Башкы Жаңылыктар 2011-жылдын 27-августунда республиканын 17 шаарынын мэрлерин шайлоо өткөрүлөт

2011-жылдын 27-августунда республиканын 17 шаарынын мэрлерин шайлоо өткөрүлөт

25-Авг, 2011

2011-жылдын 27-августунда кызмат орундун бошогондугуна байланыштуу республиканын 25 шаарынын 17 шаарында мэрлерди шайлоо өткөрүлөт.

Атап айтканда, областтык маанидеги төмөндөгү шаарлардын:  Сүлүктү, Кызыл-Кия, Баткен, Балыкчы, Каракол, Талас, Кара-Көл, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Жалал-Абад, Токмок, райондук маанидеги: Исфана, Чолпон-Ата, Кочкор-Ата, Кара-Суу, Ноокат, Көк-Жаңгак мэрлерин шайлоо өткөрүлөт.

Республиканын мыйзамдарына ылайык шаарлардын мэрлери тийиштүү шаардык кеңештердин депутаттары тарабынан чакырылыш мөөнөттөрүнө карата жашыруун добуш берүү жолу менен шайланышат. Мэрдин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү укугу шаардык кеңештин депутаттык фракцияларына жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине берилген.

2011-жылдын 24-августуна карата шаарлардын мэринин кызмать ордуна шаардык кеңештердин депутаттык фракцияларынан төмөндөгү талапкерлер көрсөтүлгөн:

Сүлүктү: Бакибеков Шадыбек (“Тилектеш”); Ибрагимов Абдукахар (“Адилет”); Эгембердиев Абдулатип (“Жетиген”); Кызыл-Кия: Халмурзаев Хабийбулла (“Кыргызстан”); Баткен: Сейитказиев Саитибрагим (“Келечек”); Эрматов Сайдахмат (“Ынтымак”); Балыкчы: Медеркулов Таалай (“Ынтымак Балыкчы”); Каракол: Жумабекова Акылсайра (“Адилет”); Калыгулов Рыскул (“Единый Каракол”); Жапаров Давлетбек (“Келечек”); Талас: Кушубеков Анарбек (“Ынтымак”); Жусупбеков Айдар (“Биримдик”); Кара-Көл: Капалбаев Мамбеткул (“Ынтымак”); Еркеев Ильяз (“Биримдик”); Майлуу-Суу: Бакалаев Рахатбек (“Эл Аман”); Ызабеков Ырысбек (“Акыйкат”); Таш-Көмүр: Кулдышев Мамидалы (“Биримдик”); Жалал-Абад: Адылов Бакыт (“Келечек үчүн”); Айтакалов Каныбек (“Менин шаарым”); Токмок: Идрисов Садырбек (“Ынтымак”); Исфана: Козубаев Ташполот (“Ынтымак”); Салямов Хамза (“Биримдик”); Чолпон-Ата: Мамбеталиев Мирбек (“Келечек”); Алдашев Азиз (“Биримдик”); Кочкор-Ата: Нусупбеков Асан (“Ынтымак”); Эшиев Каныбек (“Биримдик”); Кара-Суу: Каримов Медербек (“Биримдик”); Рахимов Ахмаджан (“Тынчтык”); Исраилов Салижан (“Тынчтык”); Ноокат: Турдукулов Абдыш (“Көпчүлүк”); Тешебаев Махамадзахид (“Азчылык”); Көк-Жаңак: Сарибаев Казимжан (“Ынтымак”).

Республиканын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын ишке жөндөмдүү, жогорку билимдүү, мамлекеттик же муниципалдык кызматта, же билим берүүнүн же саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде 5 жылдан кем эмес эмгек стажысы бар  жараны шаардын мэри боло алат.

Кылмыш кылгандыгы үчүн соттолгон, соттолгондугу жабылбаган же белгиленген мыйзамдык тартипте алып салынбаган Кыргыз Республикасынын жараны мэр боло албайт.

Шаардын мэри эгерде шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиси катышканда шайланды деп эсептелинет. Тийиштүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер шайланды деп эсептелинет (“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 4-пункту).

Добуш берүүнүн тартиби шайлоо мыйзамы жана тийиштүү жергиликтүү кеңештин регламенти менен аныкталат.

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>