Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Казакстан жана Тажикстандын БШК жетекчилери менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 28-ноябрда, Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Нурлан Абдиров жана Тажикстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Бахтиёр Худоёрзодо Тавар менен жолугушту.
Тынчтык Шайназаров кесиптештерин жылуу тосуп алып, алардын келиши алдыдагы шайлоо процессине маанилүү колдоо экендигин белгиледи.
Казакстандын БШКсынын төрагасы Нурлан Абдиров добуш берүү процесси, жыйынтык чыгаруу тартиби жана добуштарды эсептөө механизмдерине кызыкты.
Тынчтык Шайназаров шайлоонун негизги этаптарын айтып берип, алдын ала жыйынтыктар автоматташтырылган эсептөө системасынын жардамы менен оперативдүү түрдө болоорун белгиледи. Акыркы маалыматтар чет өлкөлөрдөгү шайлоо участкаларынан протоколдор келип түшкөндөн кийин түзүлөрүн кошумчалады, чет өлкөлөрдө добуш берүү убакыттагы айырмачылыктан улам кечирээк жыйынтыкталат. Ошол эле учурда, бардык участкаларда кол менен добуш эсептөө милдеттүү түрдө жүргүзүлөрүн баса белгиледи.
Шайлоочулардын добуш берүүгө катышуу деңгээли жөнүндө суроого жооп берип, БШК төрагасы жарандар үчүн болушунча ыңгайлуу шарттар түзүлгөнүн, анын ичинде аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгү каралганын белгиледи. Бул шайлоочулардын катышуусун жогорулатууга өбөлгө түзөрүн айтты.
Андан соң Тажикстандын БШКсынын төрагасы Бахтиёр Худоёрзодо Тавар менен жолугушуу болду. Ал тажик делегациясы шайлоо процессин колдоо жана тажрыйба алмашуу максатында келгенин белгиледи.
Бахтиёр Худоёрзодо Тавар Кыргызстанда шайлоо процессинде бир катар жаңылыктар киргизилгенин, маалыматтык иш-чаралар жана процессти уюштуруу өз нугунда жүрүп жатканын белгилеп, шайлоого даярдыкка кызыгуу менен көз салышкандыгын айтты. Алдыдагы парламенттик шайлоо ачык, тынч жана ийгиликтүү өтөт деген ишенимин билдирди.
Кененирээк билүү >>
Үгүт шарттарын бузган үч талапкерге айып пулдар салынды
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 28-ноябрда талапкерлер тарабынан үгүт шарттарын бузган жагдайларды карап, үч талапкерге айып пулдарды салды.
КР БШКга № 9 шайлоо округунан талапкер Сардарбек Даут Ахуновдон талапкерлерге үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн бирдей шарттар түзүлбөй жаткандыгына байланыштуу арызы келип түшкөн.
Арыз ээси ушул эле округдан талапкер Азамжан Джалиловдун тарапташтары тарабынан үгүт материалдарын жайгаштыруу боюнча тоскоолдук болуп жаткандыгын жана кээ бир жарандарга кысым көрсөтүү фактысын текшерип берүүнү суранган.
Бул боюнча КР БШКсына 2025-жылдын 26-ноябрында Өзгөн райондук Ички иштер башкармалыгынан кылмыш ишин козгоодон баш тартуу тууралуу токтом келип түшкөн. Талапкер С.Даут Ахуновдун баннери «Ажва» дүкөнүнүн фасадына дүкөндүн ээси менен макулдашылган шартта илинген. Бирок талапкер А.Джалиловдун өкүлдөрү С. Даут Ахуновдун баннерин алып салып, өз баннерин гана илүүнү талап кылышкандыгы аныкталган.
Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун 2025-жылдын 28-ноябрындагы отурумунда Өзгөн районунун Ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү Т.Алишов, талапкерлер А. Джалилов жана С. Даут Ахунов чакырылып, угулду. Жумушчу топ талапкер А.Джалиловго карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесинде каралган 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонууну сунуштаган.
Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топ № 2 шайлоо округунан талапкер Ы.Атажановдун үгүт китепчеси боюнча билдирүүнү карап, китепче шайлоочуларды кабарландыруу жана шайлоо алдында үгүт жүргүзүү талаптарына каршы келерин аныктады. Китепчеде курулуштар, жол, транспорт, мектеп, мамлекеттик объектилердин оңдолуп-түзөлгөндүгү жана келечекте дагы жасала тургандыгы жөнүндө жазылган.
Жумушчу топ талапкер Ы. Атажановго карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренелеринде каралган 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонууну сунуштаган.
Жумушчу топтун социалдык тармактарга байкоо жүргүзүүсүнүн натыйжасында Facebook социалдык тармагында № 12 шайлоо округунан талапкер Бактыбек Сыдыковдун үгүт шарттарын бузган билдирүүсү аныкталды. Талапкер Б. Сыдыков 17 футбол талаасын куруп бергендигин, мындан ары да куруп берүүнү пландап жатканын жана транспорт, жолдор, калкты автобус менен камсыздоо боюнча убадаларды берген.
Жумушчу топ талапкер Б.Сыдыковго карата да Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесинде каралган 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонууну сунуштаган.
КР БШКсы Жумушчу топтун сунуштарынын негизинде, шайлоо мыйзамдарын жетекчиликке алып, КР БШКнын ыйгарым укуктуу кызмат адамына талапкерлер А.Джалиловго, Ы.Атажановго жана Б.Сыдыковго 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу милдетин жүктөдү.
Кененирээк билүү >>
Жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 28-ноябрда жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Ноокат, Өзгөн жана Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти.
Жеке арыздарына ылайык жергиликтүү кеңештердин төмөнкү депутаттарынын ыйгарым укуктары токтотулду:
- Ноокат районунун Т. Кулатов айылдык кеңешинин (Ак-Чал №4 шайлоо округу) депутаты Эшимбаев Абсатар Көчкөнбаевич, 2025-жылдын 24-ноябрындагы арызына ылайык;
- Ноокат районунун Т.Кулатов айылдык кеңешинин (Арбыш-Сай №7 шайлоо округу) депутаты Боркош уулу Дамирбек, 2025-жылдын 25-ноябрындагы арызына ылайык;
- Өзгөн районунун Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты Джалилов Азамжан Абдуллажанович («Эл Биримдиги» депутаттык фракциясы), 2025-жылдын 17-ноябрындагы жеке арызына ылайык;
- Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр-Тамчы айылдык кеңешинин (Тору-Айгыр №2 шайлоо округу) депутаты Төлөгөнов Эдил Байболотович, 2025-жылдын 30-октябрындагы арызына ылайык;
- Ысык-Көл районунун Садыр Аке айылдык кеңешинин (Григорьевка-2 №6 шайлоо округу) депутаты Сагымбаева Гулкайыр Токтойбаевна, 2025-жылдын 30-октябрындагы арызына ылайык.
Мындан тышкары, аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен жеке арызына ылайык катталган талапкер депутаттыка талапкерлердин тизмесинен чыгарылды:
- Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр-Тамчы айылдык кеңеши боюнча Ишембеков Урмат Элчибекович (2025-жылдын 30-октябрындагы арызы).
Саясий партиялардын тизмеси боюнча бошогон мандаттар:
- Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаардык кеңешинде Камбаров Сайдулла Мамасабировичке берилди («Эл Биримдиги» саясий партиясы);
- добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын эң көп добушун алган төмөнкү шайланган депутаттарга берилди:
- Ош облусунун Ноокат районунун Т.Кулатов айылдык кеңеши (Ак-Чал №4 шайлоо округу) – Самидинов Тынчтыкбек Максыталиевичке;
- Ош облусунун Ноокат районунун Т.Кулатов айылдык кеңеши (Арбыш-Сай №1 шайлоо округу) – Исраилов Рашут Маматовичке;
- Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр-Тамчы айылдык кеңеши (Тору-Айгыр №2 шайлоо округу) – Жумабеков Билги Жолдошбековичке;
- Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Садыр Аке айылдык кеңеши (Григорьевка-2 №6 шайлоо округу) – Акылбек уулу Нурланбекке.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров ЖККУ ПАнын делегациясы менен жолугушту
Бүгүн, 28-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров ЖККУ Парламенттик Ассамблеясынын Казакстан Республикасынын Парламентинин мыйзам чыгаруу жана сот-укуктук реформа комитетинин төрайымы, топтун координатору Снежанна Имашеванын жетекчилиги астындагы делегация менен жолукту.
Снежанна Имашева алдыда боло турган шайлоолордун ийгиликтүү өтүшүн каалап, алардын демократиялуу жана ачык-айкын өтөрүнө ишенимин билдирди. Ал ЖККУ ПА миссиясы шайлоону байкоо боюнча жетиштүү тажрыйбага ээ экенин жана шайлоо процессин толук байкоого даярдыгын белгиледи.
Тынчтык Шайназаров БШК шайлоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыздоого даяр экенин айтты. Бул багытта аралыктан добуш берүү, идентификациянын жаңы системасы жана автоматтык саноо жабдыктары колдонулары жөнүндө маалымат берди. Ошондой эле ал чет өлкөдөгү шайлоо участокторунда кыргыз диаспораларын колдоо боюнча көрсөтүлгөн жардамы үчүн өнөктөштөргө ыраазычылык билдирди. Бул Кыргызстандын чет өлкөдөгү жарандарына добуш берүү укугун толук ишке ашырууга мүмкүндүк берет.
Делегация мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берип жатып, БШК төрагасы аралыктан шайлоо участоктордун иши, кайрадан добуш берүү же башка мыйзам бузууга жол бербеген жаңы шайлоо жабдыктарынын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берди.
Ошондой эле талапкерлерди каттоо, каттоодон баш тартуу же талапкерликти жокко чыгаруу тартиби толугу менен мыйзамга жана белгиленген критерийлерге ылайык жүргүзүлөрүн белгилеп, бул бардык катышуучулар үчүн бирдей шарттарды камсыз кылаарын баса белгиледи.
Жолугушуунун соңунда тараптар бири-бирине ийгиликтерди каалап, шайлоо тармагындагы кызматташууну мындан ары да чыңдоого кызыкдар экенин белгилешти.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров КЭР ТИМинин делегациясы менен жолукту
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 28-ноябрда Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Европа жана Борбордук Азия департаментинин толук ыйгарым укуктуу министри Су Фанцю жетектеген делегация менен жолугушту.
Тынчтык Шайназаров Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү боюнча кеңири маалымат берип, алгачкы жолу жаңы шайлоо системасынын алкагында аралыктан добуш берүү жабдыктары колдонуларын белгиледи. Ал БШКнын негизги милдети - жарандардын шайлоого катышуусу үчүн мүмкүн болушунча ыңгайлуу шарттарды түзүү экенин, бул алардын конституциялык укуктарын толук ишке ашырууга жана шайлоочулардын активдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөрүн баса белгиледи.
КЭР ТИМинин делегациясынын жетекчиси алдыда боло турган шайлоону байкоого чакырылганы үчүн ыраазычылыгын билдирип, Кыргызстандагы шайлоо процесси ачык, айкын жана демократиялык шартта өтөрүнө ишеним артты.
«Кытай менен Кыргызстан - кылымдар бою коңшу жашаган мамлекеттер. Эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер терең тарыхый тамырга ээ. Акыркы жылдары эки өлкө башчыларынын жогорку деңгээлдеги жолугушуулары кызматташтыкка жаңы дем берди. Кытай ар дайым ишенимдүү өнөктөш, жакшы дос жана бир тууган бойдон калууда. Алдыдагы шайлоо - маанилүү саясий окуя, жана анын ийгиликтүү өтөрүнө ишенебиз», - деп белгиледи Су Фанцю.
Өз кезегинде Тынчтык Шайназаров Кытай Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү экенин, ал эми эки мамлекеттин жетекчилеринин ортосундагы ишенимдүү мамилелери мындан аркы кызматташуунун бекем негизин түзөрүн айтты.
КЭР ТИМинин делегациясынын жетекчиси ошондой эле кытайлык байкоочулар шайлоо күнү добуш берүүнүн жүрүшүн түздөн-түз участкаларда мониторинг кылышарын билдирип, алдыдагы шайлоолордун ийгиликтүү өтүшүн каалады.
Кененирээк билүү >>
КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин ишенимдүү адамдары катталды
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 28-ноябрда, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ишенимдүү адамдарын каттады:
- № 20 шайлоо округу боюнча талапкер Алымбеков Максат Джумакадыровичтин 1 ишенимдүү адамы;
- № 18 шайлоо округу боюнча талапкер Ханджеза Карим Лемзаровичтин 1 ишенимдүү адамы;
- № 23 шайлоо округу боюнча талапкер Маматалиев Марлен Абдырахмановичтин 2 ишенимдүү адамы;
- № 10 шайлоо округу боюнча талапкер Кадырбек кызы Нуркыздын 8 ишенимдүү адамы;
- № 23 шайлоо округу боюнча талапкер Исатбек кызы Аиданын 28 ишенимдүү адамы;
- № 25 шайлоо округу боюнча талапкер Шабазов Бахридин Валиевичтин 5 ишенимдүү адамы;
- № 19 шайлоо округу боюнча талапкер Кенжеева Эльмира Жусупбековнанын 6 ишенимдүү адамы;
- № 22 шайлоо округу боюнча талапкер Кожокулова Гуля Акматкуловнанын 1 ишенимдүү адамы;
- № 13 шайлоо округу боюнча талапкер Мамытов Талант Турдумаматовичтин 1 ишенимдүү адамы;
- № 5 шайлоо округу боюнча талапкер Мурзажигит кызы Зареманын 4 ишенимдүү адамы;
- № 7 шайлоо округу боюнча талапкер Ормонова Авазкан Чынбердиевнанын 4 ишенимдүү адамы;
- № 24 шайлоо округу боюнча талапкер Токторбаева Кыял Айтбековнанын 9 ишенимдүү адамы;
- № 15 шайлоо округу боюнча талапкер Эрбаев Алишер Ташбаевичтин 16 ишенимдүү адамы;
- № 6 шайлоо округу боюнча талапкер Эргешов Бекмурза Аскарбаевичтин 38 ишенимдүү адамы;
- № 11 шайлоо округу боюнча талапкер Кылычбаев Алтынбек Таировичтин 44 ишенимдүү адамы;
- № 17 шайлоо округу боюнча талапкер Жанузакова Кыял Байышевнанын 9 ишенимдүү адамы;
- № 4 шайлоо округу боюнча талапкер Жаанбаев Уланбек Коргонбаевичтин 13 ишенимдүү адамы;
- № 5 шайлоо округу боюнча талапкер Маматалиева Багдадгул Меликозиевнанын 24 ишенимдүү адамы;
- № 4 шайлоо округу боюнча талапкер Мадмарова Эльнара Абдувалиевнанын 10 ишенимдүү адамы;
- № 23 шайлоо округу боюнча талапкер Молдалиев Сатыбек Калиловичтин 14 ишенимдүү адамы;
- № 4 шайлоо округу боюнча талапкер Нарматова Надира Азимовнанын 2 ишенимдүү адамы.
