Башкы Жаңылыктар КР БШКнын мүчөлөрү 2012-жылдын 25-ноябрында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын …

КР БШКнын мүчөлөрү 2012-жылдын 25-ноябрында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендеринин формаларын жана коргоо даражасын бекитти

24-Окт, 2012

Бүгүн, 2012-жылдын 24-октябрында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышы болуп өттү.

Борбордук шайлоокомиссиясынын мүчөлөрү алдыдагы шайлоодо шайлоо комиссиялардын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдордун жана жыйынды таблицалардын формаларын, “Добуш берүүнүн жыйынтыгын белгилөөнүн, участкалык, аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорун толтуруунун жана добуш берүүнүн натыйжасы тууралуу протоколго киргизилген маалыматтардын контролдук катышын текшерүүнүн тартиби жөнүндө” Жобону бекитишти. Протоколдордун формалары атайын коргоосу бар кагазда, мамлекеттик жана расмий тилдерде даярдалат.  

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесинин 1-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 15-пункттарына ылайык БШК мүчөлөрү 2012-жылдын 25-ноябрында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендердин формаларын жана коргоо даражасын бекитишти.

Ошондой эле БШК мүчөлөрү тарабынан Нарын, Кадамжай, Лейлек, Баткен, Ноокат, Араван, Өзгөн, Жети-Өгүз, Түп, Тоң, Ала-Бука, Майлуу-Суу, Жалал-Абад, Тогуз-Торо, Чаткал, Кара-Көл, Сузак, Жайыл, Москва, Панфилов, Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөр киргизилди.

Өзгөн жана Аксы аймактык шайлоо комиссиялардын төрагаларынын Ош облусунун Өзгөн районунун Төрт-Көл айылдык кеңешинин , Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кызыл-Туу айылдык кеңешинин шайлоо округдарынын схемаларын жана чей араларын сүрөттөлүшүнө техникалык каталар кеткендигине байланыштуу, Өзгөн, Сокулук, Ысмык-Көл, Бишкек аймактык шайлоо комиссиялардын Өзгөн районунун Ак-Жар айылдык аймагынын № 5111,  Сокулук районунун Гавриловка айылдык аймагынын № 7224, Ат-Башы айылдык аймагынын № 7225, № 7257, Ысык-Көл районунун Бостери айылдык аймагынын № 3031, № 3052, Бишкек шаарынын №№1307, 1314, 1340 шайлоо участкалардын схемаларынын жана чек арларын сүрөттөлүшүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу кайрылууларынын негизинде, КР БШКнын мүчөлөрү жогоруда аталган шайлоо округдардын жана участкалардын схемаларынын жана чек араларынын сүрөттөлүшүнө өзгөртүүлөрдү киргизишти.  

Ысык-Көл облусунун Тоң аймактык шайлоо комиссиясы “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесин бузуп, ыйгарым укуктарын жогорулатып жибергендигине байланыштуу БШК мүчөлөрү аталган аймактык шайлоо комиссиясынын токтомдорун жана чечимдерин жокко чыгарышты.

Бүгүнкү жыйналышта, БШК мүчөлөрү КР БШКнын 2012-жылдын 25-сентябрындагы токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизишти. Эскерте кетсек, ушул токтом менен жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жалпыга таанышуу үчүн шайлоочулардын тизмесинин жана добуш берүүнү өткөрүү  үчүн шайлоочулардын тизмесинин формалары бекитилчи. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын айрым укуктук ченемдик актыларына өзгртүүлөр киргизилди.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү
10-Окт, 2026

«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү

Бишкек шаарындагы «Маариф» окуу-билим берүү комплексинде 2026-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын БШКсынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун өкүлдөрү 9-класстын окуучулары жана билим берүү мекемесинин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.Борбордун өкүлдөрү «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин директору Мехмет Черчикая менен жолугушуп, кызматташуунун келечегин, ошондой эле жаш муунду тарбиялоо, окуучулардын укуктук жана шайлоо маданиятын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.Жолугушууга Бишкек шаарынын мектептеринин Президенттер кеңешинин өкүлдөрү Ясин Мырсабеков жана Адинай Токтобекова да катышып, окуучуларга Мектеп президенттери кеңешинин келечектеги түзүмүн тааныштырышты.Иш-чара «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин мектеп парламентинин Президентин шайлоонун алдында өттү. Аталган шайлоо 2026-жылдын 12-октябрында болот жана ага КР БШКсынын эксперттери шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча уюштуруучулук-методикалык жардам көрсөтүшөт: добуш берүү урналарын беришет, байкоочуларды тартууга көмөк көрсөтүшөт жана шайлоону уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча консультациялык жардам беришет.Жолугушуунун программасына «Шайлоо жана жаштар» аттуу видеороликти көрсөтүү жана талкуулоо, №68 орто мектеби парламентинин президентинин сөзү, суроо-жооп сессиясы, ошондой эле «Шайлоо жөнүндө эмнени билем?» аттуу викторина кирди. Викторинанын жеңүүчүлөрү жана активдүү катышуучулары ЖБШТБ тарабынан эстелик байгелер менен сыйланышты. Иш-чарага жалпысынан 9-класстын 109 окуучусу катышты.Мындай жолугушууларды өткөрүү жаштардын шайлоо маданиятын жогорулатуу үчүн маанилүү. Мектеп партасынан баштап потенциалдуу шайлоочулар менен иштөө шайлоого аң-сезимдүү мамиле жасоону, ар бир добуштун баалуулугун түшүнүүнү жана өлкөнүн коомдук-саясий жашоосуна жоопкерчиликтүү катышууга даярдыкты калыптандырууга мүмкүндүк берет.
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>