Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
№ 13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катталды
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-январда № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн жарандардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады:
- Чолпонов Уланычбек Калдарбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча Т.Т. Умарбеков жана каржы маселелери боюнча А.А. Борбиев;
- Калматов Токторали Калдаровичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча Т.А. Абдилхакимов жана каржы маселелери боюнча Р.Ж. Оморов.
- Арстанбеков Акылбек Советбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча А.С. Курбанов жана каржы маселелери боюнча А.А. Исакова.
Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастамалары берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2026-жылдын 16-январындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 2026-жылдын 16-января
Убактысы: 15.00
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
1. Т.Т. Умарбековду жана А.А. Борбиевди № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөткөн Чолпонов Уланычбек Калдарбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кылып каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
2. Т.А. Абдилхакимовду жана Р.Ж. Оморовду № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөткөн Калматов Токторали Калдаровичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кылып каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
Кененирээк билүү >>
№ 13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катталды
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 15-январда № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн жарандардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады:
- Асанов Уланбек Жалаловичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча Т.Ф. Ибраимова жана каржы маселелери боюнча С.А. Осмонов;
- Маматаев Эркинбек Садирбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча А.А. Субанов жана каржы маселелери боюнча А.А. Ирисалиев;
- Асамудинов Бактыбек Асановичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча М.Б. Бейшенов жана каржы маселелери боюнча А.К. Мендебаева.
Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастамалары берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы № 27 шайлоо округунан талапкер Б. Асамудиновдун каттоосун жокко чыгарды
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 15-январда № 27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Асамудинов Бактыбек Асановичтин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызын карап, анын каттоосун жокко чыгарды.
Шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы менен талапкер Б. Асамудинов КР БШКга 2026-жылдын 14-январында кайрылган.
Белгилей кетсек, ал 2026-жылдын 1-мартында ѳтѳ турган № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого катышуу жѳнүндѳ ниетин билдирген.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2026-жылдын 15-январындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 2026-жылдын 15-январь
Убактысы: 15.00
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
№ 27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Асамудинов Бактыбек Асановичтин каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
Т.Ф. Ибраимованы жана С.А. Осмоновду № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөткөн Асанов Уланбек Жалаловичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кылып каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
А.А. Субановду жана А.А. Ирисалиевди № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөткөн Маматаев Эркинбек Садирбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кылып каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
М.Б. Бейшеновду жана А.К. Мендебаеваны № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөткөн Асамудинов Бактыбек Асановичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кылып каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
Кененирээк билүү >>
№ 13 округдук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизилди
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн,
12-январда “№ 13 округдук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтом кабыл алды.
№ 13 округдук шайлоо комиссиясынын курамынан Нышанов Кубанычбек Калдарович, Кабылова Минавар Авазовна, Сайпидинов Жоробай Жумабаевич жана Кыдыралиев Алмазбек берген арыздарына ылайык комиссиянын курамынан чыгарылды.
Ал эми алардын ордуна Токтогулов Замирбек Сатымкулович, Адашов Исакжан Алижанович, Исмаилов Расулбек Камилжанович жана Каримова Нигора Абдыманаповна комиссиянын курамына киргизилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
КР БШКсы бүгүн, 12-январда, өз жыйынында Панфилов, Ноокат, Алай, Токтогул жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
Панфилов районунун Фрунзе айылдык кеңешинин депутаты Ремизова Светлана Николаевнанын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Акматбеков Мелисбек Милдетовичке өткөрүлүп берилди;
Ноокат районунун Кулатов айылдык кеңешинин депутаты Аданов Нурлан Султановичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Мурзураимов Убайдилла Ташановичке өткөрүлүп берилди;
Алай районунун Курманжан Датка айылдык кеңешинин депутаттары Маматумаров Жомарт Аринбаевичтин жана Талантбек уулу Азаматтын ыйгарым укуктары берген арыздарынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкерлер Шааева Кундуз Тойчубековнага жана Таласбеков Султанбек Таласбековичке өткөрүлүп берилди;
Токтогул шаардык кеңешинин депутаты Токтосунов Рысбек Райымбековичтин («Тынчтык» саясий партиясы) ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тотобаев Марс Анарбековичке («Тынчтык» саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;
Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылдык кеңешинин депутаты Иманалиев Руслан Салакуновичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Карыбаев Бактыбек Токтосуновичке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы №13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоодо үгүт жүргүзүү үчүн 16 ЖМКны аккредитациялады
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн,
12-январдагы жыйынында 2026-жылдын 1-мартына дайындалган №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо үгүт иштерине катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо маселесин карады.
Шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун сунушун эске алып, КР БШКсы жалпысынан 16 ЖМКны аккредитациялады.
Алардын ичинде:
басылмалар – 1;
телекөрсөтүү – 9;
радио – 3;
интернет-басылмалар – 3.
КР БШКнын расмий сайтында ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.
Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.
Мөөнөтүнөн мурда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого үгүт иштери добуш берүү күнүнөн 20 күн мурда – 9-февралда башталып, добуш берүү күнүнөн бир күн мурун – 28-февралда саат 8:00дө токтотулат.
ЖМКлардын тизмеси:
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2026-жылдын 12-январындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 2026-жылдын 12-январы
Убактысы:16:00
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
1. Панфилов, Ноокат, Алай, Токтогул жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу.
(баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
2. № 13 округдук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(баяндамачы –Исаев Э.А., шайлоо комиссиялары менен өз ара
аракеттешүү жана методология секторунун башчысы)
3. 2026-жылдын 1-мартына дайындалган № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү иштерине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо жөнүндө
(баяндамачы – Алымбаев Р.А., маалыматтык камсыз кылуу секторунун башчысы)
Кененирээк билүү >>
КР БШК №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого алдын ала шайлоочулардын тизмесин жарыялады
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы №13-көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого шайлоочулардын алдын-ала тизмесин «Тизме» https://tizme.gov.kg/ порталында жайгаштырды.
Шайлоочулардын алдын-ала тизмеси Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринде (КБМР) камтылган маалыматтарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Иш башкармалыгынын алдындагы «Кызмат» мамлекеттик мекемеси (ММ «Кызмат») тарабынан түзүлдү.
Шайлоочулардын алдын-ала тизмелери 2026-жылдын 13-январына чейин 94 шайлоо участокторунда илинет.
Алдын-ала тизмеде 161 347 шайлоочу, анын ичинен:
- эркектер – 80 394, же 49,83%;
- аялдар – 80 953, же 50,17%.
Жашы боюнча:
- 18 жаштагылар – 585, же 0,36%
- 19-35 жаштагылар – 67 435, же 41,80%
- 36-45 жаштагылар – 35 915, же 22,26%
- 46-55 жаштагылар – 23 500, же 14,56%
- 56-65 жаштагылар – 19 687, же 12,20%
- 66 жаштан жогоркулар – 14 225, же 8,82%.
Шайлоочу өзүн тизмеден 2026-жылдын 18-февралына чейин (кошо алганда) текшере алат:
- 1255 же 119 кыска номерлерине чалып;
- шайлоо участогунан;
- «tizme.gov.kg» сайтынан;
- же ПИН-кодун (жарандык паспорттогу персоналдык идентификациялык номер) 119 кыска номерине SMS түрүндө жөнөтүп, жооп катары өзүнүн шайлоо участкасынын номери менен дарегин ала алат (SMS жана чалуулар акысыз).
Кандайдыр бир каталарды же так эместикти тапкан учурда, шайлоочу 2026-жылдын 18-февралына чейин (кошуп алганда) электрондук форматта мыйзамдарда белгиленген тартипте авторлоштуруудан өтүп, “tizme.gov.kg” сайтында «Шайлоочунун кабинети» сервиси аркылуу арыз менен кайрылууга укуктуу.
Шайлоочулардын тизмесинде жок болгон учурда, биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар Калкты тейлөө борборлорунан (КТБ - ЦОН) бул жол-жободон өтө алышат.
Кененирээк билүү >>
№13 көп мандаттуу округу боюнча КР ЖКнын депутаттарын кайра шайлоого ЖМК жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет- басылмалардын өкүлдөрү!
2026-жылдын 11-январы – 2026-жылдын 1-мартына дайындалган №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого үгүт иштерине катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациялоого арыздарды кабыл алуунун акыркы күнү болуп эсептелет.
Мыйзамга ылайык, шайлоону маалыматтык камсыз кылуу - шайлоочуларды маалымдоону, шайлоо алдындагы үгүт иштерин камтыйт жана жарандардын аң-сезимдүү жана эркин каалоосун билдирүүсүнө, шайлоонун ачык-айкын болушуна өбөлгө түзүүгө багытталган. Үгүт иштерине катышуу үчүн ЖМКлар жана интернет-басылмалар Борбордук шайлоо комиссиясынан аккредитациядан өтүүгө тийиш.
Телекөрсөтүү же басма аянт үчүн төлөмдүн өлчөмү бардык партиялар, талапкерлер үчүн бирдей болушу керек жана шайлоо дайындалган күнгө чейинки 6 ай ичинде алынган нарктан ашпоосу керек.
Шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышууну каалаган жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар белгиленген мөөнөттө, 2025-жылдын 11-январына чейин (кошуп алганда), БШКга төмөнкү документтерди тапшыруулары керек:
- шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышууга даяр экендиги жөнүндө билдирүү, анда жетекчинин аты-жөнү, маалымат каражатынын же интернет-басылманын координаттары жана байланыш маалыматтарын көрсөтүү зарыл;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде маалымат каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- интернет-басылмалар үчүн юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү же салык органдарында жеке ишкерди каттоо жөнүндө күбөлүктүн (патент) (интернет-басылмалар үчүн) көчүрмөсү;
- маалымат жана маалыматтык коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген ишмердүүлүктү жүзөгө ашырууга уруксат берүүчү документтердин көчүрмөсү;
- уставдын көчүрмөсү (эгерде бар болсо);
- эфир убактысын, басма аянтын берүү же интернет-басылмада жарыялоо укугу үчүн төлөмдүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө күбөлөндүрүлгөн маалыматтар.
Жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет басылмалар арызда камтылган жогоруда көрсөтүлгөн документтерди электрондук түрдө КР БШКнын маалымат секторунун pr.shailoo@gmail.com электрондук дарегине жөнөтүшү зарыл.
0312 66 54 52
Кененирээк билүү >>
«Улуттук рух — дүйнөлүк бийиктиктер» (Уңгужол) доктринасын ишке ашыруунун алкагында ЖББШТБ координаторлору үчүн Кыргыз жараны жарандык иденттүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган усулдук колдонмо жана видеоматериалдар иштелип чыкты
КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун (ЖББШТБ) «ПисНексус» фонду менен өнөктөштүктө калкта Кыргыз жараны баалуулуктарын калыптандыруу боюнча ишти уюштуруу боюнча усулдук колдонмону (ЖББШТБнун координаторлору үчүн) иштеп чыгуу иштерин, ошондой эле жарандык иденттүүлүктү жана ар түрдүү максаттуу топтордун жарандык катышуусун жогорулатууга багытталган видеороликтер сериясын даярдоону ийгиликтүү жыйынтыктады.
Усулдук колдонмо жарандарда активдүү жарандык позицияны, коомдун жана мамлекеттин өнүгүүсү үчүн жоопкерчилик сезимин, ошондой эле патриотизмди калыптандырууда негизги ролду ойногон ЖББШТБнун координаторлору үчүн атайын иштелип чыккан. Координаторлор жарандарда активдүү жарандык позицияны, коомдун жана мамлекеттин өнүгүүсү үчүн жоопкерчилик сезимин, ошондой эле патриотизмди калыптандырууда негизги ролду ойношот. Координаторлор шайлоо системасынын туруктуулугун камсыз кылууда, мамлекеттик институттарга болгон ишенимди жогорулатууда жана калк менен бийлик органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү чыңдоодо маанилүү звено болуп саналат. Усулдук колдонмо алардын кесиптик компетенцияларын бекемдеп, аймактарда ар түрдүү социалдык топтор менен иштөө үчүн практикалык инструменттерди сунуштайт.
Усулдук колдонмодо калк менен өз ара аракеттенүүнүн сунуштары жана ыкмалары камтылып, алар Кыргыз жараны баалуулуктарын илгерилетүүгө, социалдык биримдикти бекемдөөгө, жарандык катышууну өнүктүрүүгө, толеранттуулуктун деңгээлин жогорулатууга жана ар түрдүүлүк маданиятын колдоого багытталган.
Мындан тышкары, жаштар, аялдар, ишкерлер, эмгек мигранттары, этностук жана диний жамааттардын өкүлдөрү үчүн видеороликтер сериясы даярдалды. Ар бир видеоролик тиешелүү топтун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен даярдалган жана жарандык жоопкерчиликти жана маалымдуулукту калыптандырууга жана демократиялык институттарга болгон ишенимди бекемдөөгө багытталган.
Иш Кыргыз жараны жарандык иденттүүлүгүн өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы
№ УП-369 Жарлыгы менен бекитилген «Улуттук рух — дүйнөлүк бийиктиктер» (Унгужол) доктринасын ишке ашыруунун алкагында аткарылды.
Усулдук колдонмону жана видеороликтерди иштеп чыгуу эксперттердин, ЖББШТБнун координаторлорунун жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн биргелешкен ишинин жыйынтыгы болду. Материалдарды даярдоодо аймактык өзгөчөлүктөр, координаторлордун практикалык тажрыйбасы, ар кандай максаттуу топтор менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрү жана жарандык билим берүүгө карата заманбап ыкмалар эске алынды.
Алынган материалдар Кыргыз жараны баалуулуктарын илгерилетүү, жарандык аң-сезимди жогорулатуу жана коомдо туруктуу демократиялык маданиятты бекемдөө үчүн инструмент болуп калат.
Кененирээк: https://jaran.kg/ky/jarany/5
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров: 2026-жылы ар бирибиз койгон максаттарга жетип, ой-тилектер орундалып, өлкөнүн өнүгүшүнө салымыбызды кошолу
Кымбаттуу кыргызстандыктар!
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди Жаңы жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!
Өтүп бара жаткан 2025-жыл өлкөбүздүн коомдук-саясий турмушунда маанилүү окуялар менен эсте калды. Анын ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо мыйзам чегинде, тынч жана ачык шартта өттү. Шайлоо жаңы система боюнча, заманбап технологиялар жана шайлоо жабдыктарын колдонуу менен өткөрүлдү.
Бул - жарандык жоопкерчиликтин, демократиялык баалуулуктардын жана коомдун жетилгендигинин айкын далили.
Борбордук шайлоо комиссиясы мындан ары да шайлоолорду таза, адилеттүү жана заман талабына ылайык өткөрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшай берет.
Жаңы жыл - өткөн жылга жыйынтык чыгарып, келечекке ишеним жана үмүт менен кадам таштаган өзгөчө мезгил.
2026-жылы ар бирибиз койгон максаттарыбызга жетип, ой-тилектерибиз орундалып, өлкөбүздүн өнүгүшүнө өз салымыбызды кошолу. Ар бир үйдө тынчтык, токчулук, ынтымак жана береке болсун.
Жаңы жылыңыздар менен!
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 30-декабрда, Бишкек, Сокулук, Жайыл, Майлуу-Суу, Тогуз-Торо, Кара-Көл, Айтматов жана Лейлек аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти:
- Бишкек шаардык кеңешиндеги бош мандат саясий партиянын тизмесинде шайланган кийинки талапкер Ибраев Адилет Джолдошевичке (“Эл үмүтү” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;
- Чүй облусунун Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Алмарсбек уулу Нурмухаммеддин ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Редчиц Сергей Михайловичке өткөрүлүп берилди;
- Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык кеңешинин депутаты Токталиев Мирланбек Сапаралиевичтин (“Ынтымак” фракциясы) ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулду;
- Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Атай айылдык кеңешинин депутаты Каттообеков Сыргак Каттообековичтин ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Топоев Сталбек Медетбековичке өткөрүлүп берилди;
- Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты Батыркулов Кадырбек Дооронкуловичтин (“Ынтымак” фракциясы) ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат саясий партиянын тизмесинде шайланган кийинки талапкер Молдобаев Улан Абдиманаповичке өткөрүлүп берилди;
- Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты Токтомушев Эгемен Токтомушевичтин (“Жаңы Кыргызстан” фракциясы) ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат саясий партиянын тизмесинде шайланган кийинки талапкер Ибраимов Нуржигит Кочорбековичке өткөрүлүп берилди;
- Талас облусунун Айтматов районунун Чолпонбай айылдык кеңешинин депутаты Сейдалы уулу Кубанычбектин ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Торокулов Илияс Оогановичке өткөрүлүп берилди;
- Баткен облусунун Раззаков шаардык кеңешинин депутаты Джоошбаев Таир Нарбутаевичтин (“Адилет” фракциясы) ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат саясий партиянын тизмесинде шайланган кийинки талапкер Акбаров Уткирбек Устабабаевичке өткөрүлүп берилди;
- Чүй облусунун Жайыл районунун Ак-Башат айылдык кеңешинин депутаты Тесекбаева Зарина Джекшеновнанын ыйгарым укугу каза болгондугуна байланыштуу токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Байышбек уулу Мухамедалиге өткөрүлүп берилди.
Аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен жеке арызынын негизинде Чүй облусунун Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаттыгына катталган талапкер Жоомартбек уулу Акжол депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгарылды.
Кененирээк билүү >>
Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизилди
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 30-декабрда “Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” токтом кабыл алды.
Токтомго ылайык, комиссиянын курамынан берген арыздарына ылайык Дуванаева Мээрим Камалдиновна («Ынтымак» саясий партиясынан), Кабылова Минавархан Авазовна («Жаңы Кыргызстан» саясий партиясынан) жана Нышанов Кубанычбек Калдарович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылды.
Комиссиянын курамына резервден (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан) Исмаилов Расулбек Камилжанович, Мамадалиев Нурсултан Төлөгөнович жана Бурканов Уланычбек Арапбаевич киргизилди.
Кененирээк билүү >>
«Элдик Банк» жана «Айыл Банк» № 13 округунда кайра шайлоого катышуучу талапкерлердин, саясий партиялардын фонддорунун атайын эсептерин ачуучу банктар катары аныкталды
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого катышуучу талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн «Элдик Банк» менен «Айыл Банк» ачык акционердик коомдорун аныктады.
Тиешелүү токтомду КР БШК бүгүн, 30-декабрда өткөн жыйынында кабыл алды.
Аталган банктардын мобилдик тиркемелерин талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо фонддоруна ыктыярдуу кайрымдуулук салымдарын жүргүзүү үчүн пайдаланууга уруксат берилди.
КР БШКсы эске салат: «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР конституциялык мыйзамына ылайык, өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлер жана талапкерлерди көрсөткөн саясий партиялар шайлоо өнөктүгүн каржылоо үчүн өзүнүн шайлоо фонддорун түзүүгө милдеттүү.
Шайлоо фондун түзгөн бардык каражаттар атайын эсепке которулат. Бул эсеп талапкер же саясий партия тарабынан КР БШКнын уруксаты менен ачылат.
Талапкердин, саясий партиянын шайлоо фонду мыйзамдын талаптарына ылайык төмөнкү булактардан түзүлүшү мүмкүн:
– талапкердин, саясий партиянын өздүк каражаттары;
– жарандар жана юридикалык жактар берген ыктыярдуу кайрымдуулук салымдары (тыюу салынган салымдардан тышкары).
Шайлоо фондуна каражаттарды киргизүү талапкердин же саясий партиянын эсептик эсеби аркылуу, банктын мобилдик тиркемеси аркылуу накталай эмес төлөм жолу менен же банктын эсеп-касса бөлүмдөрү аркылуу накталай акча түрүндө жүргүзүлөт.
Анонимдүү салым катары таанылбаш үчүн аныкталбай турган төлөм системалары аркылуу накталай эмес которууга же накталай акча киргизүүгө тыюу салынат.
Шайлоо фонддорундагы каражаттар максаттуу пайдаланылат жана аларды шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу чыгымдарды жабуу үчүн гана колдонууга болот.
Атайын эсептерди ачуу, шайлоо фонддорун түзүү жана каражаттарды пайдалануу тартиби тууралуу кененирээк маалымат КР БШКнын расмий сайтында www.shailoo.gov.kg, «НПА БШК / БШКнын жоболору» бөлүмүндө жайгашкан «Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо учурунда талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондунун каражаттарын түзүү, кирешелерди эсепке алуу жана чыгымдоо тартиби жөнүндө» жобосунда берилген.
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
20.09.2026
КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүнү улантууда
19.09.2026
КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүгө катышууда
19.09.2026
КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров Москва шаарында өткөн “Туруксуздук мезгилиндеги шайлоолор” эл аралык конференциясына катышты
19.09.2026
КР БШК кызматкерлери ишембиликке катышты
16.09.2026
КР БШКда аймактык шайлоо комиссияларындагы атайын өкүлдөр менен жумушчу жыйын өттү
09.09.2026
Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди