Башкы Жаңылыктар КР Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин …

КР Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаттарын каттады

12-Дек, 2025

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 12-декбарда өзүнүн жыйынында “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын каттоо жөнүндө” токтом кабыл алды.

         “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 65-беренесине, КР БШКнын көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндөгү токтомдоруна ылайык, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 29 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү шайланган депутаттарын каттады:

1.      № 1 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча:

1)      Ажибаев Чынгыз Ильяскожоевич

2)      Жороев Исманали Эгембердиевич

3)      Талиева Камила Абдыразаковна

2.      № 2 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча:

4)      Атажанов Ырысбек Ысламович

5)      Калпаев Бактыяр Алиевич

6)      Аманова Бурун Кушбековна

3.      № 3 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча:

7)      Рысбаев Равшанбек Рысбаевич

8)      Аматов Жаныбек Женишбекович

9)      Мавлянова Махабат Эргешовна

4.      № 4 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча:

10)    Рустамбек уулу Советбек

11)    Жаанбаев Уланбек Коргонбаевич

12)    Алимжанова Нилуфар Якубжановна

5.      № 5 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча:

13)    Сулайманов Эльдар Нурланович

14)    Исираилов Азамат Алмазбекович

15)    Ахмедова Айгуль Абдилхаевна

6.      № 6 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча:

16)    Кудайбердиев Алтынбек Мусажанович

17)    Эргешов Бекмурза Аскарбаевич

18)    Аманова Санталат Абдылдаевна

7.      № 7 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча:

19)    Козуев Алишер Абибиллаевич

20)    Кубанычбеков Илимбек Кубанычбекович

21)    Машрапова Гүлай Эгемназаровна

8.      № 8 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча:

22)    Акаев Жанарбек Кубанычович

23)    Примов Улан Бердибаевич

24)    Торобекова Нуржамал Турсуналиевна

9.      № 9 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча:

25)    Джалилов Азамжан Абдуллажанович

26)    Толонов Данияр Эрмекович

27)    Эгенбердиева Жылдыз Абдылдаевна

10.    № 10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча:

28)    Зулушев Курманкул Токторалыевич

29)    Омурзаков Суйунбек Абдылдаевич

30)    Баатырова Гүлнара Маришовна

11.    № 11 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча:

31)    Ташиев Шаирбек Кыдыршаевич

32)    Кылычбаев Алтынбек Таирович

33)    Салямова Венера Хамзаевна

12.    № 12 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча:

34)    Чолпонбай уулу Бекмырза

35)    Масабиров Талайбек Айтмаматович

36)    Курманалиева Жылдыз Кочкоралиевна

13.    № 14 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча:

37)    Борбиев Болотбек Ибраимович

38)    Сулайманов Кундузбек Кошалиевич

39)    Култаева Гулшаркан Оконовна

14.    № 15 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча:

40)    Тургунбек уулу Нурланбек

41)    Турсунбаев Азизбек Атакозуевич

42)    Абдибаева Айсаракан Нышановна

15.    № 16 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча:

43)    Джумабеков Дастанбек Артисбекович

44)    Чотонов Медер Осконбекович

45)    Кайрылбекова Медина Кайрылбековна

16.    № 17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча:

46)    Азыгалиев Нурланбек Асанбекович

47)    Узакбаев Улукбек Камчибекович

48)    Эсенаманова Чолпон Замирбековна

17.    № 18 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча:

49)    Ханджеза Карим Лемзарович

50)    Чомоев Бакыт Муратбекович

51)    Сатиева Гулжан Эркинбековна

18.    № 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча:

52)    Алиев Медербек Кубанычевич

53)    Эгембердиев Абдылдабек Жолдошалиевич

54)    Тайгараева Эдита Каныбековна

19.    № 20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча:

55)    Айтиев Темирлан Тынычбекович

56)    Атамбаев Сеидбек Алмазбекович

57)    Ашымбаева Токтобүбү Абасовна

20.    № 21 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча:

58)    Конгантиев Куванычбек Камбаралыевич

59)    Абиров Жаныбек Болотбекович

60)    Садырбаева Жылдыз Эсенбековна

21.    № 22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча:

61)    Бекешев Дастан Далабайевич

62)    Ибрагимов Болот Адылбекович

63)    Кожокулова Гуля Акматкуловна

22.    № 23 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча:

64)    Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна

65)    Маматалиев Марлен Абдырахманович

66)    Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевич

23.    № 24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча:

67)    Салымбеков Жумабек Мамытбаевич

68)    Карыбек уулу Улукбек

69)    Акимбаева Гульнара Орозбековна

24.    № 25 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча:

70)    Шабазов Бахридин Валиевич

71)    Тентишев Бакыт Эркинович

72)    Сейтказиева Эркеайым Алымовна

25.    № 26 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча:

73)    Саккараев Медербек Джаманкулович

74)    Исеналиев Эркинбек Аскеевич

75)    Исаева Джамиля Кубанычбековна

26.    № 27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча:

76)    Түмөнбаев Акылбек Тогузбаевич

77)    Муратбеков Табылды Муратбекович

78)    Молдобекова Гулкан Сакиновна

27.    № 28 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча:

79)    Кокулов Эрулан Калчороевич

80)    Сагынаев Болот Турусбекович

81)    Жунушбаева Рахат Мырзабековна

28.    № 29 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча:

82)    Сыдыгалиев Нурбек Омурбекович

83)    Белеков Адилет Чолпонбекович

84)    Жунушалиева Гүлсүнкан Ишенгазиевна

29.    № 30 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча:

85)    Самаков Кубанычбек Карганбекович

86)    Бакасов Улан Болотбекович

87)    Таалайбек кызы Жылдыз

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VIII чакырылышынын катталган депутаттарына белгиленген үлгүдөгү ырастамалар жана төш белгилер берилет.

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүнү улантууда
20-Сен, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүнү улантууда

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров баштаган КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүүнүн алкагында Россия Федерациясында иш алып барууну улантууда. Бүгүн, 20-сентябрда КР БШКнын өкүлдөрү эл аралык миссиялардын курамында добуш берүү процессине жана шайлоо участкаларынын ишине байкоо жүргүзүүнү улантышууда. КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров КМШнын байкоочу миссиясынын курамында байкоо жүргүзүүдө. КР БШКнын мүчөсү Т. Оторбаев Шанхай кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясынын курамында иш алып барууда. Эл аралык байкоого КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери да катышууда. Күн ичинде КР БШКнын өкүлдөрү шайлоо участокторуна барып, добуш берүүнүн уюштурулушу жана шайлоо комиссияларынын иши менен таанышууда. Ошондой эле эл аралык миссиялардын алкагында бир катар жумушчу жолугушууларды жана иш-чараларды өткөрүү пландаштырылган. КМШнын миссиясынын курамында добуш берүүнүн жүрүшүнө мониторинг жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын аймагында Бишкек, Ош, Каракол жана Кант шаарларында түзүлгөн шайлоо участокторунда иш алып барган КР БШКнын өкүлдөрү да катышууда. Эске салсак, 18–19-сентябрда КР БШКнын өкүлдөрү Москва шаарында өткөн «Турбуленттүүлүк мезгилиндеги шайлоолор» аттуу эл аралык конференцияга катышты. Тынчтык Шайназаров конференцияда баяндама жасады. Ошондой эле ал россиялык телеканалдарга интервью берип, Кыргыз Республикасынын шайлоо системасы, шайлоолорду өткөрүү тажрыйбасы жана шайлоо жаатындагы эл аралык кызматташтык тууралуу айтып берди. Маалымат үчүн: Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоо 2026-жылдын 18–20-сентябрында өтүүдө. Россия Федерациясынын жарандары Мамлекеттик Думанын 450 депутаттарын шайлашат: алардын 225и федералдык шайлоо округу боюнча партиялык тизмелерден, 225и бир мандаттуу шайлоо округдарынан шайланат. Өлкөдөн тышкары жашаган Россия жарандарынын добуш берүүсү үчүн 152 мамлекетте 333 шайлоо участкасы түзүлгөн. Ошол эле учурда Россия Федерациясынын аймактарында аймактык жана муниципалдык шайлоолор өтүүдө. Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасына өтүүчү шайлоого 10 саясий партия катышууда. Партиялар үчүн шайлоо босогосу 5 пайызды түзөт.20312200250175
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүгө катышууда
19-Сен, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүгө катышууда

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров баштаган КР БШКнын өкүлдөрү 2026-жылдын 18–20-сентябрь күндөрү Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүүгө катышууда. Т. Шайназаров КМШнын миссиясынын курамында байкоо жүргүзүүдө. КР БШКнын мүчөсү Т. Оторбаев Шанхай кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясынын ишине катышууда. Ошондой эле эл аралык миссиялардын алкагында КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери да тартылган. Иш сапардын алкагында КР БШКнын өкүлдөрү «Турбуленттүүлүк мезгилиндеги шайлоолор» аттуу эл аралык конференцияга катышып, анда Тынчтык Шайназаров баяндама жасады. КР БШКнын төрагасы ошондой эле Россиянын телеканалдарына интервью берип, анда Кыргызстандын шайлоо системасы, шайлоолорду өткөрүү тажрыйбасы жана шайлоо чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтык тууралуу айтып берди. КМШ Миссиясынын курамында добуш берүүнүн жүрүшүнө мониторинг жүргүзүүгө КР БШКнын өкүлдөрү да Кыргыз Республикасынын аймагында Бишкек, Ош, Каракол жана Кант шаарларында түзүлгөн шайлоо участкаларында катышууда. Мындан тышкары, КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жүрүшүнө эл аралык байкоо жүргүзүүдө. Байкоо иштери эртең, 20-сентябрда да улантылат. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров Москва шаарында өткөн “Туруксуздук мезгилиндеги шайлоолор” эл аралык конференциясына катышты
19-Сен, 2026

КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров Москва шаарында өткөн “Туруксуздук мезгилиндеги шайлоолор” эл аралык конференциясына катышты

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 2026-жылдын 18–19-сентябрында Москва шаарында өткөн “Туруксуздук мезгилиндеги шайлоолор” аттуу эл аралык конференцияга катышты.Конференциянын катышуучулары демократиялык процесстердин туруктуулугу жана жарандардын мамлекеттик бийлик институттарына болгон ишенимин камсыз кылуу маселелерин талкуулашты.Т. Шайназаров “Заманбап чакырыктар шартында шайлоо системасынын туруктуулугу: Кыргыз Республикасынын тажрыйбасы” аттуу темада баяндама жасап, Кыргыз Республикасынын COVID-19 пандемиясы шартында шайлоолорду өткөрүү тажрыйбасына токтолду.Төрага белгилегендей, бул тажрыйба шайлоолорду өткөрүүнүн шарттары канчалык тез өзгөрүшү мүмкүн экенин көрсөттү, ошондой эле мындай өзгөрүүлөргө шайлоо системасы алдын ала даяр болушу зарыл.Акыркы шайлоолордун тажрыйбасы Кыргыз Республикасында колдонулуп жаткан чечимдер жарандардын добуш берүүгө жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү менен бирге, шайлоо жол-жоболорунда зарыл болгон идентификациялоо, көзөмөлдөө жана ачык-айкындуулукту камсыз кылуучу механизмдерди сактоого мүмкүндүк берип жатканын көрсөтүүдө.Ошол эле учурда бул багыттагы иштер улантылууда. Жаңы чечимдер алардын ишенимдүүлүгүн үзгүлтүксүз текшерүүнү жана мындан ары да өркүндөтүүнү талап кылат.Эл аралык конференция шайлоо системаларын өнүктүрүүнүн актуалдуу тенденцияларын талкуулоо, натыйжалуу чечимдерди издөө, шайлоону уюштуруучулардын, илимий коомчулуктун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө үчүн эксперттик аянтча болуп калды. Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 18-20-сентябрында КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясынын Федералдык чогулушунун Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоону мониторинг жасоого катышууда. 
Кененирээк билүү >>
КР БШК кызматкерлери ишембиликке катышты
19-Сен, 2026

КР БШК кызматкерлери ишембиликке катышты

Бүгүн, 19-сентябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын кызматкерлери республика боюнча өтүп жаткан санитардык тазалоо боюнча ишембиликке катышты.Төраганын орун басары Лейла Лурованын жетекчилиги астында КР БШКнын жамааты Кашка-Суу айылынан баштап, "Ала-Арча" мамлекеттик паркынын башкы кире беришине чейинки жол жээктеринде тазалоо иштерин жүргүзүштү. Ишембиликтин жүрүшүндө аймак толугу менен санитардык абалга келтирилип, тиричилик таштандылары, кургак бутактар жана пластикалык калдыктардан тазаланды.Мындай иш-чаралар өлкөдө тазалыкты сактоого өбөлгө түзүп, жарандардын экологиялык жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган.Ишембилик Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 "Улуттук тазалык күнү жөнүндө" Жарлыгын аткаруу, ошондой эле 2023-2025-жылдарга турмуш-тиричилик калдыктарын кайра иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-чаралар планынын жана Улуттук тазалык күнүнүн алкагында өткөрүлдү. 
Кененирээк билүү >>