Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Саат 10.00гө карата добуш берген шайлоочулардын саны
№
Айылдык кеңешинин, АШК аталышы
Шайлоочулардын саны
10:00го катышты
%
1
Кемин ш.
5 414
612
11,30
2
Токмок ш.
28 499
3456
12,13
3
Ош ш.
117 752
14137
12,01
4
Майлуу-Суу ш.
9 850
898
9,12
5
Балыкчы ш.
23 966
1767
7,37
6
Каракол ш.
29 600
2274
7,68
7
Аламудунская ТИК Арашанский айылный кенеш
2 293
189
8,24
8
Ыссык-Атинская ТИК Милянфанский айылный кенеш
2 984
306
10,25
9
Джети-Огузская ТИК Оргочорский айылный кенеш
2 673
178
6,66
10
Жумгальская ТИК Кызыл-Жылдызский айылный кенеш
1 238
64
5,17
11
Жумгальская ТИК Тугол-Сайский айылный кенеш
1 293
175
13,53
12
Жумгальская ТИК Таш-Добонский айылный кенеш
1 149
50
4,35
13
Жумгальская ТИК Куйручукский айылный кенеш
1 565
118
7,54
14
Жумгальская ТИК Чаекский айылный кенеш
6 450
652
10,11
15
Акталинская ТИК Баетовский айылный кенеш
6 623
807
12,18
16
Акталинская ТИК Терекский айылный кенеш
785
85
10,83
17
Акталинская ТИК Конорчокский айылный кенеш
843
109
12,93
18
Акталинская ТИК Жерге-Талский айылный кенеш
1 465
183
12,49
19
Тогуз-Тороузская ТИК Кок-Иримский айылный кенеш
1 798
109
6,06
20
Тогуз-Тороузская ТИКАтайский айылный кенеш
1 320
185
14,02
21
Аксыйская ТИК Авлетимский айылный кенеш
4 955
620
12,51
22
Ноокатская ТИК Кок-Бельский айылный кенеш
3 044
318
10,45
23
Алайская ТИК Конур-Добонский айылный кенеш
2 650
224
8,45
24
Алайская ТИК Будалыкский айылный кенеш
1 733
97
5,60
25
Карасуйская ТИК Сары-Колотский айылный кенеш
4 103
359
8,75
26
Лейлекская ТИК Маргунский айылный кенеш
2 256
229
10,15
27
Лейлекская ТИК Бешкентский айылный кенеш
5 234
585
11,18
27
Баардыгы
271 535
28786
10,60
Кененирээк билүү >>
Дээрлик 2400 шайлоочу добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү ниетин билдиришти
Бүгүн, 26-мартта, 2016-жылдын 27-мартына дайындалган кезектеги жана мөөнөтүнөн мурда айылдык жана шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү жүрүп жатат.
Буга чейин 2442 шайлоочу добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү ниети жөнүндө арыз жазышкан.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок ден соолугунун абалы же майыптыгы боюнча добуш берүү үчүн шайлоо участкасына келе албаган шайлоочулар, мал чарбасынын алыскы участкаларында, шайлоо өткөрүлүп жаткан аймактардын алыскы жана жетүүгө кыйын жерлеринде убактылуу жашаган шайлоочулар, добуш берүү күнү ооруканаларда, кылмыш жасоодо шектүүлөр жана айыпталуучулар катары кайтаруу жайларында камалып турган шайлоочулар өзү турган жер боюнча добуш берет.
Түшкөн арыздын негизинде, участкалык шайлоо комиссиялары шайлоочуларга добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүү күнүнө бир календардык күн калганга чейин добуш берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү. Өзүнүн арызында шайлоочу добуш берүү үчүн жайга келеалбагандыгынын себеби жана өзүнүн жеке маалыматтарын көрсөтүүгө тийиш.
БШК басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча, шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары бекитилди
Бүгүн, БШКнын отурумунда, 2016-жылдын 15-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын Ош жана Нарын облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары бекитилди.
Отурумдун жүрүшүндө, 2016-жылдын 15,18 жана 22-мартында өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилди.
Ошондой эле, Нарын облусунун Кочкор районунун Ак-Кыя жана Нарын районунун Дөбөлү айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоосу, жаны талапкерлерди сунуштоо менен, 2016-жылдын 8-мартына дайындалды. Талас облусунун Талас районунун Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жана Ыссык-Көл облусунун, Ак-Суу районунун Тепке айыл өкмөтүнун башчысын шайлоо, 2016-жылдын 13-апрелине дайындалды.
БШКга берилген арыздардын негизинде, мамлекеттик биримдик жана патриотизм «Бир бол» саясий партиясынан Жогорку Кеӊештин депутаттары Голобородько Ида Львовна жана Эсенгулова Рысббу көрсөтүлгөн тизмеден чыгарылды.
Пресс-служба ЦИК КР
Кененирээк билүү >>
БШКнын делегациясы Казахстандын Мажилис парламентине депутаттарды шайлоого байкоочу катары катышты
БШКнын делегациясы Казахстандын Мажилис парламентине депутаттарды шайлоого байкоочу катары катышты
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Казахстандын Мажилис парламентине депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоого эл аралык байкоочу катары 17 киши жөнөттү. Шайлоо бугун, 20 мартта өтүп жатат.
Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ), Түрк тилдүү мамлекеттердин Кызматташтык боюнча (ТМКК), Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетинин Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына түшкөн чакыруусунун негизинде делегация түзүлдү.
Делегациянын курамына БШКнын мүчөлөрү, АШКнын мүчөлөрү жана Казакстандагы Кыргыз Рсепубликасынын элчилигинин өкүлдөрү кирет.
Байкоочулар Астана, Алматы, Тараз жана Шымкент шаарларында өз миссиясын жүзөгө ашырат.
Кененирээк билүү >>
БШК Төрагасы региондордун атайын өкүлдөрү менен жолугушту
Бүгүн, 15-мартта КыргызРеспубликасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында КР БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов БШКнын облустардагы атайын өкүлдөрү менен чогулуш өткөрдү.
Чогулушка БШК аппаратынын кызматкерлери жана Ысык-Ата, Аламүдүн, Алай, Кара-Суу, Ноокат, Аксы, Тогуз-Торо, Лейлек, Жети-Өгүз, Жумгал, Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссияларында иш алып барган атайын өкүлдөр катышты.
Катышуучулар алдыдагы шайлоого карата уюштуруу жана техникалык даярдыктар менен байланышкан маселелерди талкуулашты. БШКнын төрагасы Т. Абдраимовдун шайлоону өткөрүүгө болгон даярды туралуу суроосуна, атайын өкүлдөр баардыгы толугу менен даяр экендигин билдиришти.
Талкуу учурунда техникалык кызматкерлерди децентралдаштыруу максатында ар бир облуска жер жерлерде техникалык маселелер боюнча ыкчам консультация көрсөткөн жана жеринде системалык администраторлордун ишин координациялаган системалык администраторлордун координатору дайындалгандыгы белгиленди.
БШК Басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
2016-жылдын 27-мартында өтө турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого партиялар жана талапкерлер көрсөтүлдү
2016-жылдын 27-мартында кезектеги жана мөөнөтүнөн мурда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өткөрүлөт.
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күн калганда аяктайт, ошол эле убакта айылдык кеңещтердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү шайлоо күнүнө чейин 30 календардык күн калганда аяктайт.
Айылдык аймактык жергиликтүү кеңештерине талапкерлерди көрсөтүү укугу – саясий партияларга жана өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен.
Айылдык кеңештерге Баткен облусу боюнча жалпысынан 105 талапкер көрсөтүлдү, Жалал-Абад облусу боюнча – 76 талапкер, Ош облусу боюнча – 49 талапкер, Ысык-Көл облусу боюнча – 35 талапкер, Чуй облусу боюнча – 200 талапкер, Нарын облусу боюнча – 433 талапкер.
Аймактык шайлоо комиссиялар шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоого катыша турган төмөнкү партияларды каттады:
Майлуу-Суу шаары
«Эмгек» СП, «КСДП», «Өнүгүү-Прогресс» СП, «Республика – Ата-Журт» СП, «Ата-Мекен» СП.
Токмок шаары
«Эмгек» СП, «ЭлАман» СП, «Республика – Ата-Журт» СП, «Ата-Мекен» СП, «СДПК», «Замандаш» СП, «Кыргызстан» СП, «Демократ» СП, «Партия справедливости и развития (ПСР) «АК», «Онугуу-Прогресс» СП, «Бир-Бол» СП.
Каракол шаары
«Табылга» СП, «СДПК», «Улуу-Кыргызстан» СП, «Республика – Ата-Журт» СП, «Ата-Мекен»СП,« Эмгек» СП, “Кыргызстан» СП, «Мекен Ынтымагы» СП, «Бир-Бол» СП, «Партия зеленых Кыргызстана» СП, «Онугуу-Прогресс» СП, «Аалам партия беспартийных» СП, «Мурас» СП.
Балыкчы шаары
«Замандаш» СП, «СДПК» СП, «Кыргызстан» СП, «Республика – Ата-Журт» СП, «Аалам партия беспартийных» СП, «Онугуу-Прогресс» СП, «7-апрель Жаштар кыймылы» СП, «Ата-Мекен» СП, «Конгресс народов Кыргызстана» СП, «Улуу-Кыргызстан» СП, «Мекен Ынтымагы» СП, «Бир-Бол» СП, «Эмгек» СП, «Коммунистическая партия Кыргызстана» СП.
Кемин шаары
«Бир-Бол» СП, «Кыргызстан» СП, «Улуу-Кыргызстан» СП, «СДПК», Эмгек» СП, «Онугуу-Прогресс» СП, дыйкандар, фермеров «Баба-Дыйкан» СП, «Республика – Ата-Журт» СП, «Замандаш» СП, «Ата-Мекен» СП.
Ош шаары
«Бир-Бол» СП, «Куч биримдикте» СП, «Онугуу-Прогресс» СП, «Демократ» СП, «Республика – Ата-Журт» СП, «Кыргызстан» СП, «Ата-Мекен» СП, «Ата-Журт» СП, «Мекеним Кыргызстан» СП, «Коммунистическая партия Кыргызстана», «СДПК», «Эмгек» СП, «Аалам партия беспартийных» СП.
КРнын БШК Басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Автоматтык эсептөөчү урналарды колдонуу жана мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр туралуу тренингдер аяктады
24-февралдан 4-мартка чейин Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан «Автоматтык эсептөөчү урналарды колдонуу» жана «жергиликтүү кенештердин депутаттарын шайлоо мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр» аталышында тренингдер өткөрүлдү.
Атайын өкүлдөр жана системдик администраторлор шаарлардагы 6 жана райондордогу 13 аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларында тренингдерди өткөрүп жатышат.
Бул тренингдер 2016-жылдын 27-мартына дайындалган жергиликтүү кенештердин депутаттарын шайлоосунун негизинде пландаштырылган иш тартибинин негизги уюштуруучулук-практикалык иш-чаралар планына ылайык жүргүзүлөт.
Окутуу Кыргызстандагы БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосу менен жүзөгө ашырылат.
БШК басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Юбилей менен куттуктоо
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жетекчилиги жана жааматы финансылык жана материалдык-техникалык камсыздоо башкармалыгынын башчысы Токтоболотов Малабек Анашовичти чын жүрөктөн 60-жылдык юбилеи менен куттуктайт.
Урматтуу Малабек Анашович!
