Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүткө катышууга уруксат алган Интернет-сайттардын тизмеси

31 октября 2012

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жана Интернет-сайттардын ортосундагы «Кызматташтык жөнүндө меморандумга» кол койгон Интернет-сайттарга Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы 2012-жылдын 25-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүткө катышууга уруксат берди.

«Кызматташтык жөнүндө меморандумдун» текстин карап көрүүгө болот – бул жерде

2012-жылдын 25-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүткө катышууга уруксат алган Интернет-сайттардын тизмеси – бул жерде

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы