Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

КР БШКсы З.М. Мансуралыевди Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартты
26.01.2026

КР БШКсы З.М. Мансуралыевди Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартты

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 26-январда Жогорку Кеңештин депутаттыгына №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча өзүн-өзү талапкер катары көрсөткөн Мансуралыев Залкарбек Медетбековичти каттоодон баш тартуу чечимин кабыл алды. З.М. Мансуралыев №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешке талапкер кылып өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде шайлоого катышуу ниети жөнүндө арызды 2026-жылдын 21-январында КР БШКга тапшырган. Талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ Мансуралыев Залкарбек Медетбековичтин Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге коюлуучу мыйзамдардын талаптарына ылайык келбестигин аныктап, аны талапкер кылып каттоодон баш тартууну сунуштаган. КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын 2026-жылдын 22-январындагы маалымкатына ылайык, Мансуралыев Залкарбек Медетбекович “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 59-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, депутаттыка көрсөтүүнүн алдында республиканын аймагында акыркы 5 жылдан кем эмес туруктуу жашагандыгы тууралуу талапка жооп бербей тургандыгы аныкталган. З.М. Мансуралыев 2021-жылы - 354 күн, 2022-жылы - 364 күн, 2023-жылы - 123 күн Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жүргөн. Жумушчу топтун Мансуралыев Залкарбек Медетбековичти № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартуу жөнүндө сунушунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 59-беренесинин 4-бөлүгүн жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине ылайык, КР БШКсы Мансуралыев Залкарбек Медетбековичти № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартты.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына 4 талапкерди каттады
26.01.2026

КР БШКсы № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына 4 талапкерди каттады

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 26-январда, №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына өзүн-өзү көрсөткөн төмөнкү талапкерлерди каттоо боюнча чечим кабыл алды: - Арстанбеков Акылбек Советбекович; - Асанов Уланбек Жалалович; - Калматов Токторали Калдарович; - Чолпонов Уланычбек Калдарбекович. Аталган талапкерлердин шайлоо документтери талапкерлер, саясий партиялар тарабынан сунушталган шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ тарабынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге коюлуучу мыйзамдардын талаптарына ылайык келери аныкталган жана аларды каттоо сунушталган. Катталган талапкерлерге белгиленген үлгүдөгү ырастамалар берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2026-жылдын 26-январындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
26.01.2026

КР БШКнын 2026-жылдын 26-январындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 2026-жылдын 26-января Убактысы: 16.00 Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы   Арстанбеков Акылбек Советбековичти № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) Асанов Уланбек Жалаловичти № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) Калматов Токторали Калдаровичти №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) Чолпонов Уланычбек Калдарбековичти № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) Мансуралыев Залкарбек Медетбековичти № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартуу жөнүндө (баяндамачы – Закиров А.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти) Ш.М. Масировду № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөткөн Мурашев Нурбек Мурпазылжановичтин ыйгарым укуктуу өкүлү кылып каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) Т.А. Байтикеевди жана Б.Д. Рысалиеваны № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөткөн Абдималиков Уланбек Абдималиковичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кылып каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы № 13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
23.01.2026

КР БШКсы № 13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 23-январда, № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо депутаттыкка талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн жарандардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады: - Нуриев Кубан Бактыбаевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча - Р.Б. Нуриева, каржы маселелери боюнча - Н.Б. Бакытбекова; - Мацаков Бакыт Калбаевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча - Г.Н. Карыбекова, каржы маселелери боюнча - С.А. Алагозов. - Темирбаева Махсудахан Юлчиевнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча - А.Э. Досматов, каржы маселелери боюнча - Н.Р. Козубаев. Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастамалары берилет.
Кененирээк билүү >>
Өзгөн жана Аксы аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди
23.01.2026

Өзгөн жана Аксы аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 23-январда “Өзгөн жана Аксы аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү”жөнүндө токтом кабыл алды. Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык, Камаева Айдана Замировна (“Ишеним” саясий партиясынан), Мажитова Акмарал Акылбековна (“Тилектештик” саясий партиясынан) жана Суйунбай уулу Жоомартбек, Исмаилжан кызы Жайнагүл, Кочконбаева Кызжибек Жалиловна, Осмоналиева Нурипа Токтосуновна, Маматов Кылычбек Дуйшоевич (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылды. Комиссиянын курамына резервден (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан) Көчкөнбаева Жумагүл Уристамбековна, Калчаева Суйумкан Курбаналиевна, Сулайманов Нурмамат, Орозбаев Аман Адылович, Кадыралиева Мээридина Кубанычбековна, Тынай уулу Бакыт жана Капарова Нуржамал Сарыбашовна киргизилди. Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык, Субанбеков Жалынбек Канатбекович (“Ынтымак” саясий партиясынан) чыгарылып, комиссиянын курамына резервден (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) Орозалы кызы Дамира киргизилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасынын орун басары Айдана Жупуева Мажарстандын Кыргызстандагы элчиси Шандор Дороги менен жолукту
23.01.2026

КР БШКнын төрагасынын орун басары Айдана Жупуева Мажарстандын Кыргызстандагы элчиси Шандор Дороги менен жолукту

Бүгүн, 23-январда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Айдана Жупуева Мажарстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Шандор Дороги менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар шайлоо процесстери жаатында эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү жана эки өлкөнүн шайлоо органдарынын ортосунда тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты. Элчи Шандор Дороги Мажарстан Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоо процессинде алдыңкы санариптик технологияларды колдонуу усулун, ошондой эле гендердик квотаны киргизүү жана ишке ашыруу боюнча Кыргызстандын тажрыйбасын колдонууга кызыкдар экенин билдирди. Жолугушууда 2026-жылдын 12-апрелинде Мажарстанда өтө турган парламенттик шайлоого карата Кыргызстандагы Мажарстандын Элчилигинде алардын жарандары үчүн шайлоо участогу уюштурулары талкууланды. Өз кезегинде Айдана Жупуева КР Борбордук шайлоо комиссиясы өз ыйгарым укуктарынын алкагында уюштуруу иштерине көмөк көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи. Мындан тышкары, Шандор Дороги Мажарстанда өтө турган парламенттик шайлоодо эл аралык байкоо жүргүзүү үчүн КР Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрүн катышууга чакырды. Айдана Жупуева Мажарстандагы парламенттик шайлоолорго байкоо жүргүзүүгө активдүү катышуу ниетин билдирип, эки өлкөнүн шайлоо органдарынын ортосундагы жемиштүү кызматташтыкты мындан ары да бекемдөө жана өнүктүрүү маанилүү экендигине токтолду.  
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2026-жылдын 23-январындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
23.01.2026

КР БШКнын 2026-жылдын 23-январындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 2026-жылдын 23-январы Убактысы: 16:00 Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы   1. Өзгөн жана Аксы аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (баяндамачы – Исаев Э.А., шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттенүү жана методология секторунун башчысы) 2. Р.Б. Нуриевди жана Н.Б. Бакытбековду № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөткөн Нуриев Кубан Бактыбаевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кылып каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 3. Г.Н. Карыбекованы жана С.А. Алагозовду № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөткөн Мацаков Бакыт Калбаевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кылып каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
Кененирээк билүү >>
КР БШК өкүлдөрү Индияда демократия жана шайлоону башкаруу маселелери боюнча Эл аралык конференцияга катышууда
23.01.2026

КР БШК өкүлдөрү Индияда демократия жана шайлоону башкаруу маселелери боюнча Эл аралык конференцияга катышууда

КР Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев жана шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн кызматкери Рустам Манасбеков 2026-жылдын 21-январынан 23-январына чейин Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жаткан демократия жана шайлоону башкаруу маселелери боюнча Эл аралык конференцияга катышууда. Иш-чараны Индиянын Шайлоо комиссиясы (ECI), Индиянын Демократия жана шайлоону башкаруу боюнча эл аралык институту (IIIDEM) International IDEA менен биргеликте Индиянын бул эл аралык уюмга 2026-жылдагы төрагалыгы алдында уюштурулган. Конференция International IDEA уюмуна мүчө мамлекеттердин, ошондой эле башка өлкөлөрдүн шайлоо процессин башкарган органдардын жетекчилерин чогултуп, шайлоону административдик жактан уюштуруудагы заманбап чакырыктар менен мүмкүнчүлүктөрдү талкуулоо, тажрыйба жана алдыңкы практикаларды алмашуу максатын көздөгөн. Программанын алкагында КР БШКнын өкүлдөрү шайлоо процессин башкарган органдардын жетекчилеринин жабык пленардык сессиясына катышып, анда International IDEA уюмуна мүчө өлкөлөрдүн ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Иш-чаранын катышуучулары шайлоо процессинин ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча практикалык ыкмалар менен бөлүштү. У.Жылкыбаев шайлоо процессинде санариптик технологияларды колдонуу темасында презентация жасады. Конференцияга катышуу КР БШКнын эл аралык кызматташтыкты активдүү өнүктүрүүгө, шайлоону уюштурууда мыкты тажрыйбаларды киргизүүгө жана өлкөдөгү демократиялык институттарды бекемдөөгө умтулуусун тастыктайт.
Кененирээк билүү >>
№ 13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катталды
22.01.2026

№ 13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катталды

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 22-январда № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн жарандардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады: - Базарбаев Каныбек Суйунбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча К.Т. Дандиев жана каржы маселелери боюнча У.М. Анарбаев; - Базаркулова Нурсыйда Манасовнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча И.А. Ташбаев жана каржы маселелери боюнча Г.С. Ахматова; - Чомоев Алмазбек Алтынбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча И.Б. Шеркулов жана каржы маселелери боюнча А.С. Белеков; - Эгембердиев Арсланбек Абдыкайымовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча Нурбек уулу Уланбек жана каржы маселелери боюнча А.А. Эгембердиев; - Мансуралыев Залкарбек Медетбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча Н.Т. Абдилжанов жана каржы маселелери боюнча К.К. Кимсанбаев. Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастамалары берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы № 12 шайлоо округунан талапкер Н. Койчуманованын каттоосун жокко чыгарды
22.01.2026

КР БШКсы № 12 шайлоо округунан талапкер Н. Койчуманованын каттоосун жокко чыгарды

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 22-январда № 12 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Койчуманова Нуркан Кадыровнанын шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызын карап, анын каттоосун жокко чыгарды. Шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы менен талапкер Н. Койчуманова КР БШКга 2026-жылдын 21-январында кайрылган. Белгилей кетсек, ал 2026-жылдын 1-мартында ѳтѳ турган № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого катышуу жѳнүндѳ ниетин билдирген.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
22.01.2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 22-январда өз жыйынында Сузак, Ала-Бука, Кара-Суу, Ак-Суу жана Нарын аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти. - Сузак районунун Сузак айылдык кеңешинин депутаты Мехманов Абдусамад Абделхамитжановичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Урманов Джавлон Сатвалдыевичке өткөрүлүп берилди; - Ала-Бука районунун Т. Балтагулов айылдык кеңешинин депутаты Туманбаев Токтосун Мамбетовичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Камчибеков Максымбек Боймуратовичке өткөрүлүп берилди; - Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин депутаты Сатинбаев Байэль Капарбаевичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Уразова Эльмира Рамазановнага өткөрүлүп берилди; - Ак-Суу районунун Кыдыр Аке айылдык кеңешинин депутаты Уметов Кылымбек Уланбековичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Сулайманов Курманбек Эрназаровичке өткөрүлүп берилди; - Нарын районунун Эмгек-Талаа айылдык кеңешинин депутаты Рахматов Бекен Аскербековичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Кыдырмышов Жайлообек Сагынбаевичке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2026-жылдын 22-январындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
22.01.2026

КР БШКнын 2026-жылдын 22-январындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 2026-жылдын 22-январы Убактысы: 11.00 Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы   1. Сузак, Ала-Бука, Кара-Суу, Ак-Суу жана Нарын аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу (баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 2. № 12 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Койчуманова Нуркан Кадыровнанын каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 3. К.Т. Дандиевди жана У.М. Анарбаевди № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөткөн Базарбаев Каныбек Суйунбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кылып каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 4. И.А. Ташбаевди жана Г.С. Ахматованы № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөткөн Базаркулова Нурсыйда Манасовнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кылып каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 5. И. Б. Шеркуловду жана А.С. Белековду № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөткөн Чомоев Алмазбек Алтынбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кылып каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 6. Нурбек уулу Уланбекти жана А.А. Эгембердиевди № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөткөн Эгембердиев Арсланбек Абдыкайымовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кылып каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 7. Н.Т. Абдилжановду жана К.К. Кимсанбаевди № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөткөн Мансуралыев Залкарбек Медетбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кылып каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)  
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы № 13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
20.01.2026

КР БШКсы № 13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 20-январда № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн жарандардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады: - Матсаков Кадырбек Мусаевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча Н.Ө.Бадинов жана каржы маселелери боюнча Ч.К. Эргешев; - Абдыразакова Гульнара Пазылжановнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча М.А. Кабылова жана каржы маселелери боюнча Б.И. Божаева. Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастамалары берилет.
Кененирээк билүү >>
№ 13 округдук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизилди
20.01.2026

№ 13 округдук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 20-январда “№ 13 округдук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтом кабыл алды. № 13 округдук шайлоо комиссиясынын курамынан Акматалиева Зуурахан Карабаевна, Алишев Кеңешбек Абдразакович берген арыздарына ылайык чыгарылды. Ал эми алардын ордуна Бурканов Уланычбек Арапбаевич, Абдужабаров Гафуржон Гайраджанович комиссиянын курамына киргизилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
20.01.2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 20-январда, өз жыйынында Кемин, Панфилов, Кант жана Ноокат аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.  - Кемин районунун Кичи-Кемин айылдык кеңешинин депутаты Мурсалиев Акылбек Рыскельдиевичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулду;  - Кемин шаардык кеңешинин депутаты Алымбеков Манай Алымбековичтин (“Адилет” саясий партиясы) ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шейшеналиев Мирбек Кылычбековичке (“Адилет” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди; - Панфилов районунун Орто-Кайыңды айылдык кеңешинин депутаты Джумабаева Гульчахра Муслумбековнанын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулду;  - Кант шаардык кеңешинин депутаты Алаков Чынгыз Качкынбековичтин (“Ынтымак” саясий партиясы) ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Турганалиев Ренат Нурбековичке (“Ынтымак” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди; - Ноокат районунун Кулатов айылдык кеңешинин депутаты Жоробеков Нурбек Абдуназаровичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Сатыбалдыева Мактымай Адилбековнага өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2026-жылдын 20-январындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
20.01.2026

КР БШКнын 2026-жылдын 20-январындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 2026-жылдын 20-января Убактысы: 14.00 Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы   1. Кемин, Панфилов, Кант жана Ноокат аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу (баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 2. № 13 округдук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (баяндамачы – Исаев Э.А., шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттенүү жана методология сектору) 3. М.А. Кабылованы жана Б.И. Божаеваны № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөткөн Абдыразакова Гульнара Пазылжановнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кылып каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 4. Н.Ө. Бадиновду жана Ч.К. Эргешевди № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөткөн Матсаков Кадырбек Мусаевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кылып каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)  
Кененирээк билүү >>
1 15 17 481