Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Список средств массовой информации Кыргызской Республики, имеющих право участвовать в предвыборной агитации на выборах депутатов местных кенешей Кыргызской Республики назначенных на 4 марта 2012 года
Средствам массовой информации, опубликовавшим и представившим в Центральную избирательную комиссию Кыргызской Республики сведения о размере и других условиях оплаты эфирного времени, печатной площади до 15 февраля 2012 года в соответствии с постановлением Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики «Об условиях участия средств массовой информации в предвыборной агитации» от 8 февраля 2012 года № 31 разрешено участвовать в предвыборной агитации на выборах депутатов местных кенешей Кыргызской Республики назначенных на 4 марта 2012 года.
Список СМИ имеющих право участвовать в предвыборной агитации на выборах депутатов местных кенешей Кыргызской Республики назначенных на 4 марта 2012 года – здесь.
Пресс-служба Центральной избирательной комиссии Кыргызской Республики
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош, Чүй облусттарынын жергиликтүү кеңештеринин жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу –практикалык иш-чаралардын КАЛЕНДАРДЫК ПЛАНЫ
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум
өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын
2012-жылдын 10-февралындагы
№ 32 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош, Чүй облусттарынын жергиликтүү кеңештеринин жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу –практикалык иш-чаралардын
КАЛЕНДАРДЫК ПЛАНЫ
Шайлоолор күнү – жекшемби,
2012-жылдын 25-марты
№
к/н
Иш-чаралардын мазмуну
Аткаруу мөөнөтү
Аткарууга жооптуулар
Шайлоо округдарын жана шайлоо участкаларын түзүү
1.
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарын түзүү
Добуш берүү күнүнө чейин 37 календардык күндөн кечиктирбестен
(2012-жылдын 17-февралына чейин)
(«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР Мыйзамынын 48-беренесинин 2-бөлүгү)
Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын сунуштары боюнча, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен
(«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР Мыйзамы (мындан ары-Мыйзам) 10-беренесинин 4,5-бөлүктөрү)
2.
ММКларда шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларынын жарыялоо
Аларды бекиткен күндөн тартып 4 календардык күндөн кечиктирбестен
(2012-жылдын 21-февралына чейин)
Борбордук шайлоо комиссиясы
(Мыйзам 10-беренесинин 6-бөлүгү)
3.
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо участкаларын түзүү
Добуш берүү күнүнө чейин 33 календардык күндөн кечиктирбестен
(2012-жылдын 21-февралына чейин)
Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын сунуштары боюнча
(Мыйзам 11-беренесинин 2,3-бөлүктөрү)
4.
ММКларда шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын жарыялоо
Аларды бекиткен күндөн тартып 4 календардык күндөн кечиктирбестен
(2012-жылдын 25-февралына чейин)
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары
(Мыйзам 11-беренесинин 3-бөлүгү)
5.
Аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана алардын резервдери үчүн семинарларды өткөрүү
Өзүнчө план жана график боюнча
Борбордук шайлоо комиссиясы, Шайлоо технологиялары борбору, аймактык шайлоо комиссиялары
6.
Шайлоо процессине катышкан саясий партиялардын өкүлдөрүн үчүн семинарларды өткөрүү
Өзүнчө план жана график боюнча
Борбордук шайлоо комиссиясы, Шайлоо технологиялары борбору, аймактык шайлоо комиссиялары
Шайлоочулардын тизмелери менен иштөө
7.
Шайлоочулардын тизмелерин түзүү, катталган шайлоочулар жөнүндө маалыматтарды түзүү жана тактоо
Шайлоо дайындалган күндөн тартып
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
(Мыйзам 12-берене)
8.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык түзүлгөн шайлоочулардын негизги тизмесинен “Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 3-беренесинин 8-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдарды чыгаруу
Шайлоочулардын тизмесин түзүүдө
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары
(Мыйзам 12-беренесинин 3, 7-бөлүктөрү)
9.
Шайлоочулардын тизмелерин кагазга чыгаруу (2 нускада) жана бирден нускасын шайлоо участкаларына берүү (Тизмеге төрагалар кол коет жана аймактык шайлоо комиссияларынын мөөрү менен тастыкталат)
Добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күндөн кечиктирбестен
(2012-жылдын 24-февралына чейин)
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары
(Мыйзам 12-беренесинин 4-бөлүгү)
10.
Шайлоочулар таанышып чыгышы үчүн тизмени илүү
Добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күндөн кечиктирбестен
(2012-жылдын 24-февралына чейин)
Участкалык шайлоо комиссиялары
(Мыйзам 13-беренесинин 1-бөлүгү)
11.
Шайлоочулардын тизмесинде турган шайлоочуга анын тизмеде бар экендиги жөнүндө билдирүү жиберүү
Добуш берүү күнүнө чейин 22 календардык күндөн кечиктирбестен
(2012-жылдын 3-мартына чейин)
Участкалык шайлоо комиссиялары
(Мыйзам 13-беренесинин 2-бөлүгү)
12.
Шайлоочулардын биротоло такталган тизмелерин түзүү жана номер коюлуп, көктөлгөн жана аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасынын колу жана мөөрү коюлган шайлоочулардын тизмесин тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына берүү
(шайлоочулардын тизмелерин сөзсүз атайын кагазга чыгаруу)
Добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен
(2012-жылдын 22-мартына чейин)
Аймактык шайлоо комиссиясы
(Мыйзам 13-беренесинин 5-бөлүгү)
Талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо
13.
Балыкчы шаардык кеңешине талапкерлерди көрсөтүү
Шайлоо дайындалган күндөн тартып жана шайлоо күнүнө чейин 30 календардык күн калганда аяктайт
(2012-жылдын 23-февралынын саат 24.00гө чейин)
Саясий партиялар, тиешелүү жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү болуп саналган шайлоочулардын тобу
(Мыйзам 49-беренесинин 1-бөлүгү)
14.
Талапкердин тизмесин каттоо үчүн керектүү шайлоо документтерин тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берүү
Добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күндөн кечиктирбестен
(2012-жылдын 23-февралынын саат 24.00гө чейин)
Саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү
(Мыйзам 53-беренесинин 1-бөлүгү)
15.
Талапкерлердин тизмесин көрсөтүүнүн тартибинин “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР Мыйзамынын талаптарына шайкеш келишин текшерүү
Документтерди кабыл алган күндөн тартып 7 календардык күндүн ичинде
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы
(Мыйзам 53-беренесинин 4-бөлүгү)
16.