КР БШКга № 19 шайлоо округу боюнча талапкер Эгембердиев Абдылдабек Жолдошалиевич мурда сунуш кылган ишенимдүү адамын чакыртып алуу жөнүндө билдиргендигине байланыштуу анын ишенимдүү адамы Э.Б.Тойчиевдин каттоосу жокко чыгарылды.
Ишенимдүү адамдарга белгиленген үлгүдөгү ырастамалар берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2025-жылдын 28-ноябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 2025-жылдын 28-ноябры
Убактысы: 19:00
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
1. № 20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Алымбеков Максат Джумакадыровичтин ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
2. № 18 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Ханджеза Карим Лемзаровичтин ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
3. № 23 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Маматалиев Марлен Абдырахмановичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
4. № 10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Кадырбек кызы Нуркыздын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
5. № 23 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Исатбек кызы Аиданын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
6. № 25 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Шабазов Бахридин Валиевичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
7. № 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Кенжеева Эльмира Жусупбековнанын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
8. № 22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Кожокулова Гуля Акматкуловнанын ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
9. № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Мамытов Талант Турдумаматовичтин ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
10. № 5 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Мурзажигит кызы Зареманын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
11. № 7 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Ормонова Авазкан Чынбердиевнанын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
12. № 24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Токторбаева Кыял Айтбековнанын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
13. № 15 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Эрбаев Алишер Ташбаевичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
14. № 6 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Эргешов Бекмурза Аскарбаевичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
15. № 11 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Кылычбаев Алтынбек Таировичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
16. № 17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Жанузакова Кыял Байышевнанын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
17. № 4 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Жаанбаев Уланбек Коргонбаевичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
18. № 5 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Маматалиева Багдадгул Меликозиевнанын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
19. № 4 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Мадмарова Эльнара Абдувалиевнанын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
20. № 23 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Молдалиев Сатыбек Калиловичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
21. № 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Эгембердиев Абдылдабек Жолдошалиевичтин ишенимдүү адамы жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
22. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Ноокат, Өзгөн жана Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
23. №9 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Даут Ахунов Сардарбек Исмаилжанович туралуу түшкөн арызын кароо жөнүндө.
(баяндамачы – Кайыпов Ш.Т., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)
24. №9 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Даут Ахунов Сардарбек Исмаилжановичтин арызы жөнүндө.
(баяндамачы – Кайыпов Ш.Т., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперт)
25. 1. № 2 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Атажанов Ырысбек Ысламовичтин шайлоо алдында үгүт жүргүзүү эрежелерин бузгадыгы тууралуу
(баяндамачы – Кайыпов Ш.Т., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)
26. № 12 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Сыдыков Бактыбек Усеновичтин шайлоо алдында үгүт жүргүзүү эрежелерин бузгадыгы тууралуу
(баяндамачы – Кайыпов Ш.Т., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)
Кененирээк билүү >>
Мөөнөтүнөн мурда өтө турган парламенттик шайлоодо добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн шайлоочулардан жазуу жүзүндөгү арыздарды кабыл алуу аяктады
Мөөнөтүнөн мурда өтө турган парламенттик шайлоодо добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн шайлоочулардан жазуу жүзүндөгү арыздарды кабыл алуу аяктады
Бүгүн, 27-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо 30 көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн шайлоочулардан жазуу жүзүндөгү арыздарын кабыл алуу аяктады.
Жалпысынан өлкө боюнча 2 492 участкалык шайлоо комиссиянын ичинен 1 324 шайлоо комиссиясына 10 335 арыз түштү.
Алардын ичинен:
- жаш курагына байланыштуу – 3 511;
- ден соолук мүмкүнчүлүгүнүн чектелишине байланыштуу – 2 134;
- ден соолук абалына байланыштуу – 4 008;
- айрым категориялар – 676.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 33-беренесине ылайык, добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүүгө шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок ден соолугуна же майыптыгына байланыштуу шайлоо участкасына добуш берүү үчүн келе албаган шайлоочулар укуктуу.
