Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин ишенимдүү адамдары катталды
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 27-ноябрда, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ишенимдүү адамдарын каттады:
- № 29 шайлоо округу боюнча талапкер Абыкеев Темирболот Асаналиевичтин 13 ишенимдүү адамы;
- № 20 шайлоо округу боюнча талапкер Алымбеков Максат Джумакадыровичтин 5 ишенимдүү адамы;
- № 10 шайлоо округу боюнча талапкер Баатырова Гүлнара Маришовнанын 68 ишенимдүү адамы;
- № 26 шайлоо округу боюнча талапкер Бейшенбаева Гульниза Джумабековнанын 2 ишенимдүү адамы;
- № 22 шайлоо округу боюнча талапкер Бекешев Дастан Далабайевичтин 15 ишенимдүү адамы;
- № 1 шайлоо округу боюнча талапкер Жороев Исманали Эгембердиевичтин 8 ишенимдүү адамы;
- № 23 шайлоо округу боюнча талапкер Маматалиев Марлен Абдырахмановичтин 3 ишенимдүү адамы;
- № 3 шайлоо округу боюнча талапкер Матраимов Бакытбек Турдалиевичтин 11 ишенимдүү адамы;
- № 24 шайлоо округу боюнча талапкер Салымбеков Жумабек Мамытбаевичтин 2 ишенимдүү адамы;
- № 25 шайлоо округу боюнча талапкер Таштанбеков Акбокон Дукеновичтин 6 ишенимдүү адамы;
- № 6 шайлоо округу боюнча талапкер Тогузакова Айжан Абдыганиевнанын бир ишенимдүү адамы;
- № 8 шайлоо округу боюнча талапкер Токторов Мырзабек Сарыевичтин 12 ишенимдүү адамы;
- № 27 шайлоо округу боюнча талапкер Түмөнбаев Акылбек Тогузбаевичтин 2 ишенимдүү адамы;
- № 17 шайлоо округу боюнча талапкер Чыныбаева Айжан Адамкалиевнанын 4 ишенимдүү адамы;
- № 9 шайлоо округу боюнча талапкер Эгенбердиева Жылдыз Абдылдаевнанын 3 ишенимдүү адамы;
- № 26 шайлоо округу боюнча талапкер Айтимбетова Айсулуу Курманбаевнанын 11 ишенимдүү адамы;
- № 19 шайлоо округу боюнча талапкер Ибраимова Аселя Раимбековнанын 15 ишенимдүү адамы;
- № 23 шайлоо округу боюнча талапкер Карыпбеков Илим Майрамбековичтин 7 ишенимдүү адамы;
- № 6 шайлоо округу боюнча талапкер Кудайбердиев Алтынбек Мусажановичтин 12 ишенимдүү адамы;
- № 14 шайлоо округу боюнча талапкер Култаева Гулшаркан Оконовнанын 10 ишенимдүү адамы;
- № 10 шайлоо округу боюнча талапкер Омурзаков Суйунбек Абдылдаевичтин 24 ишенимдүү адамы;
- № 10 шайлоо округу боюнча талапкер Зулушев Курманкул Токторалыевичтин 12 ишенимдүү адамы;
- № 13 шайлоо округу боюнча талапкер Курбаналиев Жаныбек Масабировичтин 4 ишенимдүү адамы;
- № 4 шайлоо округу боюнча талапкер Рустамбек уулу Советбектин 12 ишенимдүү адамы;
- № 12 шайлоо округу боюнча талапкер Курманалиева Жылдыз Кочкоралиевнанын 34 ишенимдүү адамы.
Ишенимдүү адамдарга белгиленген үлгүдөгү ырастамалар берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Мальдив Республикасынын БШКсынын төрагасы Мохамед Захид менен жолукту
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 27-ноябрда 2025-жылдын 30-ноябрында мөөнөтүнөн мурда өтө турган парламенттик шайлоону байкоо үчүн Кыргызстанга келген Мальдив Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Мохамед Захид менен жолукту.
Мохамед Захид Кыргызстанга алгач ирет келип жаткан делегация үчүн шайлоону байкоого катышуу чоң сыймык экенин айтты жана жылуу тосуп алуу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал Кыргызстан жаш мамлекет болгонуна карабастан, акыркы жылдары байкалаарлык өсүп-өнүгүүгө жетишкенин баса белгиледи. М. Захид алдыдагы шайлоонун Кыргыз Республикасы үчүн өзгөчө маанилүү экенин айтып, анын эркин жана адилеттүү өтөрүнө ишенимин билдирди.
