Башкы Жаңылыктар КР БШК:“Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзам …

КР БШК:“Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзам долбоору боюнча 2016-жылдын 11-декабрындагы Кыргыз Республикасынын референдумунун (бүткүл элдик добуш берүүнүн) натыйжалары тууралуу токтом кабыл алынды

23-Дек, 2016

Бүгүн - 2016-жылдын 22-декабрындаКР БШКнын жыйынында 2016-жылдын 11-декабрындагы Кыргыз Республикасынын референдумунун (бүткүл элдик добуш берүүнүн) натыйжалары тууралуу протокол бекитилди жана КР БШКнын “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзам долбоору боюнча 2016-жылдын 11-декабрындагы Кыргыз Республикасынын референдумунун (бүткүл элдик добуш берүүнүн) натыйжалары тууралуу” №244 токтому кабыл алынды.

Токтомдо минтип белгиленет: “Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 106-беренесине, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (мындан ары – Конституциялык мыйзам) ылайык, “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 3-ноябрындагы № 174 Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) 2016-жылдын 11-декабрында “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын референдумун (бүткүл элдик добуш берүүнү) даярдоону жана өткөрүүнү камсыз кылды.

Конституциялык мыйзамдын 37-беренесине ылайык Борбордук шайлоо комиссиясы, шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча аймактык шайлоо комиссияларынын тиешелүү аймактар боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорунун негизинде, аларда камтылган маалыматтарды кошуу жолу менен 2016-жылдын 11-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын референдумунун натыйжалары жөнүндө протокол (мындан ары – референдумдун натыйжалары жөнүндө протокол) түздү.

Ошол эле учурда Борбордук шайлоо комиссиясынын 2016-жылдын 22-декабрындагы №243 токтомуна ылайык, референдумдун натыйжалары жөнүндө протокол түзүлгөндө, добушберүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылган референдум участкалары боюнча маалыматтар жокко чыгарылгандыгы эске алынды. Референдумдун натыйжалары жөнүндө протоколго ылайык: Референдумдун катышуучуларынын тизмесине киргизилген жарандардын жалпы саны 2 816 423; Добуш берүүгө катышкан референдумдун катышуучуларынын саны 1 190 752 же референдумдун катышуучуларынын тизмесине киргизилген жарандардын жалпысанынын 42,44 пайызы; Добушка коюлган суроого “МАКУЛ” деп жооп берген референдумдун катышуучуларынын саны 948 185 же добуш берүүгө катышкан референдумдун катышуучуларынын санынын 79,63 пайызы; Добушка коюлган суроого “КАРШЫ” деп жооп берген референдумдун катышуучуларынын саны 185 140 же добуш берүүгө катышкан референдумдун катышуучуларынын санынын 15,55 пайызы.

“Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 37-беренесине жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КыргызРеспубликасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 24-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-декабрындагы Кыргыз Республикасынын референдумунун (бүткүл элдик добуш берүүнүн) натыйжалары жөнүндө протоколу бекитилсин (тиркелет). 2. “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 3-ноябрындагы № 174 Мыйзамына ылайык долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын референдумуна (бүткүл элдик добуш берүүгө) чыгарылган “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүү) болуп өттү деп табылсын. 3. “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 3-ноябрындагы № 174 Мыйзамына ылайык долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) чыгарылган жана “ЭркинТоо” газетасынын 2016-жылдын 4-ноябрындагы № 94 санына жарыяланган “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2016-жылдын 11-декабрында референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) кабыл алынды деп эсептелсин. 4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн. 5. Бул токтом “ЭркинТоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоожана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

 

Төмөн турган шайлоо комиссияларынын протоколдорунун жалпы кошунду маалыматтары боюнча жыйынды таблица

КР БШК басма сөз кызматы 


Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү
10-Окт, 2026

«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү

Бишкек шаарындагы «Маариф» окуу-билим берүү комплексинде 2026-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын БШКсынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун өкүлдөрү 9-класстын окуучулары жана билим берүү мекемесинин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.Борбордун өкүлдөрү «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин директору Мехмет Черчикая менен жолугушуп, кызматташуунун келечегин, ошондой эле жаш муунду тарбиялоо, окуучулардын укуктук жана шайлоо маданиятын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.Жолугушууга Бишкек шаарынын мектептеринин Президенттер кеңешинин өкүлдөрү Ясин Мырсабеков жана Адинай Токтобекова да катышып, окуучуларга Мектеп президенттери кеңешинин келечектеги түзүмүн тааныштырышты.Иш-чара «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин мектеп парламентинин Президентин шайлоонун алдында өттү. Аталган шайлоо 2026-жылдын 12-октябрында болот жана ага КР БШКсынын эксперттери шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча уюштуруучулук-методикалык жардам көрсөтүшөт: добуш берүү урналарын беришет, байкоочуларды тартууга көмөк көрсөтүшөт жана шайлоону уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча консультациялык жардам беришет.Жолугушуунун программасына «Шайлоо жана жаштар» аттуу видеороликти көрсөтүү жана талкуулоо, №68 орто мектеби парламентинин президентинин сөзү, суроо-жооп сессиясы, ошондой эле «Шайлоо жөнүндө эмнени билем?» аттуу викторина кирди. Викторинанын жеңүүчүлөрү жана активдүү катышуучулары ЖБШТБ тарабынан эстелик байгелер менен сыйланышты. Иш-чарага жалпысынан 9-класстын 109 окуучусу катышты.Мындай жолугушууларды өткөрүү жаштардын шайлоо маданиятын жогорулатуу үчүн маанилүү. Мектеп партасынан баштап потенциалдуу шайлоочулар менен иштөө шайлоого аң-сезимдүү мамиле жасоону, ар бир добуштун баалуулугун түшүнүүнү жана өлкөнүн коомдук-саясий жашоосуна жоопкерчиликтүү катышууга даярдыкты калыптандырууга мүмкүндүк берет.
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>