы менен өткөн кеңешмеге министрликтердин, мамлекеттик органдардын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.Жыйындын жүрүшүндө шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча бир катар уюштуруучулук-практикалык чаралар каралды.Атап айтканда, шайлоо участкаларынын инфраструктуралык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын эсепке алууда санариптик инструменттерди киргизүү, ошондой эле шайлоо участкаларын зарыл болгон маалыматтык жана көмөкчү материалдар менен камсыздоо маселелери талкууланды.Мындан тышкары, социалдык стационардык мекемелерде, камакта кармоочу жайларда турган жарандардын, аскер кызматчыларынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.Шайлоочулардын тизмелерин тактоо, эсепке алуу иштерин жүргүзүү жана добуш берүүнүн жашыруундуулугун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн механизмдери аныкталды.Соңунда мамлекеттик органдарга жана тиешелүү ведомстволорго макулдашылган жумуштарды аткаруу жана пландаштырылган иш-чараларды өз убагында жүргүзүү боюнча сунуштар берилди.
Кененирээк билүү >>