Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын –айыл өкмөттөрүнүн башчылары шайланды
2012-жылдын 9-августунда эки айылдык аймакта жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын –айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.
Айыл өкмөт башчыларын шайлоо “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренсинин 5-пунктуна, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасныын Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан дайындалды.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын–айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоонун алдын ала натыйжалары- бул жерде
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы өз ара түшүнүү жөнүндө Меморандумга кол коюшту
2012-жылдын 9-августунда Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы өз ара түшүнүү жөнүндө Меморандумга кол коюу аземи болуп өттү.
Ушул Меморандумга Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагагсы Т. Абдраимов менен Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы К.Турганкулов кол коюшту.
Меморандумда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жана Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы менен өз ара кызматташуусу тең укуктуулуктун жана кызыкчылыктарын сыйлоонун, эки мамлекеттин тең шайлоо мыйзамдарын сактоонун негизинде жүзөгө ашырыла тургандыгы белгиленген.
Меморандумдун алкагында кызматташтык төмөнкү багыттар боюнча өнүгүүсү каралган: шайлоо жана референдумдарды өткөрүүнү жана даярдоону уюштурууну камсыз кылган органдардын иштерин координацияларын тажрыйбалары менен алмашуу; шайлоо жана референдум жөнүндө улуттук мыйзамдарын өркүндөтүү; жарандардын конституциялык шайлоо мыйзамдарын ишке ашырууну жана коргоону камсыз кылуу; шайлоо процессине талапкерлердин жана саясий партиялардын катышуусун укуктук жагынан жөнгө салуу; шайлоо жана референдумдардын финансылык жана материалдык-техникалык жактан өркүндөтүү; шайлоо жана референдумдарды өткөрүү мезгилинде заманбап маалыматтык технологияларын жана шайлоочуларды эсепке алуу системасын пайдалануу, жалпыга маалымдоо каражаттарды пайдалануу менен шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү мезгилинде шайлоо процессинин субъектилеринин укуктарын камсыз кылуу; референдум жана шайлоо процессинин катышуучуларынын укуктук маданиятын жогорулатуу, шайлоо жана рефрендумдарды уюштуруучулардын даярдыктарын өркүндөтүү.
Өз ара түшүнүү жөнүндө Меморандумдун тексти бул жерде.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Т. Абдраимов жана КР БШК мүчөсү Азиз Канатбек адамдык ченем боюнча Кошумча кеңешмеге катышышты
2012-жылдын 12, 13-июлунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Т. Абдраимов жана КР БШК мүчөсү Азиз Канатбек “Демократиялык шайлоолор жана шайлоолорго байкоо жүргүзүү” темадагы Вена шаарында өткөн (Австрия) адамдык ченем боюнча Кошумча кеңешмеге катышышты. Аталган иш чара Ирландиянын Төрагачылыгы жана ОБСЕнин демократиялык институттары жана адамдын укуктары боюнча Бюросу тарабынан уюштурулган.
Адамдык ченем боюнча Кошумча кеңешменин максаты - демократиялык шайлоо боюнча ОБСЕнин милдеттемелерин аткаруудагы ийгиликтүү тажрыйба менен алмашуу, ошондой эле шайлоодогу байкоонун ачкыч маселелерин жана стратегияларын талкулоо болду.
Кеңешмеге ОБСЕге катышуучу-мамлекеттердин шайлоо органдарынын, ОБСЕнин институттарынын, эл аралык өкмөт уюмдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын жана жарандык коомдун башка субъектилердин өкүлдөрү катышышты.
Россия Федерациясынын БШК төрагасы В.Е. Чуровдун 2012-жылдын 12, 13-июлунда Вена шаарында өткөн ОБСЕнин Кошумча кеңешмесинде сүйлөгөн сөздөрүнүн материалдары менен бул жерден таанышсаңыздар болот.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 100дөн ашуун кызматкерлери маалыматтык-компьютердик окуудан өтүштү
Бишкек, Кыргызстан (2012 -жылдын 16-июлу) – 12-июндан 17-июлга чейин КР Борбордук шайлоо комиссиясынын кызматкерлери үчүн Маалыматтык технологиялар улуттук борборунун жана ЛингоКомптун негизинде тренингдер болуп өттү. БШКнын мүчөлөрү, аппаратынын кызматкерлери жана өлкөнүн бардык региондордун системдик администраторлору категорияларга бөлүнүп, төмөнкү тиешелүү темалар: маалыматтык жана желелик технологиялардын негиздери, Linux/Unix, Windows Сервер операциондук тутумдун негиздери жана локалдык жана корпоративдик желелерди уюштуруу боюнча тренингдерде окушту.
Тренингдер БШКнын суроо-талабы боюнча Кыргыз Республикасындагы шайлоолорго көмөк көрсөтүү боюнча БУУӨП (ПРООН) Долбоору менен Европалык Биримдигинин, Австриянын жана Япониянын Өлкөлөрүнүн финансылык жардамы аркылуу уюштурулду. Окутууну өткөрүү үчүн көрсөтүлгөн кызматкерлердин категорияларынын маалыматтык-компьютердик технологияларды билүү денгээли анализденип, алардын муктаждыктары кенен иликтенген. Берилген баалардын натыйжаларынын негизинде атайын ишке тартылган эксперт атайын окуу курсун иштеп чыккан.
“Биз, ушул тренингдер БШК кызматкерлерине, айрыкча, жерлерде шайлоочулардын тизмеси боюнча ишти аткара турган системдик администраторлорго шайлоо процессти эффективдүү уюштуруусуна жардам беретко деген ишеничтебиз.”-деп, Кыргыз Республикасындагы шайлоолорго көмөк көрсөтүү боюнча БУУӨП Долбоорунун координатору Медер Дастанбеков белгилеп айтты.
Заманбап маалыматтык-компьютердик технологиялар шайлоону уюштуруу процессин абдан жеңилдетет, ушул менен бирге алар процесстин ачык-айкындыгын камсыз кылат. Бирок, технологиялар – бул инструмент гана, анын ишинин эффективдүүлүгү аларды пайдаланган адамдарга көз каранды. Ошондуктан, шайлоолор максималдуу таза жана айкын өтүшү үчүн КР БШК кызматкерлеринин ушул чөйрөдөгү потенциалын жогорулатуу абдан зарыл.
БШК төрагасынын орун басары Гульнара Джурабаева айткандай: “КР БШК аппаратынын ар бир кызматкери таза, ачык-айкын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө өз салымын кошкондуктан, БШК алардын профессионалдык жактан өсүүшүнө жана потенциалын жогорулашына абдан чоң көңүл бурат”.
Системдик администраторлор, БШКнын мүчөлөрү жана аппаратынын кызматкерлери үчүн тренингдер 2012-жылдын 30-июнунда аяктады, ал эми шайлоочулардын тизмелери менен иштөө бөлүмү үчүн тренингдер 16-июлга чейин уланат.
Кыргыз Республикасында шайлоолорго көмөк көрсөтүү боюнча БУУӨП (ПРООН) Долбоору 2012-жылдын май айынан тартып, Европалык Биримдигинин, Австриянын, Германиянын, Япониянын Өкмөттөрүнүн, Улуу Британия Эл аралык Өнүктүрүү Министрлигинин Өкүлчүлүгүнүн (DFID), Сорос Фондусунун жана БУУӨПтүн финансылык жардамы аркылуу ишке ашырылып келүүдө.
Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасы (БУУӨП) коомдун бардык денгээлдеги адамдар менен тыгыз байланышта иштейт, каатчылыкка каршы турууга жөндөмдүү улуттарды түзүүгө, ошондой эле ар бир адамдын жашоо сапатын жакшырта турган экономиканын өсүү денгээлин кармап турууга жана башкарууга жардам берет. 177 өлкөлөрдүн жана аймактардын жерлеринде бар болуп, жашоого жөндөмдүү улуттарды түзүүгө жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратууга жардам берүү үчүн, биз ааламдык перспективаны жана жергиликтүү өзгөчөлүктүн терең түшүнүгүн сунуштай алабыз. Кошумча маалымат менен www.undp.kg веб-баракчасынан таанышсаңыздар болот.
Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
КР БШК тарабынан ШЭБСтин экинчи фазасы боюнча техтапшырма жактырылды жана эки айылдык аймак боюнча айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо дайындалды
2012-жылдын 18-июлунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышы өттү. “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө маселе көптөгөн талкулоорду жаратты. Анын жыйынтыгы боюнча ШЭБСтин экинчи фазасы боюнча сунушталаган техникалык тапшырманы жактыруу боюнча айрым толуктоолорду киргизүү менен чечим кабыл алынды. ШЭБСти иштеп чыгуу боюнча биринчи фазасы 2011-жылдын 30-октябрында өткөн КР Президентин шайлоо алдында аткарылган. БШКнын мүчөлөрү тарабынан кабыл алынган ушул чечимдин алкагында ШЭБС программасынын баштапкы коддорун (системанын баштапкы тексттерин) кабыл алуу боюнча комиссия түзүлдү.
Ошондой эле, КР БШК жыйналышында Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек айылдык аймагынын, Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыя айылдык аймагынын айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону 2012-жылдын 9-августуна дайындоо жөнүндө токтом кабыл алынды. Көрсөтүлгөн шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөт башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобого ылайык уюштуруу тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына тапшырылды.
Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышынын жүрүшүндө Талас облусунун Талас аймактык шайлоо комиссиясынын, Нарын облусунун Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын, Ош облусунун Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын курамдарына, Ысык-Көл облусунун Түп аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом бекитилди. Бул токтом аталган комиссиялардын мүчөлөрү тарабынан комиссиялардын курамынан же резервинен өз каалоолору боюнча чыгаруу жөнүндө берген өтүнүч арыздарынын негизинде кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
КР БШКда “Шайлоочулардын тизмесин түзүүнүн ачык-айкындыгын камсыз кылуу, сапатын жакшыртуу үчүн аймактык шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча коомдук комиссияларды түзүү” аттуу темада жумушчу кеңешме болуп өттү
2012-жылдын 11-июлунда КР БШКда “Шайлоочулардын тизмесин түзүүнүн ачык-айкындыгын камсыз кылуу, сапатын жакшыртуу үчүн аймактык шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча коомдук комиссияларды түзүү” аттуу темада жумушчу кеңешме болуп өттү. Бул иш чарага саясий партиялардын, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү чакырылган, себеби Жобого ылайык, Коомдук комиссиялар саясий партиялардын, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнөн, көз карандысыз эксперттерден, илимпоздордон, адистерден, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын жана укук коргоо органдардын өкүлдөрүнөн түзүлөт.
Ошондой эле, Жумушчу кеңешмеге БШК төрагасынын орун басарлары Г. Джурабаева жана А. Шайымкулова, БШК аппаратынын жетекчиси М. Султанов, БШКнын Бишкек аймактык шайлоо комиссиясындагы атайын өкүлү М. Турумбеков жана Бишкек АШК мүчөлөрү катышышты.
Иш чараныны жүрүшүндө Г. Джурабаева 2001-2012-жылдары шайлоочулардын тизмелери кандай түзүлүп келгендиги тууралуу кыскача маалымат берди. Ошондой эле, ал өз сөзүндө шайлоочулардын тизмелерин түзүүгө жооптуулар бийликтин аткаруучу органдары болуп, шайлоочулардын тизмелерин тактоо боюнча иштер шайлоону дайындоо жөнүндө жарыя чыккандан кийин гана башталып жүргөндүгүнө жана Шайлоо жөнүндө кодексте шайлоочулардын тизмелерин түзүүнүн бирдиктүү тартибин регламенттеген ченемдер жок болгондугуна байланыштуу, бийликтин жергиликтүү органдары шайлоочулардын тизмелерин тактоо ыкмаларын өзүлөр аныктагандыгына ж.б. токтоду.
Төраганын орун басары, АШКга караштуу Коомдук комиссияларды түзүүнүн максаты бул - каттоо кызмат органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, шайлоо комиссиялардын өз ара аракеттенүүсүнө жардам көрсөтүү, ошондой эле шайлоочулардын тизмелерин түзүүнүн ачык-айкындыгын камсыз кылуу болгондугун белгиледи.
Аталаган иш чаранын катышуучулары шайлоочулардын тизмелерин түзүүнүн ачык-айкындыгын камсыз кылуу маселелери, Бишкек АШКна караштуу Коомдук комиссиясынын курамы боюнча талкулоо жүргүзүп, өз пикирлери менен алмашышты. Жумушчу кеңешменин жүрүшүндө, Коомдук комиссиясынын курамына кирүүгө каалаган саясий партиялардын жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү Борбордук шайлоо комиссиясына кат жөнөтүүгө тийиш экендиги тууралуу чечим кабыл алынды. Эгер талапкерлердин саны Коомдук комиссиясынын мүчөлүгүнүн бекитилген санынан ашса, анда чучукулакөткөрүлөт.
Маалымат үчүн: Жобого ылайык, Коомдук комиссия өз ишин акысыз жана ыктыярдуу негизде ишке ашыруучу кеңешүүчү, консультативдүү орган болуп эсептелинет жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын, саясий партиялардын, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн, көз карандысыз эксперттердин, окумуштуулардын, адистердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын (ЖӨБ) жана укук коргоо органдардын өкүлдөрүнүн ичинен түзүлөт. Коомдук комиссиянын курамы 7 адамдан кем эмес жана 13 адамдан ашпаган санда болууга тийиш.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандарга, саясий партияларга, коомдук уюмдарга жана Аламүдүн районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органдарына (жергиликтүү кеңештерге) КАЙРЫЛУУС
Урматтуу жарандар жана саясий партиялардын өкүлдөрү!
Бүгүн, эч качан болбогондой, шайлоо тутумун реформалоо алкагында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын алдыдагы шайлоону даярдоодо жана уюштурууда бардык деңгээлдеги комиссиялардын мүчөлөрүнүн ролу өтө маанилүү. Андыктан, бардык шайлоо процессине карата элдин ишениминин деңгээли алардын иш-аракеттерине жараша болмокчу.
Аймактык шайлоо комиссиясынын курамында иштөө, адамдар менен калыс, адилет жана абийирдүү иштей билүүнү талап кылат. Аймактык шайлоо комиссиясы эки жылдык мөөнөткө, анын резерви болсо беш жылдык мөөнөткө түзүлөт, бул комиссиянын мүчөлөрүнүн жарандардын шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууну жана коргоону камсыз кылууда жоопкерчилигин жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын резервинин курамын толуктоо зарлылчылыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы саясий партиялардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органдарынан өкүлдөрдү көрсөтүү жөнүндө жарыялайт.
Аймактык шайлоо комиссиясынын резервин түзүүдө жарандарды комиссияга көрсөтүү учурунда алардын макулдугун жана алардын шайлоо комиссияларынын ишине даярдык денгээлин эске алуу зарыл.
Көрсөтүү субъектилер шайлоо комиссиянын мүчөлүгүнө талапкердин эреже катары тийиштүү калктуу пунктун аймагында жашаш керек экендигин эске алуулары зарыл.
Аймактык шайлоо комиссиясынын резервине жарандардын чогулушунан, коомдук бирикмелерден көрсөтүү жөнүндө протоколдор чогулуштун төрагасынын жана катчысынын колтамгасы менен күбөлөндүрүлүшү керек. Протоколго жашаган жери көрсөтүлгөн жана кол тамгалары коюлган чогулушка катышкандардын тизмеси тиркелиши тийиш. Саясий партиялардан талапкерлерди крстъъ алардын уставына ылайык жүргүзүлүүгө тийиш. БШКга саясий партиянын жетекчисинин(же чогулуштун төрагасынын) колтамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүргөн тийиштүү документ тапшырылат.
Жогоруда көрсөтүлгөн документтерге төмөнкүлөр тиркелет:
- аймактык шайлоо комиссиялардын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө арызы жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо жөнүндө милдеттенмеси;
- паспортунун көчүрмөсү.
- иштеген, окуган жерин, билимин көрсөтүү менен өмүр баянына тиешелүү маалыматтары (кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракчасы же резюмеси) ;
- байланышуу маалыматтары: жашаган жеринин дареги, телефону.
Жарандардын чогулушунан, коомдук уюмдардан аймактык шайлоо комиссиянын резервине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор Аламүдүн райондук кеңешинде 2012-жылдын 20-июлунун саат 18.00го чейин кабыл алынат.
Саясий партиялардан аймактык шайлоо комиссиянын резервине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында 2012-жылдын 20-июлунун саат 18.00го чейин кабыл алынат.
Шайлоо комиссиянын курамына талапкерлерди көрсөтүүнүн шарттары жана тартиби тууралуу кененирээк Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын www.shailoo.gov.kg расмий сайтында жайгаштырылган “Шайлоо комиссияларын түзүүнүн жана таркатуунун тартиби жөнүндө” Жободон билсеңер болот.
Сурап-билүү телефону: 62 08 29
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү айыл өкмөт башчыларын шайлоонун добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитишти
Бүгүн, 2012-жылдын 2-июлунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйналышы болуп өттү. Жыйналышта, КР БШК мүчөлөрү Кадамжай, Ала-Бука, Бакай-Ата, Алай, Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиялардын айыл өкмөт башчыларын шайлоонун добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитишти.
Ошондой эле БШКнын мүчөлөрү “Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Суу айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө” токтомду кабыл алышты, токтомго ылайык, аталган аймактын айыл өкмөт башчысын кайра шайлоо 2012-жылдын 16-июлуна дайындалды.
Жыйналышта, Чүй облусунун Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын резервине өзгөртүүлөр киргизилди.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарынын участкалык шайлоо комиссияларынын резервидерине жана курамдарына талапкерлерди көрсөтүү аяктады
2012-жылдын 25-июнунда Бишкек шаарынын участкалык шайлоо комиссияларынын резервидерине жана курмдарына саясий партиялардан жана жергиликтүү өз алдынча башаруунун өкүлчүлүктүү органынан – Бишкек шаардык кеңешинен талапкерлерди көрсөтүү аяктады.
Саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан 2012-жылдын 25-июнуна, саат 18-00гө чейин кабыл алынган. Ушул эле мөөнөттө жергиликтүү кеңештерден талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдорду кабыл алуу аяктаган.
Участкалык шайлоо комиссиялардын курамдарына талапкерлерди тандап алуу үчүн саясий партиялардын арасынан чучукулак, Юстиция министрлигинен өз талапкерлерин көрсөткөн саясий партиялар жөнүндө маалымат келгенден кийин өткөрүлөт. Чучукулак өткөрүүнүн жол-жобосуна Бишкек шаарынын участкалык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине талапкерлерди көрсөткөн 17 саясий партиянын өкүлдөрү катышышат. Чучукулак өткөрүүнүн убактысы жана жайы жөнүндө маалымат кошумча берилет.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына Нышанов Сайдулла Канболотовичти катташты
Бүгүн, 2012-жылдын 25-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышы болуп өттү. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1,3-пункттарына, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1, 6-пункттарына, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 3-пункттарына, 2-бөлүгүнө, 5-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, КР БШКнын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына “Ата-Мекен” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Г.Дж.Бейшенбаеванын башка жумушка өткөндүгүнө байланыштуу ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кабыл алышты.
“Ата-Мекен” социалисттик саясий партиясынын талапкерлердин тизмеси боюнча Нышанов Сайдулла Канболотович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталды.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Боршайлооком “Шайлоочулардын тизмесин түзүүдө шайлоо комиссияларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик органдар жана башка шайлоо процессинин катышуучулары менен аракеттенүүсү” тегерек столун өткөрдү
2012-жылдын 21-июнунда “Жаннат” мейманканасында “Шайлоочулардын тизмесин түзүүдө шайлоо комиссияларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик органдар жана башка шайлоо процессинин катышуучулары менен аракеттенүүсү” темасында тегерек стол өттү. Аталган иш чара Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан шайлоо системаларынын Эл аралык фондусунун (IFES) каражаттоосу менен уюштурулган.
Тегерек столдун ишине Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Т. Абдраимов, төраганын орун басары Г. Джурабаева, КР БШК аппаратынын кызматкерлери, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, ошондой эле саясий партиялардын, Бишкек шаарынын мэриясынын, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү катышышты.
Тегерек столдун негизги максаты шайлоочулардын тизмесин түзүүдө шайлоо комиссияларынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик органдар жана башка шайлоо процессинин катышуучулары менен аркеттенүүсүнүн натыйжалуу формасын иштеп чыгуу болгон. Иш чаранын жүрүшүндө шайлоочулардын тизмесин түзүү жана тактоо процессинде пайда болгон проблемалар талкууланды. Кварталдык жана үйлүк комитеттер шайлоочулардын тизмелерин түзүүдө жана тактоодо алардын алдыларындагы кыйынчылыктар жөнүндө айтып берүүгө мүмкүнчүлүк алышты.
Катышуучулардын чыгып сүйлөгөндөрүн угуп жана талкуулап, ошондой эле алдыдагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын күзүндө шайлоодогу тематиканын актуалдуулугун эске алуу менен катышуучулар шайлоочулардын тизмесин тактоо процессинде мындан аркы өз ара аракеттенүүдөгү сунуштарды киргизишти. Иш чаранын катышуучулары ошондой эле “Шайлоочулардын тизмесин түзүүнүн ачыктыгын камсыз кылууда, сапатын жакшыртууда аймактык шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча коомдук комиссияларды түзүү жөнүндө” КР БШКнын токтомун талкуулашты. Катышуучулардын көпчүлүгү АШКлар алдында коомдук комиссияларды түзүү идеясына оң баа беришти жана аталган чара шайлоочулардын тизмесинин сапатын жакшыртууга мүмкүнчүлүк ачат деген ойлорун билдиришти.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма-сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Бишкек ш. УШКга көрсөтүлүү үчүн керектүү документтер
2012-жылдын 12-июнунда участкалык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине Бишкек шаардык кеңешинин өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органынан, саясий партиялардын өкүлдөрүнөн көрсөтүү башталды.
Участкалык шайлоо комиссияларынын курамына саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор Бишкек аймактык шайлоо комиссиясында 2012-жылдын 25-июнунда саат 18.00 чейин кабыл алынат.
Жарандардын жыйналышынан, коомдук уюмдардан участкалык шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор Бишкек шаардык кеңешинде 2012-жылдын 25-июнунда саат 18.00 чейин кабыл алынат.
Маалымат телефондору: Бишкек шаардык кеңеши 62 26 27, 61 34 65
Маалымат телефондору: Бишкек АШК 62 08 24, 62 08 29
УШУга көрсөтүү үчүн керектүү документтерди ушул жерден чыгарып аласыздар.
Участкалык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор бул жерде.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
Кененирээк билүү >>
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын Бишкек шаарынын шайлоочуларына, саясий партияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органына, коомдук уюмдарга жана коммерциялык эмес уюмдарга КАЙРЫЛУУСУ
Урматтуу шайлоочулар жана саясий партиялардын өкүлдөрү!
2012-жылдын 25-апрелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын № 63 токтому жана 2012-жылдын 8-июнундагы № 5 чечими менен участкалык шайлоо комиссиялардын (УШК) жаңы курамдарын түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган.
2012-жылдын 12-июнунан тартып участкалык шайлоо комиссиялардын курамдарына жана резервтерине саясий партиялардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органынан – Бишкек шаардык кеңешинен өкүлдөрдү көрсөтүү башталат.
Эч качан болбогондой, бүгүн шайлоо тутумун реформалоо алкагында шайлоону даярдоодо жана уюштурууда бардык деңгээлдеги комиссиялардын мүчөлөрүнүн ролу өтө маанилүү. Андыктан, бардык шайлоо процессине карата элдин ишениминин деңгээли алардын иш-аракеттерине жараша болмокчу.
Участкалык комиссиялардын курамында иштөө, адамдар менен калыс, адилет жана абийирдүү иштей билүүнү талап кылгандыгы менен жооптуу, бул комиссиянын мүчөлөрүнүн жарандардын шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууну жана коргоону камсыз кылууда жоопкерчилигин жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Саясий партиялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органы – Бишкек шаардык кеңеши участкалык комиссиянын түзүүдө жарандарды комиссияга көрсөтүү учурунда алардын макулдугун эске алуулары зарыл.
Көрсөтүү субүектилер шайлоо комиссиянын мүчөлүгүнө талапкердин эреже катары тийиштүү калктуу пунктун аймагында жашаш керек экендигин эске алуулары зарыл.
Участкалык шайлоо комиссиясынын курамына жарандардын чогулушунан, коомдук бирикмелерден көрсөтүү жөнүндө протоколдор чогулуштун төрагасынын жана катчысынын колтамгасы менен күбөлөндүрүлүшү керек.
Протоколго жашаган жери көрсөтүлгөн жана кол тамгалары коюлган чогулушка катышкандардын тизмеси тиркелиши тийиш. Саясий партиялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органынын протоколуна – төмөнкүлөр тиркелет:
- участкалык комиссиялардын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө арызы жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо жөнүндө милдеттенмеси;
- паспортунун көчүрмөсү.
- иштеген, окуган жерин, билимин көрсөтүү менен өмүр баянына тиешелүү маалыматтары;
- байланышуу маалыматтары: жашаган жеринин дареги, телефону.
Участкалык комиссиянын курамына талапкерлерди көрсөтүүнүн шарттары жана тартиби тууралуу кененирээк Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын www.shailoo.gov.kg расмий сайтында жайгаштырылган “Шайлоо комиссияларын түзүүнүн жана таркатуунун тартиби жөнүндө” Жободон билсеңер болот.
Участкалык шайлоо комиссиялардын курамына саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2012-жылдын 25-июнунун саат 18-00 чейин Бишкек аймактык шайлоо комиссиясында кабыл алынат.
Участкалык шайлоо комиссиялардын курамына жарандардын чогулушунан, коомдук уюмдардан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2012-жылдын 25-июнунун саат 18-00 чейин Бишкек шаардык кеңеште кабыл алынат.
Сурап-билүү телефону:Бишкек шаардык кеңеши 61-34-65, 62-26-27
Сурап-билүү телефону: Бишкек АШКсы 62-08-24, 62-08-29
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
Кененирээк билүү >>
Члены Центризбиркома утвердили протоколы об итогах голосования и результаты выборов местных кенешей 6 мая 2012года
Даярдалууда
Кененирээк билүү >>
КР БШК өкүлдөрү Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинен Байкоочулар миссиясынын курамында Армения Республикасынын Улуттук чогулушунун депутаттарын шайлоо мониторингине катышты
2012-жылдын 6-майында Армения Республикасынын Улуттук чогулушунун депутаттарын шайлоо өттү. Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Байкоочулар миссиясынын курамына Кыргыз Республикасынан Армения Республикасынын Улуттук чогулушунун депутаттарын шайлоо мониторингине Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төргагсы Т. Абдраимов жана КР БШК мүчөсү Ж. Бапанова катышты.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын өкүлдөрү Армения Республикасынын парламенттик шайлоосуна байкоочулар катары Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин аткаруучу комитетинен чакырылган.
Миссиянын билдирүүсү боюнча, шайлоо ачык - айкын өттү.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
КР БШКда шайлоочулардын тизмесин түзүү жана тактоо проблемаларын талкулоо боюнча жумушчу кеңешме болуп өттү
Бүгүн, 2012-жылдын 11-майында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын тизмесин түзүү жана тактоо проблемаларын талкуулоо боюнча жумушчу кеңешме болуп өттү.
Жумушчу кеңешмеге Боршайлоокомдун төрагасынын орун басарлары Г. Джурабаева жана А. Шайымкулова, КРнын Мамлекеттик каттоо кызматынын жана КРнын Социалдык Фондунун өкүлдөрү, Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси, ошондой эле өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышышты.
Аталган иш чаранын жүрүшүндө катышуучулар Боршайлоокомдун жана мамлекеттик органдардын өкмөттүк эмес уюмдар менен шайлоочулардын тизмесин тактоодогу өз ара аракетинин мүмкүн болгон формаларынын маселелерин талкуулашты жана анализ беришти.
Боршайлоокомдун Төрагасынын орун басары Г. Джурабаеванын жумушчу кеңешмедеги “Шайлоочулардын так тизмесин түзүү: чечүүнүн проблемалары жана жолдору” бетачарын ушул жерден көрсөңүздөр болот.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма-сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
22.09.2026
КР БШКнын 2026-жылдын 23-сентябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
22.09.2026
Аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине киргизүү боюнча талапкерлердин документтери каралууда
21.09.2026
КР БШКнын мүчөсү Тимур Оторбаев Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары боюнча ШКУнун байкоочулар миссиясынын жыйынтыктоочу пресс-конференциясына катышты
21.09.2026
КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров КМШ байкоочулар миссиясынын РФ Мамлекеттик Думасына депутаттарды шайлоого байкоо жүргүзүү жыйынтыктары боюнча маалымат жыйында сөз сүйлөдү
21.09.2026
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Россиянын Биринчи каналындагы «Время покажет» программасынын түз эфирине катышты
20.09.2026
КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүнү улантууда