Талапкерлердин тизмесин каттоо
Депутаттыкка талапкерлердин тизмесин каттоо шайлоо күнүнө чейин 22 календардык күн калганда аяктайт
(2012-жылдын 2-мартынын саат 24.00гө чейин)
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы
(Мыйзам 53-беренесинин 6-бөлүгү)
17.
Саясий партиялардын аталышын, шайлоочулардын топторун, ошондой эле саясий партиялардан, шайлоочулардын топторунан талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкерлердин аты-жөнүн, туулган жылын, ээлеген кызматын (ишинин түрүн) көрсөтүү менен талапкерлердин тизмесин каттоо жөнүндө билдирүүнү басма сөзгө жарыялоо
Каттоо мөөнөтү бүткөн күндөн тартып 4 календардык күндүн ичинде
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы
(Мыйзам 53-беренесинин 11-бөлүгү)
18.
Катталган күнүн көрсөтүү менен талапкерлерге тиешелүү күбөлүк берүү
Талапкерлердин тизмесин каттаган күндөн тартып 2 календардык күндүн ичинде
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы
(Мыйзам 53-беренесинин 12-бөлүгү)
19.
Шайлоого катышуудан баш тартуу, талапкерлердин тизмесин чакыртып алуу жана талапкерлердин тизмесинен чыгаруу
Шайлоо күнүнө чейин 3 күндөн кечиктирбестен
(2012-жылдын 21-мартынын саат 24.00гө чейин)
Талапкер, саясий партия, шайлоочулардын тобу
(Мыйзам 54-беренесинин 1, 2-бөлүктөрү)
20.
Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү
Шайлоо дайындалган күндөн тартып шайлоого чейин 22 календардык күн калганда аяктайт
(2012-жылдын 2-мартынын саат 24.00гө чейин)
Саясий партиялар, тиешелүү жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү болуп саналаган шайлоочулар тобу жана өзүн-өзү көрсөткөн жарандар
(Мыйзам 49-беренесинин 1-бөлүгү, 2-бөлүгүнүн 3-пункту)
21.
Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерди каттоо үчүн керектүү шайлоо документтерин тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берүү
Добуш берүү күнүнө чейин 22 календардык күндөн кечиктирбестен
(2012-жылдын 2-мартынын саат 24.00гө чейин)
Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү
(Мыйзам 60-беренесинин 1-бөлүгү)
22.
Талапкерлердин тизмесин көрсөтүү тартибинин “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР Мыйзамынын талаптарына шайкеш келишин текшерүү
Документтерди кабыл алуу күнүнөн тартып 7 календардык күндүн ичинде
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы
(Мыйзам 60-беренесинин 3-бөлүгү)
23.
Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлерди каттоо
Шайлоо күнүнө чейин 15 календардык күн мурда
(2012-жылдын 9-мартынын саат 24.00гө чейин)
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары
(Мыйзам 60-беренесинин 7-бөлүгү)
24.
Айылдык кеңештин депутаттыгына катталган талапкерлерге тиешелүү күбөлүктөрдү берүү
Талапкерлер катталгандан кийин 2 күндүн ичинде
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары
(Мыйзам 60-беренесинин 9-бөлүгү)
25.
Айылдык кеңештеринин депутаттыгына талапкерликке катталган талапкерлердин аты-жөнүн, туулган жылын, ээлеген кызматын (ишинин түрүн), жашаган жерин көрсөтүү менен алар жөнүндө маалыматты басма сөзгө жарыялоо
Каттоо мөөнөтү бүткөн күндөн тартып 4 календардык күндүн ичинде
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары
(Мыйзам 60-беренесинин 8-бөлүгү)
26.
Шайлоолорго катышуудан баш тартуу, талапкерлердин тизмесинен чакыртып алуу жана айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгарып салуу
Шайлоо күнүнө чейин 3 күндөн кечиктирбестен
(2012-жылдын 21-мартынын саат 24.00гө чейин)
Талапкер, саясий партия, шайлоочулар тобу
(Мыйзам 54-беренесинин 1,2-бөлүктөрү)
27.
Талапкердин, саясий партиялардын, шайлоочулардын тобунун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жана аларга күбөлүктөрдү берүү же болбосо каттоодон себебин көрсөтүү менен баш тартуу
Керектүү документтер түшкөн күндөн тартып 2 календардык күндүн ичинде
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары
(Мыйзам 21-беренесинин 3-бөлүгү)
28.
Талапкердин, саясий партиялардын, шайлоочулардын тобунун ишенимдүү адамдарын каттоо жана аларга күбөлүктөрдү берүү же болбосо каттоодон жүйөөлүү себебин көрсөтүү менен баш тартуу
Талапкердин жазуу жүзүндөгү арызынын, саясий партиянын же шайлоочулардын тобунун сунушунун жана ишенимдүү адам болууга макулдугу жөнүндө жарандын өзүнүн арызынын негизинде талапкерлерди каттагандан кийин
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы
(Мыйзам 18-беренесинин 2-бөлүгү)
Шайлоо алдындагы үгүт
29.
Маалыматтык камсыздоо, шайлоочуларга маалымдоо, шайлоо алдындагы үгүт
Мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, шайлоо комиссиялары, жалпыга маалымдоо каражаттары, юридикалык жана жеке жактар колдонуудагы мыйзамдарга ылайык (Мыйзам 22-беренесинин 1,2-бөлүктөрү)
30.
Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү
Шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда токтотулат
Кыргыз Республикасынын жарандары, талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулар тобу
(Мыйзам 23-беренесинин 1-бөлүгү)
31.
Чогулуштарды, жарандар менен жолугушууларды, жалпынын алдында дискуссияларды жана дебаттарды, митингдерди, демонстрацияларды жана жүрүштөрдү уюштуруу, массалык иш-чараларды өткөрүүдө коопсуздукту камсыздоо
Бардык талапкерлерди каттоо аяктагандан кийин
Аймактык шайлоо комиссиялары, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте
(Мыйзам 26-беренесинин 1-бөлүгү)
32.
Ар бир шайлоо участкасынын аймагында басма үгүт материалдарын илүү үчүн атайын жайларды бөлүү жана жасалгалоо
Шайлоо дайындалгандан кийин 7 календардык күндүн ичинде
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
(Мыйзам 27-беренесинин 3-бөлүгү)
Шайлоолорду каржылоо
33.
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын кароо жана бекитүү
Шайлоо дайындалгандан кийин
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
34.
Талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партия, шайлоочулар тобу тарабынан шайлоо фондун түзүү
Финансылык маселелер боюнча саясий партиянын, шайлоочулар тобунун ыйгарым укуктуу өкүлүн шайлоо комиссиясы каттагандан кийин 4 календардык күндүн ичинде
Саясий партия, шайлоочулар тобу
(Мыйзам 15-беренесинин 1-бөлүгү)
35.
Шайлоо фондун түзүү үчүн талапкер тарабынан банкта атайын эсеп түзүү
Талапкерлерди көрсөткөн учурдан тартып жана каттоо үчүн документтерди бергенге чейин
Талапкерлер жана алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү
(Мыйзам 15-беренесинин 1-бөлүгү)
36.
Талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулар тобу тарабынан каражаттарды түзүүнүн жана чыгымдоонун тартибин контролдоо
Шайлоо фондун түзгөн күндөн тартып
Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында 7 адамдан ашпаган санда контролдук-текшерүү тобу
(Мыйзам 16-беренесинин 1-бөлүгү)
37.
Шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө шайлоо комиссияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарын максаттуу чыгымдоого контроль
Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында 7 адамдан ашпаган санда контролдук-текшерүү тобу
(Мыйзам 16-беренесинин 2-бөлүгү)
38.
Шайлоо фондун түзүүнүн өлчөмдөрү жана булактары, ошондой эле каражаттардын чыгымдалышы жөнүндө тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына отчетторду берүү
Шайлоодон кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен
(2012-жылдын 5-апрелине чейин)
Талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулар тобу
(Мыйзам 15-беренесинин 19-бөлүгү)
Шайлоо бюллетендерин даярдоонун жана участкалык шайлоо комиссияларына берүүнүн тартиби
39.
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетенинин формасын, коргоо даражасын жана даярдоонун тартибин бекитүү
Добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кечиктирбестен
(2012-жылдын 10-мартына чейин)
Борбордук шайлоо комиссиясы
(Мыйзам 30-беренесинин 1-бөлүгү)
40.
Шайлоо бюллетенинин текстин жана формасын бекитүү
Добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кечиктирбестен
(2012-жылдын 10-мартына чейин)
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары
(Мыйзам 30-беренесинин 3-бөлүгү)
41.
ММК же башка ыкма аркылуу добуш берүүнүн убактысы жана жайы тууралуу шайлоочуларга кабарлоо
Добуш берүү күнүнө чейин 7 күндөн кечиктербестен
(бүткүл мезгил ичинде)
(2012-жылдын 18-мартына чейин)
Участкалык шайлоо комиссиялары
(Мыйзам 31-беренесинин 1-бөлүгү)
42.
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендерин даярдоо
Добуш берүү күнүнө чейин 7 күн мурда.
(2012-жылдын 18-мартына чейин)
Борбордук шайлоо комиссиясы
(Мыйзам 30-беренесинин 8-бөлүгү)
43.
Шайлоо бюллетендерин тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына берүү
Добуш берүү күнүнө чейин 7 күн мурда, ал эми кайталап добуш берген учурда добуш берүү күнүнө чейин 5 календардык күн мурда
(2012-жылдын 18-мартына чейин)
Борбордук шайлоо комиссиясы
(Мыйзам 30-беренесинин 13-бөлүгү)
44.
Участкалык шайлоо комиссияларын шайлоо бюллетендери менен камсыз кылуу
Добуш берүү күнүнө чейин 2-1 календардык күн мурда
Тиешелүү шайлоо комиссиялары
(Мыйзам 30-беренесинин 13-бөлүгү)
Добуш берүү жана натыйжаларын аныктоо
45.
Мөөнөтүнөн мурда добуш берүүнү өткөрүү
Добуш берүү күнүнө чейин 7-1 календардык күн мурда
(2012-жылдын 18 - 24-мартына чейин)
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы
(Мыйзам 32-беренесинин 1-бөлүгү)
46.
Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү
Добуш берүү күнүнө чейин бир гана календардык күн мурда
(шайлоочунун жазуу жүзүндөгү арызынын же оозеки кайрылуусунун негизинде гана)
Участкалык шайлоо комиссиялары
(Мыйзам 33-беренесинин 2-бөлүгү)
47.
Добуш берүүнү өткөрүү
2012-жылдын 25-мартында саат 8.00дөн 19.00гө чейин
Участкалык шайлоо комиссиялары
(Мыйзам 31-берене)
48.
Шайлоо участкаларында шайлоочулардын добуштарын саноо жана добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколдорду түзүү
Добуш берүү бүткөндөн кийин дароо башталат (жыйынтыгы аныкталганга чейин тыныгуусуз жүргүзүлөт)
Участкалык шайлоо комиссиялары
(Мыйзам 36-берене)
49.
Участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорун Борбордук шайлоо комиссиясына факс аркылуу берүү
Протоколго кол коюлгандан кийин токтоосуз
Участкалык шайлоо комиссиялары
50.
Тиешелүү шайлоо документтери менен добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө участкалык шайлоо комиссиясынын протоколунун биринчи нускасын аймактык шайлоо комиссиясына жиберүү
Протоколго кол коюлгандан кийин токтоосуз
Участкалык шайлоо комиссиялары
(Мыйзам 37-беренесинин 1-бөлүгү)
51.
Округдун аймагында добуш берүүнүн натыйжаларын аныктоо жана аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун биринчи нускасын жыйынтык таблицасынын биринчи нускасы менен чогуу Борбордук шайлоо комиссиясына жиберүү
Участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорун алгандан кийин токтоосуз жана добуш берүү күнүнөн тартып 15 календардык күндөн кечиктирбестен
(2012-жылдын 14-апрелине чейин)
Аймактык шайлоо комиссиялары
(Мыйзам 37,38-беренелер, 1,4-бөлүктөрү)
52.
Шайлоонун жыйынтыктарын жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий түрдө жарыялоо
Шайлоонун жыйынтыгы аныкталган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде
Борбордук шайлоо комиссиясы
(Мыйзам 40-беренесинин 4-бөлүгү)
53.
Жергиликтүү кеңештин депутатынын статусу менен айкалышпаган ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө арызынын көчүрмөсүн тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берүү
Шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин 3 күндүк мөөнөттө
Жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайланган талапкер
(Мыйзам 51-беренесинин 1-бөлүгү)
54.
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттоо жана аларга күбөлүктөрдү берүү
Шайлоонун жыйынтыгы аныкталгандан жана депутат болуп шайланган талапкерлерден жергиликтүү кеңештин депутатынын статусу менен айкалышпаган ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө арыздарын алгандан кийин 3 күндүк мөөнөттө
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары
(Мыйзам 51-беренесинин 2-бөлүгү)
Кененирээк билүү >>
Аймактык шайлоо комиссияларынын бухгалтерлерин окутуу болуп өттү
2012-жылдын 7-февралынан 8-февралына чейин Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында аймактык шайлоо комиссияларынын (АШК) бухгалтерлерин окутуу болуп өттү.
Окутуунун жүрүшүндө аталган тренингдин катышуучулары жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүү мезгилинде шайлоо комиссияларын каржылоого, жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин шайлоо фондуларын түзүү мөөнөтүнө жана булактарына, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө участкалык шайлоо комиссияларынын чыгымдардын сметаларын өз убагында тапшырууга байланышкан маселелерди кеңири талкуулашты.
АШК бухгалтерлерин окутууну Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоо технологиялары Борбору (ШТБ) Кыргыз Республикасында шайлоолорду колдоого алуу боюнча ПРООНдун (Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасы) жана ОБСЕнин (Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюм) көмөктөшүүсү менен уюштурду.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында машыктыруучулар үчүн тренингдер өткөрүлүүдө, алар болсо кийин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамдардагы жаңылыктар боюнча аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутушат.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма-сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
2012-жылдын 25-мартына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош, Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш чаралардын календарлык планы” бекитилди
Бүгүн 2012-жылдын 10-февралында Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош, жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” 2012-жылдын 8-февралындагы №35 Жарлыгы чыккандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышы болуп өттү.
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоону уюштуруу максатында КР БШК мүчөлөрү “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумун өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, “2012-жылдын 25-мартына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош, Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш чаралардын календарлык планын” бекитишти.
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону 2012-жылдын 25-мартына дайындоо мамлекет башчысынын “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жөнүндө” Жарлыгы менен байланышкан.
Жалпысынан Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2012-жылдын 25-мартында Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Авлетим айылдык аймагынын айылдык кеңешинде, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Оргочор айылдык аймагынын айылдык кеңешинде жана Балыкчы шаардык кеңешинде, Ош облусунун Алай районунун Будалык айылдык аймагынын айылдык кеңешинде, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айылдык аймагынын айылдык кеңешинде, Ысык-Ата районунун Милянфан айылдык аймагынын айылдык кеңешинде жана Кемин районунун шаардык типтеги Кемин поселкасынын поселкалык кеңешинде өтөт.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма-сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын массалык маалымдоо каражаттарына кайрылуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен 2012-жылдын 25-мартына Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Авлетим айылдык аймагынын айылдык кеңешинин, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Оргочор айылдык аймагынын айылдык кеңешинин жана Балыкчы шаардык кеңешинин, Ош облусунун Алай районунун Будалык айылдык аймагынын айылдык кеңешинин, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айылдык аймагынын айылдык кеңешинин, Ысык-Ата районунун Милянфан айылдык аймагынын айылдык кеңешинин, Кемин районунун шаардык типтеги Кемин поселкасынын поселкалык кеңешинин депутаттарын шайлоо дайындалган.
Шайлоолор Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык жергиликтүү кеңештердин таркатылгандыгына байланыштуу өтөт.
Жогоруда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүтү Балыкчы шаарында 2012-жылдын 3-мартынан, айылдык кеңештерде 10-марттан башталат.
Кыргыз Республикасынын Президентинин жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө Жарлыгы “Эркин Тоо” газетасында расмий жарыяланган күндөн, м.а. 2012-жылдын 9-февралында күчүнө кирген. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүтүнө катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын ММКлары шайлоолорду дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн 10 календарлык күндөн кечиктирбестен обо убактысын, басылма аянттарын жана башка шарттарды төлөө өлчөмү тууралуу маалыматтарды жарыялап, акредитация жөнүндө маселени карап чыгуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырылуулары керек.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү “Шайлоо алдындагы үгүткө массалык маалымат каражаттарынын катышуусунун шарттары тууралуу” токтом кабыл алышты
Бүгүн, 2012-жылдын 8-февралындагы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйынында анын мүчөлөрү тарабынан Шайлоо алдындагы үгүткө массалык маалымат каражаттарынын катышуусунун шарттары тууралуу” токтом кабыл алынды. Кабыл алынган токтомго ылайык, ММКлар 2012-жылдын 15-февралына чейин обо убактысын, басылма аянтын жана башка шарттарды төөлөнүн өлчөмү жөнүндө жарыялоо, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына берүү шартында жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүтүнө катыша алат.
Төмөндө кабыл алынган токтомду толугу менен келтиребиз.
Шайлоо алдындагы үгүткө массалык маалымат каражаттарынын катышуусунун шарттары тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 22-декабрындагы № 29 Жарлыгы менен Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2012-жылдын 4-мартына дайындалган.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 20-бөлүгүнүн талаптарына ылайык массалык маалымдоо каражаттары шайлоолорду дайындоо жөнүндө чечим жарыялангандан 10 календарлык күндөн кечиктирбестен обо убактысынын жана басылма аянттарынын төлөөнүн өлчөмү тууралуу маалыматтарды жарыялап, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына тапшырышы керек.
Бирок, айрым телерадиоберүү уюмдары, басылмалардын редакциялары жана алардын түзүмдүк бөлүкчөлөрү тарабынан шайлоо мыйзамынын талаптары аткарылбаган, м.а. 2012-жылдын 3-январь мөөнөтүнө чейин алар массалык маалымдоо каражаттарында обо убактысынын, басылма аянттарынын жана башка шарттарды төлөө өлчөмүн жарыялашпаган, ошону менен шайлоолорду маалыматтык камсыздоо боюнча жарандардын, талапкерлердин, шайлоочулардын топторунун жана саясий партиялардын шайлоо укуктарын бузушкан.
Жарандардын ыктыярдуу эркине жана шайлоолордун айкындуулугуна көмөк берүүчү, жарандардын, талапкерлердин, шайлоочулардын топторунун, саясий партиялардын шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 106-беренесин, “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 1, 8-бөлүктөрүн, 28-беренесинин 1-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 5-пунктун, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1,2,21-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2012-жылдын 15-февралына чейин обо убактысын, басылма аянтын жана башка шарттарды төөлөнүн өлчөмү жөнүндө жарыялоо, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына берүү шартында Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүтүнө катышууга массалык маалымдоо каражаттарына уруксат берилсин.
2012-жылдын 2-февралындагы КР БШКнын № 1 чечими күчүн жоготту деп таанылсын.
Бул токтомдун көчүрмөсү тийиштүү аймактык шайлоо комиссияларына жиберилсин.
Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Г.К.Джурабаевага жүктөлсүн.
Төрага Т.Абдраимов
Бишкек ш., 2012-жылдын 8-февралы
№ 31
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу иш-чаралары календардык планга ылайык жүрүүдө
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдары андан соң участкалары түзүлүп, алардын чек араларын жана даректерин көрсөтүү менен жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын жана участкаларынын схемалары ММКларда жарыяланды. Бардыгы жалпы таанышып чыгуу жана кошумча тактоо үчүн шайлоочулардын тизмеси шайлоо участкаларына берилди. Учурда, участкалак шайлоо комиссия мүчөлөрү үймө үй кыдыруу жолу менен шайлоочулардын тизмесин тактоо иштерин жүргүзүүдө. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын курамын жана резервде турган адамдарды окутуу үчүн семинарлар февраль айынын ичинде өткөзүлөт.
Ош, Каракол, Токмок шаардык кеңешине талапкерлерди көрсөтүү иши аяктады. Ош шаарынан 8 саясий партиядан («Замандаш», «Адилеттуу Кыргызстан», «Партия Коммунистов Кыргызстана», «Ата- Мекен», «Республика», «Улуттар Биримдиги», «СДПК», «НДПК») 696 талапкер катталса, Караколдон 6 саясий партия («Мекен ынтымагы», «Республика», «Замандаш-Современник», «СДПК», «Ата-Мекен», «Ак-Шумкар») жана 14 шайлоочулардын тобунан («Единство-Биримдик», «Новые лица», «Табылга жаштар Кенеши», «Патриот», «Келечек багыты», «Кыргызстан жаштар кенеши», «Келечек», «Биримдик», «Аракет», «Алга Каракол жаштары», «Калматай-Ата», «Мугалим», «Мы за будущее города Каракол», «Союз») 983 талапкер катталды. Токмок шаардык кенешине 6 саясий партиядан («Ата -Мекен», «Ар-Намыс», «Республика», «Замандаш», «Ак шумкар», «СДПК») жана 10 шайлоочулардын тобунан («Чындыкка багыт», «Жилкомсоюз», «Дом дружбы», «Союз предпринимателей», «Кубат», «Новое поколение», «Токмок», «Биримдик», «За наш город», «Ынтымак») 810 талапкер катталып шайлоого аттанышты.
Ошондой эле, Ак-Талаа районуда төрт (Жерге – Тал, Көнөрчөк, Терек, Баетов,) Тогуз-Тородо эки (Атай, Көк-Ирим,) Жумгалда беш (Куйручук, Таш – Дөбө, Түгөл – Сай, Чаек, Кызыл – Жылдыз), Лейлекте эки (Маргун, Бешкент) жалпысынан 13 айылдык кеңештерде депутаттарын шайлоо өтөт. 2012-жылдын 3-февралына карата айылдык кеңештин депутаттыгына 565 талапкерлер көрсөтүлдү. Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлерди каттоо шайлоо белгиленген күнгө 20 календардык күн калганда аяктайт.
Шайлоо алдындагы үгүт шаардык кеңешке 2012-жылдын 3-февралында башталды жана добуш берүү башталган убакытка чейин 24 саат калганда токтотулат. Ал эми жергиликтүү кеңешке үгүт иши 13-февралда башталат.
БШКнын басма-сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
2012-жылдын 4-мартында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендеринин формалары жана коргоо даражасы бекитилди
Бүгүн, 2012-жылдын 7-февралында Кыргыз республикасынын Шайлоо жан референдум өткөрү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышында БШКнын мүчөлөрү “2012-жылдын 4-мартында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендеринин формаларын жана коргоо даражасын бекитүү жөнүндө” токтом кабыл алышты. Кабыл алынган токтомго ылайык, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоо бюллетени эки бөлүктөн (шайлоо комиссиясында кала турган номер коюлган дүмүрчөк жана шайлоочуга берилүүчү айрылуучу бөлүк) жана 3 формадан (№1, №2, №3) турат.
№ 1 формасы жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын пропорционалдуу система боюнча шайлоолорду өткөрүү үчүн бекитилген (райондук, шаардык кеңештер), шайлоо бюллетенинде саясий партиялардын жана шайлоочулардын топторунун аталыштары көрсөтүлөт, № 2 формасы шайлолорду мажоритардык система боюнча (айылдык кеңештер) өткөрүү үчүн бекитилген, шайлоо бюллетенинде талапкерлердин фамилиясы, аты, аты-жөнү гана көрсөтүлөт, № 3 формасы шайлоолорду пропорционалдык система боюнча (райондук, шаардык кеңештер) өткөрүү үчүн бекитилген, анда саясий партиялардын аталыштары гана көрсөтүлөт.
“Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19 - беренесинин 2, 4-бөлүктөрүнө 22-беренесинин 10-бөлүгүнүн 7-пунктуна жана 2011-жылдын 8-июлундагы ”Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын № 7 токтому менен бекитилген Жобого ылайык, аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн, аларды комиссиялардын курамдарынан өз ыктыярлары менен чыгаруу боюнча арыздарынын негизинде, КР БШК мүчөлөрү Нарын облусунун Жумгал, Нарын аймактык шайлоо комиссияларынын, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын курамдарына жана Ысык-Көл облусунун Түп аймактык шайлоо комиссиясынын резервине өзгөртүүлөрдү киргизишти.
Ошондой эле, “Ысык-Көл облусунун Түп аймактык шайлоо комиссиясынын ишмердиги жөнүндө” БШКнын 2012-жылдын 2-февралындагы № 27 токтомунун негизинде, “Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1, 2, 4, 6, 15-бөлүктөрүнө, 24-беренесинин 4,5-бөлүктөрүнө ылайык, КР БШК мүчөлөрү Ысык-Көл облусунун Түп аймактык шайлоо комиссиясын түзүштү.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Массалык маалымат каражаттарына Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүгө уруксат берүү чечими кабыл алынды
Бүгүн, 2012-жылдын 2-февралында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышы өттү, анда Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү массалык маалымат каражаттарына Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүгө уруксат берүү чечимин кабыл алышты.
