Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

БШК эл аралык өнөктөштөр менен координациялык жолугушуу өткөрдү
21.10.2016

БШК эл аралык өнөктөштөр менен координациялык жолугушуу өткөрдү

20-октябрда КР БШК менен эл аралык өнөктөштөрдүн координациялык жолугушуусу өтүп, анда тараптар алдыда Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо кызматташуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө пикир алмашты. КР БШК төрагасы Н. Шайлдабекова өзүнүн куттуктоо сөзүндө Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы бүгүнкү күнгө карата жаңы технологияларды киргизгенин, мисалы, 2015-жылы Жогорку Кеңешке, ошондой эле 2016-жылдын жазында жергиликтүү кеңештерге шайлоодо автоматтык саноочу урналарды (АСУ) колдонуу сынактан ийгиликтүү өткөнүн белгиледи. Кыргызстан КМШ мейкиндигинде шайлоо процессине АСУну киргизген жалгыз өлкө болуп саналарын белгилей кетүү маанилүү. “Өлкөнүн парламентарийлеринин ишин колдоо жана натыйжалуулукту кыйла арттыруу үчүн 2015-жылы КР Президентинин жарлыгы менен шайлоо системасына тиешелүү жаңы мыйзам долбоорлорун жана процесстерин иштеп чыгуу жана түзүү иши жүктөлгөн Шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Ал жумушчу топ жарандык коом, эксперттик жамаат, саясий партиялар, мамлекеттик органдар ж.б. менен талкууларды ачык жана жигердүү жүргүзүүдө. Кызыкчылыгы бар ар кыл тараптардын сунуштарынын артыкчылык жана мүчүлүш жактарын эске алып, ар тараптуу талдоонун негизинде БШК шайлоо системасын мындан ары дагы реформалоо боюнча иш жүргүзүүгө даяр”, деп айтты БШК төрагасы. КР БШКнын өнүгүүсүнүн азыркы этабындагы жетишкендиги эл аралык өнөктөштөрдүн шайлоонун бардык компоненттери боюнча активдүү жардамы менен мүмкүн болду. Мында БУУнун Өнүктүрүү долбоорунун, ЕККУнун, Европа Бирлигинин, Япониянын, Швейцариянын, Корея Республикасынын, Даниянын, Индиянын өкмөттөрүнүн жана KOICA, JICA, USAID, IFES сыяктуу эл аралык уюмдардын, ошондой эле башка бир катар уюмдардын колдоосу болду. БШК төрагасы шайлоо системасын реформалоо боюнча көрсөткөн колдоолору үчүн донорлорго, эл аралык уюмдардын, элчиликтердин өкүлдөрүнө ыраазычылыгын айтты, ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясы сунуштарды кабыл алууга, кызматташууга даяр экенин билдирди. КР БШК басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
 Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын саясий партияларга, жергиликтүү жамааттардын жана  шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө  КАЙРЫЛУУСУ
20.10.2016

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын саясий партияларга, жергиликтүү жамааттардын жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө КАЙРЫЛУУСУ

    Урматтуу Кыргыз Республикасынын саясий партияларынын өкүлдөрү, жергиликтүү жамааттарынын мүчөлөрү! Урматтуу аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү!   Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 10-октябрындагы № 213 Жарлыгы менен 2016-жылдын 11-декабрына жергиликтүү  кеңештердин депутаттарын шайлоо дайындалды. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Борборшайкому шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү укугун кыянаттык менен пайдаланууга жол берилбестигин эскертет. Маселен, “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамдын 23-беренесинин 1-пунктуна ылайык шайлоо алдында үгүт иштери бардык талапкерлерди жана талапкерлердин тизмесин каттоо мөөнөтү аяктагандан кийин башталып, добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда аяктарын эске салабыз. 2016-жылдын 11-декабрында өтүүчү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шаардык кеңештерге депутаттыкка талапкерлердин тизмесин каттоо добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күн мурда б.а. 2016-жылдын 10-ноябрына чейин аяктайт. Айылдык кеңештерге депутаттыкка талапкерлерди каттоо добуш берүү күнүнө чейин 20 календардык күн мурда б.а. 2016-жылдын 20-ноябрына чейин аяктайт. Ошентип, Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык шаардык кеңештерге саясий партиялардан депутаттыкка талапкерлер үгүттөө иш-чараларын 2016-жылдын 11-ноябрынан, айылдык кеңештерге депутаттыкка талапкерлер үгүттөө иш-чараларын 2016-жылдын 21-ноябрынан өткөрүүгө укуктуу. Бардык талапкер үчүн үгүт иштери добуш берүү башталганга чейин 24 саат мурда б.а. 2016-жылдын 10-декабрында саат 08. 00гө чейин аяктайт. Аталган Мыйзамдын 2-беренесине ылайык “үгүт материалдары - шайлоо алдындагы үгүт белгилерин камтыган жана шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө жапырт таратуу, элге жарыялоо үчүн арналган басылма, укма-көрмө жана башка материалдар”. Ошентип, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышууну көздөгөн саясий партиялардын жана талапкерлердин Кыргыз Республикасынын Президентинин жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө Жарлыгы расмий түрдө жарыялангандан кийин илинген үгүт жана маалымат материалдары Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын ушул Кайрылуусу расмий кабыл алынгандан кийин 5 (беш) календардык күндүн ичинде алынууга же демонтаж кылынууга тийиш.   Урматтуу аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү! “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамдын 28-беренесинин 1, 8-пункттарынын негизинде шайлоо комиссиялары шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүнүн белгиленген тартибинин сакталышын контролдойт. Ошондой эле, укук коргоо органдары шайлоо алдындагы жасалма жана мыйзамсыз даярдалган басылма, көрмө-укма жана башка үгүт материалдарын жасоону болтурбоо жана аларды алып коюу боюнча, ошондой эле көрсөтүлгөн материалдарды жасоочуларды жана аларга акы төлөөнүн булактарын белгилөө боюнча шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүүгө тийиш экенин эскертебиз. Талапкер, саясий партия тарабынан жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө Мыйзамда белгиленген талаптар бузулган учурда тиешелүү шайлоо комиссиясы талапкерге, саясий партияга тартип бузуулар жөнүндө жазуу жүзүндө эскертүүгө укуктуу экенин эске салабыз. Талапкер, саясий партия тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн талаптар бир нече жолу бузулган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы тиешелүү шайлоо комиссиясынын сунуштоосу же болбосо өз демилгеси боюнча талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоону жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.   Урматтуу шайлоо процессинин катышуучулары! Борбордук шайлоо комиссиясы алдыдагы шайлоону мыйзамдарга ылайык өткөрүү максатында шайлоо процессинин бардык катышуучуларын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин бекем сактоону жана шайлоо процессинин башка катышуучулары менен өз ара аракеттенүүдө өз ара урматтоону жана сабырдуулукту көрсөтүүнү өтүнөт.     Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
Кененирээк билүү >>
КР БШК саясий партиялар жана талапкерлер тарабынан мөөнөттөн мурда үгүт иштерин жүргүзүүгө жол берилбестиги тууралуу билдирди.
18.10.2016

КР БШК саясий партиялар жана талапкерлер тарабынан мөөнөттөн мурда үгүт иштерин жүргүзүүгө жол берилбестиги тууралуу билдирди.

