Башкы Жаңылыктар Бир күндө 340тан ашуун жарандар: масштабдуу окутуу Кыргызстандын …

Бир күндө 340тан ашуун жарандар: масштабдуу окутуу Кыргызстандын бардык 7 облусун камтыды

08-Апр, 2026

Кыргызстанда Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунун (ЖСБББ) базасында уюштурулган окутуу семинарларынын масштабдуу цикли уланууда. Бүгүн иш-чаралар өлкөнүн бардык 7 облусунда – Баткенден Ысык-Көлгө чейинки аймактарды камтыды.

Иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы № УП-369 Жарлыгы менен бекитилген “Улуттук дем -  дүйнөлүк бийиктиктер” уңгужол доктринасын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 75-р тескемеси 2025-2026-жылдарга санариптик сабаттуулукту жогорулатуу жана санариптик көндүмдөргө үйрөтүү программасын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлүүдө.

Бир күндүн ичинде семинарлардын катышуучулары 347 адам болду  – жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрү, студенттер, бүтүрүүчү класстардын окуучулары, бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлери, активдүү жарандар, улгайган адамдар, аялдар жана айыл өкмөттөрүнүн адистери.

Окутуунун башкы максаты – үч багыттан турган билим берүү аркылуу калктын өз укуктарына жана милдеттерине аң-сезимдүү мамилени калыптандыруу:

1. “Кыргыз жараны” жарандык иденттүүлүгү – этномаданий ар түрдүүлүктү сыйлоо менен бирге Кыргызстандын бирдиктүү элине таандыктык сезимин чыңдоо.

2. Шайлоо маданияты – ар бир добуштун баалуулугун жана шайлоо процесстерине катышуу механизмдерин түшүнүү.

3. Санариптик сабаттуулук – мамлекеттик кызматтарды электрондук форматта алуу үчүн “Түндүк” порталын жана тиркемесин практикалык өздөштүрүү.

4. “Бүгүн биз адамдардан чыныгы суроо-талап болуп жатканын көрүп жатабыз. Аларга урандар эмес, так инструменттер керек. Биздин семинарлар дал ушуну берет: түшүнүктүү нускамалар, жандуу мисалдар жана суроолорго жооптор. Бир күндө 347 катышуучу – бул башталышы гана. Биз республика боюнча он миңдеген жарандарды камтууну пландаштырып жатабыз” – деп белгилешти уюштуруучулар.

Окутуу мындан ары улана берет. Жакынкы семинарлардын графигин жергиликтүү Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунан тактаса болот.

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров Түркия Республикасынын Жогорку шайлоо кеңешинин төрагасы Сердар Мутта менен жолугушту
24-Ноя, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров Түркия Республикасынын Жогорку шайлоо кеңешинин төрагасы Сердар Мутта менен жолугушту

Бүгүн, 24-ноябрда КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров Түркия Республикасынын Жогорку шайлоо кеңешинин төрагасы Сердар Мутта менен жолугуштуТ. Шайназаров доктор Сердар Муттаны Түркиянын Жогорку шайлоо кеңешинин төрагасы кызматына дайындалышы менен куттуктап, мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.Тараптар эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы достук жана боордоштук мамилелерди белгилеп, шайлоо органдарынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары чыңдоонун,  шайлоону уюштуруу жана өткөрүү жаатындагы мыкты практикалар менен тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.Т. Шайназаров Сердар Муттаны жана түрк тарапты 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоого эл аралык байкоочулар катары катышууга чакырды.Өз кезегинде доктор Сердар Мутта Кыргызстанга келип, алдыдагы шайлоого катышууга даяр экендигин билдирди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров Түркиянын Анталия шаарында өтүп жаткан электоралдык форумга катышууда
24-Ноя, 2026

КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров Түркиянын Анталия шаарында өтүп жаткан электоралдык форумга катышууда

2026-жылдын 23-ноябрынан 26-ноябрына чейин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров Түркиянын Анталия шаарында өтүп жаткан электоралдык форумга катышууда.Форум шайлоо чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, шайлоону уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча маалымат, билим жана практикалык тажрыйба алмашууга, ошондой эле ар кайсы өлкөлөрдүн шайлоо органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү чыңдоого багытталган.Иш-чарага 20дан ашуун чет мамлекеттин шайлоо органдарынын жетекчилери жана өкүлдөрү катышууда.Форумдун алкагында Т. Шайназаров «Кыргыз Республикасындагы заманбап шайлоо технологиялары: жеткиликтүүлүк, айкындуулук жана ишеним» деген темада баяндама жасайт.КР БШКнын төрагасы шайлоонун жеткиликтүүлүгүн жана айкындуулугун жогорулатууга, ошондой эле жарандардын шайлоо процессине болгон ишенимин бекемдөөгө багытталган шайлоо технологияларын киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын тажрыйбасын тааныштырат. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы президенттик кызматка талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
23-Ноя, 2026

КР БШКсы президенттик кызматка талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады.Касенов Аймен Абдыталиповичтин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Дуйсекулова Асыл Есимкуловна катталды.Талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы № 7278 шайлоо участогунун дарегин өзгөрттү
23-Ноя, 2026

КР БШКсы № 7278 шайлоо участогунун дарегин өзгөрттү

Бүгүн, 23-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:- № 7278 шайлоо участогунун дареги Чүй облусу, Москва району, Миң-Булак айыл аймагы, Садовое айылы, Советская көчөсү, 1, “Резит” жеке менчик кафесинин имараты дарегинен Александровка айылы, Фрунзе көчөсү, 223А, “Сакина” жеке менчик соода дүкөнүнүн имараты дарегине өзгөртүлдү.Москва аймактык шайлоо комиссиясына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоочулар арасында  №7278 шайлоо участогунун чек арасы жана жайгашкан жери өзгөргөндүгү жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.
Кененирээк билүү >>