Башкы Жаңылыктар № 13 округ боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра …

№ 13 округ боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо 2026-жылдын 1-мартына дайындалды

30-Дек, 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 30-декбарда өзүнүн жыйынында “№ 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө” токтомун кабыл алды.
№ 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары КР БШКнын 2025-жылдын 3-декабрындагы токтому менен анык эмес деп таанылган. 
КР БШКсы «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 38, 63-беренелерине ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоону 2026-жылдын 1-мартына, жекшемби күнгө дайындады.
Токтомго ылайык, КР БШКнын аппаратына, № 13 округдук шайлоо комиссиясына кайра шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруу тапшырылды. 
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети кайра шайлоону даярдоо жана өткөрүү үчүн зарыл болгон финансылык каражаттарды КР БШКнын чыгымдар сметасына ылайык бөлүп берет.
Министрлер кабинети ошондой эле:
- кайра шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин, ошондой эле коомдук тартиптин сакталышын камсыздоо боюнча чараларды көрөт;
- Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестринин негизинде шайлоочулардын так тизмелерин түзүү үчүн анын маалыматтарын тактоо боюнча чараларды көрөт;
- реалдуу убакыт режиминде (онлайн) шайлоочуларды идентификациялоо системасын жана байланыш каналдарын уюштурууну жана иштешин камсыз кылат;
- КР БШКга шайлоо процессинде колдонулуучу маалыматтык электрондук системалардын киберкоопсуздугун камсыздоодо, ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу маалымат алмашууда, ошондой эле мыйзамдарда аныкталган маалыматтарды берүү процесстерин жүргүзүү үчүн үзгүлтүксүз жана коопсуз байланыш каналдары менен камсыздоодо көмөк көрсөтөт;
- добуш берүү жана шайлоочуларды идентификациялоо үчүн жабдуулардын коопсуз сакталышын камсыздоо боюнча чараларды көрөт;
- кайра шайлоону өткөрүүнү жөнгө салуучу мыйзамдардан келип чыгуучу башка иш-чараларды белгиленген тартипте ишке ашырууну камсыздайт.

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы президенттик кызматка талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
23-Ноя, 2026

КР БШКсы президенттик кызматка талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады.Касенов Аймен Абдыталиповичтин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Дуйсекулова Асыл Есимкуловна катталды.Талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы № 7278 шайлоо участогунун дарегин өзгөрттү
23-Ноя, 2026

КР БШКсы № 7278 шайлоо участогунун дарегин өзгөрттү

Бүгүн, 23-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:- № 7278 шайлоо участогунун дареги Чүй облусу, Москва району, Миң-Булак айыл аймагы, Садовое айылы, Советская көчөсү, 1, “Резит” жеке менчик кафесинин имараты дарегинен Александровка айылы, Фрунзе көчөсү, 223А, “Сакина” жеке менчик соода дүкөнүнүн имараты дарегине өзгөртүлдү.Москва аймактык шайлоо комиссиясына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоочулар арасында  №7278 шайлоо участогунун чек арасы жана жайгашкан жери өзгөргөндүгү жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы өлкөнүн жогорку окуу жайларында «Сенин добушуң – сенин тандооң» аттуу масштабдуу маалыматтык кампанияны баштады
23-Ноя, 2026

КР БШКсы өлкөнүн жогорку окуу жайларында «Сенин добушуң – сенин тандооң» аттуу масштабдуу маалыматтык кампанияны баштады