Бүгүн 18-октябрда БШКнын басма сөз борборунда КР БШК төрагасынын орун басары Бекматов Абдыжапар Гапыровичтин жана КР БШК мүчөсү Журабаева Гульнар Курашбековнанын маалымат жыйыны өткөрүлдү. Өз сөзүндө КР БШК төрагасынын орун басары Бекматов А.Г. айылдык жана шаардык кеңештерге депутаттыкка талапкерлерди каттоо жол-жоболорунун негизги пункттарын белгиледи. Маселен, талапкерлерди көрсөтүү укугу шаардык кеңештерге - саясий партияларга, айылдык кеңештерге - саясий партияларга жана өзүн өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга таандык. 21 жаш куракка толгон жарандар - жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү талапкер боло алат. Талапкерлер шаардык кеңештерге - шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күн мурда б.а. 31-октябрга чейин, айылдык кеңештерге - шайлоо күнүнө чейин 30 календардык күн мурда б.а. 11-ноябрга чейин көрсөтө алышат. Бүгүнкү күнгө карата эки партия - “Өнүгүү-Прогресс” жана ”Кыргызстандын жашылдар партиясы” өз ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттатышты. Бекматов А.Г. ошондой эле, шаардык кеңешке талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар жана жарандар өзүн өзү көрсөткөн учурдан баштап, өзүнүн шайлоо кампаниясын каржылоо үчүн шайлоо фондусун түзөөрүн эске салды. Ош жана Бишкек шаарларынын кеңештерине партиялардан талапкерлер үчүн саясий партиялар шайлоо фондусунун каражаттарынан жумшай турган чыгымдарынын эң жогорку суммасы 150 000 эсептөө көрсөткүчүнөн (15 миллион сом) ашпоосу керек. Башка шаарларда бул  көрсөткүч 50 000ди (5 миллион сом) түзөт. БШК талапкерлердин шайлоо фондуларынын атайын эсебин ачуу үчүн эки банкты - «РСК Банк» жана «Айыл Банк» мекемелерин аныктады. Бул банктарды тандоодо региондордогу талапкерлерге ыңгайлуу болсун үчүн ал банктардын жер-жерлерде кеңири тараган филиалдары бар экени негизги критерий болду. КР БШК мүчөсү Журабаева Г.К. журналисттин суроосуна жооп беип жатып, өз сөзүндө БШК бүгүнкү күндө шайлоо менен референдумду (аны өткөрүү чечилсе) бир күндө өткөрүүгө даяр экенин, жергиликтүү кеңештерге шайлоодо добуш берүүдө жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрү гана катыша аларын айтты. Ошондой эле ал шайлоо алдындагы үгүттөөгө катышууну каалаган  ЖМКларды аккредитациялоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу эске салды. Шайлоо алдындагы үгүт иштери шаарларда добуш берүү күнүнөн бир ай мурда б.а 11-ноябрда башталса, айылдык кеңештерде добуш берүү күнүнөн 20 күн мурда б.а 21-ноябрда башталат. Сөзүнүн аягында Гульнара Курашбековна жаңы мыйзамдарга ылайык саясий партиялар жана талапкерлер тарабынан мөөнөттөн мурда үгүт иштерин жүргүзүүгө жол берилбей турганын эскертти.   БШК басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясы алдыдагы шайлоону өткөрүү боюнча календардык планды кабыл алды
17.10.2016

Борбордук шайлоо комиссиясы алдыдагы шайлоону өткөрүү боюнча календардык планды кабыл алды

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 14-октябрында өткөн жыйынында 2016-жылдын 11-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдануу жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык планы кабыл алынды. Планда шайлоо округдарын жана шайлоо участокторун түзүү мөөнөттөрү, аймактык жана участоктук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү үчүн окутуп-үйрөтүү тренингдерин өткөрүү, шайлоочулардын тизмеси менен иштөөнүн убактылары, депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо, шайлоо алдындагы үгүт иштерин баштоо жана аяктоо, шайлоого эл аралык байкоочуларды чакыруу, шайлоону каржылоо, шайлоо фондуларын түзүү, участоктук шайлоо комиссияларына шайлоо бюллетендерин даярдоо жана өткөрүп берүү тартиби, добуш берүүнү өткөрүү жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө, шайлоо жыйынтыктарын аныктоо тартиби жөнүндө негизги жоболор каралган.  Календардык план менен Сиз төмөнкү шилтеме боюнча тааныша алысыз:
Кененирээк билүү >>
Жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышкан саясий партиялардын жана талапкерлердин эсине!
17.10.2016

Жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышкан саясий партиялардын жана талапкерлердин эсине!

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы 2016-жылдын 11-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышкан саясий партиялардын жана талапкерлердин шайлоо фондуларынын атайын эсебин ачуу үчүн эки банкты аныктады. Ал банк мекемелери - ОАО «РСК Банк» и ОАО «Айыл Банк». “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 13-пунктуна жана “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамдын 15-беренесинин 9-пунктуна ылайык жарандар айылдык кеңешке өзүн өзү көрсөткөн учурдан баштап ыйгарым укуктуу өкүлү аркылуу, саясий партиялар айылдык кеңештерге талапкерлерди көрсөткөн учурдан баштап каттоо үчүн документтерди бергенге чейин шайлоо кампаниясын каржылоо үчүн шайлоо фонддорун түзүүгө укуктуу.
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочуларга, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына  КАЙРЫЛУУСУ
17.10.2016

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочуларга, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына КАЙРЫЛУУСУ

Урматтуу шайлоочулар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, шайлоопроцессинин катышуучулары! Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 10-октябрындагы № 213 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын жергиликтүү  кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2016-жылдын 11-декабрына дайындалды. Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын негизинде Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды. 2016-жылдын 11-декабрында шайлоо 405 жергиликтүү кеңеште, анын ичинде 21 шаардык жана 384 айылдык кеңеште өтөт. Жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрү жергиликтүү кеңештердин 7 349 депутатын шайламакчы. Ал үчүн 1314 шайлоо округу жана 1899 шайлоо участогу түзүлдү. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо ошондой эле автоматтык саноочу урналар (АСУ) колдонулат. Ал урналар бюллетендерди дүңүнөн салуу, бюллетендерди саноо учурунда так эместиктерге жол берүү мүмкүнчүлүгүн жок кылат.  АСУну колдонуу маалыматтарды участоктон Борбордук шайлоо комиссиясынын борбордук серверине түз жөнөтүүнү камсыздайт, бул добуш берүүнүн алдын-ала жыйынтыктарын ыкчам аныктоого өбөлгө түзөт. Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары, шайлоочулар! Бир катар кеңештерге шайлоо 2016-жылдын жазында өткөндүгүн, дагы бир катар кеңештерге шайлоо 2017-18-жылдарга өтөөрүн эске алганда, алдыдагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого өлкөнүн жарандары болуп саналган жалпы саны 2 805 291 шайлоочунун 2 500 000ге жакын шайлоочусу катышат. Шайлоо өткөрүлүп жаткан тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрү болуп саналган, 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жарандары жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо укугуна ээ. Шайлоочулардын тизмесине добуш берүү күнүнө карата активдүү шайлоо укугуна ээ болгон, жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп саналган жана "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын бардык жарандары киргизилет. Биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар биометрикалык каттоону чогулткан пункттардын даректерине ылайык жашаган жери боюнча Мамлекеттик каттоо кызматтарынын органдарында бул процедурадан өтө алышат. Шайлоочуларды биометрикалык маалыматтар боюнча иденттештирүү башка шайлоочу үчүн добуш берүүнү жана шайлоонун жыйынтыктарын бурмалоону четтетерин эске салабыз. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын жарандары өздөрүн www.shailoo.srs.kg порталындагы шайлоочулардын тизмесинен текшере алышат. Мындан сырткары, шайлоо күнүнө чейин 45 календардык күн мурда б.а. 2016-жылдын 27-октябрына чейин шайлоо участокторунда шайлоочулардын тизмеси илинет,  ал жерде Сиз өзүңүз жөнүндө маалыматты тактай аласыз. Кандай гана болбосун ката же так эместиктерди, ошондой эле өзүңүздүн шайлоочулардын тизмесинде жок экениңизди тапкан учурда, Сиз добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кечикпестен б.а.  2016-жылдын 26-ноябрына чейин Сиздин жергиликтүү жамаатка таандык экениңизди бышыктоочу ID-картанын көчүрмөсүн тиркеп, тиешелүү участоктук шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылууга укуктуусуз. Ушул арыз участоктук шайлоо комиссиясы тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кароо үчүн токтоосуз жиберилет.   Урматтуу жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын саясий партияларынын өкүлдөрү! “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамга ылайык 21 жаш куракка толгон, тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөсү жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайлана алат. “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамдын 49-беренесинин 2-пунктуна ылайык жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү укугу шаарлардын жергиликтүү кеңештерине - саясий партияларга, айылдык аймактын жергиликтүү кеңештерине - саясий партияларга жана өзүн өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга таандык. Саясий партиянын жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө чечими жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат. Жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү саясий партиянын съездинде (конференциясында), региондук бөлүмүнүн чогулушунда (конференциясында) жүзөгө ашырылат. Башка саясий партиялардын мүчөлөрү болуп саналган адамдарды талапкер катары көрсөтүүгө саясий партиялардын укуктары жок. Шаардык кеңештерге талапкерлердин тизмесин түзүүдө саясий партиялар бир жыныстагы адамдардын 70 пайыздан ашпаган өкүлчүлүгүн эске алууга милдеттүү экенин, мында саясий партиядан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесинде аялдардын жана эркектердин кезегинин айырмасы эки позициядан ашпоого тийиш экенин саясий партиялар эске алуулары зарыл. Өзүн көрсөтүү тартибинде айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерди көрсөтүү тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына талапкер болуп көрсөтүлүүгө ниеттенгендиги жөнүндө арыз берүү жолу менен жүргүзүлөт. Жарандар айылдык кеңешке өзүң өзү көрсөткөн учурдан баштап, саясий партиялар айылдык кеңештерге талапкерлерди көрсөткөн учурдан баштап каттоо үчүн документтерди бергенге чейин шайлоо кампаниясын каржылоо үчүн шайлоо фонддорун түзүүгө укуктуу. Шаардык кеңешке талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партия өзүнүн шайлоо кампаниясын каржылоо үчүн саясий партиянын финансы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү шайлоо комиссиясы тарабынан катталгандан кийин 5 календардык күндүн ичинде шайлоо фондусун түзөт. Талапкерди, талапкерлердин тизмесин расмий каттодон баш тартуу учурунда шайлоо фондуна түшкөн каражаттар кайрымдуулукту ишке ашырган жана акча каражатын которгон уюмдарга жана адамдарга кайтарылып берилет. Айылдык жана шаардык кенештерге саясий партиялар көрсөткөн талапкерлер өздөрүнүн шайлоо фонддорун түзүүгө укуксуз экендигин эске салабыз. Жергиликтүү кеңештерге талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партияларга жана талапкерлерге шайлоо фондун түзбөгөн учурда иштерге жана кызматтарга, шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзгөнгө, шайлоо алдындагы башка иш-чараларды ишке ашырууга төлөө үчүн акчалай каражаттарды пайдаланууга тыюу салынат. Шаардык кеңештерге депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү жана аймактык шайлоо комиссиясына тиешелүү документтерди берүү шайлоо дайындалган күндөн баштап, добуш берүү күнүнө чейин 40 календардык күн мурда б.а. 2016-жылдын 31-октябрында саат 24.00гө чейин аяктайт. Айылдык кеңештерге депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү жана аймактык шайлоо комиссиясына тиешелүү документтерди берүү шайлоо дайындалган күндөн баштап, добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күн мурда б.а. 2016-жылдын 10-ноябрында саат 24.00гө чейин аяктайт.   Шаардык кеңештерге депутаттыкка талапкерлердин тизмесин каттоо добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күн мурда б.а. 2016-жылдын 10-ноябрына чейин аяктарын эске салабыз. Айылдык кеңештерге депутаттыкка талапкерлерди каттоо добуш берүү күнүнө чейин 20 календардык күн мурда б.а. 2016-жылдын 20-ноябрына чейин аяктайт. Талапкерлерди каттоодо талапкерлерге жана саясий партияларга көмөк көрсөтүү тартибинде, КР БШКнын расмий сайтында талапкерлерге карата талаптар жөнүндө арыздардын жана эскертменин формалары жайгаштырылган. Шайлоо кампаниясын каржылоонун эрежелерин сактоо үчүн БШКнын сайтында тийиштүү нускамалар жана жоболор бар. Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү! Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышууну пландаштырып жаткан жалпыга маалымдоо каражаттары шайлоо дайындоо тууралуу чечим жарыяланган күндөн тарта 10 календардык күндөн кечиктирбей, б.а. 2016-жылдын 22–октябрына чейин жалпыга маалымдоо каражаттарында обо убактысы, басма аянттарына акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттар туурасындагы маалыматтарды жарыялоого тийиш. Басылма ЖМКда жарыяланган обо убактысы, басма аянттарына акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттар туурасындагы маалыматтар коштоочу кат менен кошо Борбордук шайлоо комиссиясына берилүүгө тийиш.  Кат түрүндөгү суроо-талап келип түшкөндөн кийин, жогорудагы ченемдерди 2016-жылдын 22–октябрына чейин аткарган жалпыга маалымдоо каражаттары Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан 2016-жылдагы жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоодо шайлоо алдында үгүттөө иштерин жүргүзүү үчүн аккредитацияланат. Мында Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо мыйзамдарын бузган учурларда жалпыга маалымдоо каражатынын аккредитациясын кайра чакырып алууга укуктуу. Шайлоо алдында үгүттөө иштери шаардык кеңештерде шаардык кеңештерге депутаттыкка талапкерлердин тизмесин каттагандан кийин б.а. 2016-жылдын 11-ноябрынан баштап, айылдык кеңештерде айылдык кеңештерге депутаттыкка талапкерлерди каттагандан кийин б.а. 2016-жылдын 21-ноябрынан баштап жүргүзүлөрүн жана добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда б.а. 2016-жылдын 10-декабрына чейин аяктарын эске салабыз. Бул шайлоонун өзгөчөлүгүн эске алганда, региондук ЖМКлардын ролу жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочуларга маалымат берүүгө жана үгүт иштерине катышуусу абдан маанилүү. Борбордук шайлоо комиссиясы региондук ЖМКларды маалымдоо кампаниясына активдүү катышууга чакырат жана өз кезегинде шайлоо кампаниясынын жүрүшү, шайлоо мыйзамдары жана шайлоо комиссияларынын иш-аракеттери тууралуу бүт зарыл маалыматтарды берип турууга даяр. Шайлоону маалыматтык жактан чагылдырууну жакшыртуу макстында КР БШК республикалык жана региондук жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн семинар өткөрөт.   Урматтуу аймактык жана участоктук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү! Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана аны өткөрүү процессинде, айрыкча шайлоо системасын реформалоо алкагында аймактык жана участоктук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жергиликтүү деңгээлде маанилүү роль таандык. Калктын бүт шайлоо процессине ишеним деңгээли кыйла даражада сиздердин аракетиңиздерге жараша болот. Сиздер шайлоону мыйзамдуу, адилет жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыздоо менен шайлоочулар алдындагы өз озуйпаңыздарды татыктуу аткарарыңарга ишенебиз! Шайлоодо аймактык шайлоо комиссияларына өзгөчө жоопкерчилик жүктөлгөн, алар шаардык жана айылдык кеңештерге депутаттыкка талапкерлерди аймактык шайлоо комиссиясында каттоо процессинен баштап, жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жыйынтыктарын аныктап, шайлоочулар менен эле эмес, ошондой эле талапкерлер жана саясий партиялар менен дагы түздөн-түз иштерди уюштурушу керек. Бул процессте шайлоонун бардык катышуучуларына бейтарап жана тең мамиле жасоону камсыздоо башкы талап болууга тийиш. Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн аймактык шайлоо комиссиялары добуш берүү күнүнө чейин 50 календарлык күндөн кечиктирбестен б.а. 2016-жылдын 22-октябрына чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен шайлоо округдарынын схемасын жана чек араларын иштеп чыгып, аларды бекитүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына киргизишерин эске салабыз. Шайлоочулар үчүн жогорку деңгээлдеги ыңгайлуулуктарды түзүү максатында  Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык добуш берүүнү өткөрүү жана добуштарды саноо үчүн шайлоо участоктору жергиликтүү жана башка шарттарды эске алуу менен түзүлүшү керек. Ошондой эле, шайлоо участоктору тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүү күнүнө чейин 45 календарлык күндөн кечиктирбестен б.а. 2016-жылдын 27-октябрына чейин ар бир участокко 2500дөн ашык эмес шайлоочу туура келгендей эсеп менен түзүлөрүн эске салабыз. Шайлоо округдарынын чек аралары участоктордун чек аралары менен кесилишүүсүнө жол берилбөөгө тийиш. Урматтуу шайлоочулар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, шайлоо процессинин катышуучулары! Кыргыз Республикасында эркин, атаандаш жана адилет шайлоонун жалпы таанымал эл аралык стандарттарына ылайык келген, шайлоо процессинин ачык–айкындуулугун жана адилеттүүлүгүн камсыз кылган мыйзамдык жана практикалык механизмдер калыптанып, өнүгүүдө.  Жергиликтүү кеңештерге шайлоого тиешелүү келип чыккан бардык маселелер боюнча Сиз шайлоо комиссияларына жана Борбордук шайлоо комиссиясынын Бишкек жана Ош шаарларында уюштурулуучу коомдук кабылдамаларына кайрылсаңыз болот. Алдыдагы шайлоону мыйзамдарга ылайык өткөрүү максатында Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун бардык катышуучуларынан шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин бекем сактоону, шайлоо процессинин башка катышуучулары менен өз ара аракеттенүүдө өз ара урматтоону жана сабырдуулукту көрсөтүүнү өтүнөт. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы өзү тарабынан шайлоо процессинин бардык катышуучулары үчүн ачык жана айкындуулукту камсыздайт жана шайлоонун укуктук негизде, тынч, туруктуу атмосферада өтүшү үчүн мүмкүн болушунча чоң күч-аракетин жумшайт жана өлкөбүздүн жарандарынын шайлоо укуктарын толук жүзөгө ашыруу үчүн бардык зарыл шарттарды түзөт.    Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
Кененирээк билүү >>
 КР БШК журналисттер үчүн “Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоону ЖМКда чагылдыруунун өзгөчөлүктөрү” деген темада семинар-тренинг өткөрдү
14.10.2016

