КР БШКнын мүчөлөрү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорун бекитти

06 февраля 2013

Бүгүн, 2013-жылдын 6-февралында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышы болуп өттү.

Жыйналышта КР БШКнын мүчөлөрү 2013-жылдын 28-январынан 3-февралына чейинки мезгилде болуп өткөн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө  аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорун бекитти.

Ошондой эле КР БШКнын мүчөлөрү 2013-жылдын 20-февралында Нуржан айыл өкмөтүнүн (Талас району) башчысын кайталап шайлоону дайындады жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын айрым башчыларын шайлоо датасын которду.

Мындан тышкары, КР БШКнын мүчөлөрү Ысык-Ата жана Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизди.

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы