КР БШКнын мүчөлөрү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитти

19 января 2013

Бүгүн, 2013-жылдын 19-январында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышы болуп өттү, анда КР БШКнын мүчөлөрү 4 маселени карады.

КР БШКнын мүчөлөрү 2013-жылдын 28-январынан 3-февралына чейин өтө турган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын – шаарлардын мэрлерин, айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитти.

Жыйналышта КР БШКнын мүчөлөрү ошондой эле Москва, Ысык-Ата,  Кара-Кулжа, Талас жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизди.

Ошондой эле КР БШКнын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Ысык-Көл облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоо тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө» 2012-жылдын 15-декабрындагы №153 жана «Ош облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоо тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 15-декабрындагы №155  токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизди.

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы