Мамбет Койчуев Кара-Көл шаарынын мэри болуп шайланды

14 марта 2013

Кара-Көл шаарынын мэрин шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун негизинде Кыргызстандын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы талапкер Койчуев Мамбет Дуйшалиевич Кара-Көл шаарынын шайланган мэри деп эсептелсин деген токтом чыгарды.

Ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясынын токтомдоруна ылайык төмөнкүлөр шайланды:

Мурзаев Насирдин – Баткен облусунун Кадамжай районундагы А.Масалиев айыл округунун башчылыгына;

Сыдыков Замирбек Бейшенович – Талас облусунун Талас районундагы Айдаралиев айыл округунун башчылыгына;

Бектуров Бакыт Мелисбекович – Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ысык-Ата айыл округунун башчылыгына;

Исираилов Женишбек Жаркынбаевич – Ош облусунун Алай районундагы Ленин айыл округунун башчылыгына.

 

 Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы