Башкы Жаңылыктар 29-июлга карата КР Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын …

29-июлга карата КР Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна 26 талапкерлер арыз менен кайрылышты

29-Июл, 2011

2011-жылдын 29-июлунда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына “Эгемен Кыргызстан” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерликке “Эгемен Кыргызстан” саясий партиясынын төрагасы Бектур Асановду, 1969-ж.т, көрсөтүү жөнүндө протокол келип түштү.

Бүгүнкү күнгө саясий партиялардан андан башка төмөндөгү талапкерлер көрсөтүлгөн: Исхак Масалиев (Кыргызстан коммунисттер партиясы), Камчыбек Ташиев (“Ата-Журт”), Адахан Мадумаров (“Бүтүн Кыргызстан”), Эркин Булекбаев (“Партия зеленых Кыргызстана”), Арстанбек Абдылдаев (“Эл үчүн” (“За народ”) партиясы).

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке өзүн өзү көрсөтүү ниети жөнүндө арыз менен төмөндөгүлөр кайрылышты: Акылбек Жапаров, 1964-жылы туулган, “Ар-Намыс” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, КР ЖКнын бюджет жана финансы боюнча Комитетинин төрагасы, экономикалык илимдердин доктору, РАЕН академиги, Жаныбек Сүйналиев, 1955-жылы туулган, жумушсуз, Фрунзедеги политехникалык институтун бүтүргөн. Мындан тышкары өзүн өзү көрсөткөндөр болуп эсептелгендер: Акбаралы Айтикеев, 1958-ж.т. КМШ, Балтика жана Чыгыш Европа (МКПП)-22 (жыйырма эки) мамлекеттердин (Москва шаары, Россия Федерациясы) өнөржайчыларынын жана ишкерлеринин Эл аралык Конгрессинин Вице-Президенти, “Кыргыз Республикасынын өнөр жай, айыл чарба кызматчыларынын жана жетишсиз үй бүлөлөрдүн кызыкчылыктарын коргоо партиясы” саясий партиясынын төрагасы, 2005 жана 2009-жылдары Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер, Өмүрбек Бөлтүрүкөв, 1955-ж.т., “Бөлтүрүк” Дыйканчылык чарбасынын директору, Асида Иманалиева, 1968-ж.т., убактылуу иштебейт, Сазыкбай Турдумалиев, 1954-ж.т., “Центр комплексного снабжения” ЖЧК генеральный директору, “Улутман” Республикалык партиясы” саясый партиясынын төрагасы, Каримов Алмазбек Ташполотович, 1972-ж.т., “ЮТС-Медиа” генералдык директору, Өмүрбек Суваналиев, 1960-ж.т., отставкадагы милициянын генерал-майору, Дамира Токтосунова, 1961-ж.т., убактылуу иштебейт; Сайнидин Султанидинов, 1955-ж.т., Латвия Республикасынын “Маро” фирмасынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси; Эрнис Айтымбетов, 1964-ж.т., КР Президентинин иш Башкармалыгынын ички аудит бөлүмүнүн референти; Өмүрбек Эгембердиев, 1956-ж.т., “Инсанат” эл аралык фондунун президенти; Улугбек Бабакулов, 1971-ж.т., “МК Азия” газетасынын башкы редактору; Темиркул Өмүралиев, 1960-ж.т., убактылуу иштебейт; Болотбек Казакбаев, 1957-ж.т., КР коргоо Министрлигинин отставкадагы полковниги; Нурлан Мотуев, 1969-ж.т., “Азамат Компани” ЖЧКнын Генералдык директору; Курманбек Осмонов, 1953-ж.т., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, “Ата-Журт” саясый партиясынын мүчөсү; Жылдызбек Стамбаев, 1971-ж.т., убактылуу иштебейт; Тургунбек Нарикеев, 1961-ж.т., убактылуу иштебейт; Барктабас Аземкулов, 1967-ж.т., КР Аскердик сотунун судьясы.

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү 2011-жылдын 16-августунда аяктайт. Талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүтү 2011-жылдын 25-сентябрында башталат. КР Президентин шайлоо 2011-жылдын 30-октябрына дайындалган.   

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында аяктайт. Бул акыркы күн! Шашылыңыздар! Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” https://accreditation.srs.kg/ автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>