Башкы Жаңылыктар КР БШКнын жыйынтыктоочу отурумунда референдумду даярдоонун жана өткөрүүнүн …

КР БШКнын жыйынтыктоочу отурумунда референдумду даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө түшкөн бардык арыздар (даттануулар) каралды жана ар бир арыз (даттануу) боюнча кабыл алынган чечимдер тууралуу маалымат берилди

23-Дек, 2016

Бүгүн - 2016-жылдын 22-декабрында КР БШКнын жыйынтыктоочу отурумунда КР БШКнын мүчөсү, шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнчажумушчу топтун жетекчиси А. Асаналиев БШКнын кароосу үчүн референдумду даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө түшкөн бардык арыздар (даттануулар) жана ар бир арыз (даттануу) боюнча кабыл алынган чечимдер тууралуу маалымат берди.

Берилген маалыматка ылайык Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 11-декабрына дайындалган референдумун даярдоожана өткөрүү мезгилинде шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону жана референдумду өткөрүү учурунда шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү эрежелерин сактоону контролдоо боюнча жумушчу топторго шайлоо процессинин катышуучуларынан 18 арыз жана даттануу, анын ичинде 12 даттануу үгүт топторунан, 5 даттануу шайлоочулардан жана шайлоо процессинин катышуучуларынан, 1 даттануу коомдук уюмдардан түшкөн.

Түшкөн кайрылуулар жана даттануулар төмөнкү маселелер боюнча:

- 1 кайрылуу шайлоочулардын тизмелери жана шайлоочуну иденттештирүү (бир шайлоочуөзүн башка участоктогу тизмеден тапкан, дагы бир шайлоочу биометрикалык маалыматтарын тапшырганына карабастан, өзүн тизмеден тапкан эмес, шайлоочунун манжа издери окулган эмес);

- 7 кайрылуу добуш берүү убагындагы жана натыйжаларын аныктоо учурундагы мыйзам бузуулар боюнча (чекке алмашпай бюллетень берүү, маркердин бюллетендин арткы бетинен көрүнүп калганы, АЭУ жыйынтыктарынын кол менен саноонун жыйынтыктарына дал келбеши);

- 7 кайрылуу үгүт жүргүзүү эрежелерин бузгандык боюнча (ЖМК жана референдумдун катышуучуларынын үгүт жүргүзүү эрежелерин бузгандыгы);

- 3 кайрылуу мамлекеттик мекеме, органдардын аракеттерине же аракетсиздигине (“макул” жана “каршы” үгүт топторуна мамлекеттик мекеме, органдардын көмөктөшпөгөнү).

Көрсөтүлгөн кайрылуулар жана даттануулар боюнча КР БШК тарабынан төмөнкү чечимдер кабыл алынды:

- 8 кайрылуу жумушчу топ тарабынан мыйзам талаптарына ылайык маңызы боюнча кароо жана тиешелүү чара көрүү үчүн мамлекеттик органдарга жөнөтүлдү;

- 11 кайрылуу боюнча жумушчу топтор чечим кабыл алышкан, алардын сегизи КР БШКнын жыйынына коюлуп, БШК тиешелүү чечимдерди кабыл алган;

- ЖМКларга («ЭлТР», «КТРК», «5-канал», «Азия news» жана «Вечерний Бишкек»газеталары) карата шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү эрежелерин бузууга жол берилбестик тууралуу 5 эскертүү берилди;

- 4 кайрылуу тиешелүү чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлдү;

- шайлоочулардын тизмелериндеги кемчиликтерге байланыштуу1 арыз Мамлекеттик каттоо кызматына жөнөтүлдү;

- 2 арыз боюнча КР БШК“макул” жана “каршы” үгүт топторуна мыйзамга ылайык үгүт жүргүзүүсү үчүн шайлоочулар менен жолугушууларды уюштурууга көмөктөшүү жөнүндө маселе менен жогорку окуу жайларына кайрылды;

 - 3 даттануу маңызы боюнча кароо жана тиешелүү чара көрүү үчүн аймактык шайлоо комиссияларына жөнөтүлдү.

Ошону менен бирге “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын талаптарын бекем сактоо маселеси боюнча БШК эки жолу ЖМКларга кайрылуу жасады.

Берилген маалыматты кароонун жыйынтыктары боюнча КР БШКнын жыйынында ал маалыматты эске алуу жана Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 11-декабрына дайындалган референдумун даярдоо жана өткөрүү мезгилинде түшкөн арыздаржана даттануулар жөнүндө реестрди жыйынтыктоочу протоколго тиркөө чечими кабыл алынды.

 

КР БШК басма сөз кызматы

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү
10-Окт, 2026

«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү

Бишкек шаарындагы «Маариф» окуу-билим берүү комплексинде 2026-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын БШКсынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун өкүлдөрү 9-класстын окуучулары жана билим берүү мекемесинин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.Борбордун өкүлдөрү «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин директору Мехмет Черчикая менен жолугушуп, кызматташуунун келечегин, ошондой эле жаш муунду тарбиялоо, окуучулардын укуктук жана шайлоо маданиятын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.Жолугушууга Бишкек шаарынын мектептеринин Президенттер кеңешинин өкүлдөрү Ясин Мырсабеков жана Адинай Токтобекова да катышып, окуучуларга Мектеп президенттери кеңешинин келечектеги түзүмүн тааныштырышты.Иш-чара «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин мектеп парламентинин Президентин шайлоонун алдында өттү. Аталган шайлоо 2026-жылдын 12-октябрында болот жана ага КР БШКсынын эксперттери шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча уюштуруучулук-методикалык жардам көрсөтүшөт: добуш берүү урналарын беришет, байкоочуларды тартууга көмөк көрсөтүшөт жана шайлоону уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча консультациялык жардам беришет.Жолугушуунун программасына «Шайлоо жана жаштар» аттуу видеороликти көрсөтүү жана талкуулоо, №68 орто мектеби парламентинин президентинин сөзү, суроо-жооп сессиясы, ошондой эле «Шайлоо жөнүндө эмнени билем?» аттуу викторина кирди. Викторинанын жеңүүчүлөрү жана активдүү катышуучулары ЖБШТБ тарабынан эстелик байгелер менен сыйланышты. Иш-чарага жалпысынан 9-класстын 109 окуучусу катышты.Мындай жолугушууларды өткөрүү жаштардын шайлоо маданиятын жогорулатуу үчүн маанилүү. Мектеп партасынан баштап потенциалдуу шайлоочулар менен иштөө шайлоого аң-сезимдүү мамиле жасоону, ар бир добуштун баалуулугун түшүнүүнү жана өлкөнүн коомдук-саясий жашоосуна жоопкерчиликтүү катышууга даярдыкты калыптандырууга мүмкүндүк берет.
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>