Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

№13 шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоону даярдоо жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасы бекитилди
30.12.2025

№13 шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоону даярдоо жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасы бекитилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 30-декбарда, №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоону даярдоо жана өткөрүү үчүн каралган чыгымдардын сметасын бекитти. 2026-жылдын 1-мартына дайындалган №13 шайлоо округу боюнча кайра шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө кетүүчү чыгымдардын сметасы 18 млн 507 миң сом өлчөмүндө бекитилди. Шайлоо комиссияларынын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдары республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт. Сметада шайлоону уюштурууга жана маалыматтык жактан камсыз кылууга кетчү чыгымдар, комиссия мүчөлөрүнүн жана ишке тартылган жарандардын эмгек акысы, шайлоо (референдум) өткөрүлгөн күндөрү шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө, ошондой эле ишке тартылган жарандарга бир адамдык суткалык өлчөмдө тамак-аш уюштурууга суткалык төлөмдөр камтылган. Андан тышкары, чыгымдардын бекитилген сметасы шайлоо жөнүндө мыйзамдарда каралган иш-чараларды каржылоону, ошондой эле шайлоо комиссиялары үчүн борборлоштурулган сатып алууларды, шайлоо участокторун техникалык жактан жабдууну, маалыматтык материалдарды даярдоону, окутууларды уюштурууну, командировкалык чыгымдарды жана башка уюштуруу иш-чараларды камтыйт. Чыгымдар төмөнкү негизги көрсөткүчтөргө таянып эсептелген: -    округдук шайлоо комиссияларынын саны – 1, мүчөлөрүнүн саны – 15 адам; -    участкалык шайлоо комиссияларынын (УШК) саны – 94, мүчөлөрүнүн саны – 965 адам (анын ичинде автоматтык эсептөөчү урналар менен иштеген операторлордун саны – 188 адам, жарандарды идентификациялоо жабдуулары менен иштеген операторлордун саны – 188 адам);  -    шайлоо (референдум) өткөрүү учурунда жарандарды идентификациялоо боюнча техникалык кызматтарды көрсөтүүгө тартылган операторлордун (УШК үчүн) саны – 55 адам; -    техникалык колдоо көрсөтүүчү операторлордун саны – 24 адам.  
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын шайлоочуларга, талапкерлерге, саясий партияларга, ЖМКга, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусу
30.12.2025

КР БШКнын шайлоочуларга, талапкерлерге, саясий партияларга, ЖМКга, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусу

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын КАЙРЫЛУУСУ Урматтуу шайлоочулар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, талапкерлер, саясий партиялардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, шайлоо процессинин катышуучулары! Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 30-декабрындагы №196 токтомуна ылайык № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоо 2026-жылдын 1-мартына дайындалды. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 63-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо шайлоо аракеттеринин мөөнөтү үчтөн бирге кыскарат. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрында болуп өткөн шайлоодо жыйынтыгы жокко чыгарылган № 13 көп мандаттуу шайлоо округунда өткөрүлөт, анда Жогорку Кеңештин 3 депутаты 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Мында шайлоочу өзүнүн тандоосу боюнча бир гана талапкерге добуш берүүгө укуктуу. № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү укугу саясий партияларга жана өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде жарандарга таандык. Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары, шайлоочулар! Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо укугуна Кыргыз Республикасынын 18 жашка толгон жарандары ээ. Шайлоочулардын укуктарын ишке ашыруу, шайлоочуларды өзү жөнүндөгү маалыматтар менен тааныштыруу, ошондой эле добуш берүүнү өткөрүү максатында ар бир шайлоо участогу боюнча шайлоочулардын тизмеси түзүлөт. № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо шайлоочулардын тизмесине добуш берүү күнүнө карата активдүү шайлоо укугуна ээ болгон, жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп саналган жана биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын бардык жарандары киргизилет. Шайлоочунун жергиликтүү жамаатка мүчөлүгү паспорттун чибине жазылган жарандын паспортундагы жашаган жерин каттоо жөнүндө белги же добуш берүү күнүнө чейин 60 күндөн кем эмес мөөнөттө жүргүзүлгөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринде жашаган жеринин дарегин каттоо менен аныкталат. Добуш берүү күнүнө чейин 53 календардык күн калганда, башкача айтканда, 2026-жылдын 7-январына чейин чейин көп мандаттуу шайлоо округундагы шайлоо участоктору боюнча түзүлгөн шайлоочулардын алдын ала тизмеси www.tizme.gov.kg мамлекеттик порталына жайгаштырылат, андан сиздер өзүңүздөр жөнүндөгү маалыматтарды тактап алсаңыздар болот. Ошондой эле добуш берүү күнүнө 47 календардык күн калганда, башкача айтканда, 2026-жылдын 13-январына чейин тиешелүү участоктордо шайлоочулардын алдын ала тизмеси таанышуу үчүн илинет. Өзүңүздөр жөнүндөгү маалыматтарды: 1255 же 119 номерлерине телефон чалуу; www.tizme.gov.kg мамлекеттик порталына кирүү; шайлоо участогуна баруу; “119” номерине паспорттогу ЖИН (жеке идентификациялык номерди) көрсөтүп СMС-билдирүү жиберүү менен сиздер шайлоо участогунун номерин жана дарегин ала аласыздар (СМС-билдирүү жөнөтүү жана телефон чалуу акысыз). Эгерде кандайдыр бир ката же так эместик аныкталса, ошондой эле шайлоочулардын алдын ала тизмесинде сиз жок болсоңуз, добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күндөн кечиктирбестен, башкача айтканда, 2026-жылдын 13-январынан 18-февралына чейин (кошуп алганда) тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга жана www.tizme.gov.kg мамлекеттик порталындагы “Шайлоочунун кабинети” сервиси аркылуу белгиленген тартипте авторизациядан өтүү менен электрондук түрдө арыз берүүгө укуктуусуз. Биометрикалык каттоодон өтө элек жарандар калкты тейлөө борборлорунда (КТБ) жана жашаган жери боюнча жарандык абалдын актысын жазуу, паспорттоштуруу жана калкты каттоо органдарында (Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу ведомстволук түзүм) ушул жол-жободон өтсө болот. Шайлоодо добуш берүү күнү шайлоочулардын тизмесине киргизилген жарандар гана добуш берүү укугуна ээ экендигин эсиңиздерге салабыз. Урматтуу талапкерлер, саясий партиялардын өкүлдөрү! “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык: Кыргыз Республикасынын жараны; шайлоо күнүнө карата 25 жашка толгон; шайлоого укугу бар; жогорку кесиптик билими бар; мамлекеттик тилди билген; депутаттыкка талапкерлигин көрсөтүүнүн алдында республикада акыркы 5 жылдан кем эмес туруктуу жашаган адамдар Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алышат. Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашоодо өндүрүштүк, илимий, кызматтык себеп же башка зарылчылык боюнча өлкөнүн чегинен тышкары иш сапарларына байланыштуу ар бир жылда алты айга чейинки үзгүлтүктөргө жол берилет. Төмөнкүлөр Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланууга укуксуз: - соттолгон, анын ичинде соттуулугу алып салынган же жоюлган; коркунучтуулугу аз кылмыштарды, этиятсыздыктан жасалган анча оор эмес кылмыштарды, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жана аларда каралган тартипте жабырлануучу жеке-ачык айыптоону колдоодон баш тарткан жана (же) жабырлануучу айыпталуучу менен макулдашууга жетишкен учурларды кошпогондо, аларга карата кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылган адамдар; диний ишмерлер өздөрүнүн диний ишмердигин токтоткондон кийин 5 жыл ичинде. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 60-беренесинин 1-бөлүгүнө жана 60-1-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлерди көрсөтүү  шайлоо күнүнө 30 календардык күн калганда, башкача айтканда, 2026-жылдын 29-январын кошуп алганда жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:00дө аяктайт. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жолу менен шайлоого катышууга саясий партияларды каттоо иш-милдеттерин жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органында шайлоо жарыяланганга чейин катталган жана (же) кайра катталган саясий партияларга жол берилет. Саясий партиялар Жогорку Кеңештин депутаттыгына көп мандаттуу шайлоо округу боюнча бирден талапкерди саясий партиянын съездинде жашыруун добуш берүү аркылуу көрсөтөт. Депутаттыкка талапкерди көрсөтүү боюнча саясий партиянын съездине КР БШКнын мүчөсү катышууга укуктуу. Талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө чечим саясий партиянын колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлөт жана КР БШКга берилет. Саясий партиянын съездинин чечимдери Борбордук шайлоо комиссиясына берилгенден кийин тиешелүү шайлоо округу боюнча көрсөтүлгөн талапкерлердин курамы өзгөртүлүшү мүмкүн эмес. Саясий партия ушул партиянын мүчөлөрү болуп саналбаган Кыргыз Республикасынын жарандарын Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып көрсөтүүгө укуктуу. Саясий партия башка саясий партиялардын мүчөлөрү болуп саналган жарандарды Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып көрсөтүүгө укуксуз. Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүүдө саясий партия талапкерлердин жалпы санынын 70 пайызынан ашпаган бир жыныстагы адамдардын өкүлчүлүгү жөнүндөгү талапты сактоого милдеттүү. Өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерди депутаттыкка көрсөтүү талапкердин өзүнүн ушул шайлоо округу боюнча талапкерлигин көрсөтүү ниети жөнүндө арызын КР БШКга берүү жолу менен жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасын санариптештирүү саясатынын алкагында талапкерлерди каттоо үчүн “Электрондук талапкер” программасы киргизилген, ал талапкерлерге документтерин электрондук түрдө киргизүүгө мүмкүнчүлүк берет. Талапкерлердин маалыматтарынын (паспорттогу маалыматтар (катталгандыгы), Кыргыз Республикасынын жарандыгы (Санариптик өнүктүрүү министрлиги), соттуулугунун жоктугу (Ички иштер министрлиги), жогорку кесиптик билиминин бар экендиги (Агартуу министрлиги) ж.б.) мыйзамдардын талаптарына ылайык келишин текшерүү “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу ишке ашырылат. Депутаттыкка талапкерлерди каттоо шайлоо күнүнө 20 календардык күн калганда, башкача айтканда, 2026-жылдын 9-февралына чейин аяктайт. Талапкерлерди каттоодо талапкерлерге көмөк көрсөтүү максатында КР БШКнын расмий сайтында арыздардын формалары жайгаштырылган, шайлоого катышуучу талапкерлер үчүн шайлоо өнөктүгүнө катышуу маселелери – үгүт, шайлоо өнөктүгүн каржылоо жана шайлоо талаш- тартыштары маселелери боюнча усулдук материалдардын жана ченемдик актылардын жыйнагы даярдалды. Жакын арада шайлоого катышуу маселелери боюнча маалыматтык-түшүндүрүү семинарлары өткөрүлөт. Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет- басылмалардын өкүлдөрү! Мыйзамга ылайык шайлоону маалыматтык камсыз кылуу – шайлоочуларды кабарландыруу жана жарандардын өз эркин аң-сезимдүү билдирүүсүнө, шайлоонун айкындуулугуна көмөктөшүүчү шайлоо алдындагы үгүттү өзүнө камтыйт. Үгүт процессине катышуу үчүн ЖМКлар жана интернет-басылмалар КР БШКга жазуу жүзүндө арыз берип, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аккредитациядан өтүшү керек. Тиешелүү телерадиоберүү уюмдары, мезгилдүү басылмалардын редакциялары, интернет-басылмалардын ээлери арызы менен бирге эфирдик убакыт, басылма аянты, төлөө өлчөмү жана башка шарттары же маалымат каражаттары, интернет-басылмада жарыялоо укугу жөнүндө маалыматтарды берүүгө милдеттүү. Мында акы төлөнүүчү эфир убактысынын, басылма аянтынын баасы бардык партиялар, талапкерлер үчүн бирдей болууга жана шайлоо дайындалган күнгө чейинки 6 ай үчүн алынган баадан ашпоого тийиш. Шайлоо мыйзамдарын бузган учурда КР БШК жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын аккредитациясын чакырып алууга укуктуу. Шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга 24 саат калганда, башкача айтканда, 2026-жылдын 9-февралынан 28-февралына саат 08:00гө чейин аяктайт. Жалпыга маалымдоо каражаттарында жайгаштырылуучу же башка ыкма менен таратылган маалыматтык материалдардын мазмуну объективдүү, анык болууга, талапкерлердин жана саясий партиялардын теңдигин бузбоого, аларда кайсы бир талапкерге артыкчылык берилбөөгө тийиш. КР БШК тарабынан аккредитацияланбаган жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү маалыматтык жактан чагылдырууга шайлоо алдындагы үгүттүн белгилери камтылбаган маалыматтарды чагылдыруу аркылуу гана катышууга укуктуу. Шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү маалыматтык жактан чагылдырууга катышуучу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү төмөндөгүлөргө укуктуу: шайлоо комиссияларынын жыйналыштарына катышууга; шайлоо комиссияларынын протоколдору менен таанышууга; шайлоо комиссиясынан протоколдордун жана аларга тиркелген документтердин көчүрмөлөрүн алууга; шайлоого даярдык көрүү мезгилинде, ал эми добуш берүү күнү шайлоочулардын добуш берүүлөрүнүн жашыруундуулугун бузбастан, добуш берүүнүн жүрүшүнө жана добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарууга тоскоол болбостон, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы аныктаган жерден фото- жана көрмө-тартууну жүзөгө ашырууга; өзүнүн статусу, фамилиясы, аты-жөнү, алар атынан чыккан уюмдардын аталышы белгиленген, шайлоо алдындагы үгүт белгилерин камтыбаган төш белги тагынып жүрүүгө. КР БШК жалпыга маалымдоо каражаттарын маалыматтык өнөктүккө жигердүү катышууга, жарандарга шайлоонун жүрүшү жана эрежелери, талапкерлер жөнүндө өз убагында жана ишенимдүү маалымат берип турууга чакырат. КР БШК өз кезегинде шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү, шайлоо комиссияларынын иши тууралуу бардык керектүү маалыматтарды берип турууга даяр экендигин билдирет. www.shailoo.gov.kg – КР БШКнын расмий сайты, www.tizme.gov.kg – шайлоочулардын тизмесинин порталы, www.talapker.shailoo.gov.kg – талапкерлер жөнүндө портал. Урматтуу округдук жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү! Мыйзамдуулук, калыстык, айкындуулук, ачыктык сиздердин иш-аракеттериңиздер жана биздин иш-аракеттерибиз ишибиздин негизги иш принциптери болуп саналат. Калктын бүтүндөй шайлоо процессине ишеним деңгээли көбүнесе сиздердин иш-аракеттериңиздерге жана биздин иш-аракеттерибизге жараша болот. Мекенди сүйүү, жарандык милдетти жогорку деңгээлде сезе билүү жана коом алдындагы жоопкерчилик, компетенттүүлүк бизге мыйзамдуу, ачык-айкын жана анык демократиялык шайлоо өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет! Урматтуу шайлоо процессинин катышуучулары! Шайлоо укук нугунда өтүшү үчүн шайлоо мыйзамдарындагы ченемдердин талаптарын бекем сактоо, ал эми шайлоо процессинин башка катышуучулары менен өз ара аракеттешүүдө өз ара сый-урмат көрсөтүп, сабырдуу болуу зарыл. КР БШК шайлоо процессинин бардык катышуучулары үчүн ачык иштеп, ачык-айкындуулукту кепилдик кылат жана шайлоо тынч, туруктуу атмосферада өтүшү үчүн мүмкүн болушунча күч-аракет жумшайт, өлкөбүздүн жарандары шайлоо укуктарын толук ишке ашыруусу үчүн бардык керектүү шарттарды түзөт. Байланыш маалымат жана БШКнын маалымат ресурстары: КР БШКнын расмий сайты: www.shailoo.gov.kg. www.talapker.shailoo.gov.kg сайтында талапкерлер, талапкерлердин шайлоо программалары жана шайлоо фонддору тууралуу жалпы маалыматтар көрсөтүлгөн. БШКнын Даттануулар жана кайрылуулар реестринде (https://www.shailoo.gov.kg/ru/registry/) атайын электрондук ресурсунда шайлоо комиссияларына (КР БШК, ОШК, УШК) келип түшкөн даттануулар жана арыздар, алар боюнча кабыл алынган чечимдер жана сот актылары менен тааныша аласыздар. БШКнын Ыкчам чара көрүүчү координациялык тобунун (ЫАКТ) шайлоочулар жана шайлоо мыйзамдарынын башка субъекттери үчүн шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылары жөнүндө маалымат берүү үчүн байланыш каналдары: кыска номер: 1255; WhatsApp номери: 0506 809909; ишеним телефону: 0312 626246; электрондук почта дареги: kgor@shailoo.gov.kg; КР БШКнын коомдук кабылдамасы: 0312 660240.    
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы №13 шайлоо округунда кайра шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын календардык планын бекитти
30.12.2025