Кабыл алынган чечимге ылайык, Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө чечим алгачкы жарыялаганда обо убактысына жана басма сөз аянтына акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтарды 2011-жылдын 19-августуна чейин жарыялаган жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолор жаңы дайындалганда шайлоо алдындагы үгүткө катышууга даярдыгы жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларына кабарлоо катын беришкен, ошондой эле шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин жана жалпыга маалымдоо каражаттарына обо убактысына жана басма сөз аянтына акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтарды жарыялаган, аймактык шайлоо комиссияларына өз убагында кабарлоо катын беришкен жалпыга маалымдоо каражаттары жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкелер менен үгүт материалдарды жайгаштырууга келишимдерди түзө алат.
Ошону менен бирге, жалпыга маалымдоо каражаттары обо убактысынын жана басма сөз аянтына акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтарды Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштыруу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына берүүгө тийиш.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
22-беренесинин 19-пунктун ишке ашыруу максатында жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын сактоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулар тобуна телерадиоуюмдардын каналдарында обо убактысын, мезгилдүү басылмаларда басма аянтын берүү тартиби жөнүндө” Нускама бекитилди.
Ошондой эле, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 35-беренесинин 2-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7 - беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 15-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүү жыйынтыктары боюнча участкалык, аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун формаларын бекитишти. Кабыл алнган токтомго ылайык, протоколдор атайын коргоолуучу кагазда кыргыз жана орус тилдеринде даярдалат.
“Ысык-Көл облусунун Түп аймактык шайлоо комиссиясынын иш-аракети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жумушчу тобу берген маалымкаттын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24 - беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 2,3-бөлүктөрүнө ылайык Ысык-Көл облусунун Түп аймактык шайлоо комиссиясын таркатуу жөнүндө токтом кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын
басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп Кутушев Абдыманап Орозбаевич катталды
Бүгүн, 2012-жылдын 31-январында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышы өттү.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1,3-пункттарына, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1, 6-пункттарына, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 3-пункттарына, 2-бөлүгүнө, 5-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынан талапкерлердин тизмеси боюнча шайланган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Атаджанов Сабир Садыкджанович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу менен айкалышпаган кызматка дайындалгандыгына байланыштуу, анын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.
БШКнын башка токтомуна ылайык, Кутушев Абдыманап Орозбаевич “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынан талапкерлердин тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталды.
Мындан тышкары, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына караштуу Контролдук-текшерүү тобу жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасын түзүүнүн жана колдонуунун тартиби жөнүндө” жоболор КР БШКнын мүчөлөрү тарабынан токтомдор менен бекитилди.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Бишкек шаарынын тургундарына, саясий партияларга, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына КАЙРЫЛУУСУ
Урматтуу шаардыктар!
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 25-январындагы токтому менен Бишкек аймактык шайлоо комиссиясын түзүү чечими кабыл алынды.
2012-жылдын 1-февралынан тартып саясий партиялардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан – Бишкек шаардык кеңешинен Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өкүлдөрдү көрсөтүү башталат.
Бүгүнкү күндө шайлоо системасын жүзөгө ашыруу учурунда шайлоолорду даярдоодо жана уюштурууда бардык деңгээлдеги комиссия мүчөлөрүнүн ролу болуп көрбөгөндөй өтө маанилүү. Бүткүл шайлоо процессине карата калктын ишеним деңгээли алардын дал ошол иш-аракеттерине жараша болот.
Аймактык комиссиянын курамында иштөө өтө жоопкерчиликтүү, ал элдер менен калыс, ак ниет, кылдаттык менен иштей билүүнү талап кылат. Ошондуктан Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы эки жылдык мөөнөткө, ал эми резерв беш жылдык мөөнөткө түзүлөт, бул жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну жана коргоону камсыз кылууда комиссия мүчөлөрүнүн жоопкерчилигин жогорулатуу мүмкүнчүлүк берет.
Саясий партиялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары – Бишкек шаардык кеңеши талапкерлердин резервин түзүүдө комиссия курамына аларды көрсөткөндө жарандардын макулдугун эске алышы зарыл.
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди (алардын резерви кеминде 11 адамдан турат) көрсөтүү жөнүндө протоколдор жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын жетекчисинин кол тамгасы жана мөөрү, ал эми саясий партиялардыкы - конференциянын (жыйналыштын) төрагасынын жана катчысынын кол тамгасы саясий партиянын (партиянын региондук бөлүмүнүн) мөөрү менен күбөлөндүрүлүшү зарыл.
Саясий партиялардан жана өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан протоколго төмөнкүлөр тиркелет:
- шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдук жөнүндө арыз жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо жөнүндө милдеттенме;
- паспортунун көчүрмөсү;
- иштеген жерин, окуусун, билимин көрсөтүү менен өмүр баянынын маалыматы;
- байланышуу маалыматы: жашаган жеринин дареги, телефондору.
Шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди көрсөтүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө Сиз “Шайлоо комиссияларын түзүүнүн жана таркатуунун тартиби жөнүндө” жободон кыйла кеңири биле аласыз, ал Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына www.shailoo.gov.kg жайгаштырылган.
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор Бишкек шаардык кеңешинде 2012-жылдын 10-февралында саат 18.00 гө чейин кабыл алынат.
Маалымат алуу телефону: 620829 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
Кененирээк билүү >>
“Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлердин шайлоо фондусунун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн, чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө” Нускама бекитилди
Бүгүн, 2012-жылдын 25-январында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өтөкрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйынында КР БШК мүчөлөрү 5 маселени карап чыгышты.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15, 55-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлердин шайлоо фондусунун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн, чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө” Нускаманы бекитти.
КР БШК токтому менен талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын, шайлоочулардын тобунун жана 2012-жылдын 4-мартына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого катышкан талапкерлердин шайлоо фондусунун атайын эсебин ачуу үчүн банктык мекеме болуп “РСК Банк” ААКсы аныкталды.
“Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19 - беренесинин 2, 4, 8, 15-бөлүктөрүнө 22-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-пунктуна, 10-бөлүгүнүн 1, 2, 6, 10-пункттарына, жана 2011-жылдын 8-июлундагы ”Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын № 7 токтому менен бекитилген Жобого ылайык, Ош, Жайыл, Сокулук аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун, Сузак, Токмок, Кемин аймактык шайлоо комиссияларынын көрсөтмөлөрүнүн негизинде, аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн арыздарынын, ошондой эле 2011-жылдын 22, 23-июлундагы чучукулак боюнча протоколдорунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрү аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алышты. Жыйынтыгында, Ош аймактык шайлоо комиссиясынын, Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад, Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын, Чүй облусунун Токмок, Ысык-Ата, Жайыл, Кемин, Сокулук аймактык шайлоо комиссияларынын, Бишкек шаарынын Биринчи май аймактык шайлоо комиссиясынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди. Мындан сырткары, КР БШКсы Бишкек аймактык шайлоо комиссиясын түзүү боюнча токтом кабыл алды.
Жыйналышта, Шайлоочунун шайлоочулардын тизмесинде бар экендиги жөнүндө кабарлоо формасы бекитилди, ал шайлоочууга жеке маалыматтарын так экендигин текшерүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Шаарлардын мэрлеринин жана айыл өкмөтүнүн башчыларынын кызмат ордуна талапкерлер боюнча Маалымат
Шаарлардын мэрлеринин жана айыл өкмөтүнүн башчыларынын кызмат ордуна талапкерлер боюнча маалымат - бул жерде
Кененирээк билүү >>
Шаарлардын мэрлеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын - айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын кызмат ордуна катталган талапкерлер жөнүндө МААЛЫМАТ
Кочкор-Ата ш. боюнча 1 талапкер катталды
1. Эгембердиев Кубанычбек Мырзамаматович, «Адилет» фракциясынан көрсөтүлгөн
Кара-Балта ш. боюнча 1 талапкер катталды
1.Шабданов Данияр Автандилович, Кара-Балта шаардык кеңешинин “Демократия үчүн” фракциясынан көрсөтүлгөн
Чолпон – Ата ш. боюнча 2 талапкер катталды
1. Искендеров Муратбек Абылович, «Келечек» фракциясынан көрсөтүлгөн
2. Алиев Бактыгул Исаевич, «Биримдик» фракциясынан көрсөтүлгөн
Балыкчы ш. . боюнча 1 талапкер катталды
1. Медеркулов Таалайбек Жекшенкулович, «Балыкчы – Ынтымагы» фракциясынан көрсөтүлгөн
Баткен облусу
Лейлек району
Ак-Суу айылдык округ боюнча 2 талапкер катталды
1.Убайдуллаев Абдулла, жергиликтүү кеңештин депутаттары менен көрсөтүлгөн
2. Ахматов Жолдош Бердимуратович, жергиликтүү кеңештин депутаты менен көрсөтүлгөн
Баткен району
Дара айылдык округ боюнча 2 талапкер катталды
1.Зайналов Маматкасым Ганыевич, Баткен раймамадминистрациясынын сунушу боюнча
2. Исараев Жусуп Арыпович, Баткен раймамадминистрациясынын сунушу боюнча
Кара-Бак айылдык округ боюнча 3 талапкер катталды
1.Султанов Рахманали Сайиткурбанович, Баткен раймамадминистрациясынын сунушу боюнча
2. Ибрахим уулу Махаматжан, Баткен раймамадминистрациясынын сунушу боюнча
3. Каламбеков Абдикерим, айылдык кеңештин депутаттарынын сунушу боюнча
Жалал-Абад облусу
Тогуз-Торо району
Тогуз-Торо айылдык округ боюнча 6 талапкер катталды
Абдыкадыров Рахатбек Кыйбатбекович, жергиликтүү кеңештин депутаты менен көрсөтүлгөн
Чокморов Талантбек Рыскулович, жергиликтүү кеңештин депутаттары менен көрсөтүлгөн
Султангазиев Алманбет Абалиевич, жергиликтүү кеңештин депутаттары менен көрсөтүлгөн
Кочкорбаев Улан Сапарбекович, Тогуз-Торо раймамадминистрациясынын сунушу боюнча
Ош облусу
Кара-Суу району
Жоош округ боюнча 2 талапкер катталды
Матраимов Тилекбек Исмаилович, Кара-Суу раймамадминистрациясынын сунушу боюнча
Аматова Алима Тешебаевна, жергиликтүү кеңештин депутаттары менен көрсөтүлгөн
Алай району
Алай айылдык округ боюнча 6 талапкер катталды
Бабыев Акмат, Алай раймамадминистрациясынын сунушу боюнча, жергиликтүү кеңештин депутаты менен көрсөтүлгөн
Косонов Жаркынбай, Алай раймамадминистрациясынын сунушу боюнча
Токторбаева Уулбу, Алай раймамадминистрациясынын сунушу боюнча, жергиликтүү кеңештин депутаты менен көрсөтүлгөн
Жунусов Жанылбек Жаныбекович, жергиликтүү кеңештин депутаты менен көрсөтүлгөн
Кайыров Нурпазыл Малабаевич, жергиликтүү кеңештин депутаты менен көрсөтүлгөн
Закирбаев Илиязбек Абдусаитович, жергиликтүү кеңештин депутаты менен көрсөтүлгөн
Өзгөн району
Баш-Дөбө айылдык округ боюнча 5 талапкер катталды
Узгенбаев Ысыкбай Дарманович,.Өзгөн раймамадминистрациясынын сунушу боюнча
Ганиев Кубанычбек Мурадилович, жергиликтүү кеңештин депутаты менен көрсөтүлгөн
Сатинбеков Абдувайит Мойдунович, жергиликтүү кеңештин депутаттары менен көрсөтүлгөн
Султанова Канайым Сайдуллаевна, жергиликтүү кеңештин депутаттары менен көрсөтүлгөн
Идрисов Жаныш Осмонович, жергиликтүү кеңештин депутаттары менен көрсөтүлгөн
Төрт-Көл айылдык округ боюнча 1 талапкер катталды
Эсенбаев Озгонбай Аттокурович, Өзгөн, жергиликтүү кеңештин депутаттары менен көрсөтүлгөн
Нарынская область
Кочкор район
Сары-Булак айылдык округ боюнча 2 талапкер катталды
Осмонова Мыскал Жекшеновна, жергиликтүү кеңештин депутаттары менен көрсөтүлгөн
Мырзабек уулу Максат, жергиликтүү кеңештин депутаттары менен көрсөтүлгөн
Нарын району
Орток айылдык округ боюнча 3 талапкер катталды
Турдалиев Миртемир Мукамбетович, Нарын
Толоев Жаныбек Бакасович, Нарын раймамадминистрациясынын сунушу боюнча
Алымканов Арстанбек Турсуналиевич, жергиликтүү кеңештин депутаттары менен көрсөтүлгөн
Чүй облусу
Сокулук району
Ново-Павловка айылдык округ боюнча 5 талапкер катталды
Жаныбеков Медер Жаныбекович, Сокулук раймамадминистрациясынын сунушу боюнча
Мамырканов Эрмек Тынчылыкович, Сокулук раймамадминистрациясынын сунушу боюнча
Нусупов Эрнис Токтошевич, Сокулук раймамадминистрациясынын сунушу боюнча, жергиликтүү кеңештин депутаттары менен көрсөтүлгөн
Тюлялиев Жолдошбек Дандыбаевич, жергиликтүү кеңештин депутаты менен көрсөтүлгөн
Касымбаев Асылбек Ажыканович, жергиликтүү кеңештин депутаты менен көрсөтүлгөн
Ысык-Ата району
Юрьевка айылдык округ боюнча 1 талапкер катталды
1. Джекшенбаев Бек Русланович, Ысык-Ата раймамадминистрациясынын сунушу боюнча
Жайыл району
Сары-Булак айылдык округ боюнча 1 талапкер катталды
Насыралиев Асхат Аскарбекович, жергиликтүү кеңештин депутаттары менен көрсөтүлгөн
Ысык-Көл облусу
Түп району
Түп айылдык округ боюнча 5 талапкер катталды
Кожомамбетов Зейнел Сокенович, Түп раймамадминистрациясынын сунушу боюнча
Исмаилов Советбек Темирбекович, Түп раймамадминистрациясынын сунушу боюнча
Сыдыкбаева Умсунай Жапаровна, жергиликтүү кеңештин депутаты менен көрсөтүлгөн,
Талас облусу
Талас району
А. Нуржанов айылдык округ боюнча 4 талапкер катталды
Курманкожоев Бектур Дилдебекович, Талас раймамадминистрациясынын сунушу боюнча
Итикеев Уланбек Тургунбекович, жергиликтүү кеңештин депутаты менен көрсөтүлгөн
Бакай-Ата району
Ак-Дөбө айылдык округ боюнча 4 талапкер катталды
Атканов Алымбек Канатбекович, жергиликтүү кеңештин депутаттары менен көрсөтүлгөн
Батырбеков Омурзак Джалилович, Бакай-Ата раймамадминистрациясынын сунушу боюнча
Буланбеков Уланбек Эсенбекович, жергиликтүү кеңештин депутаты менен көрсөтүлгөн
Упенов Ильяз Шерипбекович, жергиликтүү кеңештин депутаты менен көрсөтүлгөн
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын референдумдарын, шайлоолорун даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу документтерди архивдерге өткөрүп берүүнүн жана сактоонун Тартиби бекитилди
Бүгүн, 2012-жылдын 18-январында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнүн жыйынында “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүнө ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына караштуу контролдук-текшерүү тобун түзүү жөнүндө токтом кабыл алды. Аталган топ 2012-жылдын 4-мартына дайындалган жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттарды максаттуу чыгымдалышын контролдоону ишке ашырат.
Ушул эле жыйналышта, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемасы жана чек аралары, ошондой эле, “Кыргыз Республикасынын референдумдарын, Президентти, Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын башчыларын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу документтерди архивдерге өткөрүп берүүнүн жана сактоонун Тартиби” бекитилди.
Ошондой эле. БШК мүчөлөрү тарабынан “2010-жылдын 10-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо документтерин архивге өткөрүп берүү жана жок кылуу үчүн даярдоо жөнүндө” токтом кабыл алынды. Бул токтомго ылайык, “Бишкек штамптоочу заводу” мамлекеттик ишканасында сактоодо турган тиешелүү шайлоо документтерин сактоого жана жок кылууга тандоо үчүн комиссия түзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Шаарлардын мэрлеринин жана өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын – айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2012-жылдын 20-январында болот
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2 – пунктуна, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 3-бөлүгүнө, 65-беренесинин 2-1-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органдарынын – айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата, Балыкчы, Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарларынын мэрлерин кайрадан шайлоону дайындоо жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө” тууралуу токтомдорду кабыл алды.
Шайлоо мыйзамдарына ылайык, шаарлардын мэрлерин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органдарынын – айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө токтомдор тийиштүү аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган.
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 53-беренесинин 1-пунктуна ылайык, талапкерлерди көрсөтүү 2012-жылдын 13-январында аяктады. Азыркы учурда, жогоруда көрсөтүлгөн шаарлардын мэрлерине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын башчыларына талапкерлердин документтерин кабыл алуу жаан катоо иштери жүргүзүлүүдө.
Шаарлардын мэрлерин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органдарынын – айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өткөрүү үчүн тийиштүү аймактык шайлоо комиссияларында түзүмү төрагадан, аймактык шайлоо комиссиясынын эки мүчөсүнөн, тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясындагы Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын өкүлүнөн жана айылдык кеңештин өкүлүнөн турган эсептөө комиссиясы түзүлөт.
Ошондой эле, шайлоо бюллетендеринин тексттерин бекитүү жана алардын сакталышын камсыздоо аймактык шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктарына кирет. Шайлоо бюллетендери кыргыз жана орус тилдеринде басылып чыгат.
Борбордук шайлоо комиссиясы шаарлардын мэрлерин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органдарынын – айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо мыйзамдарга ылайык өтүшү үчүн аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону дайындоо жана өткөрүү боюнча практикалык, материалдык-техникалык жана уюштуруулук жардам берүүдө.
2012-жылдын 20-январында шаарлардын мэрлерин шайлоо төрт облустук маанидеги шаарларда, ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органдарынын – айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 16 айылдык аймактарда болот.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
22.09.2026
КР БШКнын 2026-жылдын 23-сентябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
22.09.2026
Аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине киргизүү боюнча талапкерлердин документтери каралууда
21.09.2026
КР БШКнын мүчөсү Тимур Оторбаев Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары боюнча ШКУнун байкоочулар миссиясынын жыйынтыктоочу пресс-конференциясына катышты
21.09.2026
КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров КМШ байкоочулар миссиясынын РФ Мамлекеттик Думасына депутаттарды шайлоого байкоо жүргүзүү жыйынтыктары боюнча маалымат жыйында сөз сүйлөдү
21.09.2026
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Россиянын Биринчи каналындагы «Время покажет» программасынын түз эфирине катышты
20.09.2026
КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүнү улантууда