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров шайлоону жогорку деңгээлде уюштурууга бардык шарттар түзүлүп жатканын билдирди. Ал маектешин шайлоо реформасынын негизги багыттары менен тааныштырып, реформанын максаты – шайлоо процедураларын ачык жана ишенимдүү кылуу, ошондой эле жарандардын конституциялык укуктарын коргоо экенин баса белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар шайлоо процесстерин уюштурууга байланыштуу пикир алмашып, бири-бирине ийгилик каалашты.
Жолугушуунун соңунда Мальдив Республикасынын БШКсынын төрагасы Тынчтык Шайназаровду 2026-жылдын апрель айында Мальдив мамлекетинде өтө турган жергиликтүү шайлоолорду байкоого чакырды.
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров Азербайжан БШКсынын төрагасы Мазахир Панахов менен жолукту
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 27-ноябрда Азербайжан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Мазахир Панахов менен жолугушту.
Азербайжан делегациясы менен учурашууда, Тынчтык Шайназаров Азербайжан БШКсынын өкүлдөрүнүн келиши кыргыз тарап үчүн боордош элдин колдоосу катары кабыл алынарын баса белгиледи.
Ал мөөнөтүнөн мурдагы парламенттик шайлоого даярдыктын жүрүшү тууралуу кеңири маалымат берип, бул шайлоо жаңы система боюнча өтүп жатканын белгиледи. Кыргызстанда 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлүп, алгачкы жолу аралыктан добуш берүү системасы киргизилди. Жаңы шайлоо жабдуусу шайлоочунун маалыматтарын 1 мүнөттөн ашпаган убакытта иштетип, 12 саат ичинде 800гө чейин шайлоочуга кызмат көрсөтө алат.
Жарандардын добуш берүү укугун камсыздоо максатында чет өлкөлөрдө 100 шайлоо участкасы ачылды. Ошондой эле 27 аралыктан добуш берүү участкалары түзүлдү. Алардын катарында аэропорттордо (учуу жана конуу зоналарында), ири базарларда, соода борборлорунда, тергөө абагында, медициналык мекемелерде жана адамдар көп топтолгон башка жайларда жайгашкан пункттар бар.
Т. Шайназаров бул чаралар шайлоочулар үчүн мүмкүн болушунча ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана шайлоочулардын жигердүүлүгүн жогорулатууга багытталганын белгиледи.
Азербайжан БШКсынын төрагасы Мазахир Панахов Кыргызстандагы парламенттик шайлоолорду байкоого Азербайжандан 25 байкоочу келерин билдирди. Алардын ичинде КМШ, КМШ ПАА, Түрк мамлекеттер уюму, ТүркПА, ИКУ, ЕККУ ПА, ЕКПА сыяктуу эл аралык миссиялардын курамында, эки тараптуу негизде жана Азербайжан элчилигинен келген байкоочулар бар.
Ал эки өлкөнүн шайлоо комиссияларынын ортосундагы кызматташтык мындан ары да өнүгөт деген ишенимин билдирип, алдыдагы шайлоолонун ийгиликтүү өтүшүн каалады.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2025-жылдын 27-ноябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 2025-жылдын 27 -ноябры
Убактысы: 17:00
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
№ 29 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Абыкеев Темирболот Асаналиевичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Алымбеков Максат Джумакадыровичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Баатырова Гүлнара Маришовнанын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 26 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Бейшенбаева Гульниза Джумабековнанын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Бекешев Дастан Далабайевичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 1 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Жороев Исманали Эгембердиевичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 23 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Маматалиев Марлен Абдырахмановичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 3 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Матраимов Бакытбек Турдалиевичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Салымбеков Жумабек Мамытбаевичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 25 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Таштанбеков Акбокон Дукеновичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 6 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Тогузакова Айжан Абдыганиевнанын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 8 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Токторов Мырзабек Сарыевичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Түмөнбаев Акылбек Тогузбаевичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Чыныбаева Айжан Адамкалиевнанын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 9 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Эгенбердиева Жылдыз Абдылдаевнанын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 26 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Айтимбетова Айсулуу Курманбаевнанын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Ибраимова Аселя Раимбековнанын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 23 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Карыпбеков Илим Майрамбековичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 6 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Кудайбердиев Алтынбек Мусажановичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 14 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Култаева Гулшаркан Оконовнанын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Омурзаков Суйунбек Абдылдаевичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Зулушев Курманкул Токторалыевичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Курбаналиев Жаныбек Масабировичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 4 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Рустамбек уулу Советбектин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 12 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Курманалиева Жылдыз Кочкоралиевнанын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Акунова Лиранын каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
№ 24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Халилова Гульназ Мажитовнанын каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 43 "Шайлоо бюллетендерин жана добуш берүү бюллетендерин басып чыгаруу, эсепке алуу жана сактоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Сузак айыл аймагынын Сузак айылындагы № 2424 шайлоо участогунун дарегин өзгөртүү жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
30. № 3 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Аматов Жаныбек Женишбековичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө
(баяндамачы – Закиров А.М укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти.)
31. Жаран Кожомкулова Асыл Мырзабековнанын № 30 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Самаков Кубанычбек Карганбековичтин ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды камтыган жарыялоолорду тараткандыгы жөнүндө
(баяндамачы – Закиров А.М укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти.)
32. № 25 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Тентишев Бакыт Эркиновичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө
(баяндамачы – Закиров А.М укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти.)
33. Жаран Шашнина Вера Ивановнанын № 22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Абдыкадыров Эмилбек Мырзакуловичтин ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды камтыган жарыялоолорду тараткандыгы жөнүндө
(баяндамачы – Закиров А.М укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти.)
34. № 2 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Атажанов Ырысбек Ысламовичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө
(баяндамачы – Закиров А.М укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти.)
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров ТМУ жана ШКУнун байкоо Миссияларынын делегациялары менен жолукту
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 27-ноябрда, 30-ноябрдагы мөөнөтүнөн мурда өтө турган парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн Кыргызстанга келген Түрк мамлекеттеринин уюму (ТМУ) жана Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) байкоо Миссияларынын делегациялары менен жолугушту.
ТМУ байкоо Миссиясынын башчысы, ТМУнун Башкы катчысынын орун басары Мирвохид Озимов шайлоонун ийгиликтүү өтүшүн каалап, боордош мамлекеттердин колдоосун белгиледи. Ал жаңы киргизилип жаткан аралыктан добуш берүү системасына кызыгуусун билдирди.
КР БШКнын төрагасы шайлоочулардын укуктарын коргоого, «айлампа» жана кошумча бюллетень салуу сыяктуу мыйзамсыз аракеттерди алдын алууга багытталган шайлоо процессиндеги негизги жаңычылдыктарга кеңири токтолду.
Делегацияга жаңы шайлоо жабдуулары көрсөтүлүп, алардын иштөө принциби тууралуу маалымат берилди.
Андан соң КР БШКнын төрагасы ШКУ байкоо Миссиясынын башчысы, ШКУнун Башкы катчысынын орун басары Пяо Янфань менен жолугушту.
Миссиянын башчысы ШКУнун Кыргызстанга болгон колдоосун айтып, миссия бейтараптык принциптерин карманып, өлкөнүн суверенитетине урмат көрсөтөөрүн, ар кандай деңгээлдеги шайлоолорду байкоодо чоң тажрыйбасы бар экенин баса белгиледи.
Ал ШКУнун байкоочулары өлкөнүн аймактарын кыдырып, шайлоочулар арасында жүргүзүлгөн маалыматтык-түшүндүрүү иштери, шайлоочулардын, анын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жана жаштардын укуктарынын сакталышы менен таанышууну көздөп жатканын билдирди.
Тынчтык Шайназаров шайлоо реформаларынын максаты - «бир шайлоочу - бир талапкер - бир добуш» негизги принцибин жүзөгө ашыруу, ошондой эле жарандардын эркин добуш берүү укугун камсыз кылуу үчүн максималдуу шарттарды түзүү экенин белгиледи. Шайлоочулардын катышуусун жогорулатуу куралдарынын бири катары ал аралыктыктан добуш берүү системасын белгиледи.
ШКУнун байкоо Миссиясынын башчысы ийгилик каалап, шайлоо жогорку деңгээлде өтүшүнө тилектештигин билдирди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы депутаттыкка талапкер Лира Акунованы жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берди
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 27-ноябрда, Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерди жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө өтүнүч катын карады.
КР БШКсына 2025-жылдын 26-ноябрында Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын № 22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Акунова Лираны жазык жоопкерчилигине тартууга, кармоого, камакка алууга же сот тартибинде жаза чараларына тартууга макулдук берүү жөнүндө өтүнүч каты келип түшкөн.
Бишкек ШИИББнин өндүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 2-бөлүгүндө (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши тергелүүдө.
Өтүнүч катта тергөө иш-аракеттерин жана ыкчам иш-чараларды жүргүзүүдө талапкер Л. Акунованын жакын туугандары добуштарды сатып алууга багытталган ири өлчөмдөгү акча каражаттарын атайын жарандарга бергендиги аныкталган.
Бул аракеттер Л. Акунованын шайлоо штабында анын көзөмөлү жана тапшырмасы менен жүргүзүлгөндүгү далилденген.
КР БШКсы шайлоо мыйзамдарын жетекчиликке алып, Бишкек ШИИББнин № 22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Акунова Лираны кылмыш жоопкерчилигине тартууга, кармоого, камакка алууга же сот тартибинде салынуучу жаза чараларына тартууга макулдук берүү жөнүндөгү өтүнүчүн канааттандырды.
Чечимдин көчүрмөсү Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгына жана талапкер Л. Акуновага жөнөтүлөт.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы депутаттыкка талапкер Гульназ Халилованы жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берди
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 27-ноябрда Бишкек шаарынын Свердлов райондук Ички иштер башкармалыгынын Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерди жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө өтүнүчүн карады.
КР БШКсына 2025-жылдын 26-ноябрында Бишкек шаарынын Свердлов РИИБнен №24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Халилова Гульназ Мажитовнаны жазык жоопкерчилигине тартууга, кармоого, камакка алууга же сот тартибинде жаза чараларына тартууга макулдук берүү жөнүндө өтүнүч кат келип түшкөн.
Бишкек шаарынын Свердлов РИИБде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 1-бөлүгүндө (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш иши тергелүүдө.
Өтүнүч катта тергөө иш-аракеттерин жана ыкчам иш-чараларды жүргүзүүдө талапкер Г.Халилова жеке өзү жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрү аркылуу шайлоочуларды сатып алууга багытталган шайлоо алдындагы штабдын ишин уюштургандыгы аныкталган.
Жарандар менен жалган келишимдер үгүтчүлөр менен түзүлгөн келишимдер катары таризделген, бирок иш жүзүндө добуштарды сатып алууга багытталган (ар бир добуш үчүн 2000 сом). Шайлоочуларды сатып алууга багытталган 40 000 сом, ошондой эле 80 200 АКШ доллары, 116 000 сом жана 29 500 сом суммасындагы акча каражаттары тинтүү учурунда документтештирилген.
Акча каражаттарынын кармоочулары - Г. Халилованын тарапташтарына айып угузулуп, башка жакка чыкпоо тууралуу баш коргоо чарасы тандалган.
КР БШКсы жогоруда баяндалгандардын негизинде, шайлоо мыйзамдарын жетекчиликке алып, Бишкек шаарынын Свердлов райондук Ички иштер башкармалыгынын №24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Халилова Гульназ Мажитовнаны кылмыш жоопкерчилигине тартууга, кармоого, камакка алууга же сот тартибинде салынуучу жаза чараларына тартууга макулдук берүү жөнүндөгү өтүнүчтү канааттандырды.
Чечимдин көчүрмөсү Бишкек шаарынын Свердлов райондук Ички иштер башкармалыгына жана талапкер Г.Халиловага жөнөтүлөт.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2025-жылдын 27-ноябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 2025-жылдын 27 -ноябры
Убактысы: 10:30
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
1. Бишкек шаарынын Свердлов райондук Ички иштер башкармалыгынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерди жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө өтүнүчүн кароо тууралуу.
(баяндамачы – Кайыпов Ш.Т. укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)
2. Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерди жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө өтүнүчүн кароо тууралуу.
