БШК «Өнүгүү-Прогресс», «Ата-Мекен» жана «Ата-Журт» саясий партияларынын даттанууларын карады

03 декабря 2016

2016-жылдын 2-декабрында КР БШКнын мүчөлөрү кезектеги жыйында Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону жана Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессининин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун «Өнүгүү-Прогресс», «Ата-Мекен» жана «Ата-Журт» саясий партияларынын Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын аракетине даттануулары боюнчачечимин карашты.

Ал даттануу боюнча КСДП талаптарды сактабастан, талапкерлердин тизмесин берген. Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясыберилген документтердеги талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн тоскоолдук болуп саналган ылайык келбөөчүлүктөрдүн орун алганын (24 саат ичинде) көрсөткөн эмес. КР БШК «Өнүгүү-Прогресс», «Ата-Мекен» жана «Ата-Журт» саясий партияларынын даттанууларын канааттандыруудан баш тартып, Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынынсаясий партиялардындокументтерин каттоо учурунда кетирген мыйзам бузууларын белгиледи жанаЖалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясына бул комиссиянын төрагасынын ээлеген кызматына ылайыктуулугу жөнүндө маселени кароону сунуштады.

КР БШК мүчөлөрү, ошону менен бирге, №3 “макул” үгүт тобунун катталган тизмесине кошумча Б.К.Бакетаевди, Т.К. Какчекеевди, Б.К.Арстанбекованы, Т.Б.Мамытовду,ошондой эле,№7“макул” үгүт тобунун катталган тизмесине“Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 23-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктун сактоо шарты менен Д.Д.Бекешовду, И.Ю.Карамушкинаны, А.Э. Самигулинаны жанаЕ.Г.Строкованы киргизүү тууралуу чечим кабыл алышты.

 

КР БШК басма сөз кызматы