Басма продукциясын жасоо боюнча полиграфиялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга жеңүүчү аныкталды
04 ноября 2012
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы басма продукциясын жасоо (№1 лот) жана төш белгини жасоо (№2 лот) боюнча полиграфиялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга тендер өткөрдү.
Тендердик табыштамаларды төмөнкү жоопкерчилиги чектелген коомдор (ЖЧК) берди: «Континент», «Cloud Server», «St.art LTD» жана «Статус 372». Биринчи 3 ЖЧК – басма продукциясын чыгаруу боюнча, ал эми «Статус 372» төш белгини жасоого полиграфиялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга табыштама берди.
Тендердик конкурстун натыйжалары боюнча басма продукциясын чыгарууга полиграфиялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга тендердин жеңүүчүсү болуп «Континент» ЖЧК табылды, ал тендердик документациянын талаптарына жооп берген сунушту берген.
Төш белгини жасоого №2 лот болбой калды деп табылды, анткени бир гана тендердик табыштама берилген.
Тендер жөнүндө кабарды Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы 2012-жылдын 2-октябрындагы «Эркин Тоо», 2012-жылдын 5-октябрындагы «Вечерний Бишкек», 2012-жылдын 9-октябрындагы «Кыргыз Туусу» жана 2012-жылдын 9-октябрындагы «Слово Кыргызстана» газеталарында жарыялаган.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
