Башкы Жаңылыктар КР БШК жана ИИМ добуштарды сатып алуу көрүнүшүнө …

КР БШК жана ИИМ добуштарды сатып алуу көрүнүшүнө каршы биргелешип күрөшүүгө белсенүүдө

29-Ноя, 2016

 

Кечээ "Кабар" КУМАда өткөн маалымат жыйынында КР БШКнын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматов добуштарды сатып алууга тиешеси бар жактардын кеңири чөйрөсүн жоопкерчиликке тартууга мүмкүнчүлүк бере турган жана мындай мыйзам бузуу үчүн жазаны күчөтүүчү мыйзам долбоору жакын арада үчүнчү окууда каралышы күтүлүп жатканы тууралуу маалымат берди. БШК мындай жат көрүнүшкө каршы күрөштө ИИМге чоң ишенич артат.

 

 КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары минтип айтты: “Акыркы жылдары өлкөбүздө колдонулуп келаткан жарандардын биометрикалык маалыматтарынын негизинде добуш берүү тутуму “карусель”, бюллетендерди дүңүнөн салуу сыяктуу добуштарды бурмалоонун кээ бир ыпылас схемаларын жокко чыгарды. Азыркы учурда добуштарды сатып алуу көрүнүшү таза жана ачык-айкын шайлоо үчүн чоң коркунуч жаратууда”.

 

Өз сөзүндө КР ИИМнин БТБнын начальнигинин орун басары Н. Утемисов колдонуудагы мыйзамдарга ылайык шайлоочулардын добуштарын сатып алуу үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралганын эскертти. КР Кылмыш-жаза кодексинин 139-беренесинин (шайлоо укуктарын ишке ашырууга же шайлоо комиссияларынын ишине тоскоолдук кылуу) санкциясы үч жылга чейин эркинен ажыратууну, ушул эле Кодекстин 140-беренеси (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) – беш жылга чейин эркинен ажыратууну, ушул эле Кодекстин 141-беренеси (шайлоо документтерин, референдумдун документтерин бурмалоо же добуштарды туура эмес саноо) жети жылга чейин эркинен ажыратууну карайт.

 

КР ИИМнин 1-11-декабрдагы мезгилде бардык шайлоо участокторуна милициянын наряды (ИИМдин 2-3 өкүлү) бекитилерин билдиришти. 8-12-декабрда кыргыз милициясынын өздүк курамы аскердик даярдыктын “Жогорку” даражасына которулат.

 

Учурда календардык планга ылайык КР БШК ИИМдин өкүлдөрү менен биргелешип, бюллетендерди шайлоо участокторуна жеткирүүдө, бюллетендер сакталган сейфтер күнү-түнү ишеничтүү кайтарууга алынган, ошондой эле, шайлоо аяктагандан кийин аймактык шайлоо комиссияларына жеткизүү учурунда дагы ал бюллетендердин бекем сакталышы камсыздалмакчы.

 

 

КР БШКнын басма сөз кызматы

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады
13-Ноя, 2026

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады

Бүгүн, 13-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерди көрсөтүү үчүн белгиленген мөөнөт аяктады. Алдын ала жыйынтыктар боюнча, президенттик шайлоого катышууга 11 адам талапкерлигин койду.Учурда талапкерлерди колдоо максатында шайлоочулардын электрондук кол тамгаларын чогултуу уланууда. Бул этап 2026-жылдын 8-декабрына чейин созулат. Мыйзамдарга ылайык, каттоодон өтүү үчүн ар бир талапкер кеминде 30 миң шайлоочунун кол тамгасын чогултууга тийиш.Каттоодон өтүү үчүн зарыл болгон документтерди кабыл алуу 2026-жылдын 13-декабрына чейин уланат. Талапкерлер жана алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жетишпеген документтерди белгиленген тартипте тапшыра алышат.Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлерди каттоо 2026-жылдын 23-декабрына чейин жүргүзүлөт.Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
12-Ноя, 2026

КР БШКсы Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 12-ноябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Адылов Бакытбек Адыловичтин жана Сооронкулова Клара Сыргакбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады.Адылов Бакытбек Адыловичтин шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү - Исматуллаев Эркин Эргашходжаевич.Сооронкулова Клара Сыргакбековнанын шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү - Джурабаева Гульнар Курашбековна, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү - Суранова Перизаткан Юлдашалиевна.Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
12-Ноя, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Бүгүн, 12-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында Чүй, Базар-Коргон, Ала-Бука жана Нарын аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.• Чүй районунун Бурана айылдык кеңешинин депутаты Сейдекматова Айнура Орозобековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Отунчиева Нурбюбю Абдрахмановнага өткөрүлүп берилди;   • Базар-Коргон шаардык кеңешинин депутаттары Мамануров Хасанбай Мамажанович, Юсупов Зайнобидин Абдумухтарович жана Масиров Тилек Алибаевичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берген арыздарынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандаттар шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкерлер Абдуллаев Ахмаджан Закиржанович, Собиржонов Бунёдбек Сотболдиевич жана  Шеркулов Исламбек Батырбековичке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;• Ала-Бука районунун Ала-Бука айылдык кеңешинин депутаты Кулбаева Зулайка Эшматовнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Ботобекова Гулина Рысбековнага өткөрүлүп берилди;   •Нарын районунун Миң-Булак айылдык кеңешинин депутаттары Мукамбетов Ишенбек Кадыракунович жана Муратбек уулу Жээнбектин ыйгарым укуктары берген арыздарынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандаттар шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкерлер Ыманакунов Атабек Турдакуновичке жана Талантбек уулу Арсенге өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизилди
12-Ноя, 2026

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 12-ноябрда “Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү” жөнүндө токтом кабыл алды.Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Орозалиев Кылыч Жанарбекович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, комиссиянын курамына резервден Джумагулов Каныбек Калыбекович, Зарнаева Назгуль Жакшылыковна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.
Кененирээк билүү >>