Урматтуу Малабек Анашович, сизди чын жүрөктөн юбилеңиз менен куттуктайбыз! 60 жыл бул тажырыйба менен жылдар гана эмес, бул сый-урмат, зор салым жана акылмандык. Сиздин өмүрүңүз кубаныч жана жакын адамдардын жылуулугу менен толсун. Бакыт-таалай, чын ден-соолук жана гулдөп өсүүнү каалайбыз!
Урматтоо менен,
КРнын БШК жамааты
Кененирээк билүү >>
Бишкектик аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы болуп Маматов Кайрат шайланды
Борбордук шайлоо кимссиясынын бүгүнкү отурумунда БШКнын мүчөлөрү Бишкектик аймактык шайлоо комиссиясынын курамын бекитишти.
Бүгүн Бишкектик аймактык шайлоо комиссиясынын курамы алгач отурумун өткөрдү.
“Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык комиссиянын мүчөлөрү өз отурумунда аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасын шайлайт.
Бишкектик аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы болуп бир добуштан Кайрат Маматов кайрадан шайланды. Эске сала кетсек, Кайрат Маматов бул кызмат ордун 2012-жылдан тарта ээлейт. Бул убакыттын ичинде ал өзүн жогорку квалификациялуу жана тажрыйбалуу жетекчи катары көрсөттү.
Кененирээк билүү >>
Жумгал жана Кочкор райондорунун айыл өкмөт башчыларын шайлоо 22-мартына дайындалды
Бүгүн, КР БШКнын отурумунда Нарын облусунун Жумгал районунун Байзак, Нарын районунун Дөбөлү жана Кочкор районунун Ак-Кыя айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону өткөрүү күнү дайындалды. Шайлоо 2016-жылдын 22-мартында өткөрүлөт.
БШКнын чечимине ылайык, 27-мартына дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары боюнча участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын атайын каражаттарынын эсебинен бир жолку сый акы төлөнөт.
Отурумда Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо комиссияларынын протоколдорунун формалары бекитилди.
Кененирээк билүү >>
БШКнын төрагасы Корея Республикасынын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу элчиси менен жолугушту
Бүгүн, 2-мартта Кыргыз Респубилкасынын шайлоо жана реферндум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов Корея Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу элчиси Джонг Бёнг-ху менен жолугушту.
Бул жолугуунун максаты - 2015-жылы өткөрүлгөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо натыйжаларын талкуулоо болду, атап айтканда «Кыргыз Республикасынын шайлоо процестерин жакшыртуу» Кыргыз-корей долбоорун ишке ашыруу жөнүндө сөз болду.
Жолугушууда Туйгунаалы Абдраимов Корей Республикасынын Өкмөтүнө жана Корей эл аралык кызматташтык боюнча агенттигине (KOICA) Парламенттик шайлоону өткөрүүдө колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.
Ошондой эле тараптар 2016-жылдын күзүнө пландаштырылган шайлоону өткөрүү багытында кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулашты.
КРнын Басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарынын мэри расмий түрдө милдетин аткара баштады
Бүгүн, 1-мартта Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын отурумунда Бишкек аймактык шайлоо комиссиянын төрагасы Кайрат Маматов Бишкек шаарынын мэринин күбөлүгүн Албек Ибраимовго тапшырды.
Ошондой эле, БШК мүчөлөрү 2016-жылдын 26-февралында өткөрүлгөн Ош облусунун Алай районунун Корул айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйнтыктарын бекитишти.
Баткен облусунун Лейлек районунун Сумбул, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кара-Жыгач жана Ысык-Көл облусунун Түп районунун Санташ айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2016-жылдын 18-мартына дайындалды жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.
Отурумда Кыргыз Республикасынын Чүй, Жалал-Абад жана Ош облустарынын айрым жергиликтүү кеӊештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо, шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн көрсөтүлгөн жалпыга маалымдоо каражаттары аккредитацияланды.
Кененирээк билүү >>
Эртең Бишкек шаарынын мэрин шайлоо өткөрүлөт
Эртең, 27-февралда саат 10.00дө Бишкек шаарынын мэрин шайлоосу өткөрүлөт.
20-февралда Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясы КСДП саясий партиясынан көрсөтүлгөн Ибраимов Албек Сабирбековичти Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер катары каттаган. А. Ибраимов, бул кызматка көрсөтүлгөн жалгыз талапкер. Ошону менен бирге, бюллетенде “талапкерге каршы” деген графа бар болгондуктан бул шайлоодо тандоого мүмкүнчүлүк бар.
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Женишбек Акматов Индияда Дүйнөлүк шайлоо органдарынын башкы ассоциациясынын отурумуна катышты
2016-жылдын 21-25-февралына чейин Нью Дели шаарында Дуйнолук шайлоо органдарынын башкы ассоциациясынын (А-WEB) 4- отуруму болуп өттү, бул отурумга Кыргыз Республикасынан Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Акматов Ж. Катышты.
23-февралда инаугурациалык сессия болуп өттү, Бул сессияда Ж.Акматов «2015-жылдагы Кыргыз Республкасынын парламенттик шайлоосу» жөнүндө презентация жасады.
А-WEBтин аткаруу кеӊешинин 4-отурумунун жүрүшүндө Ж.Акматов А-WEBтин башкы катчысы Ким Енг Кхи менен жолукту, жолугушуу алкагында тараптар ортосудагы кызматташтыктын актуалдык маселелери талкууланды жана 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо A-WEBтин техникалык жардам көрсөткөндүгү белгиленип кетти.
Ошондой эле Индиянын шайлоо комиссиясынын төрагасы Назим Зайди менен эки тараптуу жолугушуу болуп өттү, алар Индиянын премьер министри Нарендра Модинин Кыргызстанга болгон расмий сапарында 2015-жылдын июнь айында кол коюлган өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумдун алкагында комиссиялар ортосуда белгилүү иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу зарылчылыгын талкуулашты.
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетенинин формасы жана коргоо даражасы бекитилди
Бүгүн БШК мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетенинин формасы жана коргоо даражасы, Чүй облусунун Чүй районунун Чүй айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору, кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдери бекитилди.
Ош облусунун Кара-Суу районун Савай айыл өкмөтүнүн башчысы А.И.Айткурбанов, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган, ошого байланыштуу БШКнын отурумунда Савай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону 2016-жылдын 15-мартына дайындоо боюнча токтом кабыл алынды.
Мындан тышкары, Нарын облусунун Кочкор, Жумгал, Нарын шаардык; Жалал-Абад облусунун Аксы, Тогуз-Торо; Чүй облусунун Кемин, Панфилов; Ысык-Көл облусунун Каракол, Жети-Өгүз; Талас облусунун Манас; Баткен облусунун Лейлек; Ош шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөр киргизилди.
Кененирээк билүү >>
Үч-Терек жана Бирлик айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо дайындалды
Бүгүн, 17-февралда БШКнын отурумунда Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Үч-Терек жана Баткен облусунун Кадамжай районунун Бирлик айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо дайындалды. Шайлоо 2016-жылдын 5-мартында саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.
Мындан сырткары, БШК мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитишти.
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
23.09.2026
Бир катар шайлоо участокторунун даректери өзгөрдү
23.09.2026
Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана резервин жүргүзүү тартиби бекитилди
23.09.2026
КР БШКсы бир катар шайлоо участокторунун даректерин өзгөрттү
23.09.2026
КР Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу тартиби жана “Кол чогултуу” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жоболор бекиди
23.09.2026
Айрым категориялардагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө жобо бекитилди
23.09.2026
КР БШКсы президенттикке талапкердин шайлоо фондун түзүү жана каражаттарын эсепке алуу тартибин бекитти