КР БШК журналисттер үчүн “Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоону ЖМКда чагылдыруунун өзгөчөлүктөрү” деген темада семинар-тренинг өткөрдү

КР БШКбүгүн 2016-жылдын 14-октябрында БУУнун Өнүктүрүү долбоорунун техникалык колдоосу менен журналисттер үчүн жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоону чагылдыруунун өзгөчөлүктөрү боюнча семинар-тренинг өткөрдү. Иш-чарага республиканын бардык региондорунан райондук, облустук, республикалык ЖМКлардан 80 журналист катышып, 2016-жылдын 11-декабрында өтүүчү жергиликтүү кеңештерге шайлоону маалыматтык жактан камсыздоо боюнча сунуштамаларды алышты. Семинар-тренинг журналисттердин шайлоо мезгилинде иштөөсүнүн эң маанилүү өңүттөрүн, анын ичинде ЖМКны аккредиттөө маселелерин, шайлоо мыйзамдарынын обзорун, шайлоону уюштуруунун жана өткөрүүнүн негизги этаптарын, шайлоо процессинин жүрүшү жөнүндө жарандарды маалымдоонун өзгөчөлүктөрүн, шайлоо алдындагы үгүт иштеринин эрежелерин камтыды. “Жарандардын шайлоо институтуна ишеними шайлоо реформасынын натыйжасында 2015-жылдагы парламенттик шайлоодон кийин кайрадан арта баштагады. Эми аны мындан ары чыңдап, туруктуу деңгээлге жеткизүү зарыл. 11-декабрда 405 жергиликтүү кеңешке өтө турган шайлоо биз үчүн абдан маанилүү, өз айырмачылыктары бар окуя. Жарандар жергиликтүү жамаатты өнүктүрүүнүн эң маанилүү маселелерин чечүү милдетин аркалаган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын – кеңештерди шайлайт. Ар бир региондо жарандарга шайлоонун жүрүшү тууралуу так маалыматты өз убагында жеткизүү чоң мааниге ээ. Аймактык шайлоо комиссиялары ЖМК өкүлдөрү менен тыкыс кызматташып, иштөөсү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясыбүт күч-аракетин жумшайт”, деди КР БШКнын төрагасы Н.Шайлдабекова өзүнүн куттуктоо сөзүндө. КР БШКнын төрагасы, ошондой эле, ЖМКлар жарандарга жергиликтүү шайлоо тууралуу маалымдоодон сырткары,шайлоочулардын добушун сатып алуу сыяктуу терс көрүнүштү азайтууда негизги ролду аткара алышарын белгиледи. “Добуш берүүнүн жыйынтыктарын саноону, чогултууну, чыгарууну автоматташтыруу шайлоонун жыйынтыктарын комиссиялардын деңгээлинде бурмалоонун мүмкүнчүлүгүн иш жүзүндө жокко чыгарат. Добуш берүүнүн керектүү жыйынтыктарын мурдагыдай комиссиялардан сатып алуунун мүмкүн эместиги талапкерлер жана партиялар тарабынан шайлоочулардытүздөн-түз сатып алуу фактыларынын көбөйүшүнө алып келди. Бирок добуштарды сатып алууга каршы сапаттуу маалыматтык кампания бул терс көрүнүшкө каршы күрөшүүгө жардам берет”, деп кошумчалады Н.Шайлдабекова. Шайлоо алдындагы кампаниянын негизги этаптары КР БШКнын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы А. Өмуралиевдин сөзүндө чагылдырылды. КР БШКнын төрагасынын орун басары А.Абдрахматова семинар-тренингдин катышуучуларын шайлоонун укуктук өңүттөрү менен тааныштырып, шайлоонун жүрүшүндө маалымдоо жана үгүттөө эрежелерин бузгандык үчүн жоопкерчиликтин маселелери тууралуу баяндап берди. КР БШКнын мүчөсү Г.Джурабаева ЖМКларды аккредиттөөнүн эрежелерин түшүндүрдү. БУУнун Өнүктүрүү долбоорунун медиа-кеңешчиси Г.Торалиева шайлоону ЖМКда чагылдыруунун маселелери боюнча чыгып сүйлөдү. Семинар-тренингдин катышуучулары шайлоонун жүрүшүн маалымдоо процессинин өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири маалымат алышты. Ошондой эле, БШКнын мүчөлөрү жана журналисттер шайлоо мыйзамдарынын өзгөчөлүктөрүн, ЖМКларды аккредиттөөнүн шарттарын, маалымдоонун жана шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү маселелерин талкуулашты. Иш-чаранын катышуучулары БШК, БШКнын мүчөлөрү, БШКнын ар бир облус боюнча региондук кураторлору менен маалымат алмашуу тартибин макулдашты. Региондордогу кампаниянын жүрүшү тууралуу маалыматтык билдирүүлөр райондордогу жана облустардагы басылма жана электрондук ЖМКларда чагылдырылмакчы. Семинар-тренингдин соңунда катышуучуларга сертификаттар тапшырылды. Региондук жана республикалык ЖМКлардын өкүлдөрү иш-чараны өз убагында уюштурганы үчүн КР БШКга жана БУУнун Өнүктүрүү долбооруна ыраазычылык билдиришти.   КР БШКнын басма сөз кызматы            
Кененирээк билүү >>
2016-жылдын 11-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүттөөгө катышууну каалаган ЖМК үчүн маалымат
12.10.2016

2016-жылдын 11-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүттөөгө катышууну каалаган ЖМК үчүн маалымат

  Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү! Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 10-октябрындагы №213 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо датасы белгиленди. Ушуга байланыштуу КР БШК жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүттөөгө катышуу үчүн ЖМКларды аккредитациялоо башталганы тууралуу жарыялайт.   “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 20-пунктуна ылайык шайлоо өткөрүү учурунда шайлоону дайындоо тууралуу чечим расмий түрдө жарыялангандан кийин 10 календарлык күндөн кечиктирилбестен б.а. 2016-жылдын 22-октябрына саат 18.00 чейин обо убактысына, басма аянтына төлөө өлчөмдөрү ж.б. шарттар тууралуу маалыматтар тиешелүү телерадио берүү уюму, мезгилдүү басма сөз басылмаларынын редакциялары тарабынан жарыяланып, КР БШКга берилүүгө тийиш.   “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесинин 4-пунктуна ылайык талапкерлерге, саясий партияларга жана шайлоочулардын топторуна берилүүчү акы төлөмө обо убактысынын наркы шайлоо дайындалганга чейин 6 ай мурда алынган нарктан ашпоого тийиш. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүттөөгө катышууну каалаган ЖМКлардан төмөнкү документтерди берүүнү түнөбүз: КР БШКнын төрагасынын атына арыз; Юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү; Жалпыга маалымдоо каражаттарын каттоо тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү; Уставдын көчүрмөсү; Берүүгө лицензия (радио жана телеканалдар үчүн); Гезитке рекламалык-маалымат материалын (прайс-барак) жайгаштырууга белгиленген баалар тууралуу жарыя (публикация). Документтерди кабыл алуу мөөнөтү 2016-жылдын 22-октябры саат 18.00 чейин.   Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүттөөгө катышууну каалаган интернет басылмалар үчүн домендик кызматтан маалымкат (справка) тапшырууну өтүнөбүз. Документтер төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек шаары,  Раззаков көчөсү, 59, 301-бөлмө. Сурап-билүү телефону: (312) 620150.   КР БШКнын басма сөз кызматы.
Кененирээк билүү >>
«Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду
12.10.2016

«Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев, бүгүн 10 октябрда «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду.   Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктаганга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алып, токтом кылынат:   1. Тиркелген тизмеде көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын кезектеги шайлоо жекшембиге, 2016-жылдын 11-декабрына дайындалсын.   2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жогоруда аталган өкүлчүлүктүү органдарына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.   3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:   - шайлоо өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдарынын сметасына ылайык зарыл финансылык каражаттарды бөлсүн;   - шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин, коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.   4. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик администрацияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоочулардын тизмесин калыптандыруу, тактоо жана түзүү, уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жана тийиштүү шайлоо комиссияларынын ишине көмөк көрсөтсүн.   5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнө жүктөлсүн.   Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.        
Кененирээк билүү >>
БШК Мамкаттоо кызматы менен кызматташуу жөнүндө убактылуу жобого өзгөртүүлөрдү киргизди
11.10.2016

БШК Мамкаттоо кызматы менен кызматташуу жөнүндө убактылуу жобого өзгөртүүлөрдү киргизди

Бүгүн 25-октябрда Борбордук  шайлоо комиссиясы өз жыйынында бир топ шаарлардын, райондордун шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын бекитти. БШКа Бишкек шаарынын; Баткен облусунун  Баткен шаардык, Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Баткен, Кадамжай жана Лейлек аймактык шайлоо комиссияларынын; Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад, Кара-Көл, Таш-Көмүр,  Аксы, Ала-Бука, Базар-Коргон, Ноокат, Сузак, Токтогул, Тогуз-Торо жана Чаткал аймактык шайлоо комиссияларынын; Нарын облусунун Нарын шаардык, Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал, Кочкор жана Нарын аймактык шайлоо комиссияларынын; Ош облусунун Алай, Араван, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн жана Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссияларынын; Талас облусунун Талас шаардык, Бакай-Ата, Кара-Буура, Манас жана Талас аймактык шайлоо комиссияларынын; Чүй облусунун Аламүдүн, Жайыл, Кемин, Москва, Панфилов, Сокулук, Чүй жана Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын; Ысык-Көл облусунун Ак-Суу,  Жети-Өгүз, Тоң, Түп жана Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери аркылуу берилген сунуштарынын негизинде тиешелүү шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын бекитти.   Мындан сырткары, БШК мүчөлөрү «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби жөнүндө» Убактылуу жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу маселени кеңири талкуулап, чечим кабыл алды:  Жыйындан кийин БШК төрагасынын орун басары А.Г.Бекматов жана  БШКнын мүчөсү Г.К.  Журабаева Борбордук  шайлоо комиссиясы басма сөз борборунда маалымат жыйынын өткөрүшүп, учурда шайлоо кампаниясынын жүрүшү жөнүндө айтып беришти. БШК басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктайт.
01.10.2016

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктайт.

Кымбаттуу мугалимдер! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен Борбордук шайлоо комиссиясынын жамаатынын жана жеке өз атыман чын дилимден куттуктайм! Дүйнөдө эң асыл кесип кайсы десе, биринчи кезекте Мугалим деп жооп беребиз. Анткени, баарыбыз тең Билим мухитине карай алгачкы кадамды Мугалимдин – Эжей менен Агайдын жетегинде таштаганбыз. Балага билим менен кошо адептүүлүк, чынчылдык, жакшылык иштерге умтулуу сыяктуу сапаттарды сиңирүү деген эң оор, түйшүктүү жана жоопкер милдет сиздерге жүктөлгөн. Өлкөбүздүн демократиялык жол менен өнүгүүсүндө, эгемендигибиздин бекемделишинде Мугалимдин салымы зор. Калкыбыздын эң аӊ-сезимдүү жана активдүү өкүлдөрү катары билим берүү кызматкерлери шайлоо комиссияларында мүчө болуу менен шайлоолордун таза жана ачык өтүшүн камсыз кылууга чоң кол кабыш кылып жатышат. Бул ишиңиздер үчүн миң мерте алкыш айтабыз. Жаркын майрамыӊыздар кут болсун! Сиздерге чыӊ ден соолук, узак өмүр жана бакубаттык тилейм! Өлкөбүз менен кошо өркүндөй берели!   Нуржан Шайлдабекова, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы    
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандарга, саясий партияларга, коомдук бирикмелерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына (жергиликтүү кеңештерге) Кайрылуусу
26.09.2016

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандарга, саясий партияларга, коомдук бирикмелерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына (жергиликтүү кеңештерге) Кайрылуусу

