Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

 КР БШК:жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочуларды сатып алууга каршы аракеттенүү жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча укук коргоо органдары менен биргелешипөз ара аракеттенүү механизмдери иштелип чыкты
11.11.2016

КР БШК:жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочуларды сатып алууга каршы аракеттенүү жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча укук коргоо органдары менен биргелешипөз ара аракеттенүү механизмдери иштелип чыкты

2016-жылдын 11-ноябрында прокуратуранын региондук бөлүмдөрүнүн жана ички иштер органдарынын жетектөөчү курамы үчүн “2016-жылыжергиликтүү кеңештерге шайлоо убагында шайлоочуларды сатып алууга каршы аракеттенүү жана коопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүү” деген темада 4 күндүк семинар-тренинг аяктады.Семинар2016-жылдын 8-11-ноябрында Бишкек жана Ош шаарларында болуп өттү. Иш-чаранын алкагында аймактык шайлоо комиссияларынын, ИИМдин жана Башкы прокуратуранын региондук бөлүмдөрүнүн жетекчилери, ошондой эле жарандык коомдун өкүлдөрү жергиликтүү кеңештерге шайлоо убагында жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана шайлоочуларды сатып алууга каршы аракеттенүү боюнча өз ара аракеттенүү механизмдерин иштеп чыкты. Семинардын жүрүшүндөБишкек, Ош шаарларынын, Талас, Чүй, Нарын, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынынички иштер жанапрокуратура органдарынын жетектөөчү курамышайлоо процессинин эң маанилүү өңүттөрүн, анын ичинде жергиликтүү кеңештерге шайлоону уюштуруунун жана өткөрүүнүн негизги этаптарынын маселелерин, шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү эрежелеринин өзгөчөлүктөрүн талкуулашты. Борборшайкомдун башчысы Нуржан Шайлдабекова өз сөзүндө буларды белгиледи: “Шайлоо мыйзамдарына сатып алуу үчүн жаза чаралары күчөтүлгөн өзгөртүүлөр киргизилүүдө. Сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдө, биринчиден, добуштарды сатып алуу үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылуучу субъектилердин чөйрөсү кеңейтилүүдө, экинчиден, сатып алуу боюнча иштерди иликтөө ички иштер органдарынатак аныкталып, берилүүдө, үчүнчүдөн, шайлоочуларды сатып алуу үчүнжаза күчөтүлүүдө.” БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар БекматовОш шаарында кеңешме өткөрүп, аймактык жана участоктук шайлоо комиссияларынын аймактарында коомдук тартипти камсыздоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле, ал облустун укук коргоо органдарын “таза шайлоону өткөрүүнү камсыздоодо жана саясий партиялар, жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка талапкерлер тарабынан шайлоочуларды сатып алуу көрүнүштөрүнө каршы күрөшүүдө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүүгө” чакырды. Семинардын жүрүшүндө БШКнын мүчөсү Гульнар Джурабаева БУУнун Өнүктүрүү долбоорунун эксперттери менен Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарындагы концепциялуу жоболорду жана өзгөртүүлөрдү, шайлоо процессинин субъектилери тарабынан шайлоо мыйзамдарын бузуу маселелерин, шайлоону уюштуруунун жана өткөрүүнүн   жүрүшүндөмамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көзөмөл жүргүзүү боюнча жол-жоболорду талкуулашты. Семинардын аягында иш-чаранын катышуучулары сатып алуу проблемасын чечүүдө биргелешип аракеттенүү боюнча сунуштамаларды иштеп чыгышты.БШК, ошондой эле, укук коргоо органдары менен биргелешип, райондук, шаардык деңгээлде шайлоо комиссияларынын укук коргоо органдары мененөз ара аракеттенүүнүн жана байланышып туруунун схемаларын иштеп чыкты. Семинарды мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана шайлоо комиссияларынын өз ара аракеттенүү боюнча чараларды талкуулоо жана иштеп чыгуу максатындаБУУнун Өнүктүрүү долбоорунун жана Швейцария Конфедерациясынын Кыргыз Республикасындагыэлчилигинин колдоосу астында КР БШК менен “Жарандык платформа” фондусу биргелешип уюштурду.     КР БШК басма сөз кызматы    
Кененирээк билүү >>
БШККыргыз Республикасынын референдумунда жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуш берүү үчүн бюллетендин формасын жана корголуучу даражасын бекитти
09.11.2016

БШККыргыз Республикасынын референдумунда жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуш берүү үчүн бюллетендин формасын жана корголуучу даражасын бекитти

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйынында төмөнкү документтер бекитилди: 1) Кыргыз Республикасынын референдумунда жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуш берүү үчүн бюллетендин формасы жана корголуучу даражасы; 2) Кыргыз Республикасынын референдумунда (жалпы элдик добуш берүүдө)добуш берүү үчүн бюллетендин тексти; 3) референдумдун катышуучусунун референдумдун катышуучуларынын тизмесинде бар экени тууралуу кабарлоонун формасы; 4) Кыргыз Республикасынын2016-жылдын 16-декабрына дайындалган референдумун(жалпы элдик добуш берүүнү) өткөрүү үчүн көрнөктүн жана календардын тексттери. Жыйындын жүрүшүндө жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө  шайлоочулардын жана шайлоо процессининин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топ«Демократ» саясий партиясынын Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын (БАШК) аракетине жана чечимине даттануусуна байланыштууөз чечимин жана токтом долбоорун сунуштады. Бул маселе боюнча БШК “«Демократ» саясий партиясынын Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын аракетине жана чечимине даттануусун кароо жөнүндө” токтом кабыл алды. Аталган токтомдун 1-пункту менен БАШКнын 2016-жылдын 5-ноябрындагы“«Демократ» саясий партиясынынталапкерлердин тизмесин каттоо үчүн берилген документтерин кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө”№10 токтому жокко чыгарылды. 2-пункт менен БШК БАШКга «Демократ» саясий партиясынын документтерин кабыл алууну жана мыйзамдарга ылайык кароону тапшырды.     КР БШКнын басма сөз кызматы    
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасынын маалымат жыйыны: референдум менен жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо бир күндө – 2016-жылдын 11-декабрында өтөт
08.11.2016

КР БШКнын төрагасынын маалымат жыйыны: референдум менен жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо бир күндө – 2016-жылдын 11-декабрында өтөт

Бүгүн 2016-жылдын 8-ноябрындаБШКнын төрагасыжурналисттерди КР БШКнын “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашырууга багытталып, кабыл алган чечимдери менен тааныштырды. БШКнын төрагасы “референдум мененжергиликтүүкеңештердин депутаттарын шайлоо бир күндө – 2016-жылдын 11-декабрында” өтөрүн белгилеп, “референдумда жана жергиликтүүкеңештердин депутаттарын шайлоодо жаңы шайлоо технологиялары – жарандарды биометрикалык маалыматтар боюнча иденттештирүү жана добуштарды автоматтык түрдө эсептөөчү урналарды (АСУ) колдонуу менен автоматтык түрдө саноо пайдаланылат, бул технологияларбашка шайлоочу үчүн добуш берүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат жана шайлоочулардын добуштарын так эсепттөөнү камсыздайт”, деп айтты. Ал күнү 2 миң 365 шайлоо участогу ачылып, анын ичинде 35 участок өлкөнүн чегинен сырткары жерлерде иштейт. Дагы 32 участок башка региондордо каттоодо турган, бирок Бишкекте жашаган жарандар үчүн Бишкекте кошумча ачылат. Борборшайкомдун башчысы, ошондой эле, референдумга чыгарылган маселе боюнча үгүт ишинин катышуучуларын (“макул” жана “каршы” топторун) каттоонун тартиби жана жол-жоболору тууралуу ЖМКга маалымат берди жана “КР мыйзамдары тарабынан үгүт ишин жүргүзүү үчүн бирдей шарт түзүлгөнүн, акысыз обо убактысы жана басма аянттары “макул” жана “каршы” топторуна бирдей негиздерде берилерин” белгиледи. Шайлоочулардын тизмелерин түзүү маселелери жана чет өлкөлөрдө добуш берүү жол-жобосу тууралуу кеңири сөз болду. БШКнын төрагасы “референдумду жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн шайлоочулардын эки тизмеси - жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуш берүүчү шайлоочулардын тизмеси жана референдумдун катышуучуларынын тизмеси түзүлгөнүн” белгилеп, “референдумда өлкөбүздө же анын чегинен сырткары жерлерде жашап, консулдук эсепте турган Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин аймагында гана добуш беришет”, деп айтты. Ошондой эле, Нуржан ШайлдабековаЖМКнын өкүлдөрүн референдумга чыгарылган маселе боюнча үгүт ишине катышуу үчүн ЖМКларды КР БШКда аккредиттөө тартиби менен тааныштырды. КР БШКнын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
БШКнын  “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча референдумдун (жалпы элдик добуш берүүнүн) бардык уюштуруучуларына жана катышуучуларына КАЙРЫЛУУСУ
08.11.2016

