Башкы Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматынын …

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматынын КР БШК аппаратынын штаттык расписаниеси жана атайын өкүлдөрүн, системдик администраторлорун дайындоо боюнча тактоосу

06-Авг, 2011

2011 –жылдын 3-4 –августунда Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын (мындан ары –Борбордук шайлоо комиссиясы) атайын өкүлдөрү үчүн семинар-тренинг өткөрүлдү. Аталган иш- чараны чагылдырууда айрым массалык маалымат каражаттары тарабынан так эместиктерге жол берилген. Тактап айтканда, “атайын өкүлдөрдүн штаттык санын КР Өкмөтү КР Жогорку Кеңешинин профилдик комитети менен макулдашып туруп бекитет, Жогорку Кеңештин ушул жылдын 15-августуна белгиленген кезексиз жыйналышында атайын өкүлдөрдөргө талапкерлер бекитилет. Системдик администраторлорду болсо аймактык шайлоо комиссиялары дайындашат” деген жаңылыш маалымат кетирилген.

Мындан тышкары шайлоо алдындагы процесстин талкууга алынган маселеринин бири  Борбордук шайлоо комиссиясынын штаттык санын көбөйтүү туурасындагы маселе болууда.

Ушуга байланыштуу төмөнкү тактоолорду киргизебиз:

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, КР Өкмөтү Жогорку Кеңештин профилдик комитети менен макулдашып туруп, Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын чектелген штаттык санын бекитет. Жогорку Кеңештин депутаттары эмгек өргүүсүндө жүргөндүктөрүнө байланыштуу Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин корутундусун алууга мүмкүн болбой жатат. Ушул жылдын 15 –августунда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйналышын өткөрүү пландаштырылууда жана анда КР Жогорку Сотуна жана КР Жогорку Сотунун Констиуциялык палатасына талапкерлерди шайлоо маселеси каралат. Жогорку Кеңештин жыйналышынын жүрүшүндө парламенттин профилдик комитети Борбордук шайлоо комиссиясынын чектелген штаттык саны боюнча маселени кароосу мүмкүн.

КР Өкмөтүнүн 2011 –жылдын 12 – июлдагы “Кыргыз Республикасынын “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары” жөнүндө Мыйзамын реализациялоо жөнүндө” №383 –токтомуна ылайык Борбордук шайлоо комиссиясы мурда облустардын, райондордун, республикалык жана облустук баш ийүүдөгү шаар мэрияларынын, Бишкек шаар мэриясынын райондук администрацияларынын  штаттык расписаниелеринде турган системдик администраторлордун өзүнүн штаттык расписаниесине киргизет.  

“КР БШК атайын өкүлү” кызматы КР шайлоо мыйзамдарына киргизилген жаңылыктарынын бири болуп саналат. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР Мыйзамында көрсөтүлгөндөй, атайын өкүл БШКнын төрагасы тарабынан тийиштүү шайлоо участогуна дайындалган Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкери болуп эсептелет. Республика боюнча 58 аймактык шайлоо комиссиялары түзүлүп жана иштеп жатканын эскерте кетели.

Жогоруда айтылгандардан улам, Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын штаттык саны Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын штаттык расписаниесине атайын өкүлдөрдүн жана системдик админстраторлордун киргизүүгө байланышкан жаңы шайлоо мыйзамдарынын нормаларын аткаруу үчүн көбөйтүлөт.

Жаңы шайлоо мыйзамдарына ылайык, борбордук шайлоо комиссиясы ар бир аймактык шайлоо комиссиясында координациялык, уюштуруу–усулдук жана материалдык–техникалык камсыздоо, шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын     тизмесин жаңылап туруу жана тактоо иштерин жүргүзгөн атайын өкүлүн дайындайт.

Атайын өкүл жана системдик администратор Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлери болуп эсептелишээрин жана Борбордук шайлоо комиссиясыынын төрагасы тарабынан дайындалышаарын дагы бир жолу белгилей кетели.

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” жана “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” Мыйзамдарга ылайык, атайын өкүл мамлекеттик  кызматкер болуп эсептелет. Атайын өкүлдүн иши Борбордук шайлоо комиссиясынын аппараты тарабынан камсыздалат.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>