Башкы Жаңылыктар №13 шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоону …

№13 шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоону даярдоо жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасы бекитилди

30-Дек, 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 30-декбарда, №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоону даярдоо жана өткөрүү үчүн каралган чыгымдардын сметасын бекитти.
2026-жылдын 1-мартына дайындалган №13 шайлоо округу боюнча кайра шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө кетүүчү чыгымдардын сметасы 18 млн 507 миң сом өлчөмүндө бекитилди.
Шайлоо комиссияларынын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдары республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
Сметада шайлоону уюштурууга жана маалыматтык жактан камсыз кылууга кетчү чыгымдар, комиссия мүчөлөрүнүн жана ишке тартылган жарандардын эмгек акысы, шайлоо (референдум) өткөрүлгөн күндөрү шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө, ошондой эле ишке тартылган жарандарга бир адамдык суткалык өлчөмдө тамак-аш уюштурууга суткалык төлөмдөр камтылган.
Андан тышкары, чыгымдардын бекитилген сметасы шайлоо жөнүндө мыйзамдарда каралган иш-чараларды каржылоону, ошондой эле шайлоо комиссиялары үчүн борборлоштурулган сатып алууларды, шайлоо участокторун техникалык жактан жабдууну, маалыматтык материалдарды даярдоону, окутууларды уюштурууну, командировкалык чыгымдарды жана башка уюштуруу иш-чараларды камтыйт.
Чыгымдар төмөнкү негизги көрсөткүчтөргө таянып эсептелген:
-    округдук шайлоо комиссияларынын саны – 1, мүчөлөрүнүн саны – 15 адам;
-    участкалык шайлоо комиссияларынын (УШК) саны – 94, мүчөлөрүнүн саны – 965 адам (анын ичинде автоматтык эсептөөчү урналар менен иштеген операторлордун саны – 188 адам, жарандарды идентификациялоо жабдуулары менен иштеген операторлордун саны – 188 адам); 
-    шайлоо (референдум) өткөрүү учурунда жарандарды идентификациялоо боюнча техникалык кызматтарды көрсөтүүгө тартылган операторлордун (УШК үчүн) саны – 55 адам;
-    техникалык колдоо көрсөтүүчү операторлордун саны – 24 адам.

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
11-Ноя, 2026

КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 11-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн жарандардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады:-    Жапыкеев Сыймык Асылбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы маселелери боюнча Н.К. Сапарбаева;-    Жапаров Садыр Нургожоевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча А.С. Мощин жана каржы маселелери боюнча А.Б. Тологонова;-    Калмаматов Бактыбек Орозалиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча А.Ж. Жээнтаев жана каржы маселелери боюнча А.А. Камчибеков.Белгилей кетсек, талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо комиссияларынын добуш берүүнү уюштуруу тартибине өзгөртүүлөрдү киргизди
11-Ноя, 2026

КР БШКсы шайлоо комиссияларынын добуш берүүнү уюштуруу тартибине өзгөртүүлөрдү киргизди

Бүгүн, 11-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо комиссияларынын добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 139 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди.Жободо бир шайлоо округунун чегинде шайлоочунун өз шайлоо участогунан тышкары аралыктан добуш берүүсүнө карата чектөө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого гана тиешелүү экени такталат. Бул чектөө бирдиктүү шайлоо округунун чегинде өткөрүлүүчү Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого жайылтылбайт.Мындан тышкары, айрым терминдерди тактоо жана шайлоо комиссияларынын иш жүзүндөгү уюштуруу түзүмүнө шайкеш келтирүү сунушталууда. Тактап айтканда, “тутумдук” деген сөздү “системалык” деген сөзгө, ал эми акыркы абзацтагы “округдук шайлоо комиссиясы” деген сөз айкашын “аймактык шайлоо комиссиясы” деген сөз айкашына алмаштыруу каралган.Бул өзгөртүүлөр системалык администраторлордун ишин уюштуруу тартибин тактоого жана аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө электрондук протоколдорду басып чыгаруу жана тиешелүү шайлоо комиссиясынын төрагасына өткөрүп берүү жол-жобосун колдонуудагы уюштуруу түзүмүнө ылайык келтирүүгө багытталган.   
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2026-жылдын 11-ноябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
11-Ноя, 2026

КР БШКнын 2026-жылдын 11-ноябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүлүүчү жери:  Бишкек ш., Пушкин көчөсү, 503-кабат, жыйындар залы          Өткөрүү убактысы:  Саат 11:00                                        1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 139 “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо комиссияларынын добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтом долбоору жөнүндө                                                              Баяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы       2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Жапыкеев Сыймык Асылбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө” чечим долбоору жөнүндө                                             Баяндамачы: Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу                   3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө” чечим долбоору жөнүндө                                             Баяндамачы: Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу              
Кененирээк билүү >>
Бактыбек Калмаматов КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылды
11-Ноя, 2026

Бактыбек Калмаматов КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылды

Бүгүн, 11-ноябрда, Калмаматов Бактыбек Орозалиевич Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды.Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>