№ 19 шайлоо округунан талапкер Р.М. Жунусалиевдин каттоосу жокко чыгарылды

10 апреля 2026

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 10-апрелде №19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Жунусалиев Рамис Майрамбековичтин талапкерликтен баш тартуу тууралуу арызын карап, каттоосун жокко чыгарды.

Аталган арыз менен талапкер Р.М. Жунусалиев КР БШКга 2026-жылдын 10-апрелинде кайрылган.