Башкы Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын референдумунда жана жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо …

Кыргыз Республикасынын референдумунда жана жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндөгү протоколдорду кабыл алуу боюнча жумушчу тобунун маалыматы жөнүндө

23-Дек, 2016

2016-жылдын 22-декабрында КР БШК жыйынында Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 11-декабрындагы референдумунда (жалпы элдик добуш берүүдө) 18 референдум участогунда добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп табуу жөнүндө №243 токтомду кабыл алды.

Токтомдо Кыргыз Республикасынын референдумунда жана жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндөгү протоколдорду кабыл алуу боюнча жумушчу тобуна 54 аймактык шайлоо комиссиясынан тиешелүү региондор боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндөгү протоколдор (анын ичинде 2 352референдум участогунда добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндөгү протоколдор) келип түштү.

“Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 35-беренесин жетекчиликке алып, Борбордукшайлоо комиссиясы өз токтому менен:

1. Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын 2016-жылдын 16-декабрындагы №17, Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 2016-жылдын 14-декабрындагы №36 чечимдерин бекитти. Участкалык референдум комиссияларынын референдумда добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндөгү протоколдорун аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан кабыл алуу учурунда 13 референдум участкасында добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылган. (Ноокат аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан 2016-жылдын 16-декабрындагы №17 чечими менен №№5389, 5390, 5391,5392, 5393, 5398, 5399, 5452 участкаларында, Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан 2016-жылдын 14-декабрындагы №36 чечими менен №№ 5317, 5291, 5560, 5285, 5290 участкаларында). Жалал-Абад шаарынын №2096 референдум участкасындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен жокко чыгарылган.

2. Өзгөн районундагы № 5057 референдум участкасында, Кара-Суу районунундагы №№ 5205, 5237 референдум участкасында, Сузак районундагы №2007 референдум участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп тапты.Жумушчу топ тарабынан  протоколдордогу камтылган маалыматтарды текшерүүнүн натыйжасында Ош облусунун Өзгөн районундагы № 5057 референдум участкасында, Кара-Суу районундагы №№ 5205, 5237 референдум участкаларында, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы №2007 референдум участкасында “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 32, 35, 37-беренелеринин талаптары бузулгандыгы аныкталды.

3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын референдумунда добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндөгү протоколун түзүүдө көрсөтүлгөн референдум участкаларындагыдобуш берүүнүнжокко чыгарылган жыйынтыктарыэске алынды.

 

КР БШК басма сөз кызматы

 

 

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>