Башкы Жаңылыктар 2020-жылдын 31-июлуна дайындалган Түп районунун Арал айыл өкмөтүнүн …

2020-жылдын 31-июлуна дайындалган Түп районунун Арал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо кворумдун жоктугуна байланыштуу өтпөй калды

01-Авг, 2020

2020-жылдын 31-июлуна дайындалган Ысык-Көл облусунун Түп районунун Арал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо кворумдун жоктугуна байланыштуу өтпөй калды.  

Ысык-Көл облусунун Түп районунун мамлекеттик администрация башчысы – акиминин 2020-жылдын 27-февралындагы №18 буйругу менен Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Мамытов Бактыбек Орозгелдиевич берген арызынын негизинде ээлеген кызмат ордунан бошотулган.

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык КР БШКнын 2020-жылдын 6-мартындагы №67 токтому менен Ысык-Көл облусунун Түп районунун Арал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2020-жылдын 24-мартына дайындалган.

Кыргыз Республикасынын аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилгенине байланыштуу, COVID-19 коронавирус инфекциясынын таралышын болтурбай коюу максатында, КР Коопсуздук кеңешинин 2020-жылдын 21-мартындагы №6 чечимине жана КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-мартындагы №93-р буйругуна ылайык, КР БШКнын 2020-жылдын 23-мартындагы №85 токтому менен 2020-жылдын 24-мартына дайындалган Ысык-Көл облусунун Түп районунун Арал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо убактылуу токтотулган.

КР БШКнын 2020-жылдын 26-июнундагы №108 токтому менен 2020-жылдын 29-июнунан тартып, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Арал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жаңыланып, 2020-жылдын 30-июну добуш берүү күнү деп аныкталган.

Арал айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна эки талапкер – мамлекеттик администрация башчысы – акими тарабынан көрсөтүлгөн Чоркозов Эрлан Акматович жана айылдык кеңештин депутаттар тобунан көрсөтүлгөн Курманов Иманбек Карыбаевич катталган. Арал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоого Арал айылдык кеңешинин бардык 11 депутаты катышты. Түп аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 30-июнундагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколуна ылайык добуш берүүдө талапкер Чоркозов Э.А. 5 добуш, талапкер Курманов И. К. 0 добуш алган, “бардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 6 добуш берилген. Талапкерлерге караганда “бардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн айылдык кеңештин депутаттарынын көпчүлүк добушу берилгендигине байланыштуу шайлоо өтпөй калды деп таанылган.

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, эгерде талапкерлерге караганда “бардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн депутаттардын көпчүлүк добушу берилсе, жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоо өткөрүлөт.

КР БШКнын 2020-жылдын 3-июлундагы №125 токтому менен Арал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2020-жылдын 17-июлуна дайындалган. Бирок бир дагы талапкер катталбагандыгына байланыштуу шайлоо өтпөй калган.

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, эгерде белгиленген мөөнөттө бир дагы талапкер катталбаса, кайра шайлоо өткөрүлөт.

КР БШКнын 2020-жылдын 17-июлундагы №133 токтому менен Түп районунун Арал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2020-жылдын 31-июлуна дайындалган. Айылдык кеңештин депутаттарынын тобунан көрсөтүлгөн бир талапкер – Жигитеков Азамат Курманбекович катталган. Бирок 31-июлда Арал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо кворумдун жоктугуна байланыштуу өтпөй калды: 11 депутаттан 11 депутат катышкан эмес. 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>