Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

Айылдык кеңешке депутаттарды шайлоого катыша турган талапкерлерди каттоо аяктады. Кезектеги шайлоо 2017-жылдын 28-майында өтөт
12.05.2017

Айылдык кеңешке депутаттарды шайлоого катыша турган талапкерлерди каттоо аяктады. Кезектеги шайлоо 2017-жылдын 28-майында өтөт

Календарлык планга ылайык 2017-жылдын 6-майында айылдык кеңешке депутаттарды шайлоого катыша турган  талапкерлерди каттоо аяктады. Кезектеги шайлоо 2017-жылдын 28-майында өтөт.  Жалал-Абад облусундагы Сузак райондук айылдык кеңешке  депутаттарды  кезектеги шайлоого катыша турган  талапкерлердин тизмеси  катталды.  (тиркелет). Жалал-Абад облусуна караштуу  Аксы районундагы  айылдык кенешке депутаттарды кезектеги  шайлоого катыша турган  талапкерлердин  тизмеси катталды.  (тиркелет).   Баткен облусундагы Кадамжай районунун  айылдык кеңешке депутаттарды  кезектеги  шайлоого катыша турган  талапкерлердин тизмеси катталды.  (тиркелет).  Ош облусунун Араван районундагы айылдык кеңешке депутаттарды кезектеги шайлоого катыша турган  талапкерлердин тизмеси катталды.  (тиркелет). Ош облусундагы Кара-Суу районундагы айылдык кеңешке депутаттарды кезектеги  шайлоого катыша турган талапкерлердин тизмеси катталды.  (тиркелет). Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы айылдык кеңешке депутаттарды шайлоого катыша турган талапкерлердин тизмеси катталды. (тиркелет). Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районундагы айылдык кеңешке кезектеги депутаттыкка шайлоого катыша турган  талапкерлердин тизмеси каттталды  (тиркелет). Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районундагы айылдык кеңешке кезектеги депутаттарды шайлоого катыша турган талапкерлердин тизмеси катталды  (тиркелет). Ысык-Көл облусундагы Ысык-Көл районундагы айылдык кеңешке кезектеги депутаттарды шайлоого катыша турган талапкерлердин тизмеси катталды  (тиркелет). Ысык-Көл облусундагы Тоң районундагы айылдык кеңешке кезектеги депутаттык шайлоого катыша турган талапкерлердин тизмеси катталды. (тиркелет). Чүй облусундагы Жайыл районундагы айылдык кеңешке  кезектеги депутаттык шайлоого катыша турган талапкерлердин тизмеси катталды.   (тиркелет). Чүй облусундагы Кемин райондук айылдык кеңешке кезектеги депутаттык шайлоого катыша турган талапкерлердин тизмеси катталды.  (тиркелет). Чүй облусундагы Аламүдүн районундагы айылдык кеңешке кезектеги депутаттарды шайлоого катыша турган талапкерлердин тизмеси катталды.  (тиркелет). Чүй облусундагы Москва районундагы айылдык кеңешке кезектеги депутатарды шайлоого катыша турган талапкерлердин тизмеси катталды.  (тиркелет). Чүй облусундагы Сокулук районундагы айылдык кеңешке кезектеги депутаттык шайлоого катыша турган талапкерлердин тизмеси катталды.  (тиркелет). 
Кененирээк билүү >>
  ЖМКлар үчүн
12.05.2017

ЖМКлар үчүн

2017-жылдын 11-майында, КР БШКсы шайлоо системасынын ачык-айкындуулук саясатынын алкагында, шайлоо тутумундагы  болуп жаткан реформаларды шайлоочуларга жеткирүү жана түшүндүрүү максатында өлкөдөгү алдыңкы  массалык маалымат каражаттарынын (ММК) өкүлдөрү үчүн "Маалыматтык шайлоо тутумунун   иштөө тартиби” аттуу   атайын семинар өткөрдү. Бул семинарга телерадио, газета жана интернет басылмаларынын,  «Пирамида», «5-канал», «НТС», «КТРК», «ЭлТР», «Азаттык», «24.kg», «Заноза», «Биринчи Радио»,  «BBC», «InterNews», “24kg,” «Эмгек Туусу» ж.б. өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын алкагында катышуучулар маалыматтык шайлоо системасынын  иштөө тартиби, автоматтык түрдө эсептөөчү үкөктөрдүн пайдалануу эрежелери, маалыматты сактоочу сервер, маалыматтар Борборунун иши  менен таанышты. Интерактивдүү семинардын жүрүшүндө жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө жеткиликтүү түшүндүрүү үчүн тесттик добуш берүү жүргүзүлдү. Бул үчүн атайын шайлоо өткөрүп,  ага курамы журналисттерден турган атайын  участкалык шайлоо комиссиясы түзүлдү.  Ал эми калган журналисттерден  турган шайлоочулар добуш берип бүткөн соң, автоматтык түрдө эсептөөчү үкөктөр маалыматтык борбордук серверге маалыматты токтоосуз жөнөттү. Бул учурда 24.kg, zanoza.kg, BBC,  НТС ММКларынын  журналисттери борбордук серверден жыйынтыкка көз салып турушту.  Журналисттер бир шайлоо участкасынын мисалында шайлоочу катары добуш берүүгө, комиссия мүчөсү болуп, байкоочу жана шайлоочу катары катышты. ЖМК өкүлдөрү тесттик бюллетендерди автоматтык саноо үкөгүнө салып, добуштарды кол менен саноо менен салыштырышты, ошондой эле автоматтык түрдө саноонун жыйынтыгын БШКнын сайтына жайгашуу процессине көңүл бурушту. Семинардын катышуучулары шайлоочуларды идентификациялоо иш-тартиби менен да таанышты. Ошондой эле интерактивдүү семинардын алкагында ЖМК өкүлдөрүнө БШК  борбордук сервер, анын иштөө коопсуздугу, ага адам факторунун тиешеси жоктугун практика жүзүндө көрсөттү.  БШКнын төрагсы Н.Шайлдабекова мындай деди: “жаңы шайлоо модели менен иштеп жаткан  шайлоо комиссиялар системасы ар бир шайлоочунун добушун так эсепке алуу үчүн шарт түздү жана шайлоо тутумун башкаруу системасындагы коррупцияга негиз болгон тоскоолдуктарды жойду». Колдонулуп жаткан шайлоо модели мурунку режимде  болуп келген добуштарды бурмалаганга, “бюллетендерди массалык салууга» жана “карусель” жасаганга жол бербейт.  “Азыр шайлоо системасын реформа кылуу милдети турат, ошондуктан реформанын биринчи этабында ушул шайлоо моделининин ишинин ачыктыгына, тактыгына эч кимдин күмөнү болбосуна  ишенгим келет. Жүргүзүлүп жаткан реформанын негизинде өлкөнүн жарандары шайлоонун тагдырын өздөрү чечишине мүмкүнчүлүк алууда”-деди Н. Шайлдабекова.    Өз кезегинде БШК журналисттерди келечектеги талапкерлер тууралуу жарандарга максимум өз убагында туура, так, чындыкка ширелген маалыматтарды таркатып, ар бир шайлоочу мамлекет башчысын шайлоодо өз эрки жана жооптуулук менен туура тандоодо Массалык маалымат каражаттарынын ишин өзгөчө белгилеп, өздөрүнүн бул маанилүү миссиясын аткарууга чакырып кетти.   БШКнын басма сөз кызматы  
Кененирээк билүү >>
Саясий партиялардын шайлоо фондусундагы каражаттардын чыгымдалышы жөнүндө отчет
12.05.2017

Саясий партиялардын шайлоо фондусундагы каражаттардын чыгымдалышы жөнүндө отчет

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү  боюнча Борбордук комиссиясынын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фондусундагы  акча каражаттардын чыгымдалышы  тууралуу 2017-жылдын 10-майына карата маалыматы.   Ноокат    Саясий партия Түштү Чыгымдалды Калганы 1 Республика 21 000  20 020  980  2 Замандаш 20 400  20 150  250  3 КСДП 30 000  20 000  10 000  4 Народная партия 25 000  20 000  5 000  5 Өнугуу-Прогресс 20 500  20 300  200    Көк Жангак   Саясий  партия Түштү Чыгымдалды Калганы 1 КСДПК 20 050  20 025  25  2 Партия коммунистов Кыргызстана 20 050  20 025  25  3 Өнугуу-Прогресс 22 000  20 025  1 975    Жалал-Абад ш   Саясий  партия Түштү Чыгымдалды Калганы 1 Кыргызстан 20 150  20 020  130  2 Өнугуу-Прогресс 20 500  20 150  350  3 Республика 125 000  20 020  104 980  4 Ата-Журт 206 000  200 965  5 035  5 Мекеним Кыргызстан 20 150  20 150  0  6 КСДП 845 000  393 508  451 492  7 Бутун Кыргызстан 25 000  20 150  4 850  Кара-Балта ш   Саясий  партия Түштү Чыгымдалды Калганы 1 Өнугуу-Прогресс 21 100  20 150  950  2 Акшумкар 20 250  20 150  100  3 Элдик-Народная 35 100  20 150  14 950  4 Кыргызстан 20 150  20 020  130  5 Содружество народов Кыргызстана 20 250  20 150  100  6 Мекеним Кыргызстан 63 000  20 020  42 980  7 Партия труда 100 000  35 170  64 830  8 Жакшылык-Добро 121 700  20 150  101 550  9 КСДП 34 000  33 130  870  10 Эламан 25 000  20 020  4 980  11 Республика 110 200  20 150  90 050    Кемин ш   Саясий  партия Түштш Чыгымдалды Калганы 1 КСДП 52 000  21 530  30 470  2 Республика 25 670  25 670  0  3 Өнугуу-Прогресс 20 020  20 020  0  4 Патриот ынтымагы 20 150  20 150  0  5 Кыргызстан 20 020  20 020  0  6 Баба Дыйкан 20 530  20 530  0    Кадамжай ш   Саясий  партия Түштү Чыгымдалды Калганы 1 КСДП 20 100  20 020  80  2 Бутун Кыргызстан 20 100  20 020  80  3 Ата-Журт-Мекенчил 40 400  20 020  20 380  4 Кыргызстан 20 150  20 020  130  5 Республика 20 020  20 020  0  6 Мекеним Кыргызстан 20 100  20 020  80  7 Өнугуу-Прогресс 20 150  20 150  0    Айдаркен ш   Саясий  партия Түштү Чыгымдалды Калганы 1 Бир Бол 20 100  20 020  80  2 Бутун Кыргызстан 21 000  20 150  850  3 КСДП 20 150  20 150  0  4 Ата-Журт-Мекенчил 45 150  20 020  25 130  5 Мекеним Кыргызстан 20 150  20 150  0  6 Республика 20 040  20 020  20  7 Жаны-Доор 20 100  20 020  80  8 Өнугуу-Прогресс 20 100  20 020  80    Таш-Көмүр ш    Саясий  партия Түштү Чыгымдалды Калганы 1 Молодежь Таш-Кумыра 20 250  20 150  100  2 КСДП 50 000  20 150  29 850  3 Кыргызстан 20 250  20 150  100  4 Ата-Журт 57 430  57 320  110  5 Мекеним Кыргызстан 20 150  20 020  130  6 Республика 44 250  20 150  24 100  7 Өнугуу-Прогресс 20 300  20 150  150    Айылдык  кенештер    Талапкер Айылдык  кеңештер Түштү Чыгымдалды Калдык 1 Калдыкеев. М.Ж. Новопавловский 5 000  0  5 000  2 Эсенаманов Б.А. Новопавловский 2 000  0  2 000  3 Шапаков О.М. Новопавловский 2 000  0  2 000  4 Табалдиев С.Б. Новопавловский 1 500  0  1 500  5 Автандил у. Ж. Новопавловский 1 500  0  1 500  6 Глинкин С.А. Новопавловский 500  0  500  7 Гусеинов И.С. Новопавловский 500  0  500  8 Сурабалдиева А.К. Новопавловский 500  0  500  9 Сайпидинов К.Ж. Новопавловский 1 000  0  1 000  10 П/П Республика Новопавловский 1 000  0  1 000  11 Усупов И.К. Кызыл-Суйский 1 000  0  1 000  12 Турдуев А.Р. Кызыл-Суйский 1 000  0  1 000  13 Давлетбаков К.У. Кызыл-Суйский 3 000  0  3 000  14 Акматов К.Т. Кызыл-Суйский 1 000  0  1 000  15 Шамырканов М.Т. Кызыл-Суйский 1 000  0  1 000  16 Байтоков А.К. Кызыл-Суйский 10 000  0  10 000  17 Токтомушев М.Б. Кызыл-Суйский 1 000  0  1 000  18 Ниязов П. Кызыл-Суйский 1 000  0  1 000  19 Орозон у. С. Кызыл-Суйский 3 000  0  3 000  20 Бакчиев Н.Ж. Кызыл-Суйский 1 500  1 500  0  21 Бекбоев Н.С. Кызыл-Суйский 2 000  0  2 000  22 Абдраев А.Н. Кызыл-Суйский 2 000  0  2 000  23 Алыбаев Ж.Ж. Кызыл-Суйский 1 000  0  1 000  24 Мукамбетов К.С. Кызыл-Суйский 1 550  1 520  30  25 Токбаев Кызыл-Суйский 2 000  0  2 000  26 Сулаймбеков Т.Ш. Кызыл-Суйский 1 000  0  1 000  27 Акымбаев Кызыл-Суйский 1 500  0  1 500  28 Карабаев А.Б. Кызыл-Суйский 1 500  0  1 500  29 П/П Республика-Ата-Журт Кызыл-Суйский 20 020  18 000  2 020  30 Оторбаев М.К. Кок-Ойрокский 5 000  0 5 000  31 Алимов Н.С. С. Юсуповский 2 000  0 2 000  32 Нурматов Ф.К. С. Юсуповский 2 000  0 2 000  33 Байсадаев Н.А. Кызыл-Туйский а/к Сокулукского р-на 500  0 500  34 Абдыкадыров А.А. Кызыл-Туйский а/к Сокулукского р-на 500  0 500  35 Энназаров Т.К. Кызыл-Туйский а/к Сузакского р-на 1 000  0 1 000  36 Орозбекова А.Д. Кара-Ойский 3 000  0 3 000  37 Казыбаев Э.К. Александровский 500  0 500  38 П/П Республика Александровский 0  0 0  39 Молдобаев Т.Т. Таш-Мойнокский 6 000  0 6 000      КР БШКнын мүчөсү, КР БШКнын КТТ жетекчиси                                                                   Г. М. Баатырова 
Кененирээк билүү >>
БШК Кыргыз Республикасынын АИК жана УШКнын төрагаларына, катчыларына жана мүчөлөрүнө төлөнүүчү сый акылардын чыгымдар сметасын бекитти
10.05.2017

БШК Кыргыз Республикасынын АИК жана УШКнын төрагаларына, катчыларына жана мүчөлөрүнө төлөнүүчү сый акылардын чыгымдар сметасын бекитти

БШК Кыргыз Республикасынын аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларына, катчыларына жана мүчөлөрүнө төлөнүүчү сый акылардын чыгымдар сметасын бекитти 2017-жылы 10-майда КР БШКнын жыйынында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутаттарын шайлоо, мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык көрүү  жана Кыргыз Республикасынын аймактык  жана участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларына, катчыларына жана мүчөлөрүнө сый акы төлөө чыгымынын сметасы бекитилди. Ошондой эле 2017-жылы 4-майда өткөн Чүй облусундагы Чүй районуна караштуу Чүй айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгы тууралуу протоколу жана добуш берүүнүн жыйынтыгы бекитилди. Чүй аймактык шайлоо комиссиясына бекитилген үлгүдөгү күбөлүк берүү тапшырылды. Жыйында Жайыл районундагы аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасынын кайрылуусунун негизинде комиссиянын тутумун толуктоо тууралуу, Чүй облусундагы Жайыл АИКинин тутумуна өзгөртүү киргизилип, резердик тутумдан комиссиянын тутумуна жергиликтүү өзүн өзү башкаруу өкүлчүлүктүү органдарынан Давлетов Усен Карыкеевич, Джунушалиева Жылдызхан Сагынбековна, Рыскулова Алия Насыралиевна киргизилген.   БШКнын басма сөз кызматы  
Кененирээк билүү >>
Кыргызстанда шайлоо жана референдум өткөрүү мезгилине аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын төрагалары, катчылары жана мүчөлөрүнө сый акы белгиленди
10.05.2017

Кыргызстанда шайлоо жана референдум өткөрүү мезгилине аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын төрагалары, катчылары жана мүчөлөрүнө сый акы белгиленди

2017-жылдын 28-майында өтүүчү  айрым жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого даярдыктын алкагында БШКнын төрагасынын  аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын төрагалары, катчылары жана мүчөлөрү менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө БШКнын төрагасы Н.Шайылдабекова  жолугушуунун катышуучуларын  “Кыргыз Республикасынын  Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары тууралуу”  мыйзамдын 22-статьясын ишке ашыруу максатында, 2017-жылы 26-апрелдеги  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен Аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын төрагалары, катчылары жана мүчөлөрү шайлоо мезгилинде  сый акы белгиленгенин баяндап берди.  Токтомго ылайык сый акыны төмөндөгүлөр алышат:  -аймактык шайлоо комиссияларынын төрагасы жана катчысы 3500 сом, -аймактык шайлоо комиссияларынын  мүчөлөрү 2500 сом, -участкалык шайлоо комиссияларынын төрагасы жана катчысы   3000сом, -участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү 2000сом -участкалык шайлоо комиссияларынын  мүчөлөрү (автоматтык саноо урнасынын оператру)  3000 сом өлчөмүндө.  КР БШКсынын төрагасы комиссия мүчөлөрүнө кайрылып, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн токтому  менен аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына сый акы төлөөнү, шайлоо комиссиясынын ролу менен миссиясын  түшүнүп,  мамлекеттик  жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарына шайланууга жана шайлоого болгон жарандардын конституциялык укугун камсыз кылуу,  шайлоо процессин  мамлекет тарабынан колдоо катары  билсек болот деди.    БШКнын төрагасы  Н Шайлдабекова КРнын Президенти Алмазбек Атамбаевдин 2013-жыл 22-майдагы “Кыргыз Республикасында шайлоо тутумун өркүндөтүү боюнча иш чаралары” аттуу Жарлыгында  Кыргыз Республикасынын Улуттук Туруктуу өнүгүү тутумундагы, “таза шайлоо –туруктуу өнүгүүнүн өбөлгөсү” деген маселенин астында жаңы шайлоо моделин түзүү, шайлоочулардын биометрикалык маалыматтарынын негизинде идентификациялоо, автоматтык саноо урнасынын жардамы менен шайлоочулардын добушун саноо жолго коюлганын билдирди.  Көрсөтүлгөн иш-чараларды ишке ашыруунун    аркасында  ар бир шайлоочунун эсебин алуу системасы түзүлдү, шайлоо процессин башкаруудагы коррупцияга негиз түзгөн тоскоолдуктар жоюлууда, ушул иштер бардык деңгээлдеги шайлоо процессине киргизилди.  БШКнын басма сөз кызматы     
Кененирээк билүү >>
Шаардык кеңешке талапкерлердин мөөнөтүнөн мурда шайлоонун тизмесин каттоодон өткөрүү иши аяктады
08.05.2017

Шаардык кеңешке талапкерлердин мөөнөтүнөн мурда шайлоонун тизмесин каттоодон өткөрүү иши аяктады

2017-жылдын 28-майында мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоонун календардык планга ылайык 2017-жылдын 6-майга карата шаардык кеңешке талапкерлердин тизмесин каттоодон өткөрүү иши аяктады Жалал-Абад облусундагы Жалал-Абад шаардык кеңешине депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүүнүн жыйынтыгында Ата-Журт,Өнүгүү-Прогресс, Бүтүн Кыргызстан, КСДП, Мекеним Кыргызстан, Кыргызстан жана Республика саясий партиялары каттоодон өттү. Жалал-Абад облусундагы Таш-Көмүр шаардык кеңешине депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүүнүн жыйынтыгында Таш-Комур жаштары, Кыргызстан, Республика, Ата-Журт, Мекеним Кыргызстан, КСДП жана Өнүгүү-Прогресс саясий партиялары каттоодон өттү. Баткен облусундагы Кадамжай шаардык кеңешине депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүүнүн жыйынтыгында КСДП, Кыргызстан, Бутун-Кыргызстан, Республика, Өнүгүү-Прогресс, Мекеним Кыргызстан жана Ата Журт-Мекенчи саясий партиялары каттоодон өттү. Баткен облусундагы Айдаркен шаардык кеңешине депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүүнүн жыйынтыгында Республика, Өнүгүү-Прогресс, Мекеним Кыргызстан, КСДП, Ата Журт-Мекенчил, Бир-Бол, Бүтүн-Кыргызстан жана Жаңы-Доор саясий партиялары каттоодон өттү. Чүй облусундагы Кемин шаардык кеңешине депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүүнүн жыйынтыгында Баба-Дыйкан, Патриот ынтымагы, Өнүгүү-Прогресс, Кыргызстан, КСДП жана Республика саясий партиялары каттоодон өттү. Чүй облусундагы Кара-Балта шаардык кеңешине депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүүнүн жыйынтыгында Мекеним Кыргызстан, Содружество народов Кыргызстана, СДПК, Жакшылык-Добро, Өнугуу-Прогресс, Республика, Акшумкар, ЭлАман, Кыргызстан, Элдик-Народная жана Партия труда саясий партиялары каттоодон өттү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын жамааты Улуу Жеңиштин 72 жылдыгы менен согуш ардагерлерин куттуктады
08.05.2017