КР БШКсы №13 шайлоо округунда кайра шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын календардык планын бекитти

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 30-декабрында №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык планын бекитти (тиркелет). Календардык план “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамдагы шайлоо аракеттеринин мөөнөттөрүнө ылайык, шайлоо процессинин бардык катышуучулары үчүн иштелип чыккан.  Анда иш-чаралар датасы, аткаруу мөөнөтү жана аткарууга жооптуу адамдар көрсөтүлгөн. Календардык планда төмөнкү бөлүмдөр боюнча негизги иш-чаралар камтылган:  -    шайлоону маалыматтык жактан камсыздоо;  -    добуш берүү үчүн жай;  -    эл аралык жана коомдук байкоочулар;  -    шайлоочулардын тизмеси; -    шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын окутуу; -    талапкерди көрсөтүү жана каттоо; -    шайлоо алдындагы үгүт; -    шайлоону каржылоо; -    шайлоо бюллетендери; -    добуш берүү тартиби;  -    добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын белгилөө. Эске салсак, №13 шайлоо округу боюнча кайра шайлоо КР БШКнын токтому менен 2026-жылдын 1-мартына дайындалды.  “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 63-беренесине ылайык, шайлоо аракеттеринин мөөнөттөрү үчтөн бирге кыскарат.  
Кененирээк билүү >>
№ 13 округ боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо 2026-жылдын 1-мартына дайындалды
30.12.2025

№ 13 округ боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо 2026-жылдын 1-мартына дайындалды

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 30-декбарда өзүнүн жыйынында “№ 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө” токтомун кабыл алды. № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары КР БШКнын 2025-жылдын 3-декабрындагы токтому менен анык эмес деп таанылган.  КР БШКсы «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 38, 63-беренелерине ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоону 2026-жылдын 1-мартына, жекшемби күнгө дайындады. Токтомго ылайык, КР БШКнын аппаратына, № 13 округдук шайлоо комиссиясына кайра шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруу тапшырылды.  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети кайра шайлоону даярдоо жана өткөрүү үчүн зарыл болгон финансылык каражаттарды КР БШКнын чыгымдар сметасына ылайык бөлүп берет. Министрлер кабинети ошондой эле: - кайра шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин, ошондой эле коомдук тартиптин сакталышын камсыздоо боюнча чараларды көрөт; - Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестринин негизинде шайлоочулардын так тизмелерин түзүү үчүн анын маалыматтарын тактоо боюнча чараларды көрөт; - реалдуу убакыт режиминде (онлайн) шайлоочуларды идентификациялоо системасын жана байланыш каналдарын уюштурууну жана иштешин камсыз кылат; - КР БШКга шайлоо процессинде колдонулуучу маалыматтык электрондук системалардын киберкоопсуздугун камсыздоодо, ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу маалымат алмашууда, ошондой эле мыйзамдарда аныкталган маалыматтарды берүү процесстерин жүргүзүү үчүн үзгүлтүксүз жана коопсуз байланыш каналдары менен камсыздоодо көмөк көрсөтөт; - добуш берүү жана шайлоочуларды идентификациялоо үчүн жабдуулардын коопсуз сакталышын камсыздоо боюнча чараларды көрөт; - кайра шайлоону өткөрүүнү жөнгө салуучу мыйзамдардан келип чыгуучу башка иш-чараларды белгиленген тартипте ишке ашырууну камсыздайт.  
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2025-жылдын 30-декабрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
30.12.2025

