Бүгүн, 10-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаров Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды.
2026-жылдын 10-ноябрына карата КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлерди көрсөтүү боюнча жалпысынан алты арыз келип түштү.
Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