КР БШКнын жамааты Улуу Жеңиштин 72 жылдыгы менен согуш ардагерлерин куттуктады

БШКнын төрагасы Н. Шайлдабекова жана Бишкек шаардык АИКтин төрагасы  К. Маматов Жеңиш күнү алдында Биринчи май райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы Маркел Ибраев менен жолугушуп, Биринчи май районунун ардагерлерин Улуу Жеңиштин 72 жылдыгы менен куттуктап, БШКнын жамаатынын атынан материалдык жардам тапшырылды. Биринчи май райондук ардагерлер кенешинин төрагасы Маркел Ибраев менен жолугушуу учурунда БШКнын төрагасы Н. Шайлдабекова   Бишкек шаарынын Биринчи май районунун согуш ардагерлерин БШКнын жамаатынын атынан чын жүрөктөн куттуктоосун билдирип, аларга чың ден соолук, бакубат турмуш жана узакка жашоо каалады.
Кененирээк билүү >>
БШКнын жарандарга жана саясий партияларга үгүт белгилери бар маалыматтык материалдарын алдыр ала жайылтууга жол берилбей тургандыгы жөнүндө Кайрылуусу
08.05.2017

БШКнын жарандарга жана саясий партияларга үгүт белгилери бар маалыматтык материалдарын алдыр ала жайылтууга жол берилбей тургандыгы жөнүндө Кайрылуусу

2017-жылдагы мамлекет башчысын кезектеги шайлоонун алдында, бир катар саясий партиялар жалпыга маалымдоо каражаттарында өздөрүнүн өкүлдөрүн Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер катары көрсөтүшкөндүгүн жарыялашты. Мында айрымдары Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкер катары аттана тургандыктары жөнүндө материалдарды жигердүү тарата баштады,  ошондой эле талапкерлерге ат салышкандар өздөрүнүн электрондук жана басылма маалымат каражаттарындагы интервьюларында жана чыгып сүйлөгөн сөздөрүндө алдын ала үгүттөө белгилери камтылган. Мыйзамдарга ылайык, талапкерлерди, саясий партияларды, аларды  таанытууга мүмкүндүк берген  (тиешелүүлүгүн аныктаган)  эмблемаларды, төш белгилерди, логотиптерди жана анын мүнөздүү бөлүктөрүн, тууларды, ураандарды, слогандарды  жана/же  башка атрибуттарды (символикалар) аталышын пайдалануу менен (толук, кыскартылган же абрревиатурасы)  шайлоочуларга маалымдоолор, талапкерлер, саясий партиялар же алардын өкүлдөрү тарабынан үгүт жүргүзүү болуп саналат. Мында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 23-беренесинде шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн мөөнөтү түздөн түз каралган,   же  “шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга 24 саат калганда токтойт”. Ошону менен, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого катышууну пландаштырган жарандардын жана саясий партиялардын үгүт белгилери бар маалыматтык жана башка материалдарды мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда  таратуусуна жол берилбейт. Буга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого катышууну көздөгөн Кыргыз Республикасынын жарандарына жана саясий партияларга кайрылат жана үгүт белгилери бар материалдарды алдын ала таратуудан токтоло турууга чакырат.     Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Бишкек ш, 2017-жылдын 4-майы  № 14   
Кененирээк билүү >>
2017-жылы 9-майда Корея Республикасында Кореянын 19-президентин шайлоо өтмөкчү
07.05.2017

2017-жылы 9-майда Корея Республикасында Кореянын 19-президентин шайлоо өтмөкчү

Корея Республикасынын Улуттук шайлоо комиссиясынын чакыруусу боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиянын мүчөлөрү  Джурабаева Г.Г. жана  Джилкичиева Е.Дж. 2017-жылдын 4-10-майында Корея Республикасынын президентин шайлоого эл аралык байкоочу катары катышат. Корея Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда  шайлоо 9-майда өтөт. Ошондой эле байкоочулардын программасында төмөндөгү иш чаралар каралган: Мөөнөтүнөн мурда шайлоо учурунда добуш берүү участкаларында болуу, добуш берүү күнү Корея Республикасынын шайлоо тутуму менен таанышуу, Сеулдагы эл аралык форумдагы 2017-жылкы шайлап көрүү ишине катышуу каралган.   КР БШКнын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
БШК Кыргызстандагы айрым шайлоо комиссияларынын төрагалары, катчылары жана мүчөлөрү менен айрым жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого даярдыктын алкагында жумушчу кеңешме өткөрдү
06.05.2017

БШК Кыргызстандагы айрым шайлоо комиссияларынын төрагалары, катчылары жана мүчөлөрү менен айрым жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого даярдыктын алкагында жумушчу кеңешме өткөрдү

2017-жылдын 28-майында өтүүчү  айрым жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого даярдыктын алкагында жана ага камылга   көрүү иштерин текшерүү максатында жана шайлоо комиссияларына методикалык жактан жардам берүү боюнча БШК 27-30-апрелде региондогу аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын төрагалары, катчылары жана мүчөлөрү менен жумушчу жыйын өткөрдү.  Жумушчу жыйын Токтогул, Таш-Көмүр, Аксы, Жергетал, Жалал-Абад, Сузак, Көк-Жангак, Кара-Суу, Ноокат, Кадамжай, Айдаркен, Ак-Талаа, Ак-Суу, Жети-Өгүз, Каракол, Беловодск, Кайыңдыда өттү. Жумушчу жыйындын жүрүшүндө Борборшайлоокомдун төрагасы Н.Шайлдабекова жыйындын катышуучуларын  «Шайлоо процессин өркүндөтүү боюнча БШКнын иш-чаралары», анын алкагында шайлоочулардын тизмеси менен иштөө жумушун жана аларды идентификациялоо ишин жакшыртуу боюнча кабыл алынган бир нече нормативдик-укуктук  актылар тууралуу баяндап берди  БШКнын төрагасы жаңычылдык тууралу айтып берди, эгерде шайлоочунун манжасы идентификацияланбай  калган учурда  шайлоочунун бетинин (жүзүн) биометрикалык параметри боюнча идентификациялоо өтөөрү менен тааныштырды.  Мындан тышкары жыйындын катышуучулары Автоматтык маалымат тутуму менен таанышты, «Справочник УИК», ага ылайык шайлоочу СМС аркылуу шайлоо участкасынын дареги, номери шайлоочу өзү кирген тизме менен тааныша алат, ошондой эле 119 номерине  чала алат, бул кызматтар акысыз сунушталат. Жумушчу жыйындын жүрүшүндө комиссиянын мүчөлөрү тарабынан комиссиянын ишин уюштуруу боюнча бир нече сунуштар берилди. Айталык, Таш-Көмүрдөгү жолугушууда жыйындын катышуучулары бюджеттик каражаттарды үнөмдөө максатында чакыруу баракчаларын даярдоо жана таркатуудан баш тартып, заманбап маалымат технологиясын колдонуп, шайлоочуларды добуш берүү күнү жана орду тууралуу  кабардар кылуу сунушу айтылды.  Ал эми Аксы районундагы  Кербен шаарындагы жолугушууда, жыйындын катышуучулары шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн профессионалдык деңгээлин көтөрүүгө шарт түзүү максатында аймактык жана участкалык комиссиялардын тутумун эки жылдан беш жылга чейин узартуу сунушун кароону айтышты. Ноокат жана Айдаркендеги жолугушууда турмушка чыгып, аталган райондо жашаган келиндердин  шайлоого катышуусун камсыз кылуу айтылды.  Алар мурункудай эле ата энесинин үйүндө каттоодо турушат. Мындай категориядагы жарандар тууралуу өзүнчү иш алып баруу чечилди. Жыйындын катышуучуларына 2-майдан баштап  республиканын бардык калкты тейлөө борборлорунда, паспорт-виза каттоо бөлүмдөрүндө – жаңы биометрикалык паспортторду акысыз берүү иштери башталаары маалымдалды. Ноокат районундагы жолугушуунун жыйынтыгында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдык көрүүсүнө жардам берүү үчүн  БШКнын  жумушчу тобун жөнөтүү чечими кабыл алынды. Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын башчыларынын жергиликтүү кеңештерге шайланбай калышынан улам, жергиликтүү кеңештерге депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтө турган Жергетал, Жалал-Абад жана Айдаркенде, комиссия мүчөлөрү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо  «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо тууралуу” мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү сунушталды,  Анда жергилктүү кеңештерге депутаттарды шайлоодо аларга болгон критерийлерди күчтүү жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруунун башчысын шайлоону үзүлтүккө учураткандыгы үчүн депутаттардын персоналдык жоопкерчилигин кароо маселеси камтылды.  Ошондой эле БШК  Жалал-Абад АИКнин жаңы тутуму менен жолугуп, АИКтин мүчөлөрүн алдыдагы депутаттарды шайлоодо  мыйзамдуу, таза жана ачык шайлоону өткөрүүгө чакырды. Бардык жолугушууларда жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо учурунда шайлоочунун манжалары боюнча идентификация өтпөгөн учурда, анын бетинин биометрикалык идентификациясы боюнча өтөөрү тууралуу маалымат берилди.  БШКнын төрагасы Кыргызстандын региондорундагы өткөн жолугушууда бардык катышуучуларга кайрылып, комиссиянын тутумуна өткөн шайлоолорду  жакшы уюштуруп, өткөргөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.  Анын айткандарына караганда, шайлоо процессин уюштуруп өткөрүүдө  аймактык шайлоо комиссияларына оор, жооптуу иш тагылаарын жана алар бир гана шайлоочулар менен иштебестен, саясий партиялардын талапкерлери менен да тыгыз иштөөнү тапшырды, алар талапкерлерди каттоодон  процессинен тартып, жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жыйынтыгы чыкканга чейин иштешет. Бул процесстеги эң башкы талап-шайлоонун бардык катышуучуларына  тегиз жана нейтралдуу мамиле кылуу керек.     БШКнын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
КР БШК: Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары шайлоо комиссиялары менен биргеликте ар бир шайлоо участкасында  ден соолугу чектелген адамдарга талап кылынган картасын түзүү зарыл
06.05.2017

КР БШК: Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары шайлоо комиссиялары менен биргеликте ар бир шайлоо участкасында ден соолугу чектелген адамдарга талап кылынган картасын түзүү зарыл

2017-жылдын 28-майында өтүүчү  айрым жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого даярдыктын алкагында жана ага камылга   көрүү иштерин текшерүү максатында, шайлоо комиссияларына методикалык жактан жардам берүү боюнча БШК 27-30-апрелде региондогу аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын төрагалары, катчылары жана мүчөлөрү менен жумушчу жыйын өткөрдү.  Жумушчу жыйында анын катышуучуларынын көңүлү ден соолугу жактан чектелген жарандардын шайлоо укуктарын практика жүзүндө турмушка ашыруунун  маанилүүлүгүнө бурулду.  Жумушчу кыдыруунун жүрүшүндө БШКнын төрагасы Н К Шайлдабекова дагы ден соолугу чектелген жарандардын шайлоо укугун камсыз кылып турмушка ашыруу боюнча маанилүү маселелерди Ош,Жалал-Абад,Баткен облустары координаторлор, майыптардын “Сезим” коомдук фондусунун директору Камилжан Майнаев менен талкуулады.  Аталган маселени талкуулоонун жыйынтыгында Борборшайлоокомдун башчысы жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары шайлоо комиссиялары менен биргеликте ден соолугу чектелген жарандардын талап кылуу картасын түзүү, анын натыйжасында ар бир шайлоо участкасында алардын шайлоо укугун камсыз кылуу, анын жыйынтыгында алар добуш берүүгө толук кандуу катышып, мамлекет башчысын шайлоого бардык жарандар сыяктуу эле шайлоо участкаларына барып добуш берүүсүн камсыз кылууга чакырды.    БШКнын басма сөз кызматы 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнү менен куттуктоосу
05.05.2017

КР БШКнын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнү менен куттуктоосу

Урматтуу Кыргызстандын жарандары! Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын атынан жана өз атыман сиздерди Кыргыз Республикасынын  Конституция күнү менен куттуктоого уруксаат этиңиздер. 1993-жылы 5-майда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын жаңы тарыхында маанилүү ролду ойноду, мамлекеттүүлүктүн башкы принцибин бекемдеди, эң жогорку баалуулук- адам укуктарын  жана эркиндигин жарыялады. Негизги мыйзам-заманбап шайлоо тутумунун негизин түздү жана бекемдеди, Кыргызстан эли мамлекеттик бийликтин бирден бир булагы жана өзүнүн бийлигин шайлоо жана референдум, ошондой эле мамлекеттик  жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдардын тутуму аркылуу Конституциянын жана мыйзамдардын негизинде ишке ашырат. Кыргыз Республикасынын Конституциясы өз ой пикирин эркин чагылдырганга мүмкүндүк берүүсү, бул демократиялык жетишкендигинин эң башкыларынын бири, ал эми шайлоолорго катышуу,  бул биздин жарандык жетилгендигибизди жана өз алдынча саясий позициябызды билдирип турат. Урматтуу кыргызстандыктар! Кыргыз Республикасынын Конституциясы-биздин укуктук мамлекеттүүлүктүн пайдубалын түптөө күнү менен куттуктаймын! Сиздерге бакыт-таалай, чың ден соолук, бардык башталган иште ийгиликтерди, тынчтык жана тилектештик, кубаныч, ар бир үйдө ынтымакты каалайм!     Сиздерди урматтоо менен, КР БШКнын төрагасы Нуржан  Шайлдабекова  
Кененирээк билүү >>
Календардык планга ылайык 2017-жылдын 27-апрелине карата шаардык кеңешке талапкерлердин  тизмесин каттоодон өткөрүү иши аяктады
03.05.2017

Календардык планга ылайык 2017-жылдын 27-апрелине карата шаардык кеңешке талапкерлердин тизмесин каттоодон өткөрүү иши аяктады

Жалал-Абад облусундагы Сузак районуна караштуу Көк-Жаңгак шаардык кеңешине депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүүнүн жыйынтыгында КСДП, Коммунисттер Партиясы жана Өнүгүү-Прогресс саясий партиясы каттоодон өттү. Ал эми Ош облусунун Ноокат шаардык кеңешине талапкерлерди көрсөтүүнүн жыйынтыгында Замандаш, КСДП, Өнүгүү-Прогресс, Элдик партия, Республика  саясий партиясы каттоодон өттү. 
Кененирээк билүү >>
 Саясий партиялардын шайлоо фондусундагы акча каражаттарынын чыгымдоосу тууралуу  отчету
02.05.2017

Саясий партиялардын шайлоо фондусундагы акча каражаттарынын чыгымдоосу тууралуу отчету

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын көзөмөлдөө-текшерүү тобу  талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фондусундагы акча каражаттарынын 2017-жылдын 2-майына карата  чыгымдоосу тууралуу маалыматын жарыялайт   Ноокат   Саясий партия Түштү Чыгымдалды Калганы 1 Республика 21 000  20 020  980  2 Замандаш 20 400  20 150  250  3 КСДП 30 000  20 000  10 000  4 Народная партия 25 000  20 000  5 000  5 Өнүгүү-Прогресс 20 500  20 300  200    Көк Жангак            Саясий партия          Түштү Чыгымдалды Калганы 1 КСДПК 20 050  20 025  25  2  Кыргызстан Коммунисттер партиясы 20 050  20 025  25  3 Өнүгүү-Прогресс 22 000  20 025  1 975    Жалал-Абад ш   Саясий партия Түштү Чыгымдалды Калганы 1 Кыргызстан 20 150  20 020  130  2 Өнүгүү-Прогресс 20 500  20 150  350  3 Республика 25 000  20 020  4 980  4 Ата-Журт 100 000  20 020  79 980  5 Мекеним Кыргызстан 20 150  20 150  0  6 КСДП 20 000  20 000  0  7 Бутун Кыргызстан 25 000  20 150  4 850    Кара-Балта ш   Саясий партия Түштү Чыгымдалды Калганы 1 Өнугүү-Прогресс 21 100  20 150  950  2 Акшумкар 20 250  20 150  100  3 Элдик-Народная 35 100  20 150  14 950  4 Кыргызстан 20 150  20 020  130  5 Содружество народов Кыргызстана 20 250  20 150  100  6 Мекеним Кыргызстан 23 000  20 020  2 980  7 Партия труда 100 000  35 170  64 830  8 Жакшылык-Добро 121 700  20 150  101 550  9 КСДП 24 000  23 120  880  10 Эламан 25 000  20 020  4 980  11 Республика 20 200  20 150  50    Кемин ш   Саясий партия Түштү Чыгымдалды      Калганы 1 КСДП 52 000  21 530  30 470  2 Республика 25 160  25 160  0  3 Өнугүү-Прогресс 20 020  20 020  0  4 Патриот ынтымагы 20 150  20 150  0  5 Кыргызстан 20 020  20 020  0  6 Баба Дыйкан 20 020  20 020  0    Кадамжай ш   Саясий партия Түштү Чыгымдалды Калганы 1 КСДП 20 100  20 020  80  2 Бутун Кыргызстан 20 100  20 020  80  3 Ата-Журт-Мекенчил 20 400  20 020  380  4 Кыргызстан 20 150  20 020  130  5 Республика 20 020  20 020  0  6 Мекеним Кыргызстан 20 100  20 020  80  7 Өнугүү-Прогресс 20 150  20 150  0   Айдаркен ш 1 Бир Бол 20 100  20 020  80  2 Бүтүн Кыргызстан 21 000  20 150  850  3 КСДП 20 150  20 150  0  4 Ата-Журт-Мекенчил 20 150  20 020  130  5 Мекеним Кыргызстан 20 150  20 150  0  6 Республика 20 040  20 020  20  7 Жаны-Доор 20 100  20 020  80  8 Өнугүү-Прогресс 20 100  20 020  80    Таш-Көмүр ш 1 Молодеж Таш-Кумыра 20 250  20 150  100  2 КСДП 50 000  20 150  29 850  3 Кыргызстан 20 250  20 150  100  4 Ата-Журт 20 250  20 150  100  5 Мекеним Кыргызстан 20 150  20 020  130  6 Республика 20 250  20 150  100  7 Өнугүү-Прогресс 20 300  20 150  150    Айылдык  кеңеш   Талапкер Айылдык кенеш Түштү Чыгымдалды Калганы 1 Калдыкеев. М.Ж. Новопавловка 5 000  0  5 000  2 Эсенаманов Б.А. Новопавловка 2 000  0  2 000  3 Шапаков О.М. Новопавловка 2 000  0  2 000  4 Табалдиев С.Б. Новопавловка 1 500  0  1 500  5 Автандил у. Ж. Новопавловка 1 500  0  1 500  6 Глинкин С.А. Новопавловка 500  0  500  7 Гусеинов И.С. Новопавловка 500  0  500  8 Сурабалдиева А.К. Новопавловка 500  0  500  9 Сайпидинов К.Ж. Новопавловка 1 000  0  1 000  10 П/П Республика Новопавловка 1 000  0  1 000  11 Усупов И.К. Кызыл-Суу 1 000  0  1 000  12 Турдуев А.Р. Кызыл-Суу 1 000  0  1 000  13 Давлетбаков К.У. Кызыл-Суу 3 000  0  3 000  14 Акматов К.Т. Кызыл-Суу 1 000  0  1 000  15 Шамырканов М.Т. Кызыл-Суу 1 000  0  1 000  16 Байтоков А.К. Кызыл-Суу 10 000  0  10 000  17 Токтомушев М.Б. Кызыл-Суу 1 000  0  1 000  18 Ниязов П. Кызыл-Суу 1 000  0  1 000  19 Орозон у. С. Кызыл-Суу 3 000  0  3 000  20 Бекбоев Н.С. Кызыл-Суу 2 000  0  2 000  21 Абдраев А.Н. Кызыл-Суу 2 000  0  2 000  22 Алыбаев Ж.Ж. Кызыл-Суу 1 000  0  1 000  23 Сулаймбеков Т.Ш. Кызыл-Суу 1 000  0  1 000  24 Оторбаев М.К. Көк-Ойрок 5 000  0  5 000  25 Алимов Н.С. С. Юсупов 2 000  0  2 000  26 Нурматов Ф.К. С. Юсупов 2 000  0  2 000  27 Энназаров Т.К. Кызыл-Туу 1 000  0  1 000  28 Казыбаев Э.К. Александровка 500  0  500  29 П/П Республика Александровка 0  0  0  30 Молдобаев Т.Т. Таш-Мойнок 3 000  0  3 000      КР БШКнын мүчөсү, КР БШКнын КТТнын жетекчиси                                                                    Баатырова Г.М.                    
Кененирээк билүү >>
БШК Ош облусундагы Өзгөн  районунун Зергер айыл аймагындагы Аюу селосунда каза болгондордун жакындары менен туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат
01.05.2017

БШК Ош облусундагы Өзгөн районунун Зергер айыл аймагындагы Аюу селосунда каза болгондордун жакындары менен туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат

2017-жылдын 29-апрелинде  Ош облусундагы Өзгөн  районунун Зергер айыл аймагындагы Аюу селосунда жер көчкүнүн кесепетинен адамдар каза болгон. БШК Ош облусундагы Өзгөн  районунун Зергер айыл аймагындагы Аюу селосунда каза болгондордун жакындары менен туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.    Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын жамааты  
Кененирээк билүү >>
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын жамааты  КРнын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун  агасы, профессор Кантөрө Токтомаматовдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгырып жана чын жүрөктөн  көңүл айтат
29.04.2017

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын жамааты КРнын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун агасы, профессор Кантөрө Токтомаматовдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгырып жана чын жүрөктөн көңүл айтат

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун  агасы, Жалал-Абад Экономика жана ишкерлик Университетинин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Кантөрө Токтомаматовдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу  терең кайгыруу менен көңүл айат. Биз жоготуу кайгысын тең бөлүшүп,  профессор Кантөрө Токтомаматовдун үй-бүлөсүнө,  туугундарына жана жакындарына оорду толгус жоготуусун тең  бөлүшүп, чын жүрөктөн  чыккан терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын жамааты 
Кененирээк билүү >>
1 … 429 431 … 488