Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жалпыңыздарды Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү менен куттуктайт!

05 марта 2026

Урматтуу кыргызстандыктар!

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жалпыңыздарды Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү менен куттуктайт!

Ак калпак — кыргыз элинин ыйык символу, улуттун улуулугун, нарк-насилин жана тарыхый тамырын даңазалаган асыл мурас. Ала-Тоонун ажайып көрүнүшүн элестеткен аппак калпагыбыз терең философияны, тазалыкты жана бийик руханий баалуулуктарды камтып келет. Улуттук кийимдерибиз болсо элибиздин көркөм табитин, кол өнөрчүлүк чеберчилигин жана маданий өзгөчөлүгүн айгинелеп турган баа жеткис казына.

Бул майрам ар бир кыргызстандыктын мекенчилдик сезимин күчөтүп, улуттук аң-сезимди тереңдетип, элибиздин биримдигин даңазаласын.

Элибиз аман, журтубуз тынч болсун! Эгемендүү Кыргызстаныбыздын келечеги кең, мамлекеттүүлүгүбүз бекем, ынтымагыбыз түбөлүктүү болсун!