БШКнын “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча референдумдун (жалпы элдик добуш берүүнүн) бардык уюштуруучуларына жана катышуучуларына КАЙРЫЛУУСУ

Урматтуу жарандар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын референдумунун катышуучулары! Эгемендиктин ээси жана мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы болуп саналган Кыргызстандын элинин эркин билүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктун жана 114-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору боюнча референдумду (жалпы элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу” Мыйзамды кабыл алган. Аталган Мыйзамдын 1-беренесине ылайык референдум (жалпы элдик добуш берүү) Кыргыз Республикасынын бардык аймагында 2016-жылдын 11-декабрына, жекшембиге дайындалган. Көрсөтүлгөн Мыйзамдын 3-беренеси менен добуш берүү үчүн бюллетенге киргизилүүчү суроону төмөнкүдөй берүү бекитилген: “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан долбоору референдумга (жалпы элдик добуш берүүгө) чыгарылган “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын. “ООБА”, “ЖОК” (тандап алынган квадраттагы жоопко тиешелүү белгини коюңуз)”. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) аткаруу бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара тыгыз аракеттенүү аркылуу референдумду уюшкандыкта өткөрүүнү, мыйзамдардын сакталышын контролдоону камсыз кылуу, аны даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө коомчулукка системалуу түрдө маалымат берип туруу тапшырылган. Мында, референдум жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо бир күндө - 2016-жылдын 11-декабрында өткөрүлөт. Референдумда жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жаңы шайлоо техноллогиялары – шайлоочуларды биометрикалык маалыматтар боюнча иденттештирүү жана добуштарды автоматтык эсептөөчү урналарды колдонуу менен саноо (АСУ) пайдаланылат, алар башка шайлоочу үчүн добуш берүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат жана шайлоочулардын добуштарын эсепке алуунун аныктыгын камсыз кылат. Референдумду жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн шайлоочулардын эки тизмеси түзүлөт. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуш берүүгө укугу бар шайлоочулардын тизмеси бул - шайлоо өткөрүлүп жаткан тийиштүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөсү болуп эсептелген 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жарандары. Референдумдун катышуучуларынын тизмеси бул – каттоо белгисине ылайык же шайлоо дареги жөнүндө арызы боюнча (Форма №2) тиешелүү участкадагы референдумдун катышуучуларынын тизмесине киргизилген 18 жашка толгон, Кыргыз Республикасынын бардык жарандары референдумда добуш берүүгө укуктуу. Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары! Кыргыз Республикасынын Конституциясында Кыргызстандын эли мамлекеттик бийликтин бирден бир булагы болуп эсептелери жана өз бийлигин шайлоолордо жана референдумдарда, ошондой эле Конституциянын жана мыйзамдардын негизинде мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар тутуму аркылуу ишке ашыраары белгиленген. Референдум эркин шайлоолор менен катар эл бийлигин түздөн-түз чагылдыруу болуп эсептелет. Референдум Кыргыз Республикасынын бардык аймагында өткөрүлөт. Референдумдун катышуучуларынын укуктарын ишке ашыруу, аларды тактоо, өзүлөрү жөнүндө маалымдар менен тааныштыруу, ошондой эле добуш берүүнү өткөрүү максатында ар бир участок боюнча референдумга катышуу укугуна ээ жарандардын тизмеси (референдумга катышуучулардын тизмеси) түзүлөт. Референдумду өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынан тышкары жерлерде жашаган же турган жарандардын референдумга катышуу укугу дипломатиялык өкүлдүктөр жана консулдук мекемелер аркылуу тышкы иштерди жүргүзгөн мамлекеттик орган камсыз кылат. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде жашаган же турган, консулдук эсепте турган жарандар Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин аймагында гана добуш беришет. Референдумда шайлоочулардын тизмесине добуш берүү күнүндө активдүү шайлоо укугуна ээ болгон жана “Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон өткөн баардык жарандар киргизилет. Биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар бул жол-жободон биометрикалык каттоону чогултуу пункттарынын даректерине ылайык жашаган жери боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын органдарында өтө алышат. Референдумдун катышуучуларынын тизмеси жакын арада шайлоо участкаларында илинет, ал жерден сиздер өзүңөр жөнүндө маалымдарды тактай аласыздар. Ошондой эле, бүгүнкү күнү Кыргыз Республикасынын жарандары өздөрүн шайлоочулардын тизмесинде www.shailoo.srs.kg. порталында текшере алышат, же 119 номуру боюнча (шыңгыратуу акысыз) Мамлекеттик каттоо кызматынын колл-борборуна кайрыла алышат. Түрдүү катачылыктар жана так эместиктер табылган учурда, ошондой эле Сиз шайлоочулардын тизмесинде болбой калганда, референдумда добуш берүү күнүнө чейин 15 календарлык күндөн кечиктирбестен б.а 2016-жылдын 26-ноябрына чейин тийиштүү участкалык шайлоо комиссиясына (форма №3 боюнча) ID-картанын көчүрмөсүн, ал эми Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жана турган адамдар үчүн Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортунун көчүрмөсү тиркелген арыз менен кайрылууга укуктуусуз. Аталган арыз участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кароо үчүн токтоосуз жөнөтүлөт. Биометрикалык маалымдары жок болгон учурда жаран ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга биометрикалык каттоодон өтүү үчүн жиберилет. Ошондой эле, ар бир шайлоочу добуш берүү күнүнө 15 календарлык күндөн кечиктирбестен б.а. 2016-жылдын 26-нобярына чейин тийиштүү участкалык шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун (ID-карта) көчүрмөсүн, ал эми Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган адамдар үчүн - Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортунун көчүрмөсүн тиркөө менен белгиленген үлгүдөгү арызды (форма №2) берүү аркылуу шайлоо дареги боюнча добуш берүү ниетин билдирүүгө укуктуу. Добуш берүү күнүндө референдумдун катышуучуларынын тизмесине киргизилген жарандар гана добуш берүү укугуна ээ экендигин эскертебиз. Эгерде Сиз жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын тизмесине киргизилсеңиз, анда биометрикалык иденттештирүүдөн өткөндөн кийин эки бюллетень аласыз (жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуш берүү үчүн бюллетень жана референдумда добуш берүү үчүн бюллетень). Эгерде Сиз шайлоо өткөрүлүп жаткан тийиштүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөсү болбосоңуз, анда биометрикалык иденттештирүүдөн өткөндөн кийин Сиз бир бюллетень (референдумда добуш берүү үчүн бюллетень) аласыз. Сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган же соттун өкүмү боюнча эркиндигиен ажыратылган жерлерде кармалып турган Кыргыз Республикасынын жараны референдумга катышуу укугуна ээ эмес. Урматтуу аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү! “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” конституциялык Мыйзамда белгиленген референдумду даярдоону жана өткөрүүнү, Кыргыз Республикасынын жарандарынын референдумга катышуу укуктарын ишке ашырууну жана коргоону төмөнүлөр жүзөгө ашырат: - Борбордук шайлоо комиссиясы; - шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча аймактык (райондук, шаардык) шайлоо комиссиялары (мындан ары – аймактык шайлоо комиссиялары); - шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча участкалык шайлоо комиссиялары жана референдумга катышуу укугу бар жарандардын убактылуу келген жерлеринде түзүлгөн участкалык шайлоо комиссиялары (мындан ары – участкалык шайлоо комиссиялары). Аймактык жана участкалык шайлоо комиссиялары шайлоочулардын тизмесин жана референдумдун катышуучуларынын тизмесин тактоо боюнча биринчи кезектеги чараларды көрүүлөрү, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жана референдумда жарандардын катышуу тартиби жана добуш берүү процедурасы боюнча маалыматтык–түшүндүрүү иштерин жүргүзүүлөрү зарыл. Референдумдун участкалары, алардын схемалары жана чек аралары шайлоо жана шайлоо комиссиялары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аймактык шайлоо комиссияларынын сунушу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилерин эскертебиз. Шайлоо комиссиялары референдумду даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” конституциялык Мыйзамды бузуулар жөнүндө аларга түшкөн кайрылууларды өз ыйгарым укуктарынын чектеринде кароого, ошол кайрылуулар боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүүгө жана кайрылууларга жазуу жүзүндө, бирок добуш берүү күнүнүн мурдагы күнүнөн кечиктирбестен 5 күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүү күнү же добуш берүү күнүнөн кийинки күнү - жоопторду токтоосуз берүүгө милдеттүү. Урматтуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү! “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” конституциялык Мыйзамга ылайык, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле алардын кызмат адамдары шайлоо комиссияларына алардын ыйгарым укуктарын ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө: - зарыл жабдууларды, транспорт каражаттарын берүүгө; - жайларды, анын ичинде технологиялык жабдууларды (стенддерди, үкөктөрдү, добуш берүүчү кабиналарды ж.б.), референдум өткөрүү боюнча документтерди жогору турган шайлоо комиссиясына же архивге бергенге чейин сактоо үчүн жайларды берүүгө, алардын кайтарылышын камсыз кылууга; - телефондук, интернеттик байланышты, электр менен камсыздоого (жарык берүү системасы альтернативдүү жарык берүү булагына ээ болушу керек) жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга; - зарыл маалыматтарды жана материалдарды берүүгө; - шайлоо комиссияларынын референдумду даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан кайрылууларына жоопторду кечиктирбестен берүүгө, тийиштүү маселени кошумча иликтөө же текшерүү зарыл болгондо - 3 күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүү күнү же добуш берүү күнүнөн кийинки күнү - токтоосуз жооп берүүгө милдеттүү. “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 30-беренесинин 5-пунктуна ылайык “добуш берүү үчүн жай ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жеткиликтүү болууга тийиш. Пандустардын жана кармагычтардын болушу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын добуш берүүсү үчүн жайдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу ыкмаларынын бири болуп саналат”. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына шайлоочулардын тизмесин жана референдумдун катышуучуларынын тизмесин тактоо маселелерине, жарандардын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жана референдумга катышуу тартиби жана добуш берүү жол-жобосу боюнча маалыматтык–түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө көмөктөшүүгө милдеттүү. Үгүт мезгилинде мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары «макул» топторуна, «каршы» топторуна чогулуштарды жана жарандар менен жолугушууларды, көпчүлүк алдындагы кайым айтышууларды жана талкууларды, митингдерди, демонстрацияларды, көчө жүрүштөрүн уюштурууга көмөктөшүүгө, жапырт иш-чараларды өткөрүүдө коопсуздукту камсыз кылууга милдеттүү. Мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган жайлар үгүт топторунун арызы боюнча менчиктин ээси, кожоюну тарабынан шайлоо комиссиялары белгилеген убакытка үгүт топторуна жарандар менен жолугушуулар үчүн акысыз берилет. Ошондой эле, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары референдумду өткөрүү боюнча аймактык комиссияларынын сунуштары боюнча референдум дайындалган күндөн баштап 10 календарлык күндүн ичинде б.а. 2016-жылдын 14-ноябрына чейин ар бир участканын аймагында басылма үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн атайын жайларды бөлүп жана жабдуулап берүүгө милдеттүү. Урматтуу жарандар, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү! Үгүткө катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандары референдумга чыгарылган маселе боюнча “макул” тобун же “каршы” тобун түзүүгө укуктуу. Аталган топтор Борбордук шайлоо комиссиясына каттоо жөнүндө өтүнүч менен кайрылышат, анда топтун мүчөлөрүнүн, ошондой эле, топтун атынан аракеттенүүгө ыйгарым укуктуу адамдардын фамилиялары, аты, атасынын аты, туулган датасы, жашаган жеринин дареги, паспортунун же аны алмаштыруучу документтин сериясы жана номуру көрсөтүлүүгө тийиш. Борбордук шайлоо комиссиясы 10 күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен үгүт боюнча топту каттайт. Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан катталгандан кийин демилгелүү топ, «макул» жана «каршы» топтору финансы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү дайындоого милдеттүү. Ыйгарым укуктуу өкүлдөр катталгандан кийин демилгелүү топ, «макул» тобу, «каршы» тобу референдумду демилгелөө боюнча кампанияны, референдум кампаниясынын жүрүшүндө үгүттү каржылоо үчүн өз фонддорун түзүшөт. Референдумга чыгарылган маселе боюнча үгүт добуш берүү күнүнө 24 саат калганга чейин токтотулат. Референдум маселелери боюнча үгүт төмөнкүдөй жүргүзүлүшү мүмкүн: 1) телерадио берүү уюмдарынын каналдарында жана мезгилдүү басылмалардын беттеринде; 2) массалык иш-чараларды жүргүзүү аркылуу (колдонуудагы мыйзамга ылайык чогулуштарда, жолугушууларда, көпчүлүк алдындагы кайым айтышууларда жана талкууларда, митингдерде, демонстрацияларда, көчө жүрүштөрүндө); 3) басма сөз, көрмө-укма жана башка үгүт материалдарын чыгаруу жана таркатуу аркылуу. Мамлекеттик телерадио уюмдары референдумга чыгарылган маселе боюнча үгүт жүргүзүү үчүн «макул» топко, «каршы» топко бирдей шарттарды камсыз кылууга милдеттүү. «Макул» топ, «каршы» топ мамлекеттик телерадио уюмдарынын каналдарында обо убактысын акысыз алуу укугуна ээ. Аталган обо убактысы теле жана радио программалар эң көп аудитория чогулткан мезгилге - саат 20.00 дөн 24.00гө чейинки мезгилге туура келиши керек. Мамлекеттик басма сөз басылмаларынын редакциялары референдумга чыгарылган (чыгарылуучу) маселелер боюнча үгүт жүргүзүү үчүн А4 форматынын бир бетинин өлчөмүнөн азайтпастан “макул” тобуна жана “каршы” тобуна басма аянттарын акысыз бирдей шартта камсыз кылууга милдеттүү. Мамлекеттик эмес басма сөз басылмалары “макул” тобуна, “каршы” тобуна басма басма аянтын акы үчүн бирдей негизде берүүгө милдеттүү. Мында басма аянтынын наркы референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам күчүнө киргенге чейин 6 ай мурда алынып келген нарктан ашпаш керек. Телерадио уюмдарынын каналдарындагы обо убактысы «макул» тобуна, «каршы» тобуна бирдей негизде топтун өз фондунан акы төлөө менен, ал эми “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” конституциялык мыйзамда каралган учурларда акысыз берилет. Үгүткө катышуу үчүн обо убактысына, басма аянтына акы төлөөнүн өлчөмү жана шарттары жөнүндө маалыматтар тийиштүү телерадио уюмунун, мезгилдүү басма сөз басылмасынын редакциясы тарабынан референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам күчүнө киргенден 10 календарлык күндөн кечиктирбестен б.а 2016-жылдын 14-ноябрына чейин референдумга чыгарылган маселе боюнча үгүт жүргүзүү үчүн обо убактысын, басма аянтын берүүгө даярдыгы жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына билдирүү менен жарыялоого милдеттүү. Борбордук шайлоо комиссиясында акредиттөөдөн өткөндөн кийин жалпыга маалымдоо каражаттары үгүткө катышуу укугуна ээ. Обо убактысын берүү үчүн төлөмдүн өлчөмү «макул» тобу жана «каршы» тобу үчүн бирдей болушу керек. «Макул» тобуна, «каршы» тобуна берилген төлөнүүчү обо убактысынын наркы референдум дайындалган күнгө чейин 6 ай мурда алынып келген нарктан ашпаш керек. «Макул» тобунун жана «каршы» тобунун сүйлөп жаткан сөздөрүн бөлүүгө жана аларды кандайдыр бир чечмелөөлөр менен коштоого тыюу салынат. Мамлекеттик, муниципалдык кызматчыларга, аскер кызматчыларына алар кызматтын аткаруу мезгилинде, кайрымдуулук уюмдарына жана диний бирикмелерге; шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө; чет мамлекеттердин жарандарына жана жалпыга маалымдоо каражаттарына, уюмдарына жарандыгы жок адамдарга; эл аралык уюмдарга жана эл аралык коомдук кыймылдарга үгүт жүргүзүүгө, кандай гана болбосун үгүт материалдарын таратууга тыюу салынат. Үгүт жүргүзүүдө социалдык, диний, расалык, улуттук көрө албастыкты жана душмандыкты козгогон, бийликти басып алууга, конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө жана мамлекеттин бүтүндүгүн бузууга, согушту пропагандалоого чакырган, башка мамлекеттердин мамлекеттик жана саясий ишмерлеринин сүрөтүн, фото жана көрмө материалдарын үгүт жүргүзүүдө пайдаланууга тыюу салынат. Референдумду өткөрүү боюнча комиссиялардын ишинде айкындыкты жана шайлоо стандарттары боюнча эл аралык милдеттемелерди сактоонун алкагында, мыйзам менен референдумдун жүрүшүн көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү жергиликтүү, эл аралык байкоочуларга жана жалпыга маалымдоо каражаттарына берилет. “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” конституциялык мыйзамда жергиликтүү жана эл аралык байкоочулардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн укуктары жана милдеттери, ошондой эле аларды дайындоо жана аккредиттөө тартиби кенен жазылган. Урматтуу жарандар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын референдумунун катышуучулары! Референдум - бул мамлекет үчүн жана ар бир жаран үчүн маанилүү чечимдерди кабыл алууга элди катыштыруунун бир ыкмасы, ал эми мыйзам долбоорлорун жалпы элдик добуш берүүгө чыгаруу учурунда референдум - элдин түздөн-түз укукт чыгаруучулугун көрсөтөт. Шайлоолорду жана референдумдарды уюштуруу деңгээлинде б.а баардык деңгээлдеги шайлоо комиссияларында жаңы технологияларды киргизүү менен шайлоого катышууну жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын бурмалоо мүмкүнчүлүктөрү жоюлган. Бул технологияларды референдумду өткөрүүдө пайдалануу жалпы улуттук добуш берүү адилет жана таза болушуна маанилүү кадам болмокчу, анда өлкөнүн ар бир жаранынын добушу эсепке алынат жана так саналат. Референдумга тиешелүү келип чыккан баардык маселелери боюнча Сиздер шайлоо комиссияларына жана Борбордук шайлоо комиссиясынын коомдук кабылдамаларына кайрыла аласыздар, алар төмөндөгү даректер жана телефондор боюнча Бишкек жана Ош шаарларында уюштурулган: Бишкек шаары, Раззаков көчөсү, 59, 101-кабинет, тел. +(996 312) 66 02 40, Ош шаары, Ленин көчөсү, 221, 9-кабинет, тел. 0550 12 06 41. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы өз тарабынан, өз ишин мыйзамдуулуктун, айкындуулуктун, көз карандысыздыктын жана адилеттүүлүктүн принциптеринде ишке ашыруу менен референдумдун баардык катышуучуларына эшиги ачык. Борбордук шайлоо комиссиясы алдыдагы референдумду мыйзамга ылайык өткөрүү максатында референдумдун баардык уюштуруучуларын жана катышуучуларын мыйзамдардын ченемдерин так сактоого, рефрендумдун башка катышуучулары менен өз ара биримдикте аракеттенүүгө, өз ара урматтоону жана чыдамкайлыкты көрсөтүүгө чакырат. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы            
Кененирээк билүү >>
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын саясий партияларга, Бишкек шаарынын шайлоочуларына, коомдук жана коммерциялык эмес уюмдарга, Бишкек шаардык кеңешке КАЙРЫЛУУСУ
08.11.2016

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын саясий партияларга, Бишкек шаарынын шайлоочуларына, коомдук жана коммерциялык эмес уюмдарга, Бишкек шаардык кеңешке КАЙРЫЛУУСУ

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы референдум участокторунун комиссияларынын курамдарына жарандардын чогулушунан, коомдук бирикмелерден талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдорду Бишкек шаардык кеңеште кабыл алуу мөөнөтү 2016-жылдын 9-ноябрына саат 18.00гө чейин узартылганын билдирет.   Маалымат үчүн телефондор: Бишкек шаардык кеңеш - 61 04 32, 61 32 65.   Маалымат үчүн телефондор: Бишкек АШК - 62 08 24.
Кененирээк билүү >>
КР БШК: референдумдун (бүткүл элдик добуш берүүнүнүн) участокторунун схемалары менен чек аралары  бекитилди жана “Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүдөгү үгүт жүргүзүүнүн эрежелери жана тартиби жөнүндө” жобо кабыл алынды
07.11.2016

КР БШК: референдумдун (бүткүл элдик добуш берүүнүнүн) участокторунун схемалары менен чек аралары бекитилди жана “Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүдөгү үгүт жүргүзүүнүн эрежелери жана тартиби жөнүндө” жобо кабыл алынды

БШКнын кезектеги жыйынында референдумду уюштуруунун жана өткөрүүнүн алкагында бир катар чечимдер кабыл алынды: 2016-жылдын 11-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумунун (бүткүл элдик добуш берүүнүн) участкаларынын схемалары жана чек аралары бекитилди жана “Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүдөгү үгүт жүргүзүүнүн эрежелери жана тартиби жөнүндө” жобо кабыл алынды. Ошондой эле, жыйында Бишкек, Жалал-Абад облусунун Ноокен, Тогуз-Торо, Баткен облусунун Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү кеңештин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын чечимдери бекитилди. БШК “Бир Бол” Мамлекеттик биримдик жана мекенчил саясий партиясынан Орозова Нуржамал Базарбаевнаны жана “Кыргызстан” саясий партиясынан Арпачиева Төлөгүл Батыркановнаны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарды.   КР БШКнын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
2016-жылдын 11-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумундагы үгүттөөгө катышууну каалаган ЖМК үчүн маалымат
07.11.2016

2016-жылдын 11-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумундагы үгүттөөгө катышууну каалаган ЖМК үчүн маалымат

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери! “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын бардык аймагында референдум (бүткүл элдик добуш берүү) 2016-жылдын 11-декабрына, жекшембиге дайындалды.   Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттары Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынан аккредиттөөдөн өтүүлөрү зарыл.   Аккредиттөөдөн өтүү үчүн референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу мыйзам күчүнө киргенден кийин 10 календарлык күндөн кечиктирилбестен б.а. 2016-жылдын 14-ноябрына чейин тиешелүү телерадио берүү уюму, мезгилдүү басма сөз басылмаларынын редакциялары тарабынан обо убактысына, басма аянтына төлөө өлчөмдөрү ж.б. шарттар тууралуу маалыматтар жарыяланып, референдумга чыгарылган маселе боюнча үгүт ишин жүргүзүү үчүн обо убактысын, басма аянтын берүүгө даярдыгын билдирүү менен КР БШКга берилүүгө тийиш. Обо убактысын, басма аянтын бергендик үчүн акы төлөө өлчөмдөрү “макул” топ жана “каршы” топ үчүн бирдей болушу керек.   Референдумда үгүт ишин жүргүзүүгө катышууга КР БШКда аккредиттөөдөн өтүү үчүн 2016-жылдын 14-ноябрына чейин ЖМКлартөмөнкү документтерди берүүлөрү зарыл:   1) КР БШКнын төрагасы Нуржан Кармабековна Шайлдабекованын атына арыз; 2) ЖМКга рекламалык-маалымат материалдарын (прайс-барак) жайгаштырууга белгиленген баалар тууралуу жарыянын (публикация) көчүрмөсү. Документтерди кабыл алуу мөөнөтү: 2016-жылдын 14-ноябрына саат 18.00ге чейин.    Документтер төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек шаары,  Раззаков көчөсү, 59, 301-бөлмө.   Сурап-билүү телефону: (312) 620150. КР БШКнын басма сөз кызматы.                                                                                                                          
Кененирээк билүү >>
БШКа журналисттерди кесиптик майрамы менен куттуктайт
07.11.2016

БШКа журналисттерди кесиптик майрамы менен куттуктайт

Урматтуу журналисттер жана басма сөз кызматкерлери! Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук  комиссиясынын жана жеке өзүмдүн атыман сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайбыз! Кыргызстандын ачык жана демократиялуу мамлекет катары калыптанышы үчүн сиздер зор иштерди жасап жатасыздар. Өлкөбүздө шайлоо системасынын ачык жана адилет болушуна да журналисттердин салымы чоң. Сиздердин өз кесибиӊиздерге жооптуу мамиле, окуяларды калыс, объективдүү жана ар тараптуу чагылдырууңуздар аркылуу коомубуз сапаттуу маалыматтарды жана анализдерди алып жатат. Мыйзамсыз, коррупциялык көрүнүштөрдү аёосуз ашкерелеп, журналисттер чынында эле коомдун “санитарлары” экенин далилдөөдө.   Азыр дүйнө, анын ичинде Кыргызстан орошон өзгөрүүлөргө дуушар болууда. Ар бир маалыматтын баасы өсүп жатат. Ошого жараша маалыматты табуучу, таратуучу катары сиздердин милдет дагы артып, жоопкерчилик дагы күчөп турган кези. Коомдук пикирди чагылдыруучу жана жаратуучу катары сиздерге баарыбыз милдеттүүбүз. Сиздерге чың ден соолук, узак өмүр, ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм. Элибиз, өлкөбүз менен бирге бакубатчылыкта болуӊуздар! Урматоо менен, Төрайым                                                                                                                                Нуржан Шайлдабекова  
Кененирээк билүү >>
БШК Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу маселелерди карады
06.11.2016

БШК Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу маселелерди карады

4-ноябрда БШК жыйынында 2016-жылдын 11-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу маселелерди карап, тийиштүү чечимдерди кабыл алды. БШК Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси боюнча референдумду (жалпы элдик добуш берүү) даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги иш-чаралардын календардык планын бекитти. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумдун (бүткүл элдик добуш берүүнүн) уюштуруучуларына жана катышуучуларына карата кайрылуусу кабыл алынды. Референдумдагы добуш берүү күнү 2016-жылдын 11-декабрына дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодогу добуш берүү күнү менен айкалышкандыгына байланыштуу “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Конституциялык мыйзамынын 48-беренесинин 2-бөлүгүн жетекчиликке алып, Борбордук шайлоо комиссиясы    референдумду даярдоо жана өткөрүү боюнча шайлоо аракеттеринин мөөнөттөрүн, добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн ашпаган мөөнөттөрдөн тышкары,  жарымына кыскартуу тууралуу чечим чыгарды. Ошондой эле, БШК референдумдагы демилгечи топтун, “макул” топтун, “каршы” топтун фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк мекемелери катары  эки банкты - «РСК Банк» жана «Айыл Банк» мекемелерин аныктады. Бул банктарды тандоодо БШК жер-жерлердеги аталган топторго ыңгайлуу болсун үчүн ал банктардын региондордо филиалдары бар экенин эске алды.   Мындан тышкары, БШК Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоого жана өткөрүүгө жумшалчу чыгымдардын сметасын бекитти.     КР БШК басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын саясий партияларга,  Бишкек шаарынын шайлоочуларына, коомдук  жана коммерциялык эмес уюмдарга, Бишкек шаардык кеңешке   КАЙРЫЛУУСУ
02.11.2016

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын саясий партияларга, Бишкек шаарынын шайлоочуларына, коомдук жана коммерциялык эмес уюмдарга, Бишкек шаардык кеңешке КАЙРЫЛУУСУ

Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамын аткаруу алкагында жана Бишкек шаарынын мэриясынын 2016-жылдын 4-ноябрындагы  №АР02/1401 сунушунун негизинде, анык жашаган жери боюнча каттоосу жок жарандарга 2016-жылдын 11-декабрындагы референдумда добуш берүү үчүн шарттарды түзүү максатында, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан референдум участкаларын түзүү жөнүндө чечим кабыл алынды (1-тиркеме). 2016-жылдын 4-ноябрынан тартып саясий партиялардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдан – Бишкек шаардык кеңешинен референдум участкалардын комиссияларынын курамдарына өкүлдөрдү көрсөтүү башталат. Комиссиялардын курамдарын түзүүдө саясий партиялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү орган – Бишкек шаардык кеңеши жарандардын  комиссиялардын курамдарына көрсөтүүгө макулдугун эсепке алуу зарыл. Көрсөтүүчү субъекттер комиссиянын мүчөлүгүнө талапкер, эреже катары, тиешелүү калктуу пункттун аймагында жашагандыгын эсепке алуу зарыл. Комиссиялардын курамдарына жарандардын чогулушунан, коомдук бирикмелерден талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор чогулуштун төрагасынын жана катчысынын колтамгалары менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Протоколго чогулуштун катышуучуларынын жашаган жери көрсөтүлгөн, алардын колтамгалары коюлган тизмеси тиркелиши керек. Саясий партиялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдын протоколуна төмөнкүлөр тиркелүүгө тийиш: - референдум комиссиянын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө арыз жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоого милдттенме; - копия паспорттун көчүрмөсү; - окуган, иштеген жерин, билимин көрсөтүү менен өмүр баянынын маалыматтары (кадрларды эсепке алуу өздүк баракчасы же резюме); - байланыш малыматтары: жашаган жеринин дареги, телефондору, электрондук дарек   Референдум участкалардын комиссиялардын курамдарына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор Бишкек аймактык шайлоо комиссиясында 2016-жылдын 9-ноябрында саат 18.00гө чейин кабыл алынат.   Референдум участкалардын комиссиялардын курамдарына жарандардын чогулушунан, коомдук бирикмелерден талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор Бишкек аймактык шайлоо комиссиясында 2016-жылдын 8-ноябрында саат 18.00гө чейин кабыл алынат.     Маалымат үчүн телефондор: Бишкек шаардык кеңеш  - 61 04 32, 61 32 65 –   Бишкек АШК - 62 08 24
Кененирээк билүү >>
БШК: Аймактык шайлоо комиссиялары Кыргыз Республикасы боюнча саясий партиялар тарабынан шаардык кеңештерге шайлоого катышуу үчүн көрсөтүлгөн депутаттыкка талапкерлердин тизмелерин текшере башташты
02.11.2016

БШК: Аймактык шайлоо комиссиялары Кыргыз Республикасы боюнча саясий партиялар тарабынан шаардык кеңештерге шайлоого катышуу үчүн көрсөтүлгөн депутаттыкка талапкерлердин тизмелерин текшере башташты

Календардык планга ылайык 2016-жылдын 31-октябрында шаардык кеңештерге шайлоого катышуу үчүн саясий партиялардан депутаттыкка талапкерлердин тизмелерин көрсөтүү жана аймактык шайлоо комиссияларына берүү процесси аяктады. Маселен, 2016-жылдын 1-ноябрына карата Бишкек шаарында Бишкек шаардык кеңешке депутаттыкка талапкерлердин тизмелерин төмөнкү партиялар көрсөтүштү: «Кыргызстандын жашылдар партиясы», «Өнүгүү-Прогресс», «Актив», «Кыргызстандын коммунисттер партиясы», «Улуу Кыргызстан», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстандын элдик демократиялык партиясы», «Кыргызстан», «Аалам», «Республика-Ата-Журт», «Жаңы-Доор», «СДПК», «Таза Кыргызстан», бардыгы 13 саясий партия көрсөттү. Баткен облусу боюнча шайлоо 6 шаардык кеңеште өтөт. Баткен шаардык кеңешке шайлоого катышуу үчүн депутаттыкка талапкерлердин тизмелерин төмөнкү партиялар көрсөтүштү: «Өнүгүү-Прогресс», «СДПК», «Республика-Ата-Журт», «Жаңы-Доор», «Бүтүн-Кыргызстан», «Замандаш», «Кыргызстан», бардыгы 7 партия көрсөттү. Кызыл-Кыя шаардык кеңешке депутаттыкка талапкерлердин тизмелерин төмөнкү партиялар көрсөтүштү: «Республика-Ата-Журт», «Өнүгүү-Прогресс», «Кыргызстан», «Бир-Бол», «СДПК», «Замандаш», бардыгы 6 саясий партия көрсөттү. Сүлүктү шаардык кеңешке депутаттыкка талапкерлердин тизмелерин төмөнкү партиялар көрсөтүштү: «Республика-Ата-Журт», «СДПК», «Бүтүн-Кыргызстан», бардыгы 3 партия көрсөттү. Исфана шаардык кеңешке депутаттыкка талапкерлердин тизмелерин төмөнкү партиялар көрсөтүштү: «Ата-Мекен», «СДПК», «Республика-Ата-Журт», «Өнүгүү-Прогресс», бардыгы 4 партия. Кадамжай шаардык кеңешке депутаттыкка талапкерлердин тизмелерин төмөнкү партиялар көрсөтүштү: «Өнүгүү-Прогресс», «Бир-Бол», «Ата-Журт», «Республика-Ата-Журт», «Бүтүн-Кыргызстан», «СДПК», «Кыргызстан», «Улуу Кыргызстан», бардыгы 8 партия. Айдаркен шаардык кеңешке депутаттыкка талапкерлердин тизмелерин төмөнкү партиялар көрсөтүштү: «Республика-Ата-Журт», «СДПК», «Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс», «Ата-Журт-Мекенчил», бардыгы 5 партия. Ош облусу боюнча шайлоо Өзгөн шаарында өтөт. Өзгөн шаардык кеңешке депутаттыкка талапкерлердин тизмелерин төмөнкү партиялар көрсөтүштү: «Өнүгүү-Прогресс», «Кыргызстан», «Республика-Ата-Журт», «СДПК», бардыгы 4 партия. Жалал-Абад облусу боюнча шайлоо 5 шаарда өтөт. Жалал-Абад шаардык кеңешке депутаттыкка талапкерлердин тизмелерин төмөнкү партиялар көрсөтүштү: “Өнүгүү-Прогресс”, “Кыргызстан”, “Ата-Журт”, “Республика-Ата-Журт”, “Улуу Кыргызстан”, “СДПК”, “Ата-Мекен”, бардыгы 7 партия. Таш-Көмүр шаардык кеңешке депутаттыкка талапкерлердин тизмелерин төмөнкү партиялар көрсөтүштү: «Республика-Ата-Журт», «Таш-Көмүр жаштары», «Өнүгүү-Прогресс», «Кыргызстан», «СДПК», «Ата-Мекен», «Мекеним Кыргызстан», бардыгы 7 партия. Кара-Көл шаардык кеңешке депутаттыкка талапкерлердин тизмелерин төмөнкү партиялар көрсөтүштү: «Республика-Ата-Журт», «Кыргызстандын коммунисттер партиясы», «Мекен Ынтымагы», «СДПК», «Улуу Кыргызстан», «Энергетиктер партиясы», «Өнүгүү-Прогресс», «Кыргызстан», «Мекенчил», бардыгы 9 партия. Кербен шаардык кеңешке депутаттыкка талапкерлердин тизмелерин төмөнкү партиялар көрсөтүштү: «Республика-Ата-Журт», «Өнүгүү-Прогресс», «Замандаш», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан», «Бир-Бол», «СДПК», бардыгы 7 партия. Кочкор-Ата шаардык кеңешке депутаттыкка талапкерлердин тизмелерин төмөнкү партиялар көрсөтүштү: «Республика-Ата-Журт», «Өнүгүү-Прогресс», «СДПК», «Ата-Мекен», «Ата-Журт», бардыгы 5 партия. Талас облусу боюнча шайлоо Талас шаарында өтөт. Талас шаардык кеңешке депутаттыкка талапкерлердин тизмелерин төмөнкү партиялар көрсөтүштү: «Айкөл», «Республика-Ата-Журт», «СДПК», «Улуу Кыргызстан», «Мекеним Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс», «Кыргызстан», бардыгы 7 партия. Чүй облусу боюнча шаардык кеңештерге шайлоо 5 шаарда өтөт. Кант шаардык кеңешке депутаттыкка талапкерлердин тизмелерин төмөнкү партиялар көрсөтүштү: «Өнүгүү-Прогресс», «Республика-Ата-Журт», «СДПК», «Ак-Шумкар», «Ата-Мекен», «Кыргызстан», бардыгы 6 партия. Шопоков шаардык кеңешке депутаттыкка талапкерлердин тизмелерин төмөнкү партиялар көрсөтүштү: «Республика-Ата-Журт», «СДПК», «Өнүгүү-Прогресс», «Ак-Шумкар», бардыгы 4 партия. Кара-Балта шаардык кеңешке депутаттыкка талапкерлердин тизмелерин төмөнкү партиялар көрсөтүштү: «Элдик-Народная», «Өнүгүү-Прогресс», «Жаңы-Шаар», «СДПК», «Республика-Ата-Журт», «Кайнар-Источник», «ЭлАман», «Кыргызстан», «Ак-Шумкар», «Содружество народов Кыргызстана», «Ата-Мекен», бардыгы 11 партия. Кайыңды шаардык кеңешке депутаттыкка талапкерлердин тизмелерин төмөнкү партиялар көрсөтүштү: «Өнүгүү-Прогресс», «Республика-Ата-Журт», «Кыргызстан», «СДПК», бардыгы 4 партия. Орловка шаардык кеңешке депутаттыкка талапкерлердин тизмелерин төмөнкү партиялар көрсөтүштү: «Өнүгүү-Прогресс», «Республика-Ата-Журт», «Кыргызстан», «СДПК», «Замандаш», «Демократ», «Патриот ынтымагы», бардыгы 7 партия. Кемин шаарында мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт. Шаардык кеңешке депутаттыкка талапкерлерди СДПК партиясы гана көрсөттү. Партиялар тарабынан депутаттыкка талапкерлердин тизмелерин көрсөтүү 2016-жылдын 10-ноябрына саат 12.00гө чейин улантылат. Нарын облусу боюнча шайлоо Нарын шаарында өтөт. Шаардык кеңешке депутаттыкка талапкерлердин тизмелерин төмөнкү партиялар көрсөтүштү: «СДПК», «Замандаш», «Кыргызстан», «Ала-Тоо ынтымагы», «Ата-Мекен», «Республика-Ата-Журт», «Улуу Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс», бардыгы 8 партия. Ысык-Көл облусу боюнча шайлоо Чолпон-Ата шаарында өтөт. Шаардык кеңешке депутаттыкка талапкерлердин тизмелерин төмөнкү партиялар көрсөтүштү: «Өнүгүү-Прогресс», «Улуу Кыргызстан», «Замандаш», «Республика-Ата-Журт», «Кыргызстан», «Улуу Биримдик», «СДПК», «Табылга», «Мекен Ынтымагы», бардыгы 9 партия. Республика боюнча шаардык кеңештерге шайлоо 22 шаарда өтөт, президенттин жарлыгына ылайык Кемин шаарында мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт. Мында партиялар тарабынан депутаттыкка талапкерлердин тизмелерин көрсөтүү 2016-жылдын 10-ноябрына чейин улантылат. Тизмелерде бардыгы 7191 талапкер бар, алар 3685 мандат үчүн ат салышат. Аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү 2016-жылдын 10-ноябрына чейин талапкерлердин тизмелерин текшеришет, календардык планга ылайык партиялар 11-ноябрдан тартып 10-декабрга чейин созулуучу үгүт иштерин жүргүзө алышат. Талапкерлердин тизмелерин көрсөткөн саясий партиялар, катталганга чейин жана берилген документтер текшерилгенден кийин өз шайлоо фонддорунун каражаттарынан тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын атайын фондуна шайлоо күрөөсүн киргизерин белгилей кетүү керек. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы документтерди кабыл алган күндөн тартып, 10 календардык күндүн ичинде талапкерлердин көрсөтүү тартиби Мыйзамдын талаптарына ылайыктыгын текшерет жана талапкерлердин тизмесин каттоону жүзөгө ашырат же болбосо каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөөлөштүрүлгөн чечим чыгарат. Мында шайлоо комиссиясы документтерден талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн тоскоолдук болуп саналган ылайык келбөөчүлүктү тапса, документтер алынгандан кийин 24 сааттын ичинде шайлоо комиссиясы бул ылайык келбөөчүлүктөр жөнүндө саясий партияга маалымдоого милдеттүү. Саясий партия маалымдоо алынган учурдан тартып 48 сааттын ичинде зарыл болгон өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана оңдолгон документтерин тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берүүгө укуктуу. Талапкерлердин тизмесин тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алган учурда баш тартуунун негиздерин баяндоо менен шайлоо комиссиясынын чечиминин көчүрмөсүн саясий партиянын шайлоо комиссияларындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө чечим кабыл алган учурдан тартып бир сутканын ичинде берүүгө милдеттүү. Талапкерлердин тизмесин каттоодо төмөнкүлөр баш тартуунун негиздери боло алат: 1) талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн ушул Мыйзамга ылайык зарыл болгон документтерди бербөө, ошондой эле көрсөтүүнүн ушул Мыйзам менен каралган тартибин сактабоо: 2) талапкерде же талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкерлерде пассивдүү шайлоо укугунун жоктугу; 3) ушул шайлоодо талапкерди башка партиянын тизмесинде катталгандыгынын фактысынын бар экендиги; 4) саясий партиянын, өзүнүн шайлоо фондун түзбөгөндүгү; 5) талапкердин башка мамлекеттин жарандыгына таандыктыгынын же болбосо анда Кыргыз Республикасынын жарандыгынын жоктугу. Эгерде саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамда көрсөтүлгөн каттоо үчүн зарыл бардык документтерди бербесе, бирок аларды каттоо мөөнөтү аяктаганга чейин кошумча берсе, тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы талапкерлердин тизмесин каттоого милдеттүү. Талапкерлердин тизмесин киргизилген айрым талапкерлерге карата “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамда каралган каттоодон баш тартуу үчүн негиздердин болушу аларды ырасталган талапкерлердин тизмесинен чыгарып салуу үчүн гана негиз болуп кызмат кылышы мүмкүн. КР БШКнын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын саясий партияларга, жергиликтүү жамааттардын жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө КАЙРЫЛУУСУ
31.10.2016

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын саясий партияларга, жергиликтүү жамааттардын жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө КАЙРЫЛУУСУ

Урматтуу Кыргыз Республикасынын саясий партияларынын өкүлдөрү, жергиликтүү жамааттарынын мүчөлөрү! Урматтуу аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү!   Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 10-октябрындагы № 213 Жарлыгы менен 2016-жылдын 11-декабрына жергиликтүү  кеңештердин депутаттарын шайлоо дайындалды. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Борборшайкому шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү укугун кыянаттык менен пайдаланууга жол берилбестигин эскертет. Маселен, “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамдын 23-беренесинин 1-пунктуна ылайык шайлоо алдында үгүт иштери бардык талапкерлерди жана талапкерлердин тизмесин каттоо мөөнөтү аяктагандан кийин башталып, добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда аяктарын эске салабыз. 2016-жылдын 11-декабрында өтүүчү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шаардык кеңештерге депутаттыкка талапкерлердин тизмесин каттоо добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күн мурда б.а. 2016-жылдын 10-ноябрына чейин аяктайт. Айылдык кеңештерге депутаттыкка талапкерлерди каттоо добуш берүү күнүнө чейин 20 календардык күн мурда б.а. 2016-жылдын 20-ноябрына чейин аяктайт. Ошентип, Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык шаардык кеңештерге саясий партиялардан депутаттыкка талапкерлер үгүттөө иш-чараларын 2016-жылдын 11-ноябрынан, айылдык кеңештерге депутаттыкка талапкерлер үгүттөө иш-чараларын 2016-жылдын 21-ноябрынан өткөрүүгө укуктуу. Бардык талапкер үчүн үгүт иштери добуш берүү башталганга чейин 24 саат мурда б.а. 2016-жылдын 10-декабрында саат 08. 00гө чейин аяктайт. Аталган Мыйзамдын 2-беренесине ылайык “үгүт материалдары - шайлоо алдындагы үгүт белгилерин камтыган жана шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө жапырт таратуу, элге жарыялоо үчүн арналган басылма, укма-көрмө жана башка материалдар”. Ошентип, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышууну көздөгөн саясий партиялардын жана талапкерлердин Кыргыз Республикасынын Президентинин жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө Жарлыгы расмий түрдө жарыялангандан кийин илинген үгүт жана маалымат материалдары Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын ушул Кайрылуусу расмий кабыл алынгандан кийин 5 (беш) календардык күндүн ичинде алынууга же демонтаж кылынууга тийиш.   Урматтуу аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү! “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамдын 28-беренесинин 1, 8-пункттарынын негизинде шайлоо комиссиялары шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүнүн белгиленген тартибинин сакталышын контролдойт. Ошондой эле, укук коргоо органдары шайлоо алдындагы жасалма жана мыйзамсыз даярдалган басылма, көрмө-укма жана башка үгүт материалдарын жасоону болтурбоо жана аларды алып коюу боюнча, ошондой эле көрсөтүлгөн материалдарды жасоочуларды жана аларга акы төлөөнүн булактарын белгилөө боюнча шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүүгө тийиш экенин эскертебиз. Талапкер, саясий партия тарабынан жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө Мыйзамда белгиленген талаптар бузулган учурда тиешелүү шайлоо комиссиясы талапкерге, саясий партияга тартип бузуулар жөнүндө жазуу жүзүндө эскертүүгө укуктуу экенин эске салабыз. Талапкер, саясий партия тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн талаптар бир нече жолу бузулган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы тиешелүү шайлоо комиссиясынын сунуштоосу же болбосо өз демилгеси боюнча талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоону жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.   Урматтуу шайлоо процессинин катышуучулары! Борбордук шайлоо комиссиясы алдыдагы шайлоону мыйзамдарга ылайык өткөрүү максатында шайлоо процессинин бардык катышуучуларын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин бекем сактоону жана шайлоо процессинин башка катышуучулары менен өз ара аракеттенүүдө өз ара урматтоону жана сабырдуулукту көрсөтүүнү өтүнөт.     Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
Кененирээк билүү >>
БШКнын коомдук кабылдамасы жарандардын телефон аркылуу кайрылууларын кабыл алууда
26.10.2016

БШКнын коомдук кабылдамасы жарандардын телефон аркылуу кайрылууларын кабыл алууда

Кыргыз Республикасынын Президенти жергиликтүү  кеңештердин депутаттарын шайлоонудайындоо тууралуужарлыккакол койгон күндөн б.а.10-октябрдан тартып, шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясындакоомдук кабылдама иштей баштады. Коомдук кабылдаманын максаты – жарандардын шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууну жана коргоону камсыздоого, шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу жарандардын кайрылуу, арыздары жана даттануулары менен натыйжалуу жана ыкчам иштөөнү уюштуруу, ошондой эле, шайлоону уюштурууга жанаөткөрүүгө байланыштуу маселелер боюнча шайлоочуларга, талапкерлерге, алардын ишенимдүү адамдарына жана байкоочуларга, саясий партиялардын жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө, шайлоонун башка катышуучуларына укуктук, кеңеш-усулдук жардам берүү. Коомдук кабылдамаКыргыз Республикасыныншайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын имаратында төмөнкү даректе жайгашкан:Бишкек шаары,Раззаков көчөсү, 59, 101-бөлмө. Сиз + (996 312) 66 02 40 телефонуна чала аласыз. Кызматкерлер күн сайын (ишемби жана жекшемби күндөрүндө дагы) саат 09. 00дөн 18. 00гө чейин иштешет. Ош шаардын коомдук кабылдамасы Ленина 221 кочосу 9 бөлмөдө жайгашкан, байланыш телефон 0550 120641, Кызматкерлер күн сайын саат 09:00дөн 18:00гө чейин иштешет.     КР БШК басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
БШК жергиликтүү  кеңештерге депутаттарды шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитти
21.10.2016

БШК жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитти

21-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын кезектеги жыйынында жаңы түзүлгөн участокторду жана алардын кээ бирлеринин чек араларына киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен шайлоо округдарынын чек араларын жана схемаларын бекитүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Маселен, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо, Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссияларында, ошондой эле Баткен облусунун Лейлек аймактык шайлоо комиссия жаңы участоктор түзүлүп, чек аралары өзгөртүлөт. Ошентип, 2016-жылдын 11-декабрына дайындалган жергиликтүү  кеңештерге шайлоо ушул бекитилген схемалар боюнча өтөт. Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Жалалов Муродилло Мухитдиновичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош депутаттык мандатты кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө кабыл алган чечими бир добуштан бекитилди. Жыйында Кыргыз Республикасынын кээ бир аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине өзгөртүүлөр киргизилди. Жалал-Абад Базар-Коргон, Чаткал,  Талас облусунун Манас, Бакай-Ата,  Ысык-Көл облусунун Балыкчы, Түп, Чүй  облусунун Москва, Чүй, Ош облусунун Ноокат, Ош аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине өзгөртүүлөр киргизилди.       КР БШК басма сөз кызматы            
Кененирээк билүү >>
БШК эл аралык өнөктөштөр менен координациялык жолугушуу өткөрдү
21.10.2016

БШК эл аралык өнөктөштөр менен координациялык жолугушуу өткөрдү

БШК эл аралык өнөктөштөр менен координациялык жолугушуу өткөрдү   20-октябрда КР БШК менен эл аралык өнөктөштөрдүн координациялык жолугушуусу өтүп, анда тараптар алдыда Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо кызматташуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө пикир алмашты. КР БШК төрагасы Н. Шайлдабекова өзүнүн куттуктоо сөзүндө Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы бүгүнкү күнгө карата жаңы технологияларды киргизгенин, мисалы, 2015-жылы Жогорку Кеңешке, ошондой эле 2016-жылдын жазында жергиликтүү кеңештерге шайлоодо автоматтык саноочу урналарды (АСУ) колдонуу сынактан ийгиликтүү өткөнүн белгиледи. Кыргызстан КМШ мейкиндигинде шайлоо процессине АСУну киргизген жалгыз өлкө болуп саналарын белгилей кетүү маанилүү. “Өлкөнүн парламентарийлеринин ишин колдоо жана натыйжалуулукту кыйла арттыруу үчүн 2015-жылы КР Президентинин жарлыгы менен шайлоо системасына тиешелүү жаңы мыйзам долбоорлорун жана процесстерин иштеп чыгуу жана түзүү иши жүктөлгөн Шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Ал жумушчу топ жарандык коом, эксперттик жамаат, саясий партиялар, мамлекеттик органдар ж.б. менен талкууларды ачык жана жигердүү жүргүзүүдө. Кызыкчылыгы бар ар кыл тараптардын сунуштарынын артыкчылык жана мүчүлүш жактарын эске алып, ар тараптуу талдоонун негизинде БШК шайлоо системасын мындан ары дагы реформалоо боюнча иш жүргүзүүгө даяр”, деп айтты БШК төрагасы. КР БШКнын өнүгүүсүнүн азыркы этабындагы жетишкендиги эл аралык өнөктөштөрдүн шайлоонун бардык компоненттери боюнча активдүү жардамы менен мүмкүн болду. Мында БУУнун Өнүктүрүү долбоорунун, ЕККУнун, Европа Бирлигинин, Япониянын, Швейцариянын, Корея Республикасынын, Даниянын, Индиянын өкмөттөрүнүн жана KOICA, JICA, USAID, IFES сыяктуу эл аралык уюмдардын, ошондой эле башка бир катар уюмдардын колдоосу болду. БШК төрагасы шайлоо системасын реформалоо боюнча көрсөткөн колдоолору үчүн донорлорго, эл аралык уюмдардын, элчиликтердин өкүлдөрүнө ыраазычылыгын айтты, ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясы сунуштарды кабыл алууга, кызматташууга даяр экенин билдирди.    КР БШК басма сөз кызматы  
Кененирээк билүү >>
БШК шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү укугун кыянат пайдаланууга жол берилбестигин эскертти.
21.10.2016

БШК шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү укугун кыянат пайдаланууга жол берилбестигин эскертти.

    20-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы кезектеги жыйынында алдыдагы жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүүгө байланыштуу маселелерди карады. Күн тартиби коюлган “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча катталган саясий партиялардын ортосунда чүчүкулак өткөрүүнүн тартиби жөнүндө” Нускама жана төмөнкү жоболор бекитилди:   “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө маалымат алууга жана жайылтууга жарандардын укуктарынын кепилдиктери жана шайлоочуларга маалымдоо жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө шайлоочуларга жана шайлоонун башка катышуучуларына маалымдоо маселелери боюнча Жумушчу топ жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө”,“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартибин сактоону контролдоо боюнча тиешелүү шайлоо комиссиясынын Жумушчу тобу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо бюллетендерин даярдоо, өткөрүп берүү жана сактоо тартиби жөнүндө”,“Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоонун башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топ жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо комиссияларында жарандардын шайлоо процессининин башка катышуучуларынын кайрылуулары менен иштөө жөнүндө”. БШК төрагасы Н.К. Шайлдабекова шайлоо процесси жаңыдан башталганына карабастан, шайлоо мыйзамдарын бузууга жол берилип жатканын, ага байланыштуу тиешелүү чараларды көрүү зарылдыгын белгиледи. Жыйында “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын саясий партияларга, жергиликтүү жамааттардын жана  шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө” Кайрылуу бир добуштан бекитилди. Анда БШК шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү укугун кыянат пайдаланууга жол берилбестигин эскертти. Ошентип, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышууну көздөгөн саясий партиялардын жана талапкерлердин Кыргыз Республикасынын Президентинин жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө Жарлыгы расмий түрдө жарыялангандан кийин илинген үгүт жана маалымат материалдары Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын ушул Кайрылуусу расмий кабыл алынгандан кийин 5 (беш) календардык күндүн ичинде алынууга же демонтаж кылынууга тийиш. Мындан сырткары, БШК Момоконов Али-Аскар Асыпбековичти “Кыргызстан” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлеринин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды. Жыйындан кийин БШК төрагасы Н.К. Шайлдабекова жана төраганын орун басары А.Г.Бекматов журналисттердин суроолоруна жооп беришти.                                       КР БШК басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
1 430 432 482