Ошондой эле добуш берүү күнү ооруканада, шектүүлөр менен айыпталгандардын камак жайларында, алыскы, барууга кыйын аймактарда жана алыскы мал жайыттарында убактылуу жашаган шайлоочулар да бул укуктан пайдалана алышат.
Өзгөчө учурларда тиешелүү шайлоо комиссиясынын чечими менен төмөнкүлөр да добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш бере алышат:
- добуш берүү күнү калктуу пункттардан алыс жайгашкан, обочолонгон жерлерде жайгашкан аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары;
- добуш берүү күнү кызмат өтөп жаткан ички иштер органдарынын кызматкерлери;
- үзгүлтүксүз иштөө цикли бар ишканаларда же вахталык негизде иштеген шайлоочулар.
Добуш берүү күнүнө 2 күн калганда участкалык шайлоо комиссиясы өзүнүн участкасында добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө жазуу жүзүндө арыз берген шайлоочулардын реестрин илип коюуга милдеттүү.
Добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүү - добуш берүү күнүнө календардык бир күн калганда саат 8ден 20.00гө чейинки аралыкта жана шайлоочунун добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде гана жүргүзүлөт. Шайлоочунун арызы участкалык шайлоо комиссиясы түзүлгөндөн кийин каалаган убакта, бирок добуш берүү күнүнө 2 календарлык күндөн кечиктирбестен берилиши мүмкүн.
Таблица түрүндөгү маалымат тиркелет: Таблица
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Россия Федерациясынын Коомдук палатасынын делегациясы менен жолукту
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 28-ноябрда коомдук байкоочу комиссиялар менен кызматташуу боюнча комиссиянын төрагасы Михаил Аничкин баштаган Россия Федерациясынын Коомдук палатасынын делегациясы менен жолукту. Делегация Кыргызстанга 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган мөөнөтүнөн мурда өтүүчү парламенттик шайлоолорду байкоого келген.
Тынчтык Шайназаров шайлоого даярдыктын жүрүшү тууралуу маалымат берип, аралыктан добуш берүү системасына өзгөчө токтолду. Ал бул технология шайлоочуларга өз округунан тышкары каалаган участокто добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берерин, муну менен алардын укуктары кеңейип, шайлоо процессине жеткиликтүүлүгү жогорулай турганын белгиледи.
БШК төрагасы делегация мүчөлөрүн шайлоодо колдонулуучу жабдуунун техникалык мүмкүнчүлүктөрү менен да тааныштырды - ал беш функцияны аткарат, анын ичинде бюллетендерди идентификациялык басып чыгаруу. Бул шайлоо участокторунун ишинин тактыгын, ыкчамдыгын жана ачык-айкындуулугун кыйла жогорулатат.
Делегация башчысы Михаил Аничкин Россия Федерациясынын Коомдук палатасынын ишмердүүлүгү тууралуу айтып берди. Палата жарандар жана коомдук уюмдардын бийлик органдары менен кызматташуусун камсыздап, алардын укуктарын коргоого жана коомдук кызыкчылыктарды эске алууга салым кошорун белгиледи. Анын айтымында, Палата мыйзам долбоорлорун жана нормативдик актыларды коомдук экспертизадан өткөрөт, мамлекеттик органдардын ишин коомдук көзөмөгө алат.
Михаил Аничкин белгилегендей, РФнын Коомдук палатасы бир катар өлкөлөрдө шайлоолорду байкоо боюнча чоң тажрыйбага ээ. Россияда болжол менен 150 миң коомдук байкоочулар бар, бул ишке жарандык коомдун өкүлдөрү активдүү катышат. Палата иштеп чыккан коомдук байкоо методологиясы эл аралык практикада колдонулуп, жакшы баага татыган. Ал ошондой эле Россиядагы шайлоолордо чет элдик байкоочулардын катышуусунун маанилүүлүгүн жана тажрыйба алмашууга кызыкдарлыгын белгиледи.
РФнын Коомдук палатасынын делегациясы Кыргызстандагы шайлоолорду байкоого катышуусун кызматташууну бекемдөөгө, Кыргызстандын суверенитетин колдоого жана кыргызстандык кесиптештери менен профессионалдык кызматташууну өнүктүрүүгө кошкон салымы катары баалайт.
Жолугушуунун аягында Михаил Аничкин шайлоонун ийгиликтүү өтүшүн каалап, Борбордук шайлоо комиссиясына эң жакшы тилектерин билдирди.
Тынчтык Шайназаров КР БШКсы кызматташууга ачык экенин баса белгилеп, Россия Федерациясынын Коомдук палатасынын ишине ийгилик каалады.
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КМШ Байкоочу миссиясынын башчысы, КМШнын Башкы катчысынын биринчи орун басары Игорь Петришенко менен жолукту
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 28-ноябрда 2025-жылдын 30-ноябрына белгиленген мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоону байкоо үчүн Кыргызстанга келген Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Байкоо миссиясынын башчысы, КМШ Башкы катчысынын биринчи орун басары Игорь Петришенко менен жолугушту.
Игорь Петришенко КМШ Миссиясынан 241 узак жана кыска мөөнөттүү байкоочу аккредитациядан өткөнүн билдирди. Мезгил аралык даярдалган баяндама сунушталды, ал эми Миссиянын жыйынтыктоочу басма сөз жыйыны 2025-жылдын 1-декабрында өтөрү пландалууда. Миссиянын ишинин алкагында башка эл аралык уюмдардын байкоочулары менен жолугушуулар да каралган, делегация борбордогу жана региондордогу шайлоо участокторуна барышат.
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык тууралуу маалымат берди.
«Биз 29-ноябрда өтө турган имараттан тышкаркы добуш берүүгө, ошондой эле 30-ноябрдагы негизги добуш берүү күнүнө даярбыз. Шайлоо участокторунда эл аралык байкоочулардын болушуна кубанычтабыз. Алардын катышуусу жарандардын ишенимин бекемдөөгө, шайлоо процессинин ачык-айкындуулугун жана объективдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт», - деп баса белгиледи Т.Шайназаров.
Тараптар келечектеги кызматташуунун жана маалымат алмашуунун маанилүүлүгүн белгилешти. Алар шайлоо органдары менен эл аралык байкоо миссияларынын ачык жана конструктивдүү диалогу демократиялык процесстерди бекемдөөгө, жарандардын добуш берүүнүн жыйынтыгына болгон ишенимин жогорулатууга салым кошорун белгилешти.
Кененирээк билүү >>
Үгүт шарттарын бузгандыгы учүн талапкер Ы.Атажановго эки айып пул салынып, эскертүү берилди
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 27-ноябрда, үгүт шарттарын бузган талапкер тууралуу маселени карап, ага айып пул салуу менен бирге эскертүү берди.
Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топ социалдык тармактарга байкоо жүргүзүүнүн жүрүшүндө №2 шайлоо округунан талапкер Атажанов Ырысбек Ысламович жөнүндө таратылып жаткан маалыматтар мыйзам тарабынан белгиленген үгүт жүргүзүү шарттарын бузуп жатканы аныкталды.
Тактап айтканда, Instagram социалдык тармагындагы «yrysbek.atajanov» колдонуучусунун баракчасында үгүт видео материалы жарыяланган, анда талапкердин шайлоочулар менен мечиттин аймагында жолугушуусу чагылдырылган.
Шайлоо мыйзамдарына ылайык, диний имараттардын ичинде жана алардын жанында үгүт иш-чараларын өткөрүүгө, үгүт материалдарын таратууга жол берилбейт.
Мындан тышкары, WhatsApp мессенджеринде таратылган фотоматериалдарга ылайык, Бирлик айыл аймагынын Эшме айылына кире бериштеги аркага талапкердин үгүт баннери орнотулганы аныкталды. Муну менен талапкер мыйзамдагы “тарыхый, маданий же архитектуралык баалуулугу бар эстеликтерге, обелисктерге жана имараттарга үгүт материалдарын жайгаштырууга тыюу салынат” деген талапты бузган.
Ошондой эле Instagram социалдык тармагындагы колдонуучунун «yrysbek.atajanov» баракчасында үгүт видео материалда талапкер Майдан айылынын тургундары үчүн социалдык объектилерди, ошондой эле башка нерселерди курууга убада берип, келишимге кол коюп, жарыялаган.
Мыйзамга ылайык, шайлоо дайындалган учурдан тартып шайлоочулардын добуштарын сатып алууга, акча каражаттарын төлөөгө, белектерди жана башка материалдык баалуулуктарды тапшырууга тыюу салынат. Талапкерлер, алардын жакын туугандары, жубайы, талапкерлердин жана саясий партиялардын өкүлдөрү шайлоо дайындалган учурдан тартып жана шайлоонун натыйжалары жарыяланганга чейин кайрымдуулук иштерин жүргүзүүгө укуксуз.
Жумушчу топ № 2 шайлоо округунан талапкер Атажанов Ырысбекке карата шайлоо мыйзамындагы талаптарды бузгандыгы үчүн Укук бузуулар жөнүндө кодексте каралган 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө жана 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө административдик айып пул салуу түрүндөгү жоопкерчилик чарасын колдонууну жана эскертүү берүүнү сунуштаган.
КР БШКсы Жумушчу топтун сунушунун негизинде, шайлоо мыйзамдарын жетекчиликке алып, КР БШКнын ыйгарым укуктуу кызмат адамына №2 шайлоо округунан талапкер Атажанов Ырысбек Ысламовичке айып пул салуу милдетин жүктөдү. Талапкерге КР БШКсы ошондой эле эскертүү берди.
Кененирээк билүү >>
Жалал-Абад облусунун Сузак айылындагы шайлоо участогунун дареги өзгөрдү
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 27-ноябрда “Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Сузак айыл аймагынын Сузак айылындагы № 2424 шайлоо участогунун дарегин өзгөртүү жөнүндө” токтом кабыл алды.
Ага ылайык, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Сузак айыл аймагынын Сузак айылындагы Дакан-Палван көчөсү, 143тө жайгашкан Санэпидстанциянын имаратындагы № 2424 шайлоо участогунун дареги Дакан-Палван көчөсү, 127 дарегиндеги С. Акбаров атындагы орто мектептин имаратына өзгөртүлдү.
Сузак аймактык шайлоо комиссиясына Сузак айыл өкмөтү менен биргеликте шайлоочулар арасында шайлоо участогунун дареги өзгөргөнү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.
Кененирээк билүү >>
Үгүт шарттарын бузган эки талапкерге жана талапкердин ар намысына шек келтирген маалымат тараткан жаранга айып пул салынды
КР БШКсына Баткен облусунун Ички иштер башкармалыгынын Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнөн № 3 шайлоо округунан талапкер Аматов Жаныбек Женишбековичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы тууралуу материалдар келип түшкөн.
Ага ылайык, Instagram социалдык тармагындагы “amatovzhanybek” аттуу колдонуучунун баракчасында үгүт видео материалы жарыяланган, анда талапкер мечиттин аймагында шайлоочулар менен жолугушуусу аныкталган.
Шайлоо мыйзамдарына ылайык, ибадат кылуу имараттардын ичинде жана жанында үгүт иш-чараларын өткөрүүгө, үгүт материалдарын таратууга жол берилбейт.
Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топ талапкер Ж.Аматовго карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 142-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонууну сунуштаган.
Жумушчу топ социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүүнүн натыйжасында Instagram социалдык тармагындагы “bakyt_tentishev” аттуу колдонуучунун баракчасында жарыяланган фото жана видеоматериалдарга ылайык, № 8 шайлоо округунан талапкер Тентишев Бакыт Эркинович үчүн жайылтылып жаткан маалымат үгүт шарттарын бузуп жатканын аныктаган. Тактап айтканда, талапкердин кесиптик ишине же кызматтык (кызмат орду боюнча) милдеттерин аткаруусуна байланыштуу маалымат таратылып, мыйзамдагы талаптар бузулган.
Жумушчу топ талапкер Б.Тентишевге карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесинде каралган 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонууну сунуштаган.
Ошондой эле Жумушчу топтун мониторингдин натыйжасында Facebook социалдык тармагындагы “Аська Кожомкулова” аттуу колдонуучунун баракчасында жарыяланган фото жана видеоматериалдарга ылайык, автор талапкер К.К. Самаковдун ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды таратып жаткандыгын аныктады. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, талапкердин ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген жалган маалыматтарды атайылап тараткан адамдар жазык же болбосо башка жоопкерчиликке тартылат.
Жумушчу топ Асыл Кожомкуловага карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 66-беренесинде каралган 125 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонууну сунуштаган.
КР БШКсы Жумушчу топтун сунушунун негизинде, шайлоо мыйзамдарын жетекчиликке алып, КР БШКнын ыйгарым укуктуу кызмат адамына № 3 шайлоо округунан талапкер Аматов Жаныбек Женишбековичке 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, № 25 шайлоо округунан талапкер Тентишев Бакыт Эркиновичке 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, ал эми талапкердин ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды тараткандыгы үчүн жаран А.Кожомкуловага 125 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу милдетин жүктөдү.
Кененирээк билүү >>
Талапкерлер Л.Акунова жана Г.Халилованын каттоосу жокко чыгарылды
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 27-ноябрда № 22 жана № 24 көп мандаттуу шайлоо округдарынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер Акунова Лиранын жана Халилова Гульназ Мажитовнанын каттоосун жокко чыгарды.
КР БШКга шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу талапкер Л.Акуновадан арыз 2025-жылдын 26-ноябрында, ал эми талапкер Г.Халиловадан 27-ноябрда келип түшкөн.
Шайлоо мыйзамдарына ылайык, талапкерлердин арызынын негизинде № 22 жана № 24 көп мандаттуу шайлоо округдарынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер Акунова Лиранын жана Халилова Гульназ Мажитовнанын каттоолору жокко чыгарылды. Аталган талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкулдөрүнүн каттоолору да жокко чыгарылды.
Кененирээк билүү >>
Шайлоо бюллетендерин жана добуш берүү бюллетендерин басып чыгаруу, эсепке алуу жана сактоо тартиби жөнүндө Жобого өзгөртүүлөр киргизилди
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бугүн, 27-ноябрда КР БШКнын 2025-жылдын 28-июлундагы № 43 “Шайлоо бюллетендерин жана добуш берүү бюллетендерин басып чыгаруу, эсепке алуу жана сактоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди.
Төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Шайлоо бюллетендерин жана добуш берүү бюллетендерин басып чыгаруу, эсепке алуу жана сактоо тартиби жөнүндө жобонун 14-пункту төмөнкүдөй мазмундагы редакцияда баяндалсын: “Талапкер чыгып калган учурда шайлоо бюллетенинде анын маалыматтарынын ордуна “каттоо жокко чыгарылды” деген жазуу жайгаштырылат жана сызып салуу, бош чарчыны кошуп алганда, сап боюнча түз сызык менен жүргүзүлөт.
Принтери бар идентификациялоочу түзүлүштө көрсөтүлгөн белги менен бюллетень түзүлөт, ал автоматтык эсептөөчү урналарда сакталат.”
Кененирээк билүү >>
КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин ишенимдүү адамдары катталды
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 27-ноябрда, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ишенимдүү адамдарын каттады:
- № 29 шайлоо округу боюнча талапкер Абыкеев Темирболот Асаналиевичтин 13 ишенимдүү адамы;
- № 20 шайлоо округу боюнча талапкер Алымбеков Максат Джумакадыровичтин 5 ишенимдүү адамы;
- № 10 шайлоо округу боюнча талапкер Баатырова Гүлнара Маришовнанын 68 ишенимдүү адамы;
- № 26 шайлоо округу боюнча талапкер Бейшенбаева Гульниза Джумабековнанын 2 ишенимдүү адамы;
- № 22 шайлоо округу боюнча талапкер Бекешев Дастан Далабайевичтин 15 ишенимдүү адамы;
- № 1 шайлоо округу боюнча талапкер Жороев Исманали Эгембердиевичтин 8 ишенимдүү адамы;
- № 23 шайлоо округу боюнча талапкер Маматалиев Марлен Абдырахмановичтин 3 ишенимдүү адамы;
- № 3 шайлоо округу боюнча талапкер Матраимов Бакытбек Турдалиевичтин 11 ишенимдүү адамы;
- № 24 шайлоо округу боюнча талапкер Салымбеков Жумабек Мамытбаевичтин 2 ишенимдүү адамы;
- № 25 шайлоо округу боюнча талапкер Таштанбеков Акбокон Дукеновичтин 6 ишенимдүү адамы;
- № 6 шайлоо округу боюнча талапкер Тогузакова Айжан Абдыганиевнанын бир ишенимдүү адамы;
- № 8 шайлоо округу боюнча талапкер Токторов Мырзабек Сарыевичтин 12 ишенимдүү адамы;
- № 27 шайлоо округу боюнча талапкер Түмөнбаев Акылбек Тогузбаевичтин 2 ишенимдүү адамы;
- № 17 шайлоо округу боюнча талапкер Чыныбаева Айжан Адамкалиевнанын 4 ишенимдүү адамы;
- № 9 шайлоо округу боюнча талапкер Эгенбердиева Жылдыз Абдылдаевнанын 3 ишенимдүү адамы;
- № 26 шайлоо округу боюнча талапкер Айтимбетова Айсулуу Курманбаевнанын 11 ишенимдүү адамы;
- № 19 шайлоо округу боюнча талапкер Ибраимова Аселя Раимбековнанын 15 ишенимдүү адамы;
- № 23 шайлоо округу боюнча талапкер Карыпбеков Илим Майрамбековичтин 7 ишенимдүү адамы;
- № 6 шайлоо округу боюнча талапкер Кудайбердиев Алтынбек Мусажановичтин 12 ишенимдүү адамы;
- № 14 шайлоо округу боюнча талапкер Култаева Гулшаркан Оконовнанын 10 ишенимдүү адамы;
- № 10 шайлоо округу боюнча талапкер Омурзаков Суйунбек Абдылдаевичтин 24 ишенимдүү адамы;
- № 10 шайлоо округу боюнча талапкер Зулушев Курманкул Токторалыевичтин 12 ишенимдүү адамы;
- № 13 шайлоо округу боюнча талапкер Курбаналиев Жаныбек Масабировичтин 4 ишенимдүү адамы;
- № 4 шайлоо округу боюнча талапкер Рустамбек уулу Советбектин 12 ишенимдүү адамы;
- № 12 шайлоо округу боюнча талапкер Курманалиева Жылдыз Кочкоралиевнанын 34 ишенимдүү адамы.
Ишенимдүү адамдарга белгиленген үлгүдөгү ырастамалар берилет.
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
20.09.2026
КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүнү улантууда
19.09.2026
КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүгө катышууда
19.09.2026
КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров Москва шаарында өткөн “Туруксуздук мезгилиндеги шайлоолор” эл аралык конференциясына катышты
19.09.2026
КР БШК кызматкерлери ишембиликке катышты
16.09.2026
КР БШКда аймактык шайлоо комиссияларындагы атайын өкүлдөр менен жумушчу жыйын өттү
09.09.2026
Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди