Башкы Жаңылыктар Боршайкомдун жумушчу топтору консультациялар үчүн ачык

Боршайкомдун жумушчу топтору консультациялар үчүн ачык

29-Июл, 2020

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоо процессинин маселелери үчүн жумушчу топторду түзгөн.

Жумушчу топтор шайлоо процессинде ага катышуучулардын агитация өткөрүү учурундагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыздоосу үчүн ар кандай маселелерди кароосу, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын, шайлоо комиссияларынын, саясый партиялардын жана башка органдар менен уюмдардын аракеттерине (аракет кылбаганына) даттануу мүмкүнчүлүктөрүн кароо үчүн түзүлгөн.

Мындан башка саясый партиялардын атайын эсептерди ачуусу, алып баруусу, саясый партиялардын шайлоо фонддорундагы каражаттар боюнча эсептердин отчеттуулугуна көзөмөл жүргүзүү да камсыздалат.

Төмөнкүдөй топтор түзүлдү:

ЖК депутаттарын шайлоого саясый партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу тобу.

Топтун жетекчиси – КР БШК төраганын  орунбасары А. Ж. Эшимов.

Топтун катчысы -. М. Кожокеева.

Телефону: (0312) 620 829, (0556) 236 064

Шайлоо процессинде шайлоочуларга жана башка субьектилерге маалымат берүү жана агитациянын эрежелеринин маселелери боюнча жумушчу тобу.

Топтун жетекчиси – төраганын орунбасары А. Г. Бекматов

Топтун катчысы – А. Омуракунова

Телефону: (0312) 660 319, (0312) 665 452, (0554) 202 946.

Шайлоо процессине катышкан шайлоочулардын жана башка субьектилердин агитациянын эрежелери боюнча арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу тобу.

Топтун жетекчиси – БШК мүчөсү А. Т. Асаналиев.

Топтун катчысы – К. Уметалиев.

Телефону: (0312) 660 143, (0312) 660 286, (0552) 958 895.

КР шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына караштуу көзөмөлдөөчү-ревизиялык топ.

Топтун жетекчиси – БШК мүчөсү Р. Баатырова.

Топтун катчысы – Р.Баширова.

Телефону: (0312) 626 338, (0551) 987 922.

Ыкчам реакцияны координациялоочу топ

Топтун жетекчисинин орунбасары – БШК мүчөсү К. М. Осмоналиев.

Топтун катчысы - Ч.Исмаилова.

Телефону: (0312) 626 324, (0770) 449 044.

Жумушчу топтор шайлоо процессинин катышуучуларына ар дайым консультация жана маалымат берип турууга даяр.

БШК Маалыматтык бөлүмү

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы жана Бишкек мэриясы жаштардын жарандык активдүүлүгүн жана укуктук маданиятын жогорулатуу үчүн аракеттерин бириктирет
28-Окт, 2026

КР БШКсы жана Бишкек мэриясы жаштардын жарандык активдүүлүгүн жана укуктук маданиятын жогорулатуу үчүн аракеттерин бириктирет

Бүгүн, 28-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун өкүлдөрү Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин өкүлдөрү, ошондой эле мектеп президенттери менен жумушчу жолугушуу өткөрүштү.Иш-чарага Департаменттин директорунун орун басары Рустам Алишеров, уюштуруу, укуктук жана кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысы Улукбек Муратбеков, Департаменттин алдындагы Жаштар иштери боюнча консультативдик кеңештин төрагасы Данияр Бекишов, ошондой эле Бишкек шаарынын активисттери Ясин Мырсабеков жана Адинай Токтобекова катышты.Жолугушуунун жүрүшүндө жаш муундун жарандык активдүүлүгүн жана укуктук маданиятын жогорулатуу багытында өз ара аракеттенүү маселелери, ошондой эле КР БШКнын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору менен Департаменттин ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюу пландары талкууланды.Бул меморандум жетишилген макулдашууларды бекемдөөгө жана жарандык билим берүү, жаштар менен иштөө багыттарында мындан аркы биргелешкен кызматташтык үчүн укуктук негиз түзүүгө мүмкүндүк берет.Жолугушуунун катышуучулары биргелешкен аракеттер жаштарды коомдук-саясий турмушка тартуунун натыйжалуу механизмдерин түзүүгө, ошондой эле мектеп окуучуларынын жана жаштардын жарандык активдүү позициясын калыптандырууга өбөлгө түзөрүнө ишеним билдиришти.
Кененирээк билүү >>
Сыймык Жапыкеев Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
28-Окт, 2026

Сыймык Жапыкеев Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 28-октябрда, Жапыкеев Сыймык Асылбекович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылуу 2026-жылдын 12-ноябрында, саат 24:00дө аяктайт.
Кененирээк билүү >>
Азамат Эсенбеков Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
27-Окт, 2026

Азамат Эсенбеков Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 27-октябрда, Эсенбеков Азамат Эсенбекович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты
22-Окт, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты

2026-жылдын 21–22-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Бөдөш Мамырова Жалал-Абад облусунун Манас шаарында, Ноокен, Базар-Коргон, Аксы жана Ала-Бука райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жолугушууларды өткөрүштү.Жолугушуулардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү, шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу жана тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу маселелери каралды.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу жаңы талаптар, шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири баяндама жасады. Мындан тышкары, шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерине жана жоопкерчилигине токтолду. Ал эми укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен болгон талкууда шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка катышуучуларына мыйзамсыз кысым көрсөтүү аракеттерин алдын алуу, шайлоо процессине мыйзамсыз кийлигишүүгө бөгөт коюу жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелери белгиленди.Жарандардын шайлоо укуктарын толук ишке ашыруусуна шарт түзүү, шайлоо процессинин бардык этаптарында мыйзам талаптарын так сактоо, шайлоочулардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо - маанилүү багыттардын бири.
Кененирээк билүү >>