КР БШКнын 2025-жылдын 30-декабрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 2025-жылдын 30-декабрь Убактысы:11:00 Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы   1. №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынкайра шайлоону дайындоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 2. Бишкек, Сокулук, Жайыл, Майлуу-Суу, Тогуз-Торо, Кара-Көл, Айтматов жана Лейлек аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу (баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 3. 2026-жылдын 1-мартына дайындалган №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык планы жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 4. Шайлоочуларга, талапкерлерге, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кайрылуусунун тексти жөнүндө (баяндамачы – Алымбаев Р.А., маалыматтык камсыз кылуу секторунун башчысы) 5. 2026-жылдын 1-мартына дайындалган №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө кетчү чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө (баяндамачы – Дюшембаева Г.К., пландаштыруу, эсеп жүргүзүү, отчеттуулук жана сатып алуулар бөлүмүнүн башчысы) 6. № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого катышуучу талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктоо жөнүндө (баяндамачы- Амангелди кызы М., көзөмөлдөө-текшерүү жана аудиттик иш секторунун башчысы) 7. 2025-жылдын 1-мартына дайындалган № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо, шайлоо участкалары үчүн календардын текстин бекитүү жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 8. Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө. (баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
22.12.2025

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 22-декабрда, Бишкек, Аламүдүн, Ысык-Ата, Москва, Баткен, Токтогул, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Тоң жана Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти. -      Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Асилбеков Азирет Ысманалиевичтин («Эл Үмүтү» фракциясы) ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулду; -     Аламүдүн районунун Достук айылдык кеңешиндеги бош мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Борчубаев Сеит Замирбековичке өткөрүлүп берилди; -       Ысык-Ата районунун Узун-Кыр айылдык кеңешинин депутаты Малабакиев Фарух Камильджановичтин  ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Кожобергенова Марта Мухтаровнага өткөрүлүп берилди; -     Москва районунун Ак-Суу айылдык кеңешинин депутаты Сатиева Гулжан Эркинбековнанын ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Мыкыева Анаре Ниязовнага өткөрүлүп берилди; -       Баткен районунун Ак-Татыр айылдык кеңешинини депутаты Темиров Акжол Мамасалиевичтин ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулду. -      Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңешинин депутаты Асанбеков Нуржигит Абдилатовичтин («Тынчтык» фракциясы) ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат саясий партиянын тизмесинде шайланган кийинки талапкер Тоялиев Нурэлес Нурисовичке өткөрүлүп берилди; -    Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айылдык кеңешинин депутаты Тагаев Нурлан Исхаровичтин (Ырдык шайлоо округу) ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Докеев Нурбек Каировичке өткөрүлүп берилди; -    Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айылдык кеңешинин депутаты Базаркул уулу Рустамдын (Балтабай шайлоо округу) ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Ыпыев Керимбек Үсөновичке өткөрүлүп берилди; -       Ысык-Көл районунун Садыр Аке айылдык кеңешинин депутаты Бозунбаев Айбек Бактыбековичтин (Григорьевка-1 шайлоо округу) ыйгарым укугу каза болгондугуна байланыштуу токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Рыспаев Кенжебек Арпачиевичке өткөрүлүп берилди; -    Тоң районунун Улахол айылдык кеңешинин депутаты Мусаев Сейитбек Орозакуновичтин (Кара-Шаар шайцлоо округу) ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Койгелдиев Болотбек Сламбековичке өткөрүлүп берилди; -   Тоң районунун Ак-Терек айылдык кеңешинин депутаты Абылкасымов Тилектеш Төлөгөновичтин (Кара-Коо-Бар-Булак шайлоо округу) ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Болот уулу Бакытбекке өткөрүлүп берилди; -       Тоң районунун Күн-Чыгыш айылдык кеңешинин депутаты Кадыров Эрмек Кадыровичтин (№ 2 Тоң шайлоо округу) ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Атамбаев Талантбек Макеновичке өткөрүлүп берилди; -       Каракол шаардык кеңешинин депутаты Дуйшеева Перизат Табылдиевнанын (“Ыйман Нур” фракциясы) ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат саясий партиянын тизмесинде шайланган кийинки талапкер Алиева Бактыгүл Кенешбековнага өткөрүлүп берилди. Аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери менен жеке арыздарынын негизинде депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен төмөнкүлөр чыгарылды: -        Ак-Татыр айылдык кеңешинин депутаттыгына катталган талапкер Байджигитов Сейитбек Сейдахматович -    Токтогул шаардык кеңешинин депутаттыгына катталган талапкер Тойчубеков Кубат Мойдунович (“Тынчтык” саясий партиясы) -        Улахол айылдык кеңешинин депутаттыгына катталган  талапкер Иманов Зайырбек.
Кененирээк билүү >>
29 округдук шайлоо комиссиясынын курамдарынын ыйгарым укуктары токтотулду
22.12.2025

29 округдук шайлоо комиссиясынын курамдарынын ыйгарым укуктары токтотулду

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 22-декабарда “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча 29 округдук шайлоо комиссиясынын курамдарынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө” токтом кабыл алды. Ага ылайык Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилине түзүлгөн 29 округдук шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктары токтотулду. Округдук шайлоо комиссиялары КР БШКнын 2025-жылдын 3-октябрында токтому менен мөөнөтүнөн мурда өтө турган парламенттик шайлоону даярдоо  жана өткөрүү мезгилине түзүлгөн. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамга ылайык, округдук шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктары Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары расмий жарыялангандан кийин БШКнын чечими боюнча токтотулат. КР БШКнын тиешелүү токтомдору менен көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары аныкталган. Ал эми №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоонун натыйжасы анык эмес деп таанылган.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2025-жылдын 22-декабрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
22.12.2025

КР БШКнын 2025-жылдын 22-декабрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 2025-жылдын 22-декабрь Убактысы: 14.00 Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы   1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча 29 округдук шайлоо комиссиясынын курамдарынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 2. Бишкек, Аламүдүн, Ысык-Ата, Москва, Баткен, Токтогул, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Тоң жана Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу (баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)  
Кененирээк билүү >>
КР Жогорку Кеңешинин VIII чакырылышынын жаңы шайланган депутаттарына ырастама жана төш белги тапшырылды
16.12.2025

КР Жогорку Кеңешинин VIII чакырылышынын жаңы шайланган депутаттарына ырастама жана төш белги тапшырылды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 17-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VIII чакырылышынын жаңы шайланган 87 депутатына белгиленген үлгүдөгү ырастамаларды жана төш белгилерди тапшырды. Салтанаттуу иш-чарада депутаттар Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда ант беришти.  КР БШК төрагасы Т. Шайназаров жаңы шайланып келген депутаттарды куттуктап, мыйзам чыгаруу жана мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалады. Өлкө тарыхында биринчи жолу, жарандардын шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруусуна шарт түзүү максатында, шайлоочу убактылуу жүргөн жеринде, каалаган шайлоо участкасына барып, алдын ала арыз бербестен, онлайн идентификациядан өтүү менен добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берген аралыктан добуш берүү системасы колдонулуп, анын максаты – шайлоочулардын тизмесине кирген, бирок добуш берүү күнү туруктуу катталган жери боюнча шайлоо участогуна келип добуш берүү мүмкүнчүлүгү болбогон жарандар үчүн шайлоо укугун жүзөгө ашыруусуна шарт түзүү экендигин БШК төрагасы Т. Шайназаров белгиледи. Белгилей кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясынын токтомдору менен 29 көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары аныкталып, шайлоо болуп өттү деп таанылган. № 1 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча: Ажибаев Чынгыз Ильяскожоевич Жороев Исманали Эгембердиевич Талиева Камила Абдыразаковна № 2 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча: Атажанов Ырысбек Ысламович Калпаев Бактыяр Алиевич Аманова Бурун Кушбековна № 3 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча: Рысбаев Равшанбек Рысбаевич Аматов Жаныбек Женишбекович Мавлянова Махабат Эргешовна № 4 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча: Рустамбек уулу Советбек Жаанбаев Уланбек Коргонбаевич Алимжанова Нилуфар Якубжановна № 5 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча: Сулайманов Эльдар Нурланович Исираилов Азамат Алмазбекович Ахмедова Айгуль Абдилхаевна № 6 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча: Кудайбердиев Алтынбек Мусажанович Эргешов Бекмурза Аскарбаевич Аманова Санталат Абдылдаевна № 7 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча: Козуев Алишер Абибиллаевич Кубанычбеков Илимбек Кубанычбекович Машрапова Гүлай Эгемназаровна № 8 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча: Акаев Жанарбек Кубанычович Примов Улан Бердибаевич Торобекова Нуржамал Турсуналиевна № 9 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча: Джалилов Азамжан Абдуллажанович Толонов Данияр Эрмекович Эгенбердиева Жылдыз Абдылдаевна № 10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча: Зулушев Курманкул Токторалыевич Омурзаков Суйунбек Абдылдаевич Баатырова Гүлнара Маришовна № 11 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча: Ташиев Шаирбек Кыдыршаевич Кылычбаев Алтынбек Таирович Салямова Венера Хамзаевна № 12 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча: Чолпонбай уулу Бекмырза Масабиров Талайбек Айтмаматович Курманалиева Жылдыз Кочкоралиевна № 14 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча: Борбиев Болотбек Ибраимович Сулайманов Кундузбек Кошалиевич Култаева Гулшаркан Оконовна № 15 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча: Тургунбек уулу Нурланбек Турсунбаев Азизбек Атакозуевич Абдибаева Айсаракан Нышановна № 16 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча: Джумабеков Дастанбек Артисбекович Чотонов Медер Осконбекович Кайрылбекова Медина Кайрылбековна № 17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча: Азыгалиев Нурланбек Асанбекович Узакбаев Улукбек Камчибекович Эсенаманова Чолпон Замирбековна № 18 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча: Ханджеза Карим Лемзарович Чомоев Бакыт Муратбекович Сатиева Гулжан Эркинбековна № 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча: Алиев Медербек Кубанычевич Эгембердиев Абдылдабек Жолдошалиевич Тайгараева Эдита Каныбековна № 20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча: Айтиев Темирлан Тынычбекович Атамбаев Сеидбек Алмазбекович Ашымбаева Токтобүбү Абасовна № 21 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча: Конгантиев Куванычбек Камбаралыевич Абиров Жаныбек Болотбекович Садырбаева Жылдыз Эсенбековна № 22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча: Бекешев Дастан Далабайевич Ибрагимов Болот Адылбекович Кожокулова Гуля Акматкуловна № 23 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча: Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна Маматалиев Марлен Абдырахманович Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевич № 24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча: Салымбеков Жумабек Мамытбаевич Карыбек уулу Улукбек Акимбаева Гульнара Орозбековна № 25 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча: Шабазов Бахридин Валиевич Тентишев Бакыт Эркинович Сейтказиева Эркеайым Алымовна № 26 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча: Саккараев Медербек Джаманкулович Исеналиев Эркинбек Аскеевич Исаева Джамиля Кубанычбековна № 27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча: Түмөнбаев Акылбек Тогузбаевич Муратбеков Табылды Муратбекович Молдобекова Гулкан Сакиновна № 28 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча: Кокулов Эрулан Калчороевич Сагынаев Болот Турусбекович Жунушбаева Рахат Мырзабековна № 29 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча: Сыдыгалиев Нурбек Омурбекович Белеков Адилет Чолпонбекович Жунушалиева Гүлсүнкан Ишенгазиевна № 30 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча: Самаков Кубанычбек Карганбекович Бакасов Улан Болотбекович Таалайбек кызы Жылдыз Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VIII чакырылышынын катталган депутаттарына белгиленген үлгүдөгү ырастамалар жана төш белгилер берилет.  
Кененирээк билүү >>
2025-жылдын 30-ноябрында өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча кыскача маалымат
13.12.2025

2025-жылдын 30-ноябрында өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча кыскача маалымат

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы Жарлыгы менен 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча өзүнүн милдеттерин мыйзамдын талаптарына ылайык толугу менен кынтыксыз аткарды. Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын Календардык планын түзүп, шайлоо процессин Календардык пландын алкагында ырааттуу өткөрдү. Көп мандаттуу шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын, округдук шайлоо комиссияларынын курамын бекитти.   Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого 589 жаран талапкер болуп көрсөтүлүп, 63 жаран арызын кайтарып алса, 56 жаранга каттоодон өтүүгө баш тартуу чечими кабыл алынып, 10 талапкердин каттоосу жокко чыгарылды. Ошону менен шайлоого жалпы 460 талапкер катышып, алардын 271 -  эркек, 189 - аял талапкер, майыптыгы бар - 16 талапкер. Борбордук шайлоо комиссиясы мыйзам талаптарынын негизинде  шайлоого катышкан талапкерлерге бирдей шарт түздү. Талапкерлердин, шайлоочулардын укуктарын ишке ашыруу максатында шайлоо өнөктүгү жарыяланган күндөн тартып мыйзам алкагында иш алып барды.          Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону байкоого 58 өлкөдөн 788 эл аралык байкоочу аккредитациядан өттү.          Шайлоого көз салган эл аралык байкоочулар парламенттик шайлоого оң баасын берип, шайлоо ачык-айкын, эл аралык стандарттарга ылайык өттү деген оң бааларын беришти. Алардын баяндамалары менен төмөнкү шилтема аркылуу кирип, таанышсаңыз болот: https://shailoo.gov.kg/kg/news/8346/ https://shailoo.gov.kg/kg/news/8348/ https://shailoo.gov.kg/kg/news/8345/ Шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүгө КР БШКсы жалпысынан 137 ЖМКны аккредитациядан өткөрду, анын ичинен басма сөз – 37, телеканалдар – 41, радио – 19 , интернет басылмалар – 40.   Талапкерлер жана шайлоочулар менен иштөө боюнча КР БШКнын алдында түзүлгөн жумушчу топтор шайлоо процессинин жүрүшүндө ар бир кайрылууга жооп берип, мыйзам чегинде юридикалык жана маалыматтык колдоо көрсөттү. 2025-жылдын 12-декабрына карата Ыкчам чара көрүү боюнча координациялык топко 254 бузуулар тууралуу маалымат келип түшкөн. Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топко 136 материал келип түшкөн. Анын ичинен 62 факты боюнча административдик айып салынган. Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топко 39 материал келип түшкөн, анын ичинен 12 факты боюнча административдик айып салынган. Ал эми КР БШКнын көзөмөлдөө-текшерүү тобуна 4 билдирүү келип түшсө, анын ичинен 2 факты боюнча административдик айып салынган. Жыйынтыктап айтканда, КР БШКнын алдындагы жумушчу топторго келген ар бир билдирүү ыкчам түрдө иликтенип, укук коргоо органдарына жана башка тиешелүү тараптарга жөнөтүлдү. КР БШКга келип түшкөн кайрылуу, арыз, даттануунун бардыгы каралды. 2025-жылдын 30-ноябрында өткөн парламенттик шайлоодо негизги өзгөчөлүк – аралыктан добуш берүү ыкмасы колдонулду. Аралыктан добуш берүү ыкмасын колдонуунун негизги максаты – шайлоочулардын добуш берүү укугун камсыз кылуу. Бул ыкма аркылуу өзүнүн аймагынан сырткары жүргөн жарандар каалаган шайлоо участокторунда добуш бере алышты. Өлкө аймагында 2492 шайлоо участогу түзүлдү. Добуш берүү үчүн жайлардын мүмкүн болушунча жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында муктаждыктарды жана логистикалык шарттарды талдоонун негизинде ооруканаларда, аскер бөлүктөрдө, убактылуу кармоочу жайларда, соода борборлорунда жана базарларда 27 аралыктан добуш берүү шайлоо участогу ачылды. Ал эми чет өлкөдө 100 шайлоо участогун ачылып, мекендештердин шайлоого катышуусуна шарт түздү. Жалпы аралыктан добуш берүү шайлоо участоктору аркылуу 190 030 жаран шайлоого катышты. 2025-жылдын 30-ноябрында өткөн парламенттик шайлоодо өлкөдө алгачкы жолу бюллетендерди басып чыгарууга, шайлоочуларды алардын биометрикалык жана жеке маалыматтары боюнча идентификациялоого арналган 6577 комплект принтери бар идентификациялоочу түзүлүш (ПИТ) сынактан өттү. Жалпы 2619 шайлоо участогунда 2619 автоматтык эсептөөчү урна (АЭУ), 2857 акылдуу батарея, 2749 видеокөзөмөл камерасы жана 3025 модем-роутер пайдаланылды. Жаңы технология убакытты үнөмдөп, добуш берүүнүн ачык-айкындуулугун жана жеткиликтүүлүгүн камсыздады.  2025-жылдын 30-ноябрында өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоочулардын тизмесине 4 294 243 жаран киргизилип, 1 584 446 шайлоочу добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 36,90 % түздү. 2025-жылдын 12-декабрында КР БШКсы өзүнүн жыйынында 29 көп мандаттуу округдан 87 шайланган депутаттарды каттоо жөнүндө токтом кабыл алды. VIII чакырылыштагы Жогорку Кенешинде “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамда көрсөтүлгөндөй, гендердик квота сакталды. №13 округда өткөн шайлоонун жыйынтыгы мыйзам талаптарын сактабагандыгы үчүн жокко чыгарылган. Жогорку Кеңештин катталган депутаттарына белгиленген үлгүдөгү ырастамаларды жана төш белгилерди КР БШК 2025-жылдын 17-декабрында тапшырат.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын талапкер Э.Абакировдун өкүлү А.Абдрахматованын билдирүүсүнө байланыштуу түшүндүрмөсү
12.12.2025

КР БШКнын талапкер Э.Абакировдун өкүлү А.Абдрахматованын билдирүүсүнө байланыштуу түшүндүрмөсү

Жогорку Кеңештин депутаттыгына №26 шайлоо округунан талапкер Эльдар Абакировдун өкүлү Атыр Абдрахматованын ЖМКда «Сотто Борбордук шайлоо комиссиясынын мыйзамсыз чечимин мыйзамдаштыруу аракети болууда» деген билдирүүсүнө байланыштуу КР БШК төмөнкү түшүндүрмөсүн билдирет: №26 шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө КР БШКнын 2025-жылдын 8-декабрында кабыл алынган токтомуна карата талапкер Э.Абакировдун Бишкек шаарынын Административдик сотуна берген арызы боюнча материалдарда КР БШКнын 2025-жылдын 8-декабрындагы токтомунун көчүрмөсү берилген. Бишкек шаарынын Административдик сотундагы ишти кароо учурунда талапкер тарап көрсөтүлгөн документтердин жараксыз экендиги жөнүндө билдирүү жасаган. Ушундан улам, далилдердин толуктугун камсыз кылуу жана күмөн саноолорду четтетүү максатында КР БШКнын өкүлү соттон КР БШКнын токтомунун түп нускасын (оригиналын) берүү үчүн 15 мүнөттүк тыныгуу жарыялоону өтүнгөн. Сот КР БШК өкүлүнүн өтүнүчүн канааттандырып, 2025-жылдын 8-декабрындагы КР БШКнын №189 токтомунун түп нускасы сунушталган. 2025-жылдын 8-декабрындагы КР БШКнын токтому мыйзамдарда белгиленген бардык процедуралар сакталуу менен кабыл алынган жана мыйзамдуу күчүнө киргендигин баса белгилейбиз. Талапкердин өкүлү билдиргендей, мурда берилген токтомду алмаштыруу же башка документ менен алмаштыруу мүмкүн эмес. Эске салсак, КР БШКнын 2025-жылдын 8-декабрындагы жыйынына №26 шайлоо округунан талапкерлер — Эльдар Абакиров, Гулниза Бейшенбаева жана Акжол Исаев катышкан. Талапкер Э.Абакировго өз оюн билдирүү үчүн сөз берилген. Маселени кароонун жыйынтыгында БШКнын мүчөлөрү бир добуштан токтом кабыл алышкан: тогуз мүчө офлайн, эки мүчө онлайн катышкан. КР БШКнын 2025-жылдын 8-декабрында саат 17:00дө өткөн жыйыны түз эфирде көрсөтүлгөн, учурда КР БШКнын YouTube-каналында эч бир бир монтажсыз, түп нускасында көрөрмандар үчүн жеткиликтүү экендигин билдиребиз.
Кененирээк билүү >>
КР Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаттарын каттады
12.12.2025

КР Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаттарын каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 12-декбарда өзүнүн жыйынында “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын каттоо жөнүндө” токтом кабыл алды.          “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 65-беренесине, КР БШКнын көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндөгү токтомдоруна ылайык, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 29 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү шайланган депутаттарын каттады: 1.      № 1 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча: 1)      Ажибаев Чынгыз Ильяскожоевич 2)      Жороев Исманали Эгембердиевич 3)      Талиева Камила Абдыразаковна 2.      № 2 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча: 4)      Атажанов Ырысбек Ысламович 5)      Калпаев Бактыяр Алиевич 6)      Аманова Бурун Кушбековна 3.      № 3 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча: 7)      Рысбаев Равшанбек Рысбаевич 8)      Аматов Жаныбек Женишбекович 9)      Мавлянова Махабат Эргешовна 4.      № 4 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча: 10)    Рустамбек уулу Советбек 11)    Жаанбаев Уланбек Коргонбаевич 12)    Алимжанова Нилуфар Якубжановна 5.      № 5 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча: 13)    Сулайманов Эльдар Нурланович 14)    Исираилов Азамат Алмазбекович 15)    Ахмедова Айгуль Абдилхаевна 6.      № 6 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча: 16)    Кудайбердиев Алтынбек Мусажанович 17)    Эргешов Бекмурза Аскарбаевич 18)    Аманова Санталат Абдылдаевна 7.      № 7 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча: 19)    Козуев Алишер Абибиллаевич 20)    Кубанычбеков Илимбек Кубанычбекович 21)    Машрапова Гүлай Эгемназаровна 8.      № 8 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча: 22)    Акаев Жанарбек Кубанычович 23)    Примов Улан Бердибаевич 24)    Торобекова Нуржамал Турсуналиевна 9.      № 9 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча: 25)    Джалилов Азамжан Абдуллажанович 26)    Толонов Данияр Эрмекович 27)    Эгенбердиева Жылдыз Абдылдаевна 10.    № 10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча: 28)    Зулушев Курманкул Токторалыевич 29)    Омурзаков Суйунбек Абдылдаевич 30)    Баатырова Гүлнара Маришовна 11.    № 11 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча: 31)    Ташиев Шаирбек Кыдыршаевич 32)    Кылычбаев Алтынбек Таирович 33)    Салямова Венера Хамзаевна 12.    № 12 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча: 34)    Чолпонбай уулу Бекмырза 35)    Масабиров Талайбек Айтмаматович 36)    Курманалиева Жылдыз Кочкоралиевна 13.    № 14 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча: 37)    Борбиев Болотбек Ибраимович 38)    Сулайманов Кундузбек Кошалиевич 39)    Култаева Гулшаркан Оконовна 14.    № 15 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча: 40)    Тургунбек уулу Нурланбек 41)    Турсунбаев Азизбек Атакозуевич 42)    Абдибаева Айсаракан Нышановна 15.    № 16 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча: 43)    Джумабеков Дастанбек Артисбекович 44)    Чотонов Медер Осконбекович 45)    Кайрылбекова Медина Кайрылбековна 16.    № 17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча: 46)    Азыгалиев Нурланбек Асанбекович 47)    Узакбаев Улукбек Камчибекович 48)    Эсенаманова Чолпон Замирбековна 17.    № 18 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча: 49)    Ханджеза Карим Лемзарович 50)    Чомоев Бакыт Муратбекович 51)    Сатиева Гулжан Эркинбековна 18.    № 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча: 52)    Алиев Медербек Кубанычевич 53)    Эгембердиев Абдылдабек Жолдошалиевич 54)    Тайгараева Эдита Каныбековна 19.    № 20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча: 55)    Айтиев Темирлан Тынычбекович 56)    Атамбаев Сеидбек Алмазбекович 57)    Ашымбаева Токтобүбү Абасовна 20.    № 21 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча: 58)    Конгантиев Куванычбек Камбаралыевич 59)    Абиров Жаныбек Болотбекович 60)    Садырбаева Жылдыз Эсенбековна 21.    № 22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча: 61)    Бекешев Дастан Далабайевич 62)    Ибрагимов Болот Адылбекович 63)    Кожокулова Гуля Акматкуловна 22.    № 23 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча: 64)    Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна 65)    Маматалиев Марлен Абдырахманович 66)    Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевич 23.    № 24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча: 67)    Салымбеков Жумабек Мамытбаевич 68)    Карыбек уулу Улукбек 69)    Акимбаева Гульнара Орозбековна 24.    № 25 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча: 70)    Шабазов Бахридин Валиевич 71)    Тентишев Бакыт Эркинович 72)    Сейтказиева Эркеайым Алымовна 25.    № 26 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча: 73)    Саккараев Медербек Джаманкулович 74)    Исеналиев Эркинбек Аскеевич 75)    Исаева Джамиля Кубанычбековна 26.    № 27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча: 76)    Түмөнбаев Акылбек Тогузбаевич 77)    Муратбеков Табылды Муратбекович 78)    Молдобекова Гулкан Сакиновна 27.    № 28 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча: 79)    Кокулов Эрулан Калчороевич 80)    Сагынаев Болот Турусбекович 81)    Жунушбаева Рахат Мырзабековна 28.    № 29 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча: 82)    Сыдыгалиев Нурбек Омурбекович 83)    Белеков Адилет Чолпонбекович 84)    Жунушалиева Гүлсүнкан Ишенгазиевна 29.    № 30 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча: 85)    Самаков Кубанычбек Карганбекович 86)    Бакасов Улан Болотбекович 87)    Таалайбек кызы Жылдыз Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VIII чакырылышынын катталган депутаттарына белгиленген үлгүдөгү ырастамалар жана төш белгилер берилет.  
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
12.12.2025

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 12-декабрда, Бишкек, Аламүдүн, Панфилов, Кызыл-Кыя, Сүлүктү жана Ноокен аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти. - Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Конгантиев Куванычбек Камбаралыевичтин («Жаңы күч-Новая сила» фракциясы) ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат саясий партиянын тизмесинде шайланган кийинки талапкер Мамырканов Бекзат Тынчылыковичке («Жаңы күч-Новая сила» саясий партиясы) өткөрүлүп берилди; - Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Абиров Жаныбек Болотбековичтин («Жаңы күч-Новая сила» фракциясы) ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат саясий партиянын тизмесинде шайланган кийинки талапкер Дунканаев Айбек Медетбековичке («Жаңы күч-Новая сила» саясий партиясы) өткөрүлүп берилди; - Чүй облусунун Аламүдүн районунун С. Чокморов айылдык кеңешинин депутаты Роговская Мария Олеговнанын ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Бекботоева Гульнара Раимкуловнага өткөрүлүп берилди; -  Чүй облусунун Аламүдүн районунун Достук айылдык кеңешинин депутаты Айтиев Темирлан Тыныбековичтин ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулду; - Чүй облусунун Панфилов районунун Курама айылдык кеңешинин депутаты Исаков Жоодар Тологоновичтин ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдрасулова Венера Майрамбековнага өткөрүлүп берилди; - Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты Аматов Жаныбек Женишбековичтин («НДПК» фракциясы) ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат саясий партиянын тизмесинде шайланган кийинки талапкер Заиров Хасан Калиловичке («НДПК» саясий партиясы) өткөрүлүп берилди; - Баткен облусунун Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Набиев Назарбек Раимбековичтин («Таза коом» фракциясы) ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат саясий партиянын тизмесинде шайланган кийинки талапкер Исабеков Бекмырза Нурдиновичке («Таза коом» саясий партиясы) өткөрүлүп берилди; - Баткен облусунун Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Халбеков Абдилазиз Асановичтин («Ынтымак» фракциясы) ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат саясий партиянын тизмесинде шайланган кийинки талапкер Жумагулов Талантбек Абдыкуловичке («Ынтымак» саясий партиясы) өткөрүлүп берилди; - Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Д. Садырбаев айылдык кеңешинин депутаты Исманов Ысакбек Полотбековичтин ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулду. - Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Д. Садырбаев айылдык кеңешинин депутаттыгына катталган талапкер Дубанаева Токтокан Тешебаевна Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын чечими анын жеке арызынын негизинде депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгарылды.  
Кененирээк билүү >>
«Ынтымак» саясий партиясынын жана талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерине түшкөн жана сарпталган каражаттар тууралуу маалымат
11.12.2025

«Ынтымак» саясий партиясынын жана талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерине түшкөн жана сарпталган каражаттар тууралуу маалымат

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу 2025-жылдын 30-ноябрында өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышкан талапкерлердин жана «Ынтымак» саясий партиясынын шайлоо фонддорунун атайын эсептерине түшкөн жана алардан сарпталган каражаттардын суммасы жөнүндө маалымат берет. Маалымат талапкерлер жана «Ынтымак» саясий партиясы тарабынан көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча тапшырылган акыркы каржылык отчеттордун негизинде даярдалды. Бул округдарда 2025-жылдын 30-ноябрында өткөн мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлгөн деп табылып, жыйынтыктары КР БШКнын токтомдору менен бекитилген. Тапшырылган акыркы каржылык отчетторго ылайык, шайлоочулардын эң көп добушун алган 87 талапкердин (алардын ичинен үчөө «Ынтымак» партиясынан) шайлоо фонддорунун атайын эсептерине түшкөн жалпы каражаттын суммасы 723 140 550 сомду түздү. Сарпталган каражаттын жалпы суммасы 723 140 550 сом болду. Атайын эсептерде каражаттын калдыгы — 0 сом. Бул талапкерлердин жана «Ынтымак» саясий партиясынын жыйынтыктоочу финансылык отчеттору Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын бардык талаптарына ылайык тапшырылган. Шайлоо фонддоруна каражаттын түшүүсү жана сарпталышы боюнча чектөө нормалары сакталган, банктык көчүрмөлөр жана чыгымдарды ырастаган бардык каржылык документтер — көрсөтүлгөн кызматтар/жасалган иштер боюнча келишимдер, актылар, эсеп-фактуралар, коштомо кагаздар ж.б. тиркелген. Каржылык документтерди кабыл алуу-тейлөө актылары түзүлүп, кол коюлган. Учурда шайлоого катышкан калган 373 талапкердин финансылык отчеттору текшерилип жатат. Маалымат үчүн: “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө” Жобонун 8-бөлүмүнө ылайык: 58. Талапкерлер, саясий партиялар Борбордук шайлоо комиссиясына өздөрүнүн шайлоо фондунун өлчөмү жана түзүлүү булактары, ошондой эле бардык жасалган чыгымдар жөнүндө отчетторду берүүгө милдеттүү. Кагаз түрүндөгү жана электрондук версиялардагы маалыматтардын айырмасы болгон учурда, тиешелүү тартипте кол коюлуп, тастыкталган кагаз түрүндөгү варианты күчкө ээ. 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруучулук-практикалык иш-чаралардын Календардык планына ылайык, экинчи жыйынтыктоочу финансылык отчет (жыйынтыктоочу маалыматтар) добуш берүү күнүнөн кийин 7 күндөн кеч эмес, башкача айтканда 2025-жылдын 7-декабрына чейин КР БШКга тапшырылышы керек.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2025-жылдын 12-декабрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
11.12.2025

КР БШКнын 2025-жылдын 12-декабрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Дата проведения:  12 декабря 2025г.   Время: 11:00 Место проведения: зал заседаний     Об утверждении решений Бишкекской, Аламудунской, Панфиловской, Кызыл-Кийской, Сулюктинской и Ноокенской территориальных избирательных комиссий о досрочном прекращении полномочий некоторых депутатов местных кенешей, исключении зарегистрированных кандидатов из списка кандидатов в депутаты и о передаче вакантных мандатов кандидатам в депутаты местных кенешей Кыргызской Республики (докладчик – Кожокеева М.Д., начальник управления организации избирательного процесса) О регистрации депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики (докладчик – Кожокеева М.Д., начальник управления организации избирательного процесса)
Кененирээк билүү >>
КР БШКда ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун Байкоо миссиясынын жетекчиси Тамаш Месерич менен жолугушуу өттү
10.12.2025

КР БШКда ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун Байкоо миссиясынын жетекчиси Тамаш Месерич менен жолугушуу өттү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Айдана Жупуева бүгүн, 10-декабрда, Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун Байкоо миссиясынын башчысы Тамаш Месерич (Венгрия) жана Миссиянын өкүлдөрү менен жолукту. Жолугушууда Кыргыз Республикасында 2025-жылдын 30-ноябрында мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөн парламенттик шайлоону даярдоо жана өткөрүү процесси, ошондой эле шайлоонун жыйынтыктары боюнча пикир алмашуу болду. Миссиясынын башчысы Т.Месерич шайлоонун жыйынтыктарын чыгаруу, ошондой эле жыйынтыктары жокко чыгарылган округда жана шайлоо участокторунда кайра шайлоо өткөрүү боюнча маселелерге кызыкты. КР БШКнын төрагасынын орун басары Айдана Жупуева шайлоо системасын модернизациялоо алкагында Кыргыз Республикасы шайлоо процессинин ачыктыгын камсыздоо жана жарандардын добуш берүүгө катышуусун кеңейтүүгө багытталган бир катар технологиялык жана уюштуруучулук чечимдерди кабыл алгандыгын белгиледи. Реформанын негизги максаты - шайлоолордун ачыктыгын, жоопкерчиликтүүлүгүн жана жарандардын жыйынтыктарга болгон ишенимин жогорулатуу экенин, акыркы парламенттик шайлоонун жүрүшүндө бул милдеттер ишке ашкандыгын айтты. А.Жупуева шайлоо мыйзамдарынын негизги нормаларына токтолуп, шайлоо процессинин бардык этабында - шайлоо күнүн дайындоодон тартып добуш берүү күнү, шайлоонун алдын ала жыйынтыктарын чыгарууга чейинки бардык уюштуруу жана техникалык иштер мына ушул мыйзам нормаларына ылайык жүргүзүлгөндүгүн баса белгиледи. Ал ошондой эле №13 шайлоо округунда жана айрым шайлоо участокторунда шайлоо жыйынтыктарынын мыйзам бузууларга байланыштуу жокко чыгарылгандыгынан улам шайлоону кайра өткөрүү боюнча КР БШКнын иш планы тууралуу маалымат берди.
Кененирээк билүү >>
1 17 19 481