(баяндамачы – Закиров А.М. укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо мыйзамдарынын бузулгандыгы тууралуу талапкерлердин, ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн даттануу арыздарын карады
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 26-ноябрда үгүт кампаниясынын учурунда шайлоо мыйзамдарынын бузулгандыгы тууралуу талапкерлердин, ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн даттануу арыздарын карап, чечимдерди кабыл алды.
КР БШКга №13 шайлоо округунан талапкер Сыдыков Бактыбек Усеновичтин ыйгарым укуктуу өкүлү Аскар Муратбековдон арыз келип түшкөн. Арызда белгисиз жаран тарабынан талапкер Б.Сыдыков тууралуу аудиобилдирүү таратылып, ага добуш берген шайлоочуларга 2500 сомдон акча төлөнөт деген жалган маалыматтар боюнча тиешелүү чараларды кабыл алуу өтүнүчү билдирилген.
Аталган материалдар боюнча Жалал-Абад облусунун Ноокен РИИБнин тергөө кызматынын тергөөчүсү Н.Жоробековдун токтомунун негизинде алдын ала текшерүү жүргүзүлгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында аудиоматериалды WhatsApp аркылуу Зухрат Осоров аттуу жаран тараткандыгы, талапкердин добуш сатып алгандыгы тууралуу эч кандай далилдер жок экендиги аныкталды. Ошондой эле, аудиоматериалдарды таратуу боюнча катталган иште кылмыштын курамы болбогондуктан, кылмыш ишин козгоодон баш тартылган.
Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топтун отурумунда талапкер Б.Сыдыковдун ыйгарым укуктуу өкүлү А.Муратбеков, Ноокен РИИБнин ТКсынын тергөөчүсү Н.Жоробеков чакырылып, угулган.
Жумушчу топ З.Осоровго карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 66-беренесинде каралган 125 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонууну сунуштаган.
КР БШКга № 17 шайлоо округунан талапкер Узакбаев Улукбектин ыйгарым укуктуу өкүлү Б.Карабаевден ушул эле округдан талапкер Бактыбек Чойбековго карата арызы келип түшкөн.
Арыз ээси талапкер У.Узакбаевдин апасы Э.Жумалиеванын катышуусунда Жогорку Кеңештин мурунку чакырылышына 2021-жылы депутаттарды шайлоо өнөктүгү учурунда тартылган, учурдагы шайлоого тиешеси жок видеороликти талапкер Б.Чойбековдун тарапташтары таратып жатканы баяндалган. Арыз ээси видеороликти талапкер Б.Чойбековдун макулдугу менен таратуунун максаты - коомчулукта “талапкер У.Узакбаевдин апасы анын атаандашын колдоп жатат” деген маанидеги маалыматты таратып, № 17 шайлоо округунун шайлоочуларына туура эмес таасир бериши мүмкүн деген пикирин билдирген.
Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун отурумуна талапкерлер Б. Чойбеков жана У.Узакбаевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү чакырылып, угулду.
Жумушчу топтун отурумунда, көрсөтүлгөн видеоролик талапкер
Б. Чойбековдун макулдугу менен жана анын расмий катталган үгүтчүлөрү тарабынан таратылгандыгы аныкталган.
Жумушчу топ талапкер Б.Чойбековго эскертүү берүүнү сунуштаган.
КР БШКсы жогорудагыларды эске алып, талапкер тууралуу жалган маалымат тараткан жаран З.Осоровго карата 125 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу милдетин КР БШКнын ыйгарым укуктуу кызмат адамына жүктөдү, № 17 шайлоо округунан талапкер Б.Чойбековго эскертүү берди.
Кененирээк билүү >>
№ 19 шайлоо округунан талапкерлер Н.Усеинова жана Э.Баямановдун жамааттык арызын КР БШКсы канааттандыруудан баш тартты
КР БШКга № 19 шайлоо округунан талапкерлер Усеинова Нургул Эмилькановна жана Баяманов Эркинбек Мусалиевичтен жамааттык арыз келип түшкөн.
Арыз ээлери Манас айыл өкмөтүнүн башчысы Жолдошалы Мусурманкулов өзүнүн жакын тууганы, № 19 шайлоо округунан талапкер Эгембердиев Адылбек Жолдошалиевичтин кызыкчылыгында административдик ресурсту колдонуп жаткандыгын билдиришкен.
