КР БШКнын өкүлдөрү Индиядагы шайлоолорго байкоо жүргүзүү боюнча эл аралык программага катышууда
09 апреля 2026
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Алтынбек Кубатбеков жана шайлоолорду уюштуруу башкармалыгынын башчысы Бакыт Шерипбаев Индия Республикасынын Пудучерри союздук аймагындагы мыйзам чыгаруу жыйынына шайлоолорго байкоо жүргүзүү боюнча эл аралык программага катышууда.
Ушундай эле шайлоолор Ассам, Тамилнад, Батыш Бенгалия жана Керала штаттарында да өтүүдө. Байкоо жүргүзүү программасы Индиянын Шайлоо комиссиясы жана Индиянын Демократия жана шайлоолорду башкаруу боюнча эл аралык институту тарабынан уюштурулган.
Бул шайлоо процессине 218 000ден ашык шайлоо участогунда 178,5 миллионго жакын шайлоочу катышары күтүлүүдө. Пудучерри аймагында, ошондой эле Ассам жана Керала штаттарында добуш берүү бүгүн, 9-апрелде өтүүдө. Тамилнад жана Батыш Бенгалия штаттарында шайлоолор бир нече этап менен 2026-жылдын 23 жана 29-апрелинде өткөрүлөт. Добуштарды саноо жана жыйынтыктарды жарыялоо 2026-жылдын 4-майына пландалган.
Программанын алкагында, кечээ А. Кубатбеков Индиянын Башкы шайлоо комиссары Шри Гянеш Кумар менен жолугушуп, анын натыйжасында КР БШКсы менен Индиянын Шайлоо комиссиясынын ортосунда өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча макулдашуу жетишилди.
КР БШКнын өкүлдөрүнүн бул программага катышуусу шайлоолорду уюштуруу жаатында тажрыйба алмашууга, кызматташтыкты чыңдоого жана шайлоолорду өткөрүүнүн эл аралык тажрыйбасын үйрөнүүгө өбөлгө түзөт.













