Рим жана Париж шаарларында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого шайлоо участкалары түзүлөт

30 июля 2020

КР БШК 30-июлда өз жыйналышында өз токтому менен Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары шайлоо участкалары түзүү жөнүндө 2020-жылдын 15-июлундагы №129 өз токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди.

Өзгөртүүлөргө ылайык Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Италия Республикасынын жана Франция Республикасынын компетенттүү органдары менен жүргүзгөн иштердин жыйынтыктары боюнча, Италия Республикасында жана Франция Республикасында жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыздоо максатында Рим жана Париж шаарларында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү уюштуруу жана добуш берүүнү эсептөө үчүн эки шайлоо участкасы түзүлөт.

Ошентип, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары түзүлгөн шайлоо участкаларынын саны 42ден (кырк экиден) 44кө (кырк төрткө) көбөйөт.