Бүгүн, 23-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүнүн өлкөнүн жогорку окуу жайларынын студенттери менен жолугушууларын камтыган масштабдуу маалыматтык иш-чаралар сериясы бир убакта өлкөнүн бардык аймактарында башталды. Жаштардын демократиялык маданиятын калыптандырууга жана шайлоо процессиндеги жарандык жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган кампания Бишкектен тартып Ош шаарына чейинки өлкөнүн алдыңкы жогорку окуу жайларын камтыды.Кампаниянын демилгечилери болуп КР БШК жана анын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору (ЖБББ) саналат. Жолугушуулар борбордун директору Анара Бейшембаеванын жетекчилиги астында  уюштурулуп, методикалык жактан коштоп көмөк көрсөтүлүүдө.Бишкек шаарында И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын студенттеринин алдында КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова сөз сүйлөп, 2025-жылдагы парламенттик шайлоодо 18 жаштан 35 жашка чейинки курактагы дээрлик 1,8 миллион жаш шайлоочунун ичинен 486 миңге жакыны гана добуш берүүгө келгенин белгиледи. «Сиздин добушуңуз эч нерсеге кепилдик бербейт. Бирок добуш берүүгө келбегениңиз бир нерсеге кепилдик берет: сизди эч ким укпайт», – деп баса белгилеп, студенттерди өлкөнүн медицинасынын, билим берүүсүнүн жана аймактардагы инфраструктуранын сапатына түздөн-түз таасир этүүчү чечимдерди кабыл алуу процессинен четте калбоого чакырды.Түштүк борбордо КР БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана КР БШКнын мүчөсү Бөдөш Мамырова Ош мамлекеттик университетинде жана М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинде студенттер менен жолугушууларды өткөрүштү.Р. Жакышов студенттер алдында сүйлөп жатып, шайлоо жөн гана формалдуулук эмес, кадр саясатына жана аймактарды өнүктүрүүгө таасир этүүчү реалдуу курал экенине басым жасады. Ал жаштарды өздөрүнүн ордуна башкалардын чечим кабыл алышына жол бербөөгө чакырып, добуш берүү жол-жобосунун жөнөкөйлөштүрүлүшү шайлоого катышуудагы мурдагы тоскоолдуктарды жойгонун белгиледи.Б. Мамырова өз сөзүндө шайлоо сабаттуулугу жана коомдук көзөмөл механизмдери боюнча кеңири маалымат берди. Ал студенттер коомдун эң активдүү жана талаптуу бөлүгү экенин, алардын добушу билим берүү, иш менен камсыз кылуу жана жаш адистерди колдоо тармактарындагы бюджеттик саясаттын артыкчылыктарын өзгөртүүгө жөндөмдүү экенин баса белгиледи.«Саясатчылар шайлоого кимдер келип жатканын көрүшөт жана добуш бергендердин кызыкчылыктарын эске алышат. Сиздердин шайлоого катышууңуздар – көйгөйлөрүңөрдү көз жаздымда калтырууга болбой тургандыгы тууралуу белги», – деп билдирди Б.Мамырова.Кыргызстан эл аралык университетинин окуу-илимий-өндүрүштүк комплексинде студенттер менен КР БШКнын мүчөсү Алмаз Айбалаев жолугушуп, ID-карта жана «Түндүк» системасы аркылуу добуш берүү тартибин жөнөкөй жана түшүнүктүү тилде түшүндүрүп, студенттердин суроолоруна жооп берди.Жолугушууларга 400дөн 500гө чейин студент катышты. Өлкөнүн келечеги жана аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу («Өзүңүзгө ыңгайлуу жерде добуш бериңиз») видеороликтер көрсөтүлгөндөн кийин Кыргыз Республикасындагы шайлоо процессинин негиздери боюнча интерактивдүү викторина өткөрүлдү. Студенттер КР БШКнын эксперттерине ID-карта жана «Түндүк» системасы аркылуу добуш берүү тартиби, ошондой эле аралыктан добуш берүү боюнча активдүү суроолорду узатышты.Иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө 2026-жылдын октябрь айында окуусун аяктаган жарандык катышуу жана шайлоо процесстери боюнча жаш тренерлерди даярдоо программасынын (Civic Trainers Lab) бүтүрүүчүлөрү – ыктыярчылар олуттуу көмөк көрсөтүштү. Долбоорду КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жана «Жаштардын өнүгүү институту» коомдук фонду (ЖӨИ) Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен ишке ашырышты.Жаш тренерлер суроо-жооп сессияларын алып барууга, викториналарды өткөрүүгө жана аудитория менен иштөөгө көмөк көрсөтүп, жолугушуулардын интерактивдүү жана жаштарга багытталган форматта өтүшүн камсыз кылышты.Алдын ала маалыматтар боюнча, КР БШКнын көчмө топторунун ишинин биринчи күнүндө кампаниянын алкагында камтылган студенттердин жалпы саны 2000ден ашты. Маалыматтык кампания 2026-жылдын 11-декабрына чейин уланат. Бул убакыт аралыгында БШКнын мүчөлөрү өлкөнүн бардык аймактарындагы, анын ичинде алыскы облустук борборлордогу ондогон жогорку окуу жайларына барышат.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2026-жылдын 23-ноябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
23-Ноя, 2026

КР БШКнын 2026-жылдын 23-ноябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүлүүчү жери:  Бишкек ш., Пушкин көчөсү, 50 3-кабат, жыйындар залы           Өткөрүү убактысы:  Саат 18:00                                        1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтом долбоору жөнүндө                                                             Баяндамачы: Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу                 2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө” чечим долбоору жөнүндө      Баяндамачы: Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу             
Кененирээк билүү >>