Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
И. Еркеев Кара-Көл шаарынын мэри болуп шайланды
Бүгүн 2016-жылдын 21-июлунда Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэрин шайлоо болуп өттү. КСДП партиясынын атынан көрсөтүлгөн Еркеев Ильяз Марсович Кара-Көл шаарынын мэри болуп шайланды. Ага 20 депутат добуш берди.
КР БШК Басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
“Шайлоо системасын реформалоо аркылуу демократияны чыңдоо” долбоору боюнча ЕС биринчи траншы Кыргызстанга августтун башталышында берилиши мүмкүн
БШКда 2016-жылдын 8-июлунда уюшулган “Шайлоо системасын реформалоо аркылуу демократияны чыңдоо” ЕС долбоору боюнча Көзөмөлдөө комитетинин биринчи жыйыны КР Президентинин Аппаратынын, Өкмөттүн, финансы министрлигинин, тышкы иштер министрлигинин, экономика министрлигинин, МКК өкүлдөрүнүн, Европа Биримдиги КРгы өкүлчүлүгүнүн, жарандык коомдордун катышуусу менен болуп өттү.
Көзөмөлдөө комитетинин милдети болуп шайлоо системасын реформалоонун индикаторуна жетиштиктин мониторинги эсептелет. Жыйында, мурда Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы Келишимдин алкагында билдирилген шайлоо реформасына жетиштик боюнча мындан аркы чаралардын планы каралды.
КР БШК төрагасы Н.Шайлдабекова планга комментарий берип жатып, сунушталган бардык чаралар Кыргыз Республикасынын Туруктуу өнүгүүсүнүн улуттук стратегиясында белгиленген шайлоо реформасынын негизги жолун ишке ашырууга багытталгандыгын тактады. Реформанын алкагында бир катар чаралар ишке ашырылгандыгы белгиленди, бирок калктын шайлоо процессине ишенимине жетиштигин жогорулатуу үчүн чоң иштер алдыда тургандыгы айтылды.
БШКнын ишинин маанилүү аспектиси болуп бардык коомчулукту жарандардын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча күч аракеттерин интенгарциялоо үчүн жарандык жана эксперттик жамааттын өз ара аракетин кеңейтүү болуп калмакчы.
Еврокомиссия өкүлчүлүгү К.Хоктун атынан жарандардын шайлоолорго ишенимин жогорулатуу жана шайлоо процессинин айкындуулугун жогорулатуу сыяктуу индикаторлордун натыйжалуулугуна жетиштикте прогресс болгондугун белгиледи. Бюджетти колдоого 5 млн. евро өлчөмүндө биринчи транш августа айынын башында берилээрин маалымдады.
Көзөмөлдөө комитетинин мүчөлөрү бул багытта өз ара аракеттер боюнча сунуштарды жана пикирлерди талкуулашты.
Көзөмөлдөө комитетинин жыйындары кварталда бирден кем эмес өтүп турат.
КР БШК Басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
2016-жылдын 15-июлунда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Ж.А.Саматовдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө КР БШК токтомун негиздүү жана мыйзамдуу деп тапты
8-июлда КР БШК Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын эл аралык тапшырманын материалдарынын, анда Ж.А.Саматовдун Россия Федерациясынын граждандыгы фактысы такталгандыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.А.Саматовдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.
КР БШК чечими менен макул болбогон Ж.А.Саматов КР БШК чечими мыйзамсыз деп Биринчи май райондук сотуна талап менен кайрылды. КР БШК чечимин жокко чыгаруунун таризи Ж.А.Саматовдун өкүлүнүн айтуусунда ал Россия сотунун чечимин алуу керектиги, анда Ж.А.Саматов РФ жарандыгын алгандан баш тартат жана РФ жарандыгынын паспортун жараксыз деп тааныйт.
Белгилей кетмекчибиз, Казань шаарынын Авиакурулуш райондук сотунун маалыматына ылайык:
1) 24.05.2016-ж. Жарандык сот өндүрүшү тартибинде иш каралбагандыгына байланыштуу жогорудагы сот тарабынан Ж.А.Саматов РФ жараны эместиги экендигин белгилөө жарандык иш өндүрүшү тартибинде каралбгандыктан кароого алынбаган. Аталган аныктамада Саматов Ж.А. тарабынан “Россия Федерациясынын жараны жөнүндө” РФ мыйзамынын негизинде тездетилген тартипте Россия жарандыгын алууга арыз берилген, арыз берүүчү РФ жарандыгына кабыл алынганы такталган.
