Башкы Жаңылыктар БШК Кара-Балта шаардык кеңештиндепутаттарын шайлоодо «Жаны-Шаар» саясий партиясы …

БШК Кара-Балта шаардык кеңештиндепутаттарын шайлоодо «Жаны-Шаар» саясий партиясы үчүн берилген добуштарды жараксыз деп тапты жана шайлоодо оң натыйжаларга жетүү үчүн мыйзамдуу ыкмалар менен мамилелерди гана колдонууга чакырды

20-Дек, 2016

БШКга Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынан Жайыл районунун ички иштер бөлүмүндө 2016-жылдын 10-декабрында №2700 мененкатталган«Жаңы-Шаар» саясий партиясынын өкүлдөрү тарабынан мыйзамдарды бузган фактылар боюнчаматериалдардын көчүрмөлөрү түштү.

Укук коргоо органдары берген материалдарга ылайыкЖ. Сабырбеков аттуу жаран Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнө2016-жылдын 9-декабрындаКара-Балта шаарынын аймагында тамак-аш азыктары жана 200 сом үчүн «Жаңы-Шаар» партиясынын(шайлоо бюллетенинде №5) пайдасына добуштарды сатып алууга ниеттенишкен эки аялга карата чара көрүү тууралуу арыз менен кайрылган.

Андан тышкары, Чүй облусунун ИИББ тарабынан Жайыл районунунКара-Балта шаарынын 23 тургунунан Жайыл районунун ИИБ башчысынын ысмына жазылган арыз көрсөтүлдү. Алар арызында Кара-Балта шаарында жайгашкан «Азия-2» базарынын башчысы Сегизбаева С.ар бир арендатордон уулу менен кызынын талапкерлиги көрсөтүлүп жаткан «Жаңы-Шаар» партиясы үчүн добуш берүүсү үчүн шайлоого 10 адамдан алып келүүсүн талап кылып, шайлоочуларга – аталган базардын арендаторлоруна кысым көрсөтүп жатканын билдиришкен. Сегизбаева С. аталган партия үчүн тийиштүү добушту камсыздабаган арендатордунижара акысын добуш берүү күнүнөн кийин эки эсе көбөйтөрүн айткан.

БШКнын даттанууларды жана арыздарды кароо боюнча жумушчу тобу «Жаңы-Шаар» партиясынын төрагасы Т. Нааматбековдун маалыматын угуп, материалдарды карап чыкты. Карап чыгуунун натыйжасында мыйзамдарды одоно бузгандыгы үчүн жумушчу топ Борбордук шайлоо комиссиясына Кара-Балта шаардык кеңештин депутаттарын шайлоодо «Жаны-Шаар» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмеси боюнча добуштардын жыйынтыктарын жараксыз деп табууну сунуштады. Ушуга ылайык Кара-Балта шаарынын бирдиктүү шайлоо округу боюнча «Жаны-Шаар» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмеси үчүн белгиленген бюллетендерди дагыжараксыз деп табуу чечилди. Ушундан улам Жайыл аймактыкшайлоо комиссиясыКара-Балта шаардык кеңешке шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду БШКнын «Жаны-Шаар» саясий партиясы көрсөткөн талапкерлердин тизмеси үчүн берилген добуштардыжараксыз деп табуу жөнүндө токтомуна ылайык келтирүүгө тийиш.

Жумушчу топтун жана БШКнын жыйындарында «Жаңы-Шаар» партиясынын төрагасы Т. Нааматбековдун маалыматы угулуп, ал жакын тууганы – энеси Сегизбаева С. тарабынан чындыгында эле “жаңылыштык” кетирилгенин мойнуна алды жана жеке жоопкерчилик тартууга даярдыгын билдирди, бирок партияны жазалабастан, тизмени каттоону жоккочыгарууну суранды. Ал өзү бул партиядан талапкерлердин тизмесинин башында турганын жана талапкерлердин тизмесинде анын карындашы жана бир тууганы бар экенин эске салабыз.

БШК мүчөлөрү жыйында жумушчу топ сунуштаган чечимдин долбоорун бир добуштан колдошту. БШК чечими укук коргоо органдарына жөнөтүлмөкчү.

БШК төрагасы Н. Шайлдабекова кабыл алынган чечимдин жыйынтыгы боюнча «Жаңы-Шаар» партиясынын төрагасы Т. Нааматбековго кайрылып, шайлоочуларды сатып алуу учурда шайлоо процессинин кадыр-баркын кетирген негизги мыйзам бузуулардан болуп саналарын, БШК шайлоодо оң жыйынтыктарга жетүү үчүн сатып алууну пайдаланган адамдарга жана уюмдарга карата шайлоо мыйзамдарынын алкагында мүмкүн болгон чараларды көрөрүн белгиледи.

“Партиялардын милдети – жарандардын топторунун кызыкчылыктарын билдирүү. Жаш партиялар шайлоого катышардан мурда шайлоо мыйзамдарын жоопкерчилик менен окуп-үйрөнүүгө жана жеңишке жетишүү жана шайлоочулардын добушун алуу үчүн мыйзамдуу ыкмалар менен мамилелерди гана колдонууга тийиш. Партиянынтөрагасы катары Сиз жалпысынан партиянын шайлоого катышуусу үчүн жана партиянын мүчөлөрүнүн, анын үстүнө депутаттыкка талапкерлердин мыйзамдарды сакташы үчүн жоопкерчилик тартасыз”, деди ал.

БШК мүчөсү Гүльнара БаатыроваБШКнын чечимин колдоп, жаштардын өкүлдөрүнөн турган партиялар жаңы, таза мамилелер жагынан өрнөк болушу керек экенин, бирок «Жаңы-Шаар» партиясынын аракеттери тажрыйбасыздык жана туура эмес багыт менен шайлоого катышуу жакшы натыйжаларга алып келбей турганын көрсөтүүдө, деп белгиледи.

 

КР БШК басма сөз кызматы

 

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>
КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү
01-Окт, 2026

КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү

Бүгүн, 1-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында Кыргыз Республикасынын Президентин алдыдагы шайлоого даярдыктын алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын өркүндөтүү жана ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык Жумушчу топтун жыйыны болуп өттү.Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, Жумушчу топтун жетекчиси Миргул Темирбаеванын төрагалыгы менен өткөн кеңешмеге министрликтердин, мамлекеттик органдардын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.Жыйындын жүрүшүндө шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча бир катар уюштуруучулук-практикалык чаралар каралды.Атап айтканда, шайлоо участкаларынын инфраструктуралык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын эсепке алууда санариптик инструменттерди киргизүү, ошондой эле шайлоо участкаларын зарыл болгон маалыматтык жана көмөкчү материалдар менен камсыздоо маселелери талкууланды.Мындан тышкары, социалдык стационардык мекемелерде, камакта кармоочу жайларда турган жарандардын, аскер кызматчыларынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.Шайлоочулардын тизмелерин тактоо, эсепке алуу иштерин жүргүзүү жана добуш берүүнүн жашыруундуулугун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн механизмдери аныкталды.Соңунда мамлекеттик органдарга жана тиешелүү ведомстволорго макулдашылган жумуштарды аткаруу жана пландаштырылган иш-чараларды өз убагында жүргүзүү боюнча сунуштар берилди.
Кененирээк билүү >>