Башкы Жаңылыктар Бишкекте Кыргыз жаранынын баалуулуктарын бекемдөө жана жарандык иденттүүлүктү …

Бишкекте Кыргыз жаранынын баалуулуктарын бекемдөө жана жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүү маселелери боюнча тегерек стол өткөрүлдү

26-Фев, 2026

2026-жылдын 25-февралында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (БШК) Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору (ЖБББ) менен биргеликте «Кыргыз жаранынын жарандык иденттүүлүгүн бекемдөө жана мамлекеттик органдар менен өнөктөштүктү өнүктүрүү: КР БШКнын Жарандык билим берүү борборунун тажрыйбасы жана келечеги» аталышындагы тегерек стол өткөрдү.

Тегерек столго Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин, Агартуу министрлигинин, Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясынын, ИИМдин Республикалык окуу борборунун, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин, Ош мамлекеттик университетинин, Талас мамлекеттик университетинин, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын, ошондой эле аймактык Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунун өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер жана аймактардан келген активисттер катышты.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 Жарлыгы менен бекитилген Доктринанын («Уңгужол») «Улуттук рух – дүйнөлүк бийиктиктер» жоболорун ишке ашыруунун алкагында өткөрүлдү.

Тегерек столду БШКнын төрагасынын орун басары Б.А. Конуров ачып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Г.О. Култаева, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын эксперти З.А. Турсунбеков жана «ПисНексус» фондунун өкүлү Н. Аксариева куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.

Б.А. Конуров өз сөзүндө БШКнын ЖБББ тарабынан жарандык иденттүүлүктү бекемдөө жана шайлоо маданиятын жогорулатуу багытында системалуу иштер жүргүзүлүп жатканын белгилеп, Кыргыз жаранынын баалуулуктарын илгерилетүү демократиялык институттардын туруктуулугун камсыздоодо жана шайлоо процессине болгон ишенимди бекемдөөдө маанилүү фактор экенине токтолду.

Г.О. Култаева жаштардын жарандык иденттүүлүктү калыптандыруудагы ролун баса белгилеп, алардын өлкө электоратынын 40 пайыздан ашыгын түзөрүн айтты. Анын айтымында, жаштардын жоопкерчилигин, укуктук маданиятын жана жарандык активдүүлүгүн өнүктүрүү мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүнүн негизги шарттарынын бири болуп саналат.

З.А. Турсунбеков Доктринада («Уңгужол») «Кыргыз жараны» концепциясы улуттук биримдикти бекемдөөнүн жана коомдун баалуулуктук консолидациясынын стратегиялык багыты катары каралганын белгиледи. Ал Доктринанын жоболорун ишке ашыруу боюнча иштер системалуу жүргүзүлүп жатканын айтып, ведомстволор аралык кызматташууну мындан ары кеңейтүү зарылдыгына токтолду. Ошондой эле жаштардын ролуна өзгөчө көңүл буруп, «Кыргыз жараны» идеологиясы менен алардын шайлоого катышуу активдүүлүгүнүн ортосунда түз байланыш бар экенин белгиледи. Жаран өзүн мамлекеттин толук кандуу субъектиси катары сезгенде гана башкаруу процесстерине активдүү катышат. Добуш берүү — бул жөн гана укук эмес, мамлекетти башкарууга катышуунун маанилүү инструменти болуп саналат.

Н. Аксариева мамлекеттик органдар менен жарандык коомдун өнөктөштүк кызматташуусунун маанисине токтолуп, жарандык билим берүү жаатындагы демилгелерди колдоо коомдук биримдикти жана туруктуулукту бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Тегерек столдун негизги бөлүгүндө БШКнын ЖБББ тарабынан аймактык деңгээлде Кыргыз жаранынын баалуулуктарын илгерилетүү боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыктары сунушталды. Катышуучуларга өлкөнүн бардык аймактарында иштеп жаткан Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунун ишмердүүлүгү, ошондой эле 2026-жылдын февраль айында беш аймакта жаштар жана аялдар арасында өткөрүлгөн маалыматтык-түшүндүрүү жолугушуулардын жыйынтыктары тууралуу маалымат берилди.

Өзүнчө аналитикалык блоктун алкагында Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Социалдык-гуманитардык илимдер институтунун директору А.Р. Жусубалиев коомдун социалдык дифференциациясы жана консолидациясы боюнча жүргүзүлгөн социологиялык изилдөөнүн жыйынтыктарын сунуштады. Статистикалык маалыматтар жарандардын жарандык иденттүүлүккө болгон түшүнүгүн, шайлоого катышууга болгон мамилесин, Кыргыз Республикасына таандык экенине болгон сыймыгын жана мамлекет алдындагы жоопкерчилигин чагылдырды. Бул маалыматтар жарандык билим берүү багытындагы иштерди мындан ары да системалуу улантуу зарылдыгын айгинеледи.

Талкуунун жүрүшүндө жаштар стратегиялык мааниге ээ максаттуу топ катары өзгөчө белгиленип, аларды заманбап санариптик инструменттер — социалдык тармактар, интерактивдүү платформалар, оюн форматтары жана кыска видеоконтенттер аркылуу активдүү тартуу зарылдыгы айтылды.

Жыйынтыгында Кыргыз жаранынын баалуулуктарын жайылтуу боюнча мындан аркы иш-чаралардын артыкчылыктуу багыттары аныкталып, маалыматтык-агартуу иштерин кеңейтүү, ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү чыңдоо жана туруктуу илгерилетүү механизмдерин өнүктүрүү боюнча сунуштар берилди.

Тегерек стол Доктринанын («Уңгужол») жоболорун ишке ашырууну улантуу жана Кыргыз Республикасында жарандык иденттүүлүктү бекемдөө багытында мамлекеттик органдардын, илимий жана эксперттик коомчулуктун өнөктөштүк кызматташуусун өнүктүрүүнүн маанилүү этабы болуп калды.

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүнү улантууда
20-Сен, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүнү улантууда

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров баштаган КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүүнүн алкагында Россия Федерациясында иш алып барууну улантууда. Бүгүн, 20-сентябрда КР БШКнын өкүлдөрү эл аралык миссиялардын курамында добуш берүү процессине жана шайлоо участкаларынын ишине байкоо жүргүзүүнү улантышууда. КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров КМШнын байкоочу миссиясынын курамында байкоо жүргүзүүдө. КР БШКнын мүчөсү Т. Оторбаев Шанхай кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясынын курамында иш алып барууда. Эл аралык байкоого КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери да катышууда. Күн ичинде КР БШКнын өкүлдөрү шайлоо участокторуна барып, добуш берүүнүн уюштурулушу жана шайлоо комиссияларынын иши менен таанышууда. Ошондой эле эл аралык миссиялардын алкагында бир катар жумушчу жолугушууларды жана иш-чараларды өткөрүү пландаштырылган. КМШнын миссиясынын курамында добуш берүүнүн жүрүшүнө мониторинг жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын аймагында Бишкек, Ош, Каракол жана Кант шаарларында түзүлгөн шайлоо участокторунда иш алып барган КР БШКнын өкүлдөрү да катышууда. Эске салсак, 18–19-сентябрда КР БШКнын өкүлдөрү Москва шаарында өткөн «Турбуленттүүлүк мезгилиндеги шайлоолор» аттуу эл аралык конференцияга катышты. Тынчтык Шайназаров конференцияда баяндама жасады. Ошондой эле ал россиялык телеканалдарга интервью берип, Кыргыз Республикасынын шайлоо системасы, шайлоолорду өткөрүү тажрыйбасы жана шайлоо жаатындагы эл аралык кызматташтык тууралуу айтып берди. Маалымат үчүн: Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоо 2026-жылдын 18–20-сентябрында өтүүдө. Россия Федерациясынын жарандары Мамлекеттик Думанын 450 депутаттарын шайлашат: алардын 225и федералдык шайлоо округу боюнча партиялык тизмелерден, 225и бир мандаттуу шайлоо округдарынан шайланат. Өлкөдөн тышкары жашаган Россия жарандарынын добуш берүүсү үчүн 152 мамлекетте 333 шайлоо участкасы түзүлгөн. Ошол эле учурда Россия Федерациясынын аймактарында аймактык жана муниципалдык шайлоолор өтүүдө. Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасына өтүүчү шайлоого 10 саясий партия катышууда. Партиялар үчүн шайлоо босогосу 5 пайызды түзөт.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүгө катышууда
19-Сен, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүгө катышууда