2) 26.05.2016ж. Россия УФМС мыйзамсыз аракеттерине карата Ж.А.Саматовдун доо арыздарын кабыл алуу, Ж.А.Саматовдун РФ жарандыгын алуу жана паспорт берүү мыйзамсыз экендигин таануу четке кагылган, анткени Россия жарандыгын алуу жана токтотуу маселеси административдик сот өндүрүшүндө каралган эмес.
Казань шаарынын Вахитов райондук сотунун маалыматына ылайык:
14.07.2016-ж. РФ жаранынын паспортун берүүнү жараксыз деп табуу жөнүндө Ж.А.Саматовдун арызы боюнча иш өндүрүшү кабыл алынбагандыгы иш граждандык сот өндүрүшү тартибинде каралбагандыгына байланыштуу.
Биринчи май райондук соту өзүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы чечиминде “Россиянын сотторуна үстүбүздөгү жылдын 16 жана 25-июлундагы арыздарында Ж.А.Саматов Россия Федерациясынын паспортун алгандыгын танбайт” жана бүгүн анын доо арызы Биринчи май райондук сотунда каралганда ал парламенттин депутаттыгына кандидаттыкка каттоодо, кийин Жогорку Кеңештин депуттаттыгына каттоодо Россиянын жарандыгынан чыккандыгы тууралуу сотко далил бербегендигин белгилейт.
Биринчи май райондук соту 22.01.1993ж. Минск конвенциясына ылайык эл аралык укуктук жардамдарды көрсөтүү тууралуу эл аралык тапшырма берүү алкагында КР Башкы прокуратурасы алган материалдар Ж.А.Саматовдо Россия Федерациясынын жарандыгы бардыгын тастыктайт, ушундан улам сот Кыргыз Республикасынын мурдагы депутаты Жыргалбек Саматовдун Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 08.07.2016-ж, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө” токтомдорун мыйзамсыз жана жокко чыгаруу доо арызын четке какты.
КР БШК Басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
КАЙРЫЛУУ
Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары жана саясий партиялардын өкүлдөрү!
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, участкалык шайлоо комиссияларынын (мындан ары – УШК) курамдары жана резервдери тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларынын (мындан ары – АШК) 2014-жылдагы чечимдеринин негизинде 2 жылга түзүлгөн. УШКлардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү ушул жылы аяктайт.
Азыркы учурда, УШКлардын жаңы курамын түзүү үчүн көпчүлүк УШКнын резервдеринде саясий партиялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын өкүлдөрүнүн зарыл саны жок болууда.
Ушуга байланыштуу, БШК участкалык шайлоо комиссияларынын резервдерине саясий партиялардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан өкүлдөрдү көрсөтүүнү жарыялайт.
УШКнын мурдагы резервинде турган саясий партиялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын талапкерлери кайрадан өз талапкерлигин көрсөтө алышат.
Мыйзамга ылайык, УШКлары эки жылдык мөөнөткө тиешелүү УШКнын резервинде турган адамдардын ичинен кеминде жети мүчөдөн кем эмес курамында, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн экиден бир бөлүгүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн экиден бир бөлүгүнүн курамында түзүлөт. Участкалык шайлоо комиссиясынын резерви беш жылдык мөөнөткө түзүлөт.
Участкалык шайлоо комиссиялар – жарандардын шайлоо укуктарын коргоону жана ишке ашырууну камсыз кылган шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштурган коллегиалдык орган болуп саналат. Участкалык шайлоо комиссияларынын курамындагы иш жоопкерчиликтүү жана шайлоо мыйзамдарына ылайык так жүргүзүлүүгө тийиш.
Ошол себептен, УШКларынын курамына жана резервине талапкерлерди көрсөтүүдө жарандардын макулдугун, алардын шайлоо комиссияларынын ишине даярдык денгээлин, иш тажрыйбасын эске алуу зарыл.
УШКларынын резервине шайлоочулардын чогулушунан, коомдук бирикмелерден талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдору чогулуштун төрагасынын жана катчысын колтамгасы менен күбөлөндүрүлүшү керек. Протоколго чогулушка катышкандардын жашаган жери көрсөтүлгөн жана кол тамгалары менен күбөлөндүрүлгөн тизмеси тиркелүүгө тийиш.
Саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү алардын уставына ылайык жүргүзүлөт. АШКга саясий партиянын жетекчисинин (же чогулуштун төрагасынын) колтамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүргөн тийиштүү документ тапшырылат.
Жогоруда көрсөтүлгөн документтерге төмөнкүлөр тиркелет:
-участкалык шайлоо комиссиялардын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө талапкердин арызы жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо жөнүндө милдеттенмеси;
-паспортунун көчүрмөсү;
-иштеген, окуган жерин, билимин көрсөтүү менен өмүр баянына тиешелүү маалыматтары (кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракчасы же резюмеси);
-байланыш маалыматтары: жашаган жеринин дареги, телефону.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин негизинде төмөнкүлөр УШКнын мүчөсү боло албайт:
- Жогорку Кеңештин депутаты, жергиликтүү кеңештин депутаты;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары;
- судья, укук коргоо жана фискалдык органдын кызматкери, аскер кызматчысы;
- талапкер, талапкердин жана саясий партиянын өкүлү;
- башка мамлекеттин жарандыгы бар адам;
- мыйзамда белгиленген тартипте, соттуулугу алып салынбаган же жоюлбаган адам;
- башка шайлоо комиссиясынын мүчөсү.
Шайлоочулардын чогулушунан, коомдук уюмдардан УШКларынын курамдарына жана резервдерине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2016-жылдын 1-августунун саат 9-00дөн 18-00гө чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарында кабыл алынат жана тиешелүү жергиликтүү кеңештер же жергиликтүү кеңештердин биргелешкен жыйналыштары тарабынан АШКга берилет.
УШКларынын курамдарына жана резервдерине саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2016-жылдын 1-августунун саат 9-00дөн 18-00гө чейин АШКда кабыл алынат.
“Шайлоо комиссияларын түзүү жана таратуу тартиби жөнүндө” жана “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө”жоболор, УШКларынын курамдарына жана резервдерине талапкерлерди көрсөтүү үчүн зарыл документтердин үлгүлөрү менен БШКнын расмий сайтынан таанышсаңыздар болот.
Кененирээк билүү >>
Өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоолору дайындалды
Бүгүн, 25-апрелде КР БШКнын отурумунда 2016-жылдын 13-апрелинде өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Тепке айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдор бекитилди.
Кыргыз Республикасынын Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Ысык-Көл жана Чуй облустарынын 22 жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо 11-майдан 13-майга чейин өткөрүлөт.
Ошондой эле, БШК мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндөгү Аламүдүн, Ысык-Ата, Жайыл, Токмок, Ноокен, Каракол, Жети-Өгүз жана Лейлек аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитишти.
Мындан тышкары, Чүй облусунун Аламүдүн, Жалал-Абад облусунун Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөр киргизилди.
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын делегациясы Корея Республикасынын Улуттук чогулушунун депутаттарынын 20-шайлоосуна байкоочу катары катышты
Кыргыз Республикасынын өкүлдөрү Корея Республикасынын Улуттук чогулушунун депутаттарынын 20-шайлоосуна байкоочу катары катышты.
Делегациянын курамына Жогорку Кеӊештин депутаты Иса Омүркулов, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеӊештин Регламенти боюнча комитетитинин секторунун башчысы Шабданбек Алишев жана БШКнын аппарат жетекчисинин орун басары Айбек Жолбунов кирди.
Шайлоого чейин 12-апрелде Кыргызстандан барган делегаттар 2016-жылдагы шайлоо системаларды өркүндөтүү боюнча Сеулдук эл аралык форумга катышты. Форумдун алкагында Шайлоо органдарынын дүйнөлүк ассоциациясынын башкы секретары (A-WEB) 2015-жылдагы жаӊы маалыматтык-коммуникациялык технологиялар колдонулган Кыргыз Республикасында өткөн парламенттик шайлоосуна өзгөчө көӊүл бурду. Башкы секретарь маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонунуунун натыйжасында Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоосу таза жана адилеттүү өткөрүлгөндүгүн белгиледи.
Форумдун жүрүшүндө БШКнын аппарат жетекчисинин орун басары Айбек Джолбунов өзүнүн баяндамасында 2015-жылдын 4-октябрындагы парламенттик жана 2016-жылдын 27-мартындагы айрым жергиликтүү кеӊештердин депутаттарын шайлоодо маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуунун оӊ тажрыйбасын айтып өттү.
Шайлоо күнү, 13-апрелде Кыргызстандан делегациясынын мүчөлөрү Сеул шаарындагы шайлоонун жүрүшүнө байкоо жүргүздү.
Улуттук чогулуштун депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыгын чыгарып жатып, делегаттар шайлоо жогорку деӊгээлде жана атаандаштыкта өткөндүгүн белгилешти.
Кененирээк билүү >>
БШКнын отуруму өткөрүлдү
Бүгүн, 13-апрелде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын отуруму өткөрүлүп, 2016-жылдын 4 жана 8-апрелинде өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдор бекитилди.
Мындан тышкары, БШКнын мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитишти.
Ошондой эле, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Шайдан жана Орток айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2016-жылдын 2-майына дайындалды.
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана рефендум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий төгүндөөсү
Бүгүн 12-апрелде “АкиПресс” МАда “Члены ЦИК не пришли на круглый стол по подкупу голосов, потому что им дали указание не участвовать, - Д.Ошурахунова” аталышындагы макала жарыяланган.
КР БШКсы, Динара Ошурахунованын 12-апрелде өткөрүлгөн “Добушту сатып алуу Кыргызстандын келечегине коркунуч” тегерек столго БШКнын мүчөлөрү тиешелүү буйрук берилгендигине байланыштуу, келбегендиги тууралуу сөздөрүн четке кагат.
Уюштуруучулардан бул иш-чарага чакыруу каты БШКнын жетекчилигине гана даректелген.
КР БШКнын төрагасынын орун басарынын бири тегерек столдун ишине катышкан. Төраганын башка орун басары тегерек стол өтүп жатканда расмий чакыруу телефонограмма келгендигине байланыштуу Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин отурумуна катышкан.
БШКнын мүчөлөрү расмий кагаз түрүндө бул иш-чарага чакыруу кат алышкан эмес.
Кененирээк билүү >>
БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдраимовго РФ БШКнын Ардак грамотасы ыйгарылды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимовго Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Ардак грамотасы ыйгарылды, бул грамота РФ БШКнын жогорку ведомстволук сыйлык болуп саналат.
Туйгунаалы Абдраимов РФ БШКнын Ардак грамотасы менен шайлоо системасы чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты камсыздоодо зор салымын кошкондугу үчүн ыйгарылды.
“Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясындагы 9-жылдык эмгек мөөнөтүмдү аяктап жатып, сизге узак жана үзүрлүү кызматташкандык үчүн терең ыраазычылыгымды билдирем. Биздин өлкөлөрүбүздүн шайлоо органдардын ортосундагы кесиптик өз ара аракеттенүүсү жаңы формаларга жана маңызга ээ болуп, мындан ары дагы өнүгөт деп ишенем” – РФ БШКнын төрагасы Владимир Чуров өз кайрылуусунда белгилеп кетти.
Кененирээк билүү >>
2016-жылдын 15-майында Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү кеӊештердин кезектеги жана мөөнөтүнөн мурда шайлоосу өткөрүлөт
Кыргыз Республикасынын Президентинин № 57 жарлыгына ылайык, 2016-жылдын 15-майында Ош облусунун өзгөн районунун Алтын-Булак жана Мырза-Аке, Араван районунун Тепе-Коргон жана Нарын облусунун Жумгал районунун Чоӊ-Дөбө айылдык кеӊештеринин депутаттарын шайлоосу өткөрүлөт. Ушул эле күнү, Кыргыз Республикасынын Президентинин № 67 жарлыгына ылайык, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кумбел айылдык кеӊешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоосу өткөрүлөт.
Ош облусунун өзгөн районунун 11 мандаттуу Алтын-Булак айылдык кеӊешинин депутаттарын шайлоо 2 округда, 21 мандаттуу Мырза-Аке айылдык кеӊешинин депутаттарын шайлоо 4 округда, Ош облусунун Араван районунун 21 мандаттуу Нурабад айылдык кеӊешинин депутаттарын шайлоо 3 округда жана 31 мандаттуу Тепе-Коргон айылдык кеӊешинин депутаттарын шайлоо 5 округда, Нарын облусунун Жумгал районунун 11 мандаттуу Чоӊ-Дөбө айылдык кеӊешинин депутаттарын шайлоо 1 округда болот.
Жергиликтүү кеӊештердин депутаттарын шайлоосун өткөрүү жана даярдоо үчүн бекитилген чыгымдардын сметасын 4 177 400 сом түздү.
Мөөнөтүнөн мурда Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун 11 мандаттуу Кумбел айылдык кеӊеши жергиликтүү кеӊештердин депутаттарын шайлоо 2 округда өтөт. Күмбел айылдык кеӊешинин мөөнөтүнөн мурда шайлоого чыгымдардын сметасы 153400 сомду түздү.
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кумбел айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүгө чыгымдардын сметасы жана иш-чаралар тууралуу календарлык планы бекитилди
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кумбел айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүгө чыгымдардын сметасы жана иш-чаралар тууралуу календарлык планы бекитилди
Бугун, 2016-жылдын 4-апрелинде БШКнын отурумунда Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кумбел айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасы жана иш-чаралар тууралуу календарлык планы бекитилди. Шайлоо 2016-жылдын 15-майында өтөт.
Ошол эле отурумда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2016-жылдын 22-апрелине белгиленди. Айыл өкмөтүнүн башчысы өзүнүн берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо, шайлоо алдындагы үгүткө катышууну каалаган жалпыга маалымдоо каражаттардын көңүлүнө
Кыргыз Республикаснын Президентинин 2016-жылдын 31-мартындагы “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө” №67 Жарлыгы дайындалды. Шайлоо 2016-жылдын 15-майында өтөт.
Ушуга ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (Борбордук шайлоо комиссия) шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышууну каалаган жалпыга маалымдоо каржаттарын аккредитациялоонун башталышы тууралуу жарыялайт.
“Жергиликтүү кеңештердин депуттатарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 22-беренесинин 20-бөлүгүнө ылайык, шайлоо өткөрүүдө обо убактысына жана басма сөз аянтына акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтар шайлоо алдындагы үгүткө катышууну каалаган Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттары тарабынан шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин 10 календарлык күндөн кечиктирилбестен жарыяланууга жана Борбордук шайлоо комиссиясына берилүүгө тийиш.
“Жергиликтүү кеңештердин депуттатарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 24-беренесинин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөндөй талапкерлерге, саясий партияларга жана шайлоо топторуна үгүт жүргүзүү үчүн акы төлөөнүүчү обо убактысынын наркы, шайлоону дайындаган күнгө чейинки 6 ай мурда алынып жүргөн нарктан ашпоосу керек.
“Жергиликтүү кеңештердин депуттатарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 24-беренесинин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөндөй талапкерлерге, саясий партияларга жана шайлоо топторуна үгүт жүргүзүү үчүн акы төлөөнүүчү обо убактысынын наркы, шайлоону дайындаган күнгө чейинки 6 ай мурда алынып жүргөн нарктан ашпоосу керек.
Ушул эле Мыйзамдын 25-беренесинин 2-бөлүмүнө ылайык, талапкерлерге, саясий партияларга жана шайлоо топторуна басма аянттардын берген мезгилдүү басылмалар менчигинин түрүнө карабастан ошондой эле шарттарда 9баанын, көлөмдүн бирдейлиги жана башка шарттар) башка талапкерлерг, саясый партияларга басма аянттарын берүүгө милдеттүү. Мында басма аянтынын наркы шайлоону дайындаган күнгө чейинки 6 ай мурда алынып жүргөн нарктан ашпоосу керек.
Шайлоо алдындагы үгүткө катышууну каалаган жалпыга маалымдоо каражаттар төмөнкү документтерди тапшырууга тийиш:
1) БШК төрагасынын атына арыз;
2) Юридикалык жактын каттоо күбөлүгү;
3) ЖМКны каттоо күбөлүгү;
4) ЖМК уставынын көчүрмөсү;
5) Лицензия (радио жана телеканалдар)
6) Төлөмдөрдүн өлчөмдөрү жана шарттары жарыяланган газетанын номеринин көчүрмөсү.
