КР БШК төрагасынын орун басары Атыр Абдрахматова 2016-жылдагы Жаштар парламентинин тегерек үстөлүнүн ишине катышты

04 декабря 2016

2016-жылдын 2-декабрында КР БШК төрагасынын орун басары Атыр Абдрахматова 2016-жылдагы Жаштар парламентинин “Партиялык тизмени түзүүдө жаштардын ролу” деген темадагы тегерек үстөлүнүн ишине катышты. Өз сөзүндө ал жаштардын өлкөдөгү социалдык-саясий окуяларга катышуусунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Анын пикири боюнча, шайлоолорго жана референдумдарга катышуу аркылуу жаштар өз активдүүлүгүн жана өлкөнүн өнүгүшүнө кызыга турганын көрсөтүүгө тийиш. Бул алардын шайлоо жана шайлануу укуктарына тиешелүү. Иш-чаранын катышуучуларынын суроосуна жооп берип, БШК төрагасынын орун басары алдыдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөр боюнча жалпы элдик добуш берүүнүн жүрүшү тууралуу айтып берди.

Ошондой эле, ал саясий партиялардын жаштар канаттарынын мүчөлөрүн жана “Жаштар парламенти” долбоорунун катышуучуларынжергиликтүү кеңештердин депутаттарын тандоодо жана референдумда добуш берүүдө биримдиктин, тазалыктын жана өз добушу үчүн жоопкерчиликтин баалуулуктарын жетекчиликке алууга чакырды.

Аталган иш-чара "Legal Prosperity" коомдук фонду тарабынан “Демократияны колдоо фондусу” коомдук фонду жана 2016-жылдагы Жаштар парламенти менен өнөктөштүк негизде уюштурулду.

 

КР БШК басма сөз кызматы