Бул факт боюнча Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүп, тараптар суракка чакырылган.
Манас айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан административдик ресурстар колдонулгандыгы тууралуу маалымат тастыкталган эмес, кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом кабыл алынган.
Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун отурумуна арыз ээси талапкер Н.Усеинова, Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматынын тергөөчүсү Д.Калыков чакырылган жана угулган.
Жумушчу топтун отурумунда Манас айыл өкмөтүнүн башчысы
Ж.Мусурманкулов 2025-жылдын октябрь айынан тартып ден соолугуна байланыштуу ооруканада экендиги, 2025-жылдын 17-ноябрында ээлеген кызмат ордунан бошотулгандыгы маалымдалды.
Манас айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүнө ылайык, Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан административдик ресурсту колдонуу фактысы такталган эмес.
Үгүт ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылуу фактысын тастыктай турган жетиштүү негиздердин жоктугуна байланыштуу Жумушчу топ талапкерлер Н.Усеинова жана Э.Баямановдун жамааттык арызында баяндалган талаптарды канааттандыруудан баш тартууну сунуштаган.
КР БШКсы жыйында тараптардын пикирлерин кошумча угуп, Жумушчу топтун сунушун эске алып, № 19 шайлоо округунан талапкерлер Н.Усеинова жана Э.Баямановдун жамааттык арызын канааттандыруудан баш тартты.
Кененирээк билүү >>
КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин ишенимдүү адамдары катталды
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 26-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ишенимдүү адамдарын каттады:
- № 13 шайлоо округу боюнча талапкер Сыдыков Бактыбек Усеновичтин 68 ишенимдүү адамы;
- № 20 шайлоо округу боюнча талапкер Намазалиев Алтынбек Абдисаламовичтин 10 ишенимдүү адамы;
- № 7 шайлоо округу боюнча талапкер Козуев Алишер Абибиллаевичтин 15 ишенимдүү адамы;
- № 20 шайлоо округу боюнча талапкер Алымбеков Максат Джумакадыровичтин 4 ишенимдүү адамы;
- № 28 шайлоо округу боюнча талапкер Сагынаев Болот Турусбековичтин 69 ишенимдүү адамы;
- № 26 шайлоо округу боюнча талапкер Бейшеналиев Алымкадыр Савирдиновичтин 11 ишенимдүү адамы;
- № 15 шайлоо округу боюнча талапкер Турсунбаев Азизбек Атакозуевичтин 4 ишенимдүү адамы;
- № 26 шайлоо округу боюнча талапкер Абакиров Эльдар Курманбековичтин бир ишенимдүү адамы;
- № 4 шайлоо округу боюнча талапкер Алимжанова Нулифар Якубжановнанын 39 ишенимдүү адамы;
- № 24 шайлоо округу боюнча талапкер Карыбек уулу Улукбектин 3 ишенимдүү адамы;
- № 19 шайлоо округу боюнча талапкер Найзабекова Нуржан Байтемировнанын 5 ишенимдүү адамы;
- № 20 шайлоо округу боюнча талапкер Ибраимова Малика Багдатовнанын 5 ишенимдүү адамы;
- № 5 шайлоо округунан талапкер Мурзажигит кызы Зареманын 3 ишенимдүү адамы.
Ишенимдүү адамдарга белгиленген үлгүдөгү ырастамалар берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 26-ноябрда №19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Акматов Сталбек Темирбековичтин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Б.Т.Абдыкеримовдун каттоосун жокко чыгарып, анын ордуна Н.Ш. Сальпиеваны шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кылып каттады.
Катталган ыйгарым укуктуу өкүлгө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2025-жылдын 26-ноябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 2025-жылдын 26-ноябры
Убактысы: 17:00
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар зал
№19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Акматов Сталбек Темирбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Сыдыков Бактыбек Усеновичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Намазалиев Алтынбек Абдисаламовичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№7 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Козуев Алишер Абибиллаевичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Алымбеков Максат Джумакадыровичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 28 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Сагынаев Болот Турусбековичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 26 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Бейшеналиев Алымкадыр Савирдиновичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 15 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Турсунбаев Азизбек Атакозуевичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 26 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Абакиров Эльдар Курманбековичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 4 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Алимжанова Нулифар Якубжановнанын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Карыбек уулу Улукбектин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Найзабекова Нуржан Байтемировнанын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Ибраимова Малика Багдатовна ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
14. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Б. У. Сыдыковдун ыйгарым укуктуу өкүлү А.Б. Муратбековдун арызы жөнүндө
(баяндамачы – Кайыпов Ш.Т., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)
15. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер У.К. Узакбаевдин ыйгарым укуктуу өкүлү Б.Р. Карабаевдин арызы жөнүндө
(баяндамачы – Кайыпов Ш.Т., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)
16. № 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлер Усеинова Нургул Эмилькановнанын жана Баяманов Эркинбек Мусалиевичтин жамааттык арызы жөнүндө
(баяндамачы – Кайыпов Ш.Т., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы талапкерге эскертүү берип, анын ыйгарым укуктуу өкүлүнө айып пул салуу чечимин чыгарды
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 25-ноябрда шайлоо мыйзамдарын бузгандыгы боюнча №1 шайлоо округунан талапкер Исманали Жороевге карата чара көрүү тууралуу жаран Камчыбек Асановдун арызын карады.
Арыз ээси К.Асанов талапкер И.Жороев үгүт иштеринин жүрүшүндө жарандарга акча берип, шайлоо мыйзамдарын бузгандыгын белгилеп, талапкерге чара көрүүнү суранган.
КР БШКга И.Жороевдин ыйгарым укуктуу өкүлү Баймурат Бекмуратовдон да арыз келип түшкөн. Ал К.Асанов аттуу жаран талапкер И.Жороевге карата кара пиар элементтери камтылган, талапкерди кемсинткен маалыматтарды таратып жаткандыгын белгилеп, К.Асановго карата чара көрүүнү суранган.
К.Асановдун арызы боюнча 2025-жылдын 20-ноябрында Лейлек РИИБне тиешелүү тергөө иштерин жүргүзүү максатында билдирүү жөнөтүлүп, кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө аныктама келип түшкөн. Анда тараптардын бардыгы суракка алынып, арыздарда көрсөтүлгөн жарандар бир нече жолу акча каражаттарын которушкандыгы, алардын максаттары шайлоо өнөктүгүнө тиешеси жок экендиги аныкталып, К. Асановдун талапкер И.Жороевдин шайлоо штабынан накталай акча каражаттарын алгандыгы тастыкталган. Бул жагдайлар боюнча шайлоо мыйзамдарына ылайык чара колдонууга болоору белгиленген.
Шайлоо мыйзамдарына ылайык, өзүнүн шайлоо өнөктүгүн каржылоодо талапкер же саясий партия шайлоо фондунун каражаттарынан тышкары талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондуна келип түшкөн акча каражаттарынын жалпы суммасынын 0,5 пайызынан ашыгын түзгөн башка акча каражаттарын пайдаланганда талапкерди каттоо жокко чыгарылат.
Лейлек РИИБнин тергөө иштеринде И. Жороевдин шайлоо фондунда 1 871 420 сом болгондугу аныкталган. Ал эми 2025-жылдын 24-ноябрына карата талапкердин фондуна жалпы келип түшкөн каражаттардын суммасы 6 869 420 сомду түзгөн.
Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун 2025-жылдын 24-ноябрындагы жыйынында арыздануучу К. Асанов, Лейлек РИИБнин тергөө кызматынын улук тергөөчүсү С.Жаназаков, талапкер И.Жороевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Б.Бекмуратов, А.Абдисаламов, даттануу материалдарын кароого катышкан башка адамдар чакырылып, угулду.
Жумушчу топтун отурумунда К.Асанов өзү тастыктагандай талапкер И.Жороевдин штабынын кызматкерлеринин биринен 10 000 (он миң) сом акча алганы аныкталды.
Жумушчу топ талапкер И.Жороевдин ыйгарым укуктуу өкүлү Б.Бекмуратовко карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесинде каралган 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонууну, ал эми И.Жороевге эскертүү берүүнү сунуштаган.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, шайлоо мыйзамдарын жетекчиликке алып, КР БШКсы №1 шайлоо округунан талапкер И.Жороевдин ыйгарым өкүлү Б. Бекмуратовко 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу милдетин КР БШКнын ыйгарым укуктуу кызмат адамына жүктөдү. Ал эми талапкер И.Жороевге эскертүү берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого дагы 18 эл аралык байкоочуну аккредитациялады – бүгүнкү күнгө 788
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 25-ноябрда 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого 18 эл аралык байкоочуну аккредитациялады.
КР БШКнын токтому менен эл аралык байкоочулар катары төмөнкү уюмдардын өкүлдөрү аккредитацияланды:
- Индия Республикасынын Шайлоолор боюнча комиссиясынын;
- Азербайжан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин;
- Индонезия Республикасынын Ташкент шаарындагы Элчилигинин;
- Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин;
- Өзбекстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин;
- Венгриянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин өкүлдөрү.
Ошону менен, бүгүнкү күнгө карата Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого жалпысынан 788 эл аралык байкоочу аккредитацияланды.
Кененирээк билүү >>
КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин ишенимдүү адамдары катталды
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 25-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ишенимдүү адамдарын каттады:
- № 17 шайлоо округу боюнча талапкер Азыгалиев Нурланбек Асанбековичтин 7 ишенимдүү адамы;
- № 21 шайлоо округу боюнча талапкер Арбышев Бейшен Тургунбаевичтин 35 ишенимдүү адамы;
- № 23 шайлоо округу боюнча талапкер Маматалиев Марлен Абдрахмановичтин 8 ишенимдүү адамы;
- № 1 шайлоо округу боюнча талапкер Набиева Асель Бурхановнанын 19 ишенимдүү адамы;
- № 10 шайлоо округу боюнча талапкер Ормонов Улугбек Зулпукаровичтин 2 ишенимдүү адамы;
- № 18 шайлоо округу боюнча талапкер Оскомбаев Азат Кубанычбековичтин 3 ишенимдүү адамы;
- № 21 шайлоо округу боюнча талапкер Сатынбаев Динмухамбет Доктурбековичтин 5 ишенимдүү адамы;
- № 30 шайлоо округу боюнча талапкер Бакасов Улан Болотбековичтин 6 ишенимдүү адамы;
- № 13 шайлоо округу боюнча талапкер Сыдыков Бактыбек Усеновичтин 70 ишенимдүү адамы;
- № 10 шайлоо округу боюнча талапкер Эсенбай уулу Талантбектин 14 ишенимдүү адамы;
- № 25 шайлоо округу боюнча талапкер Никитенко Наталья Владимировнанын 2 ишенимдүү адамы;
- № 27 шайлоо округу боюнча талапкер Деркимбаева Асель Урусовнанын 20 ишенимдүү адамы;
- № 19 шайлоо округу боюнча талапкер Эгембердиев Абдылдабек Жолдошалиевичтин 9 ишенимдүү адамы;
- № 5 шайлоо округу боюнча талапкер Мурзажигит кызы Зареманын 21 ишенимдүү адамы;
- № 20 шайлоо округу боюнча талапкер Разиков Аброр Джононовичтин 9 ишенимдүү адамы;
- № 8 шайлоо округу боюнча талапкер Мамырова Бөдөш Аманбаевнанын 4 ишенимдүү адамы.
Ишенимдүү адамдарга белгиленген үлгүдөгү ырастамалар берилет.
Ал эми № 2 шайлоо округу боюнча талапкер Калпаев Бактыяр Алиевич 2025-жылдын 24-ноябрында КР БШКга мурда сунуш кылган ишенимдүү адамын чакыртып алуу жөнүндө билдиргендигине байланыштуу талапкердин ишенимдүү адамы Н.Ш.Сальпиеванын каттоосу жокко чыгарылды.
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
21.09.2026
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Россиянын Биринчи каналындагы «Время покажет» программасынын түз эфирине катышты
20.09.2026
КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүнү улантууда
19.09.2026
КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүгө катышууда
19.09.2026
КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров Москва шаарында өткөн “Туруксуздук мезгилиндеги шайлоолор” эл аралык конференциясына катышты
19.09.2026
КР БШК кызматкерлери ишембиликке катышты
16.09.2026
КР БШКда аймактык шайлоо комиссияларындагы атайын өкүлдөр менен жумушчу жыйын өттү