Шайлоо алдындагы үгүткө катышууну каалаган интернет маалымат кызматтары төмөнкү документтерди тапшырууга тийиш:
1) БШКтөрагасынын атына арыз;
2) Юридикалык жактын каттоо күбөлүгү;
3) ЖМК уставынын көчүрмөсү;
4) Лицензия (радио жана телеканалдар)
5) Төлөмдөрдүн өлчөмдөрү жана шарттары жарыяланган газетанын номеринин көчүрмөсү.
Документтерди кабыл алуу мөөнөтү: 2016-жылдын 8-апрели саат 18:00дөн кечикпей тапшырылышы зарыл.
Документтер төмөнкү даректе кабыл алынат:
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
Бишкек шаары, Раззаков көч. 59
Толук маалымат үчүн 0312-62-01 50 телефон аркылуу кайрылууңуздарды өтүнөбүз.
Пресс-служба ЦИК КР
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын атайын өкүлү дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтып, азасын теӊ бөлүшөбүз
АЛЫКУЛОВ
Тыныбек Маматжанович
Алыкулов Тыныбек Маматжанович 1959-жылдын 25-мартында Жалал-Абад областынынын Тогуз-Торо районундагы Совет айылында жарык дүйнөгө келген. Ал К.И. Скрябин атындагы айыл чарба институтунда билим алып, өзүнүн эмгек жолун 1985-жылы «Ош мелиорация жана суу чарба» трестинин Ленин атындагы ПМКсында техник-геодезист кызматынан баштап башкы инженер кызматына чейин жеткен. 1995-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин биринчи чакырылышынын депутаты болуп шайланып, депутаттар бир добуштан аны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Эл өкүлдөр жыйынынын өнөр жай, куруу, транспорт, энергетика жана байланыш маселелери боюнча комитетинин төрагасы кылып шайлашкан.
1998-жылы Кыргыз Республикасынын Айлана-чөйрөнү коргоо министри болуп дайындалган, 2000-жылы Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мамлекеттик экологиялык көзөмөлдөө жана жаратылышты пайдалануу департаментинин жетекчиси болуп иштеген.
2003-жылы Чүй облусунун бассейндик суу чарба башкармалыгынын начальнигинин орун басары кызматына которулган. 2005-2006-жылдары Кыргыз Республикасынын Президенттик иш башкармалыгынын «Курулуп жаткан мекемелердин мамлекеттик дирекциясы» мамлекеттик мекемесинин директору, 2011-жылы «Нарынгидроэнергокурулуш» ААКнын директорлор кеӊешинин төрагасы болуп эмгектенген. 2013-жылдан тартып ушул күнгө чейин Тыныбек Маматжанович КР БШКнын Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясындагы атайын өкүлү болуп иштеп келе жаткан.
Тыныбек Маматжанович кайсы тармакта эмгектенбесин кыргызстандыктар үчүн жогорку деӊгээлдеги адис, жетекчи катары эстеринде калды. Ал өзүнүн коллегаларынын, шайлоочуларынын жана эл арасында сый-урматка жеткен, тажрыйбалуу башкаруучу экенин көрсөттү.
Алыкулов Тыныбек Маматжановичтин дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтып, азасын теӊ бөлүшөбүз. Маркумдун жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.
Т.Д. Абдраимов, А.Т. Шайымкулова, Г.К. Джурабаева, Ж.А. Акматов, А.Т. Асаналиев, Н.А. Ашимов, Г.М. Баатырова, Ж.Б. Бапанова, А.Ж. Баялинов, Р.Б. Бекбасаров, А.Р. Жолбунов, М.А. Токтоболотов, Н.Н. Давкина, М.И. Аргымбаев жана БШКнын аппарат кызматкерлери
Кененирээк билүү >>
27 жергиликтүү кеӊештердин депутаттарын шайлоо аяктады
6 шаардык жана 21 айылдык кеӊештердин кезектеги жана мөөнөтүнөн мурда шайлоосу болуп өттү. Жергиликтүү кеӊештердин депутаттарын шайлоосунда биринчи жолу Автоматтык эсептөөчү урна жана шайлоочулардын биометрикалык идентификациясы колдонулган. Бул тажрыйба күзүндө боло турган жергиликтүү кеӊештердин депутаттарын шайлоодо дагы колдонулат.
Пресс конференциянын жүрүшүндө, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасыТуйгунаалы Абдраимов, шайлоо тынч абалда өткөнүн белгиледи.
Шайлоочулардын катышуусу баардыгы 56% түздү. Шайлоого Ош шаарынын тургундары активдүү катышып, ал жерде 62,32 % түздү.
Шаардык кеӊештерке төмөнкү партиялар өтүштү:
Каракол шаары:
СП «Табылга» – 28.51%, КСДП– 13.99%, СП «Кыргызстан» – 10.25%, СП «Республика – Ата-Журт» – 8.89%, СП « Ө нүгүү-Прогресс» – 8.31%.
Балыкчы шары:
СП «Замандаш» – 20.87%, СП «Кыргызстан» – 13.42%, СП «Республика – Ата-Журт» – 11.25%, КСДП– 11.11%, СП «Ө нүгүү-Прогресс» – 9.46%.
Кемин шаары:
КСДП– 35.74%, СП «Республика – Ата-Журт» – 17.42%, СП «Замандаш» – 10.13%, СП «Ө нүгүү-Прогресс» – 8.50%, СП «Улуу Кыргызстан» – 8.37%.
Токмок шаары:
КСДП-36.75%, СП «Кыргызстан» – 20.03%, СП"АК" -11.79%, СП «Республика – Ата-Журт» – 10.45%.
Ош шаары:
КСДП– 30.61%, СП «Кыргызстан» – 15.73%, СП «Мекеним Кыргызстан» – 11.89%, СП «Республика – Ата-Журт» – 9.74%, СП «Бир Бол» – 8.52%, СП «Ө нүгүү-Прогресс» – 8.08%.
Майлуу-Суу шаары:
СП «Республика – Ата-Журт» – 40.21%, КСДП – 37.98%, СП «Өнүгүү-Прогресс» – 9.97%, СП «Ата-Мекен» – 7.91%.
Бул алдын ала берилген маалыматтар, акыркы жыйынтыктар колго саналган протоколдордун негизинде белгилүү болот-деп Туйгунаалы Абдраимов маалымдады.
Кененирээк билүү >>
Добуш берген шайлоочулардын катышуусу тууралуу онлайн-режиминде маалымат
Бүгүн өтүп жаткан шайлоодо добуш берген шайлоочулардын катышуусу тууралуу онлайн-режиминде маалымат http://ess.shailoo.gov.kg// сайтында жарыяланууда.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов брифинги өткөрүлдү
Бүгүн, 27-мартта айрым айылдык жана шаардык кеңештеринин депутаттарын кезектеги жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүп жатат.
Шайлоо 6 шаарда жана 21 айылда өтүп жатат. Шайлоого 24 саясий партия катышууда.
Шайлоочулардын катышуусу азыркы саатка карата: Чүй облусу – 9.68%, Ысык-Көл облусу – 7.73%, Жалал-Абад облусу – 11.37%, Нарын облусу – 10.77%, Баткен облусу – 10.78%, Ош облусу - 5.6% жана Ош шаары -12.62% түздү.
“Жалпысынан шайлоо штаттык абалда өтүп жатат, Ош шаары боюнча кээ бир мүчүлүштүктөр болду, шайлоочуларды идентификациялоо аппараты бузулуп, ошондуктан элдер бир жарым саат күтүп калыптыр, бирок кийинчирээк бул мүчүлүштүктөр жокко чыгарылды”, - деп БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов брифингде белгиледи.
Төрага өз сөзүндө, эл аралык тажырыйбада жергиликтүү деңгээлдеги шайлоолорду уюштуруу президенттик же парламенттик шайлоону уюштурууга салыштырмалуу татаал деп эсептелинет.
“Бул шайлоого 56 ар түрдүү бюллетень басылып чыгарылды. Айрым участкаларда бюллетендин узундугу 70 см.ге чейин жетти, мисалы, Милянфан айылында 11 мандатка 91 талапкер катталган”, деп төрага белгилеп кетти.
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
23.09.2026
Бир катар шайлоо участокторунун даректери өзгөрдү
23.09.2026
Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана резервин жүргүзүү тартиби бекитилди
23.09.2026
КР БШКсы бир катар шайлоо участокторунун даректерин өзгөрттү
23.09.2026
КР Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу тартиби жана “Кол чогултуу” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жоболор бекиди
23.09.2026
Айрым категориялардагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө жобо бекитилди
23.09.2026
КР БШКсы президенттикке талапкердин шайлоо фондун түзүү жана каражаттарын эсепке алуу тартибин бекитти