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров баштаган КР БШКнын өкүлдөрү 2026-жылдын 18–20-сентябрь күндөрү Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүүгө катышууда. Т. Шайназаров КМШнын миссиясынын курамында байкоо жүргүзүүдө. КР БШКнын мүчөсү Т. Оторбаев Шанхай кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясынын ишине катышууда. Ошондой эле эл аралык миссиялардын алкагында КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери да тартылган. Иш сапардын алкагында КР БШКнын өкүлдөрү «Турбуленттүүлүк мезгилиндеги шайлоолор» аттуу эл аралык конференцияга катышып, анда Тынчтык Шайназаров баяндама жасады. КР БШКнын төрагасы ошондой эле Россиянын телеканалдарына интервью берип, анда Кыргызстандын шайлоо системасы, шайлоолорду өткөрүү тажрыйбасы жана шайлоо чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтык тууралуу айтып берди. КМШ Миссиясынын курамында добуш берүүнүн жүрүшүнө мониторинг жүргүзүүгө КР БШКнын өкүлдөрү да Кыргыз Республикасынын аймагында Бишкек, Ош, Каракол жана Кант шаарларында түзүлгөн шайлоо участкаларында катышууда. Мындан тышкары, КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жүрүшүнө эл аралык байкоо жүргүзүүдө. Байкоо иштери эртең, 20-сентябрда да улантылат. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров Москва шаарында өткөн “Туруксуздук мезгилиндеги шайлоолор” эл аралык конференциясына катышты
19-Сен, 2026

КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров Москва шаарында өткөн “Туруксуздук мезгилиндеги шайлоолор” эл аралык конференциясына катышты

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 2026-жылдын 18–19-сентябрында Москва шаарында өткөн “Туруксуздук мезгилиндеги шайлоолор” аттуу эл аралык конференцияга катышты.Конференциянын катышуучулары демократиялык процесстердин туруктуулугу жана жарандардын мамлекеттик бийлик институттарына болгон ишенимин камсыз кылуу маселелерин талкуулашты.Т. Шайназаров “Заманбап чакырыктар шартында шайлоо системасынын туруктуулугу: Кыргыз Республикасынын тажрыйбасы” аттуу темада баяндама жасап, Кыргыз Республикасынын COVID-19 пандемиясы шартында шайлоолорду өткөрүү тажрыйбасына токтолду.Төрага белгилегендей, бул тажрыйба шайлоолорду өткөрүүнүн шарттары канчалык тез өзгөрүшү мүмкүн экенин көрсөттү, ошондой эле мындай өзгөрүүлөргө шайлоо системасы алдын ала даяр болушу зарыл.Акыркы шайлоолордун тажрыйбасы Кыргыз Республикасында колдонулуп жаткан чечимдер жарандардын добуш берүүгө жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү менен бирге, шайлоо жол-жоболорунда зарыл болгон идентификациялоо, көзөмөлдөө жана ачык-айкындуулукту камсыз кылуучу механизмдерди сактоого мүмкүндүк берип жатканын көрсөтүүдө.Ошол эле учурда бул багыттагы иштер улантылууда. Жаңы чечимдер алардын ишенимдүүлүгүн үзгүлтүксүз текшерүүнү жана мындан ары да өркүндөтүүнү талап кылат.Эл аралык конференция шайлоо системаларын өнүктүрүүнүн актуалдуу тенденцияларын талкуулоо, натыйжалуу чечимдерди издөө, шайлоону уюштуруучулардын, илимий коомчулуктун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө үчүн эксперттик аянтча болуп калды. Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 18-20-сентябрында КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясынын Федералдык чогулушунун Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоону мониторинг жасоого катышууда. 
Кененирээк билүү >>
КР БШК кызматкерлери ишембиликке катышты
19-Сен, 2026

КР БШК кызматкерлери ишембиликке катышты

Бүгүн, 19-сентябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын кызматкерлери республика боюнча өтүп жаткан санитардык тазалоо боюнча ишембиликке катышты.Төраганын орун басары Лейла Лурованын жетекчилиги астында КР БШКнын жамааты Кашка-Суу айылынан баштап, "Ала-Арча" мамлекеттик паркынын башкы кире беришине чейинки жол жээктеринде тазалоо иштерин жүргүзүштү. Ишембиликтин жүрүшүндө аймак толугу менен санитардык абалга келтирилип, тиричилик таштандылары, кургак бутактар жана пластикалык калдыктардан тазаланды.Мындай иш-чаралар өлкөдө тазалыкты сактоого өбөлгө түзүп, жарандардын экологиялык жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган.Ишембилик Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 "Улуттук тазалык күнү жөнүндө" Жарлыгын аткаруу, ошондой эле 2023-2025-жылдарга турмуш-тиричилик калдыктарын кайра иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-чаралар планынын жана Улуттук тазалык күнүнүн алкагында өткөрүлдү. 
Кененирээк билүү >>