Алдыда турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо  Нарын облусунун Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука, Базар-Коргон, Тогуз-Торо, Майлуу-Суу жана  Чаткал аймактык шайлоо комиссияларынын, Ош облусунун Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясынын, Чүй облусунун Москва аймактык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоо зарылчылыгы келип чыкты. Нарын облусунун Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука, Базар-Коргон, Тогуз-Торо, Майлуу-Суу жана  Чаткал аймактык шайлоо комиссияларынын, Ош облусунун Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясынын, Чүй облусунун Москва аймактык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоонун зарылчылыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча  борбордук комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан жана саясий партиялардан өкүлдөрдү көрсөтүүсү жөнүндө жарыялайт. Ошондой эле Баткен, Лейлек, Сүлүктү, Кадамжай, Аксы, Ноокен, Таш-Көмүр, Токтогул, Араван, Кара-Суу, Кара-Кулжа, Ноокат, Өзгөн, Ат-Башы, Кочкор, Нарын шаардык, Жумгал, Бакай-Ата, Талас шаардык, Аламүдүн, Кемин, Панфилов, Сокулук, Тоң, Ысык-Көл, Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын резервдеринде саясий партиялардын өкүлдөрү жоктугуна байланыштуу, аталган АШКларды саясий партиялардын өкүлдөрү менен толуктоо зарылчылыгы келип чыкканын белгилейбиз.      Аймактык шайлоо комиссиялардын резервине талапкерлерди көрсөтүүдө жарандардын макулдугун, ошондой эле шайлоо өнөктүгүнө, коомдук турмушка катыштыгын,  кесипкөйлүк жана жеке сапаттарын эске алуу керек. Көрсөтүлгөн субьектилер, шайлоо комиссиянын мүчөлүгүнө талапкер эреже катары тийиштүү калктуу пунктта жашашын эске алуусу зарыл. Аймактык шайлоо комиссиясынын резервине жарандардын чогулуштарынан, коомдук бирикмелерден талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор чогулуштун төрагасынын жана катчысынын кол тамгасы менен бекитилиши керек. Протоколго чогулуштун катышуучуларынын тизмеси жашаган жери көрсөтүлгөн, коюлган кол тамгалары менен тиркелиши зарыл. Жогоруда көрсөтүлгөн документтерге: талапкердин аймактык шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдук арызы жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо жөнүндө милдеттимеси; паспортунун көчүрмөсү; иштеген, окуган, билим алган жерлерин көрсөтүү менен (кадрлардын эсеби боюнча жеке баракча, резюме) өмүр баян маалыматы: жашаган жеринин дареги, телефондор (үй, уюлдук, электрондук дарек) тиркелет Нарын, Ала-Бука, Базар-Коргон, Тогуз-Торо, Майлуу-Суу, Чаткал, Чоң-Алай, Москва аймактык шайлоо комиссияларынын резервине жарандардын чогулуштарынан, коомдук бирикмелерден талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү өкүлчүлүктүү органдарында  (шаардык, райондук кеңештер) 2016-жылдын 3-октябрында 18.00 саатка чейин кабыл алынат. Нарын, Ала-Бука, Базар-Коргон, Тогуз-Торо, Майлуу-Суу, Чаткал, Чоң-Алай, Москва, Баткен, Лейлек, Сүлүктү, Кадамжай, Аксы, Ноокен, Таш-Көмүр, Токтогул, Араван, Кара-Суу, Кара-Кулжа, Ноокат, Өзгөн, Ат-Башы, Кочкор, Нарын шаардык, Жумгал, Бакай-Ата, Талас шаардык, Аламүдүн, Кемин, Панфилов, Сокулук, Тоң, Ысык-Көл, Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын резервине саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында 2016-жылдын 3-октябрында 18.00 саатка чейин кабыл алынат.   Маалымат алуу үчүн телефондор: 66-01-09 66-51-86 620829 www.shailoo.gov.kg.
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандарга, саясий партияларга, коомдук бирикмелерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына (жергиликтүү кеңештерге) Кайрылуусу
14.09.2016

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандарга, саясий партияларга, коомдук бирикмелерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына (жергиликтүү кеңештерге) Кайрылуусу

Алдыда турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо  Нарын облусунун Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука, Базар-Коргон, Тогуз-Торо, Майлуу-Суу жана  Чаткал аймактык шайлоо комиссияларынын, Ош облусунун Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясынын, Чүй облусунун Москва аймактык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоо зарылчылыгы келип чыкты. Нарын облусунун Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука, Базар-Коргон, Тогуз-Торо, Майлуу-Суу жана  Чаткал аймактык шайлоо комиссияларынын, Ош облусунун Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясынын, Чүй облусунун Москва аймактык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоонун зарылчылыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча  борбордук комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан жана саясий партиялардан өкүлдөрдү көрсөтүүсү жөнүндө жарыялайт. Ошондой эле Баткен, Лейлек, Сүлүктү, Кадамжай, Аксы, Ноокен, Таш-Көмүр, Токтогул, Араван, Кара-Суу, Кара-Кулжа, Ноокат, Өзгөн, Ат-Башы, Кочкор, Нарын шаардык, Жумгал, Бакай-Ата, Талас шаардык, Аламүдүн, Кемин, Панфилов, Сокулук, Тоң, Ысык-Көл, Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын резервдеринде саясий партиялардын өкүлдөрү жоктугуна байланыштуу, аталган АШКларды саясий партиялардын өкүлдөрү менен толуктоо зарылчылыгы келип чыкканын белгилейбиз.      Аймактык шайлоо комиссиялардын резервине талапкерлерди көрсөтүүдө жарандардын макулдугун, ошондой эле шайлоо өнөктүгүнө, коомдук турмушка катыштыгын,  кесипкөйлүк жана жеке сапаттарын эске алуу керек. Көрсөтүлгөн субьектилер, шайлоо комиссиянын мүчөлүгүнө талапкер эреже катары тийиштүү калктуу пунктта жашашын эске алуусу зарыл. Аймактык шайлоо комиссиясынын резервине жарандардын чогулуштарынан, коомдук бирикмелерден талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор чогулуштун төрагасынын жана катчысынын кол тамгасы менен бекитилиши керек. Протоколго чогулуштун катышуучуларынын тизмеси жашаган жери көрсөтүлгөн, коюлган кол тамгалары менен тиркелиши зарыл. Жогоруда көрсөтүлгөн документтерге: талапкердин аймактык шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдук арызы жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо жөнүндө милдеттимеси; паспортунун көчүрмөсү; иштеген, окуган, билим алган жерлерин көрсөтүү менен (кадрлардын эсеби боюнча жеке баракча, резюме) өмүр баян маалыматы: жашаган жеринин дареги, телефондор (үй, уюлдук, электрондук дарек) тиркелет Нарын, Ала-Бука, Базар-Коргон, Тогуз-Торо, Майлуу-Суу, Чаткал, Чоң-Алай, Москва аймактык шайлоо комиссияларынын резервине жарандардын чогулуштарынан, коомдук бирикмелерден талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү өкүлчүлүктүү органдарында  (шаардык, райондук кеңештер) 2016-жылдын 3-октябрында 18.00 саатка чейин кабыл алынат. Нарын, Ала-Бука, Базар-Коргон, Тогуз-Торо, Майлуу-Суу, Чаткал, Чоң-Алай, Москва, Баткен, Лейлек, Сүлүктү, Кадамжай, Аксы, Ноокен, Таш-Көмүр, Токтогул, Араван, Кара-Суу, Кара-Кулжа, Ноокат, Өзгөн, Ат-Башы, Кочкор, Нарын шаардык, Жумгал, Бакай-Ата, Талас шаардык, Аламүдүн, Кемин, Панфилов, Сокулук, Тоң, Ысык-Көл, Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын резервине саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында 2016-жылдын 3-октябрында 18.00 саатка чейин кабыл алынат.   Маалымат алуу үчүн телефондор: 66-01-09 66-51-86 620829 www.shailoo.gov.kg.
Кененирээк билүү >>
КР БШК шайлоо процессинин катышучулары үчүн окутуунун электрондук платформасын ишке киргизет
11.08.2016

КР БШК шайлоо процессинин катышучулары үчүн окутуунун электрондук платформасын ишке киргизет

БШКнын 11- августтагы отурумунда шайлоо процессинин катышуучулары үчүн окутуунун электрондук платформасынын жаңы долбоору презентацияланды. E-learning “Epistum” платформасы шайлоо процессин окутууну жакшыртууга, щайлоо процессинин катышуучуларынын билиминин сапатын жогорулатууга багытталган. Электрондук платформа Бишкек шаарындагы ОБСЕ борборунун Шайлоо системаларынын эл аралык фондусу менен бирдиктеги финансалык колдоо аркылуу иштелип чыгылган. Окутуунун электрондук платформасы шайлоо укугу боюнча окутуу, шайлоо процессин техникалык камсыздоо баоюнча модулдарды, арыздардын, актылардын электрондук шаблондорунун пакеттерин камтыйт. Тесттен ийгиликтүү өткөн учурда, система тесттин катышуучусу үчүн сертификатты автоматтык түрдө берет. БШК төрагасы презентацияда сентябрь айында киргизилүүчү шайлоо укугу боюнча тесттирлөө жана электрондук окутуу шайлоо укугу туралуу маалыматка жарандардын жетиштүүлүгүн кеңейтүү, шайлоо процессинин катышуучуларынын укуктук маданиятын жогорулатуу үчүн жакшы негиз болуп кала тургандыгын белгиледи. КР БШК басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
БШК АШКлардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизди
11.08.2016

БШК АШКлардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизди

2016-жылдын 1- августунда КР БШКнын отуруму болуп өтүп, анын күн тартибинде төмөндөгү маселелер каралды: БШК мүчөлөрү 2016-жылдын 2-августунда өткөн Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын мээрин шайлоонун жыйынтыктары жана добуш берүүнүн натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитишти. Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын мэри болуп Топчубаев Эрмекбай Асанович шайланды. Жергиликтүү кеңештердин алты депутаты ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотконуна байланыштуу, БШК мүчөлөрү аймактык шайлоо комиссияларынын бош турган депутаттык мандаттарды талапкерлерге берүү жөнүндө чечимди төмөндөгү партиялардын тизмеси боюнча бекитишти: - Жалал-Абад шаардык кеңеши – Ирсалиев Арапбай Мурза Раимович (“Өнүгүү – Прогресс”)  саясий партиясы; - Нарын шаардык кеңеши – Сияев Таштанбек Моңолдорович ( “Мекен Ынтымагы”); - Кара-Жыгач айылдык кеңеши – Тобокелов Мелис Сакаевич; - Таш-Дөбө айылдык кеңеши – Чапанидзе Ансар Сервинтович; - Жайыл районун Кара-Балта шаардык кеңеши – Исраилов Балкабек Сыдыкбекович (“КСДП”); - Кемин району Ак-Түз айылдык кеңеши – Метеров Асылбек. Отурумда, төмөндөгү аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөр киргизилди: Жалал-Абад облусунун Ала-Бука, Нарын облусунун Нарын шаардык, Баткен облусунун Кызыл-Кыя, Ысык-Көл облусунун Балыкчы, Чүй облусунун Сокулук жана Москва аймактык шайлоо комиссияларына. Ошондой эле, БШК отурумунда “Ата-Мекен” саясий социалисттик партиясынан КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесине катталган Наспеков Марс Дамировичти партиянын тизмесинен чыгуу жөнүндө арызына байланыштуу аны талапкерлердин тизмесинен алып салуу маселеси каралды. Отурум учурунда Бишкек шаарындагы ОБСЕ борбору Шайлоо системаларынын эл аралык фондусу (IFES) менен бирдикте шайлоо укугун окутуу боюнча маалыматка жарандардын жетиштүүлүгүн кеңейтүүгө бакытталган шайлоо процессинин алкагында окутуунун жаңы электрондук платформасынын презентациясын өткөрүштү. Отурумда,  БШКнын жаңы сайтынын долбоорунун презентациясы болду, ал күзүндө ишке киргизилүүгө пландаштырылууда. КР БШК басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандаты Б.С.Ибраимжановго берилди
28.07.2016

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандаты Б.С.Ибраимжановго берилди

Бүгүн 2016-жылдын 28-июлунда КР БШК отуруму өттү, анда бош калган депутаттык мандатты “Республика-Ата-Журт” саясий партиясынан КР ЖК депутаттыгына талапкерлердин тизмеси боюнча кезекте турган Ибраимжанов Болотбек Сапарбаевичке өткөрүп берүү жөнүндө токтом кабыл алынды. Ошондой эде отурумдун жүрүшүндө 2016-жылдын 21-июлунда өткөн Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэрин шайлоонун жыйынтыктары жана добуш берүүнүн натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилди. КСДП партиясынан көрсөтүлгөн Еркеев Ильяз Марсович Кара-Көл шаарынын мэри болуп шайланган. КР БШК мүчөлөрү Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кум-Бел айыл өкмөтүнүн башчысын жана Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөтүнүн башчысын жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен 2016-жылдын 11-августуна кайталап шайлоону дайындашты. Дайындалган Кум-Бел жана Байтик айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо талапкерлер жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын керектүү добуштарын албай калышкандыктардан улам өтпөй калган. Ошондой эле, жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын бош турган мандаттарын берүү жана каттоо жөнүндө айрым аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери бекитилди, атап айтканда Аксы, Токтогул райондору, Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаары, Нарын облсунун Нарын шаары, Чүй облусунун Сокулук району: Дастанбек Абдыкуловго, Эрмек Нуржановго, Асанбек Момунбековго, Алмазбек Жаманкуловго, Шаймерден Мураталиевге. Отрумуда БШК мүчөлөрү окутуу модулдарын жана шайлоо материалдарын иштеп чыгуу боюнча Жумушчу топту түзүү жөнүндө чечим кабыл алышты. Жумушчу топтун курамына КР БШК төрагасынын орун басарлары жана КР БШК мүчөлөрү Джурабаева Г.К., Кадыров Б.С., Арипов Н.Т., жана КР БШКнын аппаратынын мүчөлөрү киришти.   КР БШК Басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
1 431 433 482