Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна дагы бир талапкер өз арызын кайра чакыртып алды

22 августа 2011

  Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке өзүн-өзү көрсөткөн 1974-жылы туулган, убактылуу иштебеген Токтоказиев Таалайбек  өз  талапкерлигин чакыртып алуу жөнүндө арыз менен кайрылды. Буга чейин өзүн-өзү көрсөткөндөр Виктор Виноградов, 1954-ж.т., «KGinform.com»  маалыматтык порталдын башкы редактору жана Улугбек Бабакулов, 1971-ж.т.,”МК Азия” газетасынын башкы редактору өз  арыздарын чакыртып алышкан.

Ошентип, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке арыз бергендердин тизмесин 80 адам түздү:

  1. Сариев Акылбек, 1962 ж.т., убактылуу иштебейт;
  2. Мергенов Марат, 1965 г.р., жеке адвокат;
  3. Кудабаев Зарылбек, 1953 ж.т., экономика илимдеринин доктору, Борбордук Азиядагы Американскалык университетинин профессору;
  4. Парманов Алмаз, 1973 ж.т., убактылуу иштебейт;
  5. Абылов Мамбетжунус, 1954 ж.т., экономика илимдеринин кандидаты, убактылуу иштебейт;
  6. Байболов Кубатбек, 1952 ж.т., убактылуу иштебейт;
  7. Алымкулов Нурлан, 1959 ж.т., убактылуу иштебейт;
  8. Керимбеков Бакыт, 1961 ж.т., «Элдик демилге борборунун» коомдук бирикмесинин Президенти;
  9. Карабаева Айсалкын, 1966 ж.т., Ош ш. жеке адвокат;
  10. Осоев Арстанбек, 1947 ж.т., пенсионер;
  11. Садыков Айбек, 1966 ж.т., убактылуу иштебейт;
  12. Арабаев Калыбек, 1942 ж.т., “Чолок-Туума” дыйкан чарбасы жана Асыл-тукум кой өстүрүү чарбасынын жетекчиси;
  13. Калбаев Толонбай, 1955 ж.т., Ош шаардык «Көрктөндүрүү» КУнун президенти, «Республика» саясий партиясынын мүчөсү;
  14. Камчиев Жамбылбек, 1954 ж.т., аймактардагы таланттарды колдоо үчүн «Куудул-Аралаш» коомдук фондусунун президенти, «Асаба» саясий партиясынын мүчөсү; 
  15. Апасов Кубанычбек, 1950 ж.т., А.Н.Бакулев атындагы жүрөк-кан тамыр хирургиясынын Илимий борборунун РАМН (Москва ш.) жетектөөчү илимий кызматкери, «Эл Журт» саясий партиясынын төрагасы;
  16. Асылбеков Куттубек, 1957-ж.т., «Манас Дүйнөсү» газетасынын редактору;
  17. Кудайбергенов Борончу, 1966 ж.т., «Жайсан»ЖЧКнын директору, “Азия-Рекордс” ЖЧКнын башкы директору;
  18. Дыйканбаев Толон, 1950 г.р., ж.т., «Пенитенциарный» КФдун негиздөөчүсү;
  19. Сулайманкулов Нишанбай, 1947-ж.т., отставкадагы полковник;
  20. Трофимов Игорь, 1975 г.р., 1975-ж.т., «Правозащитный центр им.Сергия Радонежского и Манаса Великодушного» ЖЧКнын башкы директору;
  21. Ибрагимова Гайша,  1951 ж.т., «Илим» билим берүү комплексинин директору, “Билим берүү мекемелеринин Союзунун” Президенти;
  22. Абышев Аскарбек, 1964 - ж.т, “Кыргызспецэкспорт” ЖЧКнын башкы директору
  23. Сооданбеков Уланбек, 1973 -ж.т, убактылуу иштебейт;
  24. Боромбаев Мурат, 1958 -ж.т., орус тили жана адабияты мугалими;
  25. Султанов Марат, 1960  -ж.т., КР Жогорку Кеңешинин депутаты;;
  26. Оморов Роман, 1950 -ж.т., техника илимдердин доктору, КР Улуттук Академиясынын Техпаркынын директору, КР Улуттук илимдер Академиясынын “Башкаруу системасынын синергетика жана сызыксыз динамика” лабораториясынын башчысы, Баласагын атындагы КМУнун “Инноватика жана инновациялык иштер” кафедрасынын профессору;
  27. Бердикеев Бийназар, 1956 -ж.т., “Энергоспецмонтажстройиндустрия” ЖЧК президенти;
  28. Исабеков Кубанычбек, 1957-ж.т., юридикалык илимдеринин кандидаты, Кыргыз Республикасынын 4-чакырылыштагы Жогорку Кенештин Төрөгасынын орун басары, “Нарын” Кыргыз-Германиялык ЖЧК генералдык директору;
  29. Кулуев Мадияр, 1966-ж.т, Бишкек ш. Октябрь районун ИИБ башчысы, милициянын полковниги;
  30. Токтогазиев Жумабек, 1958 -ж.т.,  «Шатен» курулуш фирмасынын директору;
  31. Кенжекулов Полотбек, 1951 ж.т., убактылуу иштебейт:
  32. Байгуттиев Сейтек, 1965 -ж.т., «Толубай» ЖАК АКБ директорлор Кеңешинин мүчөсү;
  33. Пиримбаев Жусупжан, 1954-ж.т., “Реформа” журналынын башкы редактору, “Манас” КТУ экономика кафедрасынын башчысы, экономика илимдеринин кандидаты;
  34. Иманкулов Марат, 1960-ж.т., КР улуттук коопсуздук Мамлекеттик комитетинин биринчи орун басары, КР УКМКнын Терроризимге каршы борборунун директору;
  35. Мактымбаев Калмамат, 1952-ж.т., Камбар-Ата-2 ГЭСинин мастери;
  36. Колубаев Торобай, 1969 ж.т., убактылуу иштебейт;
  37. Матубраимов Алмамбет, 1952–ж.т., техника илимдеринин кандидаты, “Чүйэлектро” ЖЧКсынын директорунун кеңешчиси, “Кыргыз Эл Биримдиги” КУ төрагасы;
  38. Өмүрбүбү Бегалиева, 1962 –ж.т., “Нусуп аталык” коомдук фондусунун төрайымы, “Силани” ЖЧКнын директору, “Саруу” КУнун төрайымы, Кыргыз Республикасынын жазуучулар союзунун мүчөсү, “Кыргыз эл биримдиги” КУнун мүчөсү;
  39. Исаев Жумабек, 1962 ж.т., убактылуу иштебейт;
  40. Рустенбеков Жаныш, 1946-ж.т., Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси;
  41. Айманбаев Муканбайжан, 1956 ж.т., убактылуу иштебейт;
  42. Кадыркулов Качкынбай, 1955–ж.т., “Айылдык кеңеш кызматы” коомдук фондунун координатору;
  43. Дыйканов Сооронбай, 1969 – ж.т. “Кара –Балта спирт заводу” мамлекеттик ишканасынын директору;
  44. Казакбаев Оомат, 1959 –ж.т. убактылуу иштебейт;
  45. Нышанов Назарбек, 1961 – ж.т., “Лига –Антикризис” КУ президенти, Кыргызстандын патриоттук партиясынын Генералдык катчысы;
  46. Ыбышев Ырыскелди, 1952-ж.т., “Перинур” газетасынын баш редактору, Кыргызстан коммунистеринин партиясынын мүчөсү;
  47. Жапаров Акылбек, 1964-ж.т., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине “Ар-Намыс” саясий партиясынан депутат, экономика илимдеринин доктору, РАЕН академиги;
  48. Сүйналиев Жаныбек, 1955–ж.т., жумушсуз;
  49. Айтикеев Акбаралы, 1958–ж.т., КМШ, Балтика жана Чыгыш Европа (МКПП) өлкөлөрүнүн, 22 (жыйырма эки) мамлекеттин (Москва шаары, Россия Федерациясы) эл аралык өнөржайчылар жана ишкерлер Конгрессинин Вице – Президенти, “Кыргыз Республикасынын өнөр –жай, айыл-чарба кызматкерлеринин жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнүн кызыкчылыктарын коргоо Партиясы” саясий партиясынын төрагасы, 2005 жана 2009 – жылдарда Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер;
  50. Бөлтүрүков Өмүрбек, 1955-ж.т., “Бөлтүрүк” Дыйкан чарбасынын директору;
  51. Иманалиева Асида, 1968–ж.т., убактылуу иштебейт;
  52. Турдумалиев Сазыкбай, 1954-ж.т., “Центр комплексного снабжения” ЖЧК генералдык директору, “Улутман” Республикалык партиясы” саясий партиясынын төрагасы;
  53. Каримов Алмазбек, 1972-ж.т., “ЮТС-Медиа” генералдык директору;
  54. Суваналиев Өмүрбек, 1960-ж.т., милициянын отставкадагы генерал-майору;
  55. Токтосунова Дамира, 1961-ж.т., убактылуу иштебейт;
  56. Султанидинов Сайнидин, 1955-ж.т., Латвия Республикасынын “Маро” фирмасынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси;
  57. Айтымбетов Эрнис, 1964-ж.т., КР Президентинин иш Башкармалыгынын ички аудит бөлүмүнүн референти;
  58. Өмүрбек Эгембердиев, 1956-ж.т., “Инсанат” эл аралык фондунун президенти;
  59. Өмүралиев Темиркул, 1960-ж.т., убактылуу иштебейт;
  60. Мотуев Нурлан, 1969-ж.т., “Азамат Компани” ЖЧКнын Генералдык директору;
  61. Осмонов Курманбек, 1953-ж.т., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, “Ата-Журт” саясий партиясынын мүчөсү;
  62. Стамбаев Жылдызбек, 1971-ж.т., убактылуу иштебейт;
  63. Нарикеев Тургунбек, 1961-ж.т., убактылуу иштебейт.

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна саясий партиялардан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси: 

  1. Тюлеев Нариман, 1963-ж.т. (“7-апрель Жаштар кыймылы” саясий партиясы);
  2. Медетбеков Шамшыбек, 1963-ж.т. (“Эл бийлиги” партиясы);
  3. Дыйканов Салморбек, 1953 ж.т., (“Асаба”);
  4. Уметалиева Токтайым, 1962-ж.т., (“Жашасын Кыргызстан”), 
  5. Атамбаев Алмазбек, 1956-ж.т., (“Кыргызстан социал-демократтар партиясы”);
  6. Сатыбалдиев Жанторо, 1956 ж.т., («Бакубат Кыргызстан»);
  7. Калматов Анарбек, 1963 ж.т («Ар-Намыс»);
  8. Асанбеков Темирбек, 1966 ж.т.,     («Мекен Ынтымагы»);
  9. Малиев Арсланбек, 1957-ж.т. (“Аалам-партияда жоктордун партиясы”);
  10. Текебаев Өмүрбек, 1958 ж.т., («Ата-Мекен»);
  11. Бакир уулу Турсунбай, 1958 ж.т.,  («Эркин Кыргызстан»);
  12. Парманкулов Замирбек, 1971–ж.т., (“Кыргызстандын жумушчу партиясы” ),
  13. Масалиев Исхак (Кыргызстан коммунистеринин партиясы),
  14. Ташиев Камчыбек («Ата-Журт»);
  15. Мадумаров Адахан («Бүтүн Кыргызстан» – («Единый Кыргызстан»)); 
  16. Булекбаев Эркин (“Кыргызстандын жашылдар партиясы”),
  17. Абдылдаев Арстанбек («Эл үчүн» («За народ»)).

 

 Талапкерлерди каттоо 2011–жылдын 25 -сентябрында аяктайт. Ушул күндөн тартып, талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт иштери башталат жана ал 2011 –жылдын 29 –октябрында аяктайт.

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо 2011-жылдын 30-